|
Расул Маматкулов
Бардык видеолор: 6
Бардык аудиолор: 35
00:04:56
00:03:08
00:03:21
00:04:03
00:04:05
00:03:35
Сөзү : Жыпара Исабаеваныкы
Обону : Расул Маматкуловдуку
Олтурамын бөлмө караңгы,
Ыр жүзүндө жаздым саламды.
Сен жок менин ырым жок,
Сенсиз мага жашоо жок,
Дүйнө мага сенсиз караңгы
Күлгөнү сага окшобой,
Көңүлүм сенден ойгонбой
Дүйнө мага сенсиз караңгы.
Олурамын ичип шарапты,
Күндөн-күнгө болбой барамбы.
Бара турган алым жок,
Баса турган дарман жок,
Бөлмө бүгүн өтө караңгы.
Башкага жүрөк чапкан жок,
Сендей издеп тапкан жок,
Дүйнө мага сенсиз караңгы.
Азгырылдын жаман абалым,
Жалгыздыктын тарттым азабын.
Жөлөп турган өзүң жок,
Айтып турган кебиң жок,
Азыр мага дүйнө караңгы.
Башкага жүрөк чапкан жок,
Сендей издеп тапкан жок,
Дүйнө мага сенсиз караңгы.
Сөзү : А.Мамыровдуку
Обону : А.Керимбаевдики
Асман тунук, ай тунук, көл да тунук,
Алмаз сымал көп ойлор менде тунуп.
Сезип калдым ай мөлмөл ак сүйүүңдү,
Сен отурган булакта мен да отуруп.
Сен дагы сездиң бекен, туйдуң бекен?
Махабат күүсүн черттим нечен, нечен.
Баардыгы өлбөс болуп сага арналат,
Карааның карегимде калды бекем?
Асман тунук, ай тунук, көл да тунук,
Алмаз сымал көп ойлор менде тунуп.
Сезип калдым ай мөлмөл ак сүйүүңдү,
Сен отурган булакта мен да отуруп.
Сөзү : И.Жунусовдуку
Обону : И.Жунусовдуку
Түнөрбөгөн ынагым,
Күн кезиккен себепсиз.
Бакытка да, күйүткө,
Биз экөөбүз себеппиз.
Кайырма:
Түгөйүм, ай түгөйүм,
Жаз гүлүндөй гүлдөгүн.
Беш күндүк бул дүйнөдө,
Балын ичели өмүрдүн.
Шерик болгун өмүргө,
Муз салбагын көңүлгө.
Тирөөч болуп өрүүдө,
Орток болгун өмүрдө.
Кайырма:
Келди бизге жылуулук,
Өчүрүп аны албайлы.
Жаман өттү өмүр деп,
Өксүүдө биз калбайлы.
Кайырма:
Сөзү : Расул Маматкуловдуку
Обону : Расул Маматкуловдуку
Көздөрүң балбыл жанып күйүп турду
Жүрөгүңдүн сокконун сездим, туйдум.
Арабызда жылдарды айтсам сага,
Жылмайып сен жөн гана күлүп турдуң.
Кайырма:
Ээ-эй, быша эле алча
Жанды кыйнаба,
Айдай балам бар, жалгыздарым бар
Үйдө кут болгон, күткөн жарым бар.
Үмүтүң үзбөй менден жүрөсүңбү,
Кат жазыпсың билдирип сүйгөнүңдү.
Махабаттын отуна күйгөнүңдү,
Үй-бүлөм бар сен эсиңе түйөсүңбү?
Кайырма:
Сөзү : Абдырасул Кенжебаевдики
Обону : Расул Маматкуловдуку
Көзүңдөн мөлтүрөгөн карагаттай,
Кайталап карай берем канагатпай.
Сен мени түшүнсөңчү, карындашым,
Сүйүүмө муздак шамал аралатпай.
Ойлонгун күндө мени сагалатпай,
Эзилтип жүрөгүмдү жаралатпай.
Оюма түшө калсаң кечиндеси,
Ойлонуп жата берем таң да атпай.
Бул сүйүү сага деген өтө терең,
“Жок” десең жүрөк менен ыйлай берем.
Сен келип бек кучактап “сүйөм” десең,
Түбөлүк ырахатка батат белем?..
Жыттуусу сенсиң гүлдөрдүн,
Назиги сенсиң үндөрдүн.
Сүйлөсөм сага жолугуп,
Жыргалы ошол күндөрдүн.
Кайырма:
Багым бар, багым бар,
Багымда чүрөгүм бар.
Маңдайында келишкен,
Чүрөгүмдүн калы бар.
Башкадан сени кызгандым,
Чүрөгү белең кыздардын.
Жүрөгүм сүйүп жактырдым,
Мүрөгү белең жыргалдын.
Кайырма:
|