|
ТААЛАЙ ЭЛЕСИ тобу
Бардык видеолор: 9
Бардык аудиолор: 23
00:03:55
00:03:38
00:03:14
00:02:51
00:03:03
00:03:33
00:03:03
Алып учкан ойноок кезде кайда элең?
Ашык болуп турам сага кайра мен.
Азаптанттың селки жүрөктү эзип,
Айтчы эркем бойдок кезде кайда элең.
Жаңы ачылган гүлдү соолутасызбы?
Жаш жүрөктү агай оорутасызбы?
Бактыңыз болуп мен бирге жүрөйүн,
Башкалардан коргоп, болушасызбы?
Кайырма:
Менин жылым токсон беш,
Менин жашым отуз беш.
Болбойт дешет, болбойт эч,
Махабатты келген кечигип,
Кыйнабачы эми кезигип.
Жаштыгыңды мага арнап салууга,
Сүйүү үчүн болуп даяр баарына.
Сүйдүң дагы мени, сүйдүрүп алдың,
Жашыбызда турат бир топ айырма.
Кичүү болсом эле, кичине дебе,
Жантай ата сүйгөн Ак Мөөрдү деле.
Бегимайды сүйгөн Раймалы ата,
Махабат деп отко күйбөдү беле.
Кайырма:
Үй-бүлөмдү ая, бузуп албайын,
Сага дагы жакшы тилек арнайын.
Мага окшогон сен да үй-бүлө күтүп,
Өзү теңиңди тапсаң экен ардагым.
Мүнөзүңүз мага абдан жагат ай,
Үмүтүм да сизден өчуп барат ай,
Тилегиңиз жетип менин түгөйүм,
Өзүңүздөй болсо экен агатай.
Уурдатып жатам кимге жаштыгымды?
Улгайдым сени көрбөй көпкө көзүм.
Көөдөндү жарып чыккан үшкүрүккө,
Окшото берчү болдум өзүмдү-өзүм.
Кайырма:
Мен үчүн сени сүйбөй коюу күнөө,
“Бакыт” деп сени мага берген дүйнө.
Сенсиз өткөн өмүр жалаң арман,
Сенсиз өткөн күндөр баары жалган.
Ордуңду толтура албай сыздайт күкүк,
Муңканган күкүккө да убал керек.
Мендеги сүйүү менен бул тагдырда,
Бактысыз болууга бирок мүмкүн эмес.
Кайырма:
Түгөнгүм келет менин күйүп жүрүп,
Күтүүдөн кетти айла күтүп-күтүп.
Кагазды өрттөсөң да күлү калат,
Жүрөгүм күл калтырбай күйүп-жанат.
Кайырма:
Сөзү : Т.Бектургановдуку
Обону : Т.Бектургановдуку
Сөзү : Т.Жолдошовдуку
Обону : Т.Жолдошовдуку
Таарынба, садагам, таарынба,
Жалооруп сен мага кайгырба.
Жанаша сен басып ал менен,
Көңүлдү сен антип калтырба.
Башында сен жүрдүң каткырып,
Сүйөм деп сен мени жактырып.
Эгерде чын сүйсөң сен мени,
Кетесиң эмне үчүн калтырып?
Сен тиктеп менин, ай, көзүмө,
"Кечир" деп ыйладың өкүнө.
Ошондо сенин сөзүңдү угуп,
Калтырап кеттим мен буулугуп.
Себебин уктум мен акыры,
Ата-энең бербептир тагдырды.
Болтуруп сени башка менен,
Кайгыга мени, ай, калтырды.
Оо, турмуш, сен неге таш боорсуң?
Таш боорсуң, сен неге таш боорсуң?
Бирине бирин, ай, сүйдүрүп,
Кайрадан эмне үчүн кошпойсуң?
Сөзү : М.Өтөнбаевдики
Обону : М.Өтөнбаевдики
Экөөбүз бирге жүргөн күндү самап,
Ыр жаздым сага гана сабын арнап.
Бир кезде бирге ойноп жүрдүк эле,
Кай жакка кетип калдың мени таштап?
Алдаба, жаным, мени, жаным, мени,
Ак сүйүү анда эмес, жаным, деги.
Алдайсың жаш баладай эркелетип,
Алдаба, жаным, мени, алдаба, жаным, мени.
Күткөнмүн сенин жолуң, жолуң карап,
Күтөмүн сени бүгүн, күтүп- самап.
Эми мен башка кызды сүйгөнүмдө,
Кечир деп жалдырадың мени карап.
Кечирбейм, кечире албайм, кош бол эми,
Бир кезде сүйгөн элем, сени, сени.
Муңайтып таштап коюп эми келдиң,
Алдаба, жаным, мени, алдаба, жаным, мени.
Кучагымда сүйгөн аппак таңдай,
Жүргөндүр жүрөгүнө сырын катпай.
Балким, ал ак куу болуп көлдө сүзөр,
Адашып айлуу түндө мени таппай.
Жок, эми башка кызга сүйүүмдү арнайм,
Жалынып мен артыңдан сага барбайм.
Турганда сенден бөлөк сулуу кыздар,
Туруксуз ак сүйүүңө чыдай албайм.
Алдаба, жаным, мени, жаным, мени,
Ак сүйүү анда эмес, жаным, деги.
Алдайсың жаш баладай эркелетип,
Алдаба, жаным, мени, кечирбейм, кош бол эми.
Шаардык кыз Аида, Аида, Аида,
Жүрчү кетеличи биздин айылга.
Шар аккан суу бойлоп
Жүрөлү кечке ойноп
Бардыгы окей биздин айылда.
Биздин айыл улуу тоонун боорунда,
Бирге бассаң жетелешип сонун да.
Биз жаралган ошол тоонун гүлүнөн,
Белек кылам шаардык кыздын колуна.
Көк тийбеген ошол тоонун боорунда,
Көп гүлдөр бар араласаң сонун да.
Терип келип ошол тоонун гүлүнөн,
Тартуу кылам шаардык кыздын колуна.
Эртели-кеч үйдөн чыкпай жатасың,
Эрмек кылып тамекини тартасың.
Кечиндеси көңүл ачып келүүгө,
Көчө бойлоп, бак аралап басасың.
Жашың төгүп терең ойго батасың,
Жүрөк сырың эч кимге айтпай катасың,
Өмүр деген өтүп кетет билинбей,
Түшүнбөймүн неге мынча капасың?
Кайырма:
Куралган тоолор менен туш тарабың,
Кооздугуңа көзүм тойбой суктанамын.
Канча ирет кыялданып жайлооңдо,
Көк шиберди аралап чуркаганмын.
Кайырма:
Ай, айылым,
Айылым, айылым,
Айылым, сени аябай сагындым.
Суктантат Ак-Көл, Көк-Көл, Беш-Аралың,
Сулуусу бир мен үчүн кең Чаткалым.
Суу бойлоп суудай аккан жаштыгымды,
Сагынамын, сагынамын, сагынамын,
Канча мезгил өтсө дагы.
Кайырма:
Сагынып жылда келем сага жайда,
Көз тойбой сени карайм кайра-кайра.
Өзүңдө эч өзгөрүү болбогондой,
Агып жатат, агып жатат, агып жатат.
Шарылдап, ий, Чаткал дайра.
Кайырма:
Бактыма бир өзүң, бар болуп жүрөсүң,
Кыя албайм бир сени байланган жүрөгүм.
Керилген боюңа, кысасың бооруңа,
Кыя албайм бир сени кишениң колумда.
Кайырма:
Таалайыма бүткөн тумарым деп күткөн,
Бакытымдын кушу өзүңсүң.
Ай нурунан бүткөн, асылым деп күткөн,
Ак үйүмдүн куту өзүңсүң.
Жүрөгүмө бүткөн, жалгызым деп күткөн,
Жароокерим ошол өзүңсүң,
Күн нурунан бүткөн, күмүшүм деп күткөн,
Сүйгөн жарым ошол өзүңсүң.
Таалайыма келген, тумар кылып берген,
Бакытымдын кушу өзүңсүң.
Ай нурунан келген, ак сүйүүсүн берген,
Ак үйүмдүн куту өзүңсүң.
Жүрөк сүйүп келген, жаратканым берген,
Жароокерим ошол өзүңсүң,
Сүйүү отун берген, өчүрбөстөн келген,
Сүйгөн жарым ошол өзүңсүң.
Ыроолоп сен үчүн, ыр арнайм мен бүгүн,
Ылайым өчпөсүн ыргалат күлгөнүң.
Билесиң баарысын, билгизбей карыйсың,
Балдардын кашында бар болгун жалгызым.
Кайырма:
Арманым бүлдүрүп ар кечте күлдүрүп,
Азгырып келесиң ансайын сүйдүрүп.
Сүйүүмдүн кемеси, сүйкүмдүү элеси,
Аман бол балдардын жароокер энеси.
Өмүрдө өчкүс болуп,
Көңүлүм калды неге?
Бул кечте сен бирөөнү
Кучактап турган кезде.
Кайырма:
Жок, жок, жок жалган баары,
Мен сага ишенбеймин.
Таптаза ак сүйүүмдү,
Бекитип кишендеймин.
Алтыным, жылдызымсың,
Көзүңдөн нур төгүлгөн.
Билип кой арман кылып,
Өтөөрсүң бул өмүрдөн.
Кайырма:
Сен менден алыстадың,
Мен сенден алыстадым.
Тагдырдын жазмышына,
Алтыным таарынбагын.
Кайырма:
Сөзү : Азада Бегимкулованыкы
Обону : Иштеп чыккан: М.Өтөнбаев, Тотомидин Жолдошов
Кыйналган жүрөгүмдү,
Эми сен эзбе жаным.
Уйкусуз түндөрүмдү,
Арнаган сага баарын.
Кайырма:
Жол карап өттү күндөр ,
Койнумда сагыныч бар.
Үзүлбөй сенден күдөр,
Үмүтүм өчпөй жанар.
Жашырып арманымды,
Жүрөктө сыр сактадым.
Жабыркап калганымды,
Жашырып сага айтпадым.
Кайырма:
Сени менен бирге жүргөн күндөрдө бактылуу эмес белем,
Достор менен чогу ойноп-күлгөндө кайгылуу эмес элем.
Анан кантип сен экөөбүз таарынып, ажыраштык,
Болуп өткөн бул кыямат сүйүүдө, күнөөлүү сенби же менби?
Сен жылмайып мага карап күлгөндө мен бактылуу,
Мен жылмайып сенин бетиң өпкөндө сен бактылуу.
Анан кантип сен экөөбүз таарынып, ажыраштык,
Болуп өткөн бул кыямат сүйүүдө, күнөөлүү сенби же менби?
Болду эми мен ишенбейм, сүйүүгө,
Сүйүп жүрүп калтыргым жок, күнөөгө.
Суранарым сен экөөбүз жолукканда токтобочу,
Көзүң менен сен сүйүп жүрөгүмдү, козгобочу...
Суранарым сен экөөбүз жолукканда токтотпочу,
Көзүң менен сен сүйүп жүрөгүмдү, козгобочу...
|