|
Эльзар Өскөнбаева
Бардык видеолор: 8
Бардык аудиолор: 22
00:02:55
00:03:20
00:03:46
00:02:50
00:03:01
00:04:03
00:02:40
Сөзү : Сыйнатбүбү Мамытованыкы
Обону : Жазгүл Жумаканованыкы
Сөзү : С.Абдыкеримовдуку
Обону : С.Абдыкеримовдуку
Сөзү : Шаршен Термечиковдуку
Обону : Шаршен Термечиковдуку
Сөзү : Амантур Куттубек уулунуку
Обону : Курал Чокоевдики
Сөзү : Жеңишгүл Өзбекованыкы
Обону : Сталбек Бактыгуловдуку
Сөзү : Жылдызбек Төрөкановдуку
Обону : Жылдызбек Төрөкановдуку
Сөзү : Айсулуу Эсен кызыныкы
Обону : Жылдызбек Торокановдуку
Кеттим дейсиң келбес болуп түбөлүк,
Кош дегенге колуң бербей түнөрүп.
Кармай албай калтыраган денемди,
Калдым артта айтар сөзүм түгөнүп.
Алыстаса аралыктар узарып,
Сенделемин сендик ойго тушалып.
Сезген жоксуң жолугууга кайрадан
Сени мага алпкелерин кусалык.
Аркандалган азаптарга тордолуп,
Арман толгон аалам сага тар болуп
Калган кезде билдиң бекен мени издеп
Каларыңды карааныма зар болуп.
Обону : Б.Стамкулованыкы
Өлүмдүн кадырын өксүгөн жан билет,
Көңүлдүн кадырын көксөгөн жан билет.
Сүйүүнүн кадырын жетпеген жан билет,
Достуктун кадырын четтеген жан билет.
А бирок атанын кадырын ким билет?
Аттиң, ай, эненин кадырын ким билет?
Күлкүнүн кадырын муңайган жан билет,
Жаштыктын кадырын улгайган жан билет.
Ден соолук кадырын оорукчан жан билет,
Оорунун кадырын боорукер жан билет.
А бирок атанын кадырын ким билет?
Аттиң, ай, эненин кадырын ким билет?
Баланын кадырын балага зар билет,
Жарынын кадырын акылман жар билет.
Бардыгын, бардыгын адамдык дил билет,
Аттиң, ай, ата-эне кадырын ким билет?
Аттиң, ай, ата-эне кадырын ким билет?
Бардыгын, бардыгын адамдык дил билет.
Сөзү : Нуркыз Рыскул кызыныкы
Обону : Баян Акматовдуку
Апакең келин күтүп, кабагы ачык,
Ак жоолук балким жүрөт мага катып.
Өзүмдүк кылып алчы жароокерим,
Өзгөлөр кете электе ала качып.
Бооруңа кысчы бекем сүйүнөйүн,
Болду деп бойдоктуктан түңүлөйүн.
Ак жоолук куп жарашып маңдайыма,
Атакең, апакеңе жүгүнөйүн.
Деп жүрүп жараткандан сурап алдым,
Дегдеген ак өргөмдү курап алдым.
Уулуна жубай болуп жакшылардын,
Узартып учугумду улап алдым.
Жараткан тилегимди берди белем,
Жанашып нике кайып сени менен.
Бал ширин уулду күтүп, кызды күтүп,
Бакытка балкып турам кемибеген.
Өнөр өзү эмине,
Өзгөчөлүк деминде.
Өркүндөсө бериле,
Оргуштатып чыгарат,
От алышып демине.
Табияттан келгени,
Тартуу кылып бергени,
Таамай ырдап турганы.
Тарбиясы чоң тура,
Таалим сөзгө бурганы.
Аа,аа,аа.
Талант деген эмине?
Талыкпастан элине,
Тартууласа саптарды,
Таптатып келген жерине.
Термелишип чыгышат,
Дем кошушуп демине.
Дегеле жалган бир сөз жок,
Деминен чыккан кебинде.
Дөңгөлөктөй айланып,
Далай күчтөр жанданып.
Ээ,ээ,ээ.
