|
Абидин Темиров
Бардык видеолор: 6
Бардык аудиолор: 21
00:04:29
00:04:50
00:05:11
00:03:47
00:05:30
00:04:16
Сөзү : Ж. Садыковдуку
Обону : Ж. Мамажановдуку
Сөзү : Р.Абдыкадыровдуку
Обону : А.Бөдөшовдуку
Ошол кезде көзүм толо жаш болгон,
Мен сүйүүдөн баш айланып мас болгом.
Азыр сенин аз мезгилдин ичинде,
Айтчы неге жүрөгүңө таш толгон?
Кайырма:
Абалым оор, аябастан кайгырдым,
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.
Гүл кетти да, куурап калган бак калды,
Үмүтүм жок, үзүлгөн бир шак калды.
Сүйкүмдүүм, ай, сүйүнтпөстөн какшаттың,
Сүйүү кетип, ичте кара так калды.
Кайырма:
Мен көтөргүс оору менен кайгырдым,
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.
Бир жаныма өзүң бир жүз жан элең,
Бир жашоомо жалгыз күйгөн шам элең.
Мээрим белең, кара көз жалгызым?
Мен да сага ичим күйүп тар эле.
Кайырма:
Мынча неге көз жаш төгүп кайгырдым?
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.
Сендей адам эми такыр таппасмын,
Боорум ысып, жүрөк тынчып жатпасмын.
Ыйлап, ыйлап, көз жаштарым да тынар,
Шумкар кезде канаттарым да сынар.
Кайырма:
Мээримдүүм, ай, мен да сен деп кайгырдым,
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.
Сөзү : А.Осмоновдуку
Обону : А.Керимбаевдики
Кош, жан эркем, кош дейсиң деп таарынба,
Мени күтпө, мени эстебе, сагынба.
Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен,
Отуз жаштын улам аркы, улам аркы жагында.
Кош, сүйгөнүм, коштошордо жалынба,
Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда.
Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен,
Отуз жаштын улам аркы, улам аркы жагында.
Сен бир кептер боз шумкарын түнөткөн,
Унутулган учар замат түнөктөн.
Сүйүү деген сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген от чачышуу, от чачышуу жүрөктөн.
Сен бир бакча мөмөлөрүң келишкен,
Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен.
Сүйүү деген сүйүү эмес бетиңден,
Сүйүү деген сүзүп өтүү, сүзүп өтүү деңизден.
Сөзү : Гүлсина Өмүрбек кызыныкы
Обону : Абидин Темировдуку
Мен сени миң көрүүдөн чарчабаймын,
Миң муунак жыпар төккөн арчадайым.
Жылдыздай көздөрүңдөн сүйө берип,
Жибергим келбейт кусам таркамайын.
Кайырма:
Кантейин эми, кара көзүң эзип жүрөктү,
Арманга салып, арадан канча күн өттү.
Ошол карашың оттой жанып мени жүдөттү,
Жал-жал көзүм, на-на, на-на, на-на...
Караймын, карагандан карек талбай,
Көнөмүн тагдырыма көңүл алдай.
Кантсем да бугум жазып азыр эле,
Кайра эле куса болом кумар канбай.
Кайырма:
Өмүр кубаты, өзүңсүз кантип турайын?
Келчи кучакка, көңүлдөр бирге кубансын.
Жарыгым болчу, жашообуз бирге улансын,
Жал-жал көзүм, на-на, на-на, на-на...
Өзгөчө сагынганда бөлүнөмүн,
Өлмөйүн сенден кантип түңүлөмүн?
Өмүрдү кечип издеп келе берем
Өзүңдү төрт бурчунан дүнүйөнүн.
Кайырма:
Кантейин эми, кара көзүң эзип жүрөктү,
Арманга салып, арадан канча күн өттү.
Ошол карашың оттой жанып мени жүдөттү,
Жал-жал көзүм, на-на, на-на, на-на...
