|
Нияз Абдыразаков
Бардык видеолор: 12
Бардык аудиолор: 18
00:03:40
00:03:25
00:03:59
00:04:22
00:03:16
00:04:38
00:04:26
Сөзү : Ш. Бөркуловдуку
Обону : Нияз Абдыразаковдуку
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Нияз Абдыразаковдуку
Мен издеген өмүрдө,
Гүл болуп көңүлдө,
Жолукканмын бир өзүңө.
Азыр эми экөөбүз
Бир кеме бирге сүзөбүз.
Жыргалым сенсиң менин, асыл жубайым, о-оо.
Белегим берген Кудайым.
Бир болгон бары жогумда, э-эй
Бар болгун менин күн,айым.
Кайырма:
Жашоо жарыгы,
Өмүр агымы,
Алган жарым, баары сен менен.
Кайталангыс менин эркемсиң,
И-ий и-ий ии-йй
Алган жарым менин.
Жүрөгүмдүн кереги,
Жыргалымдын кечеси
Уул, кызымдын энекеси.
Апакемдин келини,
Өзүңдөй эле тилеги.
Ырларым сенсиң менин, асыл жубайым, о-оо,
Өмүрдүн гүлүн сунайын.
Бир болгон бар-жогумда,
Бар болгун менин, күн айым.
Кайырма:
Сөзү : Темир Дамирбеков, Тимур Сариевдики
Обону : Нияз Абдыразаковдуку
Сөзү : Ш. Бөрүкуловдуку
Обону : Н. Абдыразаковдуку
Сөзү : Шахназар Бөрүкуловдуку
Обону : Нияз Абдыразаковдуку
Сөзү : Жеңишбек Жумакадырдыкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Сөзү : Шахназар Бөрүкуловдуку
Обону : Нурлан Насиптики
Тиричилик деп балам,
Энеңди таштап койдуң.
Өмүрүн жеп, балам,
Көзүн жаштап койдуң.
Үйдөн кеткен күнүңдөн,
Көз жашыбыз көл болду.
Жерге кирсин көр оокат,
Жаныбызга кел болду.
Кайырма:
Кайт үйүңө, кайт, балам,
Дартың болсо айт, балам.
Жарым саат болсо да,
Жан жагымда жат, балам.
Жарым саат болсо да,
Жан жагымда жат, балам.
Көз жашыма агыла,
Чөгүп кетпесем экен.
Келгичекти жаныма,
Өлүп кетпесем экен.
Тирүүбүздө бир келип,
Жүз көрүшүп кал, балам.
Колуң менен кепиндеп,
Топурагың сал, балам.
Кайырма:
Мени байлап койбогон,
Жер адамга тойбогон.
Адам барбы дүйнөдө?
Жаны таслим болбогон.
Адам барбы дүйнөдө?
Жаны таслим болбогон...
Мынтип жүрсөң энеңдин,
Дидарыңды көрбөйсүң,
Сөөгүн энеңдин,
Топуракка көмбөйсүң.
Кечикпестен кел, балам,
Өң-түсүңдү көрөйүн.
Кысып жатып боорума,
Ошол бойдон өлөйүн.
Кайт үйүңө кайт, балам,
Дартың болсо айт, балам.
Жарым саат болсо да,
Жан жагымда жат, балам.
Жарым саат болсо да,
Жан жагымда жат, балам...
Сөзү : Ш.Бөрүкуловдуку
Обону : Н.Абдыразаковдуку
Мээрим төгүп бүт ааламга
Пайгамбарым Мухаммад сен келдиң,
Жылуу сүйлөп ар бир жанга
Жарык жолго жетеледиң,
Унутпагын мени үммөтүм деп,
Сүннөтүңдү белек кылып кете бердиң.
Кайырма:
Йаа расуулу Алла,
Солли Аллааху алейхи ва саллам
Йаа расуулу Алла,
Ассаламу алейкум
Көргүм келет Пайгамбарым
Нурдан бүткөн сүйкүмдү жүзүңдү,
Дуба кылам күндөп-түндөп орундалсын тилегеним,
Шапаатыңдан берип жаратканым
Бирге кылсын сени менен бейишинде
Кайырма:
Сөзү : Алихандыкы
Обону : Нияз Абдыразаковдуку
Жаркылдаган, садага,
Жаркырап келчи мага.
Жалгыздыкка ыраа көрбөйм,
Жакшы ырым арнайм, сага.
Кайырма:
Сен, жылдыздай жанып,
Жолукчу мага,
Мен, жолуккан сайын,
Сагынып кайра.
Айдай сулуу, садага,
Ар бир сөзүң кымбат мага.
Алоолонуп күйүп турам,
Ашыктыгым артып сага.
Кайырма:
Сөзү : Кылыч Орозбаевдики
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Жалгызмын караңгы түндө,
Жүрөмүн батып күйүткө.
Күндөрүм улана берет,
Кол сунуп бактылуу күнгө.
Жарык, кетпе,
Үмүт, таштаба, суранам,
Кайгырбайын.
Билбеймин кантип байландым,
Турмуштан неге чайналдым?
Болду эми ал күндөр бүттү,
Артыма мен кайрылбайын.
Алыс кетпе,
Жарык, таштаба, суранам.
Сыздабайын.
Жаңылдым, эми өкүнбөйм,
Келет деп таңдарды күтпөйм.
Алданып калган сезимге,
Баш ийип кайра өкүнбөйм.
Кайтып келбе,
Козгобой эски жарамды.
Ыйлабайын.
|