|
Шамшыбек Өтөбаев
Бардык видеолор: 0
Бардык аудиолор: 6
Сөзү : А.Исаевдики
Обону : С.Жумалиевдики
Көрүшкөндө көздөрүңдөн чагылган,
Нурларынан курган кайран көпүрөм.
Бекемине күмөн санап жаңылгам,
Өтүмү жок болгонума өкүнөм.
Кимге айтып күйүтүмдү,
Кимге барып өтүнөм?
Кимге айтып күйүтүмдү,
Кимге айтып күнү-түнү,
Кимге барып өтүнөм?
Таңшыгыча табышмактуу таң сыры,
Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү.
Табалабайм, кайрылганда айт чынын,
Артык бекен башка жердин көркөмү?
Арбалсаң да бир келерсиң,
Ала-Тоону көргөнү.
Арбалсаң бир келерсиң,
Эстегенде бир келерсиң.
Ала-Тоону көргөнү.
Кала берем мекенимде сени эстеп,
Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо.
Өтүнөрүм, көкүрөгүм элестеп,
Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо.
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жаңырыгы жарар зоо.
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жаңырыгы жарар зоо.
Акыретке кеткен келе элек,
А дүйнөнү айтып бере элек.
Өкүнүчү арбын болсо да,
Өмүр, чиркин, өзү керемет.
Өзүң жүргөн тебелеп,
Өмүр-өмүр керемет.
Адам асыл экенин,
Адам өзү сезе элек.
Гүлдөр дагы кышта жайнабайт,
Булбул дагы гүлсүз сайрабайт,
Өмүр кыска, бакыт көз ирмем,
Жаш кезекти бизге байлабайт.
Өзүң жүргөн тебелеп,
Өмүр-өмүр керемет.
Адам асыл экенин,
Адам өзү сезе элек.
Кадырлашып жүрүп өтөлү,
Карылыкты мезгил жоё элек.
Адам уулу өлбөс боло элек,
Аңдыганын ажал коё элек.
Өзүң жүргөн тебелеп,
Өмүр-өмүр керемет.
Адам асыл экенин,
Адам өзү сезе элек.
Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң,
Кыш да катуу бороон улуп, кар уруп...
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!
Жазда башка жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!
Түндөр жаман кырсык салып кетпесин,
Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп...
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата Журт!
Жазда башка жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!
Кат жазчы мага,
Аз калган биздин өмүрдө.
Дил бурак арнап,
Токтонуп калган көңүлгө.
Мен күлсөм күлүп,
Кайгырсам кошо кайгырган.
Мен өчпөй, өчпөс,
Бир жарык жылдыз жөнүндө.
Кайырма:
Кат жазчы мага,
Билдирип аман барыңды.
Адамдар курчап,
Агылган жолдо жалгызмын.
Ак желек тагып,
Ар күнү сагыныч жөнөткөн,
Айнектей тунук сүйүүнү кайда калтырдың?
Кат жазчы мага,
Негедир абдан кусамын.
Канча жыл өттү,
А сенден дарек укпадым.
Канча бир түндөр
Кабарын бербей койду деп,
Таарынып жатып,
Сагынып жатып уктадым.
Кайырма:
Кат жазчы мага,
Жолукпа, бирок бүлүнүп.
Кат менен келсе кабарың – ошол сүйүнүч.
Катыңды жыттап,
Жарк этип жайнап алармын,
Өзүңсүз жылдар өтүштү мени үшүтүп.
Кат жазчы мага,
Кусадар күндөн ал сурап.
Кут болуп катың жанымда жүрсүн ар убак.
Жообумду жазам,
Жөнөтчү дагы жаңы кат,
Сезимдер үчүн, көңүлдөр үчүн жаркырап.
|