Башканы такыр карабай,
Байыр алып сага баладай.
Кучактап сени турсам да,
Кумарым калат тарабай.
Жыргаткан жаздын жазы жай.
Жыттасам жытың атырдай,
Сармерден айтып жатсам да,
Сагынчым турат жазылбай.
Күн өткөн сени жоктогон,
Алоолоп күйүп чок болом.
Кылгырып карай беремин
Кыздарды сага окшогон.
Сөзүңдү уксам сиз деген
Көлкүлдөй берет бүт денем.
Өзгөчө сулуу белемсиң
Өмүрдө өзүм издеген?
Сөзү : Эркин Тазабековдуку
Обону : Абидин Темировдуку
Көл жээгинде ойлуу турам,
Ташты ургулайт толкундар.
Толкун болуп тарап кеткен,
Жандайынан курбулар.
Көргүм келет көзүңөрдү
Жаштык жанган, от жанган.
Куса болуп карай берем
Ордуңарды бош калган.
Кыял күткөн кызык күндөр
Калды алыс, алыста.
Башка-башка жолдор менен
Кеттиңерби алыска?
Оо, курбулар, сагындырган
Ар бириңди эстеймин.
Жылдыз сымал жанып турган
Ал күндөрдү эңсеймин.
Жүрөбүз деп ойлогонбуз
Түбөлүккө айрылбай.
Ар ким издеп өз бактысын
Кеттик, достор, кайрылбай.
Көргүм келет көзүңөрдү,
Жаштык жанган, от жанган.
Куса болуп карай берем
Ордуңарды бош калган.
Сөзү : Ибрагим Жунусовдуку
Обону : Ибрагим Жунусовдуку
Карындаш, астачы,
Тетири баспачы.
Жакшы эле жигитмин,
Көз кырың таштачы.
Көзүмдү ала албай,
Артыңдан барам жай.
Сезилдиң эң жакын,
Эң жакын адамдай.
Жароокер күлгөнүң,
Эстетет сүйгөнүм.
Сен анын сиңдиси,
Же болуп жүрбөгүн?
Көздөрү кара эле,
Сүйүүгө зар эле.
Эки жак ууртунда,
Уяча бар эле.
Кечиргин, карындаш,
Адам жок жаңылбас.
Бар эле сүйгөнүм,
Ал эми табылбас.
Сымбаты таптаза,
Окшошуп жатса да.
Сүйгөнүм бар эле,
Жүрөгү башкача.
Сөзү : Сапарбек Медербековдуку
Обону : Абидин Темировдуку
Түркүн ыр шаңдуу жаңырып,
Дүркүрөп колдор чабылып.
Ырыстуу күндү жар салып,
Ыр дүйнөм барат агылып.
Кайырма:
Кубулжуй бергин, ырларым,
Кубантып жүрөк сырларын.
Жашоонун ыры - бул ырлар,
Жар салган жаштык жыргалын.
Кайрадан ырлар уланып,
Кадалат көздөр суранып.
Көл бойлоп бара жаткансып,
Көңүлдөр эргийт кубанып.
Кайырма:
Өскөн жер ырдан жашарып,
Өмүрлөр барат тазарып.
Мекеним тынчтык ырлары,
Гүл жайнайт күндө жасанып.
Кайырма:
Сөзү : Надырбек Алымбековдуку
Обону : Абидин Темировдуку
Кайда эми биз эңсеген бакыт жолу?
Кайда эми ошондогу ашык болуу?
Жүрөктөн кетпейт экен көп элестер,
Жүргөн кез узатышып, басып чогуу.
Кайда эми кереметтүү сүйүү деген?
Суу беле жерге сиңип билинбеген?
Бир көргөн кымбат күндөр кайрылбады,
Бир гана үмүт калды түңүлбөгөн.
Кайда эми таттуу кыял, асыл санаа?