Көөдөндөргө ыр толот,
Кайрыктары камдалып.
Көздөрүнө нур толот,
Көңүлдөргө сыр болот.
Кезектешип чамданып,
Акындарга айла жок.
Ак таңдайга таң калып,
Кунт коюшуп угушат.
Төгүп жаткан саптарын,
Элестетип турушат.
Аа, аа,аа.
Элден чыгат өнөрлөр,
Элден чыгат дөлөңдөр.
Эркин ырдап үн кошсо,
Эргип созот чеберлер.
Булбул сыңар сайраса,
Буктар чыгат берендер.
Жанданышып үндөрү,
Жарык ачык түрдөгү.
Жетип тамыр аралап,
Жүрөк толкуп жүргөнү.
Ээ, ээ,ээ.
Комузчуну жалгаса,
Комуз колго кармаса.
Кылды чертип тайбаса,
Комузунан ыр чыгат.
Кадимкидей муң чыгат,
Үн чыгарса бук чыгат.
Чыгарбаса тумчугат,
Чертип келип боздотсоң.
Ыргытманы ойнотсо,
Кереметтүү күү чыгат.
Аа, аа, аа.
Дастанчылар сайраса,
Дастан айтып кайнаса.
Дүбүрттөрү жанданса,
Далай доорду талдаса.
Эби келет ал жердин,
Ооздон-оозго калтырып.
Көз алдыңа тартылып,
Кайгысы менен жыргалдын.
Кайрыктары камтылып,
Добушу келет ал кездин.
Ээ,ээ,ээ.
"Манас" айтып баштасаң,
"Манасынан" таштаса.
Манасчыга теңирим,
Берген экен башкача.
Манастын казынасын,
Ушул күнгө муңдурбай.
Улуу сөздү буздурбай,
Манасчылар сактады.
Манас ата калтырган,
Мурастарын актады.
Аа,аа,аа.
Муундан-муунга өткөрүп,
Каада-салты такталды.
Ошол кезден ушуга,
Осуяты сакталды.
Орошондоп күн өттү,
Ондоп, жүздөп жыл өттү.
Өнөрлөрдү өлтүрбөй,
Өнөрпоздор өрчүттү.
Муундан-муунга айттырып,
Мурас кылып калтырып.
Ээ,ээ,ээ.
Мүнүшкөрлүк сакталды,
Мүйүз уста чебери.
Мурап болуп такталды,
Мындан башка чеберлер.
Саймачылар, зергерлер,
Санжырачы, саяпкер.
Сыяпаттап, урматтап,
Сый көрсөткөн кубаттап.
Кол өнөрчү өнөрүн,
Коргоп келдик кынаптап.
Аа,аа,аа.
Ата-баба мурасын,
Алпештейли, актайлы.
Өнөрлөрдү калтырды,
Өчпөс кылып чаптайлы.
Өркүндөтүп өспүрүм,
Өспүрүмдү таптайлы.
Өнөрүңдү өргө чап,
Өнөрлүүнү барктайлы.
Өмүр өтөт, доор өтөт,
Ɵнөр өлбөйт, сактайлы.
Ээ,ээ,ээ,
Аа,аа,аа.
Калсам да сизден кечигип,
Карегим жүрөт тешилип.
Эркиме ээлик кыла албай,
Эзилип бүттүм, эзилип.
Учурун иштин өткөрүп,
Умтулсам ичим бөксөрүп.
Өкүнүч бийлеп жүрөктү,
Өрттөнүп жүрөм, өрттөнүп.
Булкулдап жүрөк, кантейин?
Болор деп жүрсөм жан шерик.
Ой жеткен менен өзүңө,
Кол жетпей калды, кантейин?
Өкүнгөн болом айласыз,
Өкүнүү эми пайдасыз.
Өзөктөн кеткис дарт экен,
Өзгөчөм агай, кайдасыз?
От байлап алып кабакка,
Ой-санаам өзүң тарапта.
Бурулуп карап келбедиң,
Булуттар учуп баратса.
Жалгашпай калды жолубуз,
Кармашпай калды колубуз.
