|
Тынчтыкбек Айылчиев
Бардык видеолор: 9
Бардык аудиолор: 23
00:03:04
00:02:30
00:03:09
00:03:44
00:05:44
00:03:41
00:03:52
Сөзү : Т.Айылчиевдики
Обону : Т.Айылчиевдики
Сөзү : Т.Айылчиевдики
Обону : Т.Айылчиевдики
Сөзү : Кыялбек Урманбетов
Обону : Тургуналы Нурматов
Сөзү : Т.Айылчиев, Анарбек Сапаралиевтики
Обону : Т.Айылчиевдики
Сөзү : Т.Айылчиевдики
Обону : Т.Айылчиевдики
Күлсө гүлдөй ачылган,
Далай жигит ашыккан.
Миллион кыз бар элимде,
Бир-биринен аша турган.
Эрке мүнөз жаратылган,
Дидарынан таратылган.
Бир жигиттин бир сулуу бар,
Бакытына жаратылган.
Кайырма:
Миллион, миллион, миллион,
Миллион, миллион, миллион кыздар бар.
Бир-биринен өткөн сулуу,
Бири шекер, бири бал.
Миллион, миллион, миллион,
Миллион, миллион, миллион кыздар бар.
Миллиондун ичиндеги,
Эң сулууну тандап ал.
Жүрөктөргө жарык берген,
Сезимге сыр алып келген.
Жигиттердин өмүрүнө,
Кылыгы менен жарык берген.
Тилектерден тилек курап,
Жигит кызды сүйөт кулап.
Миллион кыз болгон менен,
Аттиң, жалгыз жүрөк бир, ай.
Кайырма:
Басканың сонун маралдай,
Бажырайт көктө бар айдай.
Балкытып жүрөк эргиткен,
Бар болсун кыргыз кыздары ай.
Суктантып көргөн көздөрдү,
Сулуулар өткөн бир даалай.
Кайырма:
Периште кыргыз кыздары,
Чачырайт көздөн нурлары.
Балкытып жүрөк эргиткен,
Бар болсун кыргыз кыздары ай.
Жарашкан жанга келбети,
Жайкалган көлдүн бермети
Жар салып аалам кессең да,
Бир гана жоктур тендеши.
Жамалы жанды эргиткен,
Кымча бел сулуу келишкен
Кайырма:
Айылыңа бардым, бардым капыстан,
Жактырып сени, сулуу, татынам.
Жагоо таккан сенин таажы мончогуң,
Төп келишип сага баары жарашкан.
Кайырма:
Чынароу деп чакырсам чыкпай үйүңдөн,
Чын арнаган ак сүйүүң барбы көңүлдөн?
Чырмадың чынжырлап байлап сүйүүмдү,
Чынын айтчы, Чынара, кимде көңүлүң?
Достор менен бирге айыл ичинде,
Айланып сага келем кечинде.
Атыңды атап Чынара десем,
Айтууга болуп сөздү чечимге.
Кайырма:
Ак сүйүүдө канат байлап учкум келет,
Учкум келет тээ алыска сени издеп.
Жалдыраган көздөрүм жашын төгүп турат,
Жалгыз сен деп.
Карагаттай көздөрүңдү сагынамын,
Махабатка ак сүйүүгө багынамын.
Тоскоол кылган бизге, ал адамга таарынамын.
Кайырма:
Экөөбүз эки жакта, жолдор башка,
Бөлүп турган экөөбүздү ошол чакта,
Жалгыз адам эле тоскоол кылган сага, мага.
Алыстасың, карааныңды көрө албай,
Кыйналамын жан дүйнөмдү сүйүүң арбай.
Алсыраймын, жаным, бактым сага байлангандай.
Сүрөтүңө кадаламын көзүм канбай,
Күндөрдү эстеп басып жүрчү сени жандай,
Жалбыраксыз калдым жашым төгүп ыйлап,
Жалгыз талдай.
Кайырма:
Экөөбүз эки жакта, жолдор башка,
Бөлүп турган экөөбүздү ошол чакта,
Жалгыз адам эле тоскоол кылган сага, мага.
Бир өзүңдү, жаным, чындап сүйчү элем,
Жалыны жок муздак отко күйчү элем.
Алсырайм, жаным,
Үмүт үзбөй күтүп келем.
Кайырма:
Сүйчү элем сени жаным жаңылбай,
Сүйчү элем тоскоолдукка багынбай.
Акыр бир күн айрып салдың сүйүүмдөн,
Көздөн жашым агат дайым тамчылай.
Кайырма:
Сенин ордуңа ошол адам жашайбы?
Сени эмес, мени азапка салбайбы?
Сүйүшкөндөр айрылбастан түбөлүк,
Бирге болуп бул жашоодо калбайбы?
Үзүлбөгөн үмүтүмдү камчылап,
Көздөн жашым ак баракка тамчылап.
Ырларымды бир өзүңө жазам деп,
Азап тартып ыйлайм, жаным, канча убак?
Кайырма:
Сенин ордуңа ошол адам жашайбы?
Сени эмес, мени азапка салбайбы?
Сүйүшкөндөр айрылбастан түбөлүк,
Бирге болуп бул жашоодо калбайбы?
Жете албай турмуш жолуна,
Камалып сүйүү торуна.
Кайрылбай кеттиң ал менен,
Бир түшүп турмуш жолуна.
Ар түркүн түшүп оюма,
Арманым батпай койнума.
Алсырап азыр турамын,
Калемим кармап колума.
Кайырма:
Мейли кайрылба, мейли сагынба,
Бактылуу болгун мындан ары да.
Мейли кайрылба, мейли сагынба,
Бактылуу болгун мындан ары да.
Кадырын билбей сүйүүнүн,
Бакыттын доорун сүргүнүң.
Түбөлүк эмес, жалганда,
Бирөөнү тандап сүйгүнүң.
Чече албай кимди сүйөрүң,
Иче албай сүйүү мүрөгүн.
Өзүңдү, жаным, кыйнаба,
Уккунуң тындап жүрөгүң.
Кайырма:
Бактыңа жет, айрылуу жок жол менен,
Махабатка жете албайсың ой менен.
Өзүңдү-өзүң кыйнабагын эми сен,
Бактылуу болгун, жан эркем.
Кайырма:
Түшүнчү, жаным, табигат сырын,
Түшүнсөң эгер сүйөрсүң, айым.
Жашоо бир келет, сүйүү бир келет,
Жаңылышуудан сактануу керек.
Күнөө сенде эмес, күнөө менде эмес.
Күнөө сүйүүдө, экөөбүздө эмес.
Келсеңчи мага, кымбатым селки,
Сагындым сени, сагынчы мени.
Келсеңчи мага, кымбатым селки,
Сагындым сени, сагынчы мени.
Жашоо бир келет, сүйүү бир келет,
Жаңылышуудан сактануу керек.
Күнөө сенде эмес, күнөө менде эмес.
Күнөө сүйүүдө, экөөбүздө эмес.