Биз жүргөн кызгалдактуу жашыл талаа.
Билгизбей ортобузду жылдар бөлдү,
Бир көргөн тааныштаймын азыр сага.
Кайдасың, азыр мени ойлойсуңбу?
Какшанып жүргөнүмдү торгой сындуу.
Билинбей сага арнаган ырларыма,
Бир жолу көз жүгүртүп койбойсуңбу?
Сөзү : Өмүркул Кулумбаевдики
Обону : Абидин Темировдуку
Ким сулуу дейт, чынында эле ким сулуу?
Кыйындыкка баш бербеген бир сулуу.
Кылычтабай, мылтыктабай, кыйнабай,
Кээде сөзгө салып койгон тил сулуу.
Кыздар сулуу, кыз сөөлөтүн сактаган,
Жигит сулуу, багытынан качпаган.
Бала сулуу, бейкут жашап бал соргон,
Кары сулуу, бак-дөөлөтү батпаган.
Ким сулуу дейт, чынында эле ким сулуу?
Жигит кызга сунуп турган гүл сулуу.
Актык сулуу, акыйкаттык, ак эмгек,
Баарысынан адам деген эң сулуу.
Сөзү : Эркин Тазабековдуку
Обону : Абидин Темировдуку
Сен менден кеткиң келди, кеткин эми,
Таңга окшош таалайыңа жеткин эми.
Өзүңдү элестетип турар мага,
Өксөсү басылбаган жаздын жели.
Каректен кайгы жашым токтобой эч,
Кусага тебеленет курган жүрөк.
Мен үчүн татып келет бир кылымга,
Өзүңсүз өтүп жаткан ар бир мүнөт.
Кайырма:
Кезигип түшүбүздө, жашоодо жолугушпай,
Мен сени сагынармын, перзенттин добушундай.
Сен мени сагынарсың, перзенттин добушундай,
Эч качан бүтпөгөндөй күн сапары,
Менин да сагынычым бүтпөйт эми.
Курманы болсом мейли махабаттын,
Сагынып жүрүп гана жалгыз сени.
Кайыр кош, бакыраң көз бактым менин,
Эңсетер эми мени сенин демиң.
Жашатар шыңгыр күлкүң, кардай жүзүң,
Жалбырактай жупжумшак эриндериң.
Кайырма:
Кезигип түшүбүздө, жашоодо жолугушпай,
Мен сени сагынармын, перзенттин добушундай.
Сен мени сагынарсың, перзенттин добушундай,
Мен сени сагынармын, сен мени сагынарсың.
Сөзү : Ж.Мамытовдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Издейм сени арасынан элдердин,
Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн келгенмин.
Тиктейм сени тизмегинен элдердин,
Бактарынан бардык кооз жерлердин.
Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сен деп, кайгырууга,
Кайгырууга келгенмин.
Акпы-көкпү, кызыл бекен жоолугуң?
Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум.
Кышта калган жалбырактын өңүндөй,
Ажарынан, ажарынан бир өзүң деп,
Азууда ден, азууда ден соолугум.
Пушту бекен, жашыл бекен көйнөгүң?
Мынча мени алоолонтуп ойнодуң?
Балким, ушул зор бактынын өзүдүр,
Өмүр бою, өмүр бою издеттирип,
Бир көрүнбөй, бир көрүнбөй койгонуң.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн жаралгам.
Сөзү : Г.Шакированыкы
Обону : А.Темировдуку
Жаным апа, балдарыңа байлап үмүтүң,
Тынчың кетип ойлоп күнү-түн.
Жаштыгыңдан улам алыстап,
Апа, кандай жүрөсүң?
Кайырма:
Жарыгым менин, шоола чачкан өмүрдөй,
Аппак болду, чачың көмүрдөй.
Апакем асылым,
Апакем, менин бырыш баскан беттериң.
Акыл-насаат айткан кептериң,
Дайыма эстедим.
Жаным апам, карылыкка улам алдырып,
Бир жанымды эки жан кылып.
Тилегиңди түнгө шам кылып,
Күтүнөсүң шаң куруп,
Кайырма:
Жаным апа, картайбачы,
Картайбачы, жаным апа.
Сөзү : А.Осмоновдуку
Обону : А.Темировдуку
Өмүр кең, соолор гүлдөр, өчөр-жанар,
Бат карып, бат эскирип, бат жаңырар.
Эмесе бул дүйнөгө туулуу менен,
Кайрадан ар адамдын өлмөйү бар.
Өлүм - ак, пейли сараң, көңүлү тар,
Күчү жок, бирок бизди коркута алар.
Себеби биз өлгөндө орун басар,
Бизден соо, бизден жакшы, акылдуулар.
Ах, чиркин, биздин күндөр кандай таттуу!
Бүгүнтөн эртеңкибиз ырахаттуу.
Табият жана анын музыкасы,
Күн санап кандай шаттуу, кандай сулуу!
Оо, дүйнө, биздин күндөр кандай таттуу!
Бүгүнтөн эртеңкиси ырахаттуу!
Ушундай сонун күндө кеткендерге,
Карачы кандай гана аянычтуу!
Ушундай сонун күндө кеткендерге,
Байкачы кандай гана аянычтуу!
Аттиң, ай, кандай гана аянычтуу!
Кайдан жүрүп сага кабылдым?
Карегиңде барбы жалының?
Жан эргитип жумшак күлгөнүң,
Жарыгыбы аткан таңымдын?
Булбулсуңбу куштар багында?
Анда келип кончу шагыма.
Кучагымдан орун берейин,
Күттүм элем, гүлүм, сагына.
Кылгырасың неге мынчалык,
Кирпигиңден сырдуу нур тамып?
Жаз гүлү болсоң, жыпарыңды чач,
Жадырасын жаным тынч алып...
Сөзү : А.Темировдуку
Обону : А.Темировдуку
Өмүр көчүн улап, токтобой,
Мезгил сызат чексиз кыялдай.
Тоо башында бүркүт толгонот,
Тоонун көркүн аяп, кыя албай.
Кайырма:
Кереметтүү аппак Ала-Тоо,
Кылым келет сени эскерип.
Кыргыз үчүн тоодо төрөлгөм,
Түбөлүктүү сенсиң эстелик.
Алыс кетсе эгер урпагың,
Түшкө кирер арча-черлери.
Табияттын ыйык бейиши,
Ким сүйбөсүн кыргыз жеримди?
Кайырма:
Улуу тоолор, ыйык тоолорум,
Өмүрүмсүң менин бүтүндөй.
Жашоого сен кубат бересиң,
Энекемдин аппак сүтүндөй.
Кайырма:
Айланайын аппак тоолорум,
Касиеттүү бийик зоолорум...
Күздө күтүп, жазда келген сезимди,
Күйүт бизге үмүт болуп сезилди.
Бул турмушта ансыз деле өксүгөн,
Жалоорутпа жайнактаган көзүмдү.
Айта албастан айтар сөздү белендеп,
Айттырыпсың айылга бир келем деп.
Менсиз кантип жүрдүң экен алыста?
Кусалыгым күчөп барат тереңдеп.
Кайырма:
Биздин өмүр нурданып,
Ырлар менен улансын.
Ак сүйүүлөр түбөлүк,
Өчпөс болуп ырдалсын.
Кездешкенче нур чачышып жүздөрдөн,
Күз да келди, күз саргайды биз көргөн.
Сен сырыңды, мен чынымды айткыча,
Өмүр өтүп баратпайбы бир келген.
А мен сени күтөр элем миң жылга,
Бирок жашоо ченелүү да бир кыйла.
Биздин өмүр өтпөсө да бир үйдө,
Биздин сүйүү калар, балким, бир ырда.
Кайырма:
|