|
Булан
Бардык видеолор: 7
Бардык аудиолор: 7
00:04:30
00:03:41
00:04:00
00:03:32
00:03:25
00:03:44
00:03:15
Хочу я узнать этот мир с тобой,
Где только любовь вечностью одной.
Я за тобой хоть куда пойду,
Мне без тебя поверь не быть в раю.
Кайырма:
Ты мне подари любовь свою ко мне,
Доверь мне свою жизнь и плыви во мне.
Знай, мне без тебя одиноки сны,
Прими, лишь только о тебе все мои мечты.
Хочу я открыть мир своей любви,
Одной лишь тебе, ты просто войди.
Яркие дни от моей судьбы,
Они все твои душою всё возьми.
Кайырма:
Тоолоруң көк килем жамынган,
Миң түркүн кең-байлык табылган,
Кийиктер өтүүчү кыяга машине жолдору салынган,
Балалык чагымды ойлосом,
Буулугуп ачылбай каламын,
Андыктан тынчымды кетирген ырымды сага арнадым.
Кайырма:
Жалындап жүрөгүм барыңдан,
Жаралгам өзүңдүн каныңдан.
Кабыл ал, туулган жер,
Бир уулуң келатат чеги жок сени сагынган.
Тоолордун ичине уюлуп,
Токойлор - көркөмү жеримдин,
Алмасы, алчасы ийилип,
Ырыскы, байлыгы элимдин.
Өксөлөр жашылдан кийинип,
Жазында жыпар жыт аңкыган.
Көркөмүң жүрөккө бир түйүп,
Уулуңмун өзүңө тартылган.
Кайырма:
Сөзү : Буландыкы
Обону : Буландыкы
Тагдырга ишен, адашып кетпей,
Жан дүйнөңдү Алла берген кайгыга бербей.
Өмүр бир келет, жүрөгүң сезет,
Бир күн келип көз жашың, суудай агып кетет.
Кайырма:
Кадамдан коркпогун,
Жаманга ок болгун,
Тандагын намаз жолун.
Жашооңду барктай жүр,
Сыноого сынбай жүр,
Бир келет өмүр.
Жаштык кезиң арман, алыстап калган,
Эсиңде болот, жүрөгүң жазган.
Бир жолду танда, ал жолдон качпа,
Үлгү болуп жаша жалганда, тозокко жол ачпа…
Кайырма:
Тагдырдын ар бир таңы,
Күтүлбөгөн нерсени кабыл ал дей.
Ар бир жан адамзатына аны,
Жакшыбы, жаманбы, келет чечпей.
Табышмак, сырдуу дүйнө,
Аалам сымал чексиз ак сүйүүгө.
Тоскоолдук тажабай кыла берет дайым,
Жүрөктү салып азап, күйүткө.
Кайырма:
Кайтып келбейт өткөн өмүр кайра,
Агып өткөн узун-кыска ал дайра.
Кайгы тартып жашай берет адамзаты,
Жараткан буюрган күндөрдү кечип гана.
Үмүт жазы гүлдөй берет калбай,
Кандай гана келбесин жанга сыркоо.
Жашай берет, алга карай эч талбай,
Кандай гана келбесин жанга сыноо.
Жолдор ачык боло бербейт күндө,
Бирде жылуу, бирде каардуу дүйнө.
Жалындап оттой жана берет дайым,
Жалгыз тилек, бул өмүрдө!
Кайрыма:
Сөзү : Алтынбек Алымов
Обону : Байыш Момунов
Санаага мен батып жүрөм,
Өкүнүчтөн улам өмүр жолун сүрөм.
Садагам, мен сени сүйөм,
Адашканым ушул, айлам таппай жүрөм.
Садагам, сени жүрөм эңсеп,
Караймын күтүп жолду,
Көздөр жашка толду.
Каралдым, сени жүрөм издеп,
Айыкпас арман болду,
Күтөм карап жолду.
Кайырма:
Кабарыңды кай жактан издеймин билбедим,
Кайтпадың кайрылып, сен мага келбедиң,
Жолуга албадым, унута албадым.
Махабатым, кайрылчы, суранам кетпегин,
Кыйналдым, артыңдан издедим, жетпедим,
Айтчы кабарың, сен деп барамын.
Билбедим мен кабарыңды,
Кеттиң колуң шилтеп, сезбей абалымды.
Үмүттөн мен үмүт үзбөйм,
Тагдыр буюруп сени, билем табарымды.
Садагам, сени жүрөм эңсеп,
Караймын күтүп жолду,
Көздөр жашка толду.
Каралдым, сени жүрөм издеп,
Айыкпас арман болду,
Күтөм карап жолду.
Кайырма:
Сөзү : Булан
Обону : Булан
Узакка кеткен оболоп үнүмдү сага беремин,
Сезимди бийге келтирген сүйүүмдү сага беремин.
Алоолоп күйгөн түтүнсүз арымды сага беремин,
Жүрөктү турган камчылап канымды сага беремин.
Түшүмдө сени көрүп ойгонуп,
Талпынып сага, жаным, келемин.
Жанымды жөнсүз жаралап кыйнабай,
Өзгөчө дүйнөм менен,
Мен өзүмдү сага беремин.
Кайырма:
Көп кыздардын арасынан сени тандадым,
Жаз гүлүндөй сулуулугуңа, жарым, арбалдым.
Оо, өзүңө ашык болдум жалгыз өмүрдө,
Жан шеригим, жана берчи, мен карып өткөнчө.
Суурулуп чыккан ааламдан сөзүмдү сага беремин,
Өрт болуп кокус жаралган жүрөгүм сага беремин.
Жан дүйнө бирге жаралып, жалжалым, көңүл табалык,
Жалындап күйүп түбөлүк, жашоодо бирге жаналык.
Түшүмдө сени көрүп ойгонуп,
Талпынып сага, жаным, келемин.
Жанымды жөнсүз жаралап кыйнабай,
Өзгөчө дүйнөм менен,
Мен өзүмдү сага беремин.
|