Айла жок эми, кантели,
Артыкчам, аман болуңуз,
Ардагым, эсен болуңуз.
Агарып аткан таңдайым,
Арзуумду сизге арнадым.
Арабыз алыс болсо да,
Асылым, сизди тандадым.
Жаркырап аткан таңдайым,
Жалындап жүрөк ар дайым.
Жашыңыз өйдө болсо да,
Жаштыгым сизге арнадым.
Жакуттан шуру тизейин,
Жан билбес жерден күтөйүн.
Жан сырымда калсаң айтылбай,
Жаштыктан үмүт үзөйүн.
Берметтен шуру тизейин,
Белгилүү жерден күтөйүн.
Боогачым болуп келиңиз,
Болоюн сиздин Үкөйүң.
Ашыктык жолу тар беле?
Арзыган мендей бар беле?
Адашып да калсам тапмакмын,
Агатай, сизди кайра эле.
Сүйүүнүн жолу тар беле?
Сүрдөгөн кандай жан эле?
Кайрадан келсем жашоого,
Сүймөкмүн сизди кайра эле.
Сөзү : Баян Акматовдуку
Обону : Баян Акматовдуку
Унчукпайм, сүйүүм катып жүрөгүмө,
Ашыгам ичтен сызып мен өзүңө.
Табыштың акыры сен башка менен,
Табышмаксың азыр деле бир өзүмө.
Сени эстейм, өзүм менен сырдашып,
Мүнөзүмдү арылбаган муң баса.
Сагынычтын күйүтүнө чыдабай,
Айлам жок ак баракка ыр жазам.
Канча сүйүү жылдары өттү кат менен,
Кечирип кой менден кетсе, жаш белем.
Анты бекем өчтү сүйүү мөлтүрөп,
Көздөн тамган жалгыз тамчы жаш менен.
Сөзү : Майра Керим кызыныкы
Обону : Майра Керим кызыныкы
Кандай жүрөсүз деп сурап дарегиң,
Кадала түштү оттой карегим.
Бейкапар жүрсөм, берип кеттиңби,
Багып алгын деп сүйүү дарагын.
Сезим жанарым, селдей агарым,
Сезим көлүнө чөгүп барамын.
Сагынган кезде санап кадамың,
Санаага түшсөң кайдан табамын?
Кабарың мага айтчы, карагым,
Кусалык кысса кайдан табамын?
Кучагым жазып тосуп аларым.
Өзүңдү кээде көрөм түшүмдө,
Тунук сырларым толуп ичимде.
Күтүүсүз жерден көрүп калсам деп,
Көчө кеземин элдин ичинде.
Сенин көздөрүң, жүрөк эзгениң,
Кадыр сүйүүмдү кантип сезбедиң?
Сени табам деп дүйнө кезгемин,
Аппак таңдардан калбай издерим.
Сагынчымды кел таркат тез менин,
Кажети да жок анда өзгөнүн,
Өзүңдү күтүп жүргөн кездемин.
Оюмдан чыкпайт ошол саламың,
Оозун тырмадың бүткөн жаранын.
Жарк эткен таңдан жалтана түштүң,
Жалынга толо сезим жанарым.
Сенин көздөрүң, жүрөк эзгениң,
Кадыр сүйүүмдү кантип сезбедиң?
Сени табам деп дүйнө кезгемин,
Аппак таңдардан калбай издерим.
Сагынчымды кел таркат тез менин,
Кажети да жок анда өзгөнүн,
Өзүңдү күтүп жүргөн кездемин.
Сөзү : Омор Султановдуку
Обону : Асанкалый Керимбаевдики
Сүйүүм турат жердин кени тургандай,
Мойнумдагы ыйык, аяр тумардай.
Көкүрөккө сыймык толуп караймын,
Көп кыйналып жакшы бир үй кургандай.
Сүйүүм агат мелмилдеген суулардай,
Айбаттанат көлдө сүзгөн куулардай.
Таттуу сайрап, элжиретип сезимди,
Таң алдында үн алышкан улардай.
Бул дүйнөдө ачкан менин үнүмдү,
Жарык кылган көөдөндөгү түнүмдү.
Сенин гана аман жүргөн карааның,
Мен сен үчүн даңктап ырдайм сүйүүмдү.
Өтөр-кетер, өмүр арты мунарык,
Убакыттын улам арты тунарып.
Башым катат ойго түшсөң, акырет,
Бассам-турсам күнөө буттан чубалып.
Билип туруп кылганымды шок болдум,
Ысык дебей бастык арам отторду.
Билдим, бирок бир убакта мемиреп,
Күнү бүтүп жүрөк дагы токтоорду.
Ыр жазамын, шуру кылып тиземин,
Калемимдин сыясында сүзөмүн.
Асман толо бакыт жүрсө мени издеп,
Неге билбей үмүтүмдү үзөмүн?..
Сөзү : Майра Керим кызыныкы
Обону : Майра Керим кызыныкы
Карчыга карегиңе табындырып,
Булкунган жүрөгүмдү багындырып.
Жаздагы каркыраны күткөн сымал,
Садагам, койдуң неге сагындырып?
Кылыгың кыял отун тутандырып,
Жалт эткен жаштыгымды чагылдырып,
Жалт эткен жаштыгымды чагылдырып.
Сүйбөсөм мазам кетип неге издеймин?
Жүрөгү ашыктарды эгиз деймин.
Жанарым жашылданып сени эстеймин,
Жарыгым, жаным кейип неге издеймин?
Махабат дайрасынын жан шериги,
Күндө эңсеп жарашар го сүйүү өзгөйүм.
Шумкардын канаттары кагылганда,
Жүрөгү ашыктарды эгиз деймин,
Жүрөгү ашыктарды эгиз деймин.
Сүйбөсөм мазам кетип неге издеймин?
Жүрөгү ашыктарды эгиз деймин.
Аралдай суу каптаган тегерегин,
Жанымда куткаруучу жебеленип
Канаты сынган ак куу сыңарындай,
Чымын жан сени көксөп чебелендим.
Кылыгым кыз жибектей болгонум, ай,
Үмүттө күтүп жүргөн түнөгүмсүң,
Үмүттө күтүп жүргөн түнөгүмсүң.
Сүйбөсөм мазам кетип неге издеймин?
Жүрөгү ашыктарды эгиз деймин.
Сөзү : Майра Керим кызыныкы
Обону : Майра Керим кызыныкы
Мага жар керек,
Өзөктү жалгай турган,
Жогумду камдай турган.
Тагдырым татаал жолдо,
Тар болсо тайбай турган.
Мага жар керек,
Берилип сүйүп турган,
Күн сымал тийип турган.
Аялдык көрсөтсөм да,
Ар дайым бийик турган.
Мага жар керек,
От болуп жалындаган,
Кеп айтсам таарынбаган.
Жагымсыз адаттардын,
Артынан салынбаган.
Мага жар керек,
Чалынбай тузактардан,
Чарбасын түз аткарган.
Алыс бол деп айтмакмын,
Узун тил, ушактардан.
Мага жар керек,
Ыраак болуп кара жерден,
Ырыскы ала келген.
Ынтымак өмүр сүрүп,
Ыймандуу бала берген.
Мага жар керек,
Деп көңүл оолуктурду.
Купулум толуптурмун.
Жүрөктөн көксөгөндү,
Акыры жолуктурдум.
Ала-Тоонун кооз убагы магдыраткан, ай,
Агатайым, кабагынын ачылбаганы, ай.
Кабагыңдан айландым, агатайым, ай,
Элде жүргөн бирөөнү сагынасыңбы, ай?
Көк көйнөктүн этегинин желбирегени, ай,
Агатайым, жүрөгүнүн элжиреген, ай.
Жүрөгүңдөн айландым, агатайым, ай,
Элде күткөн бирөөнү сагынасыңбы, ай?
Кесе толо кымызынын ачыбаганы, ай,
Агатайым, кабагынын ачылбаганы, ай.
Карегиңден айландым, агатайым, ай,
Элде жүргөн бирөөнү сагынасыңбы, ай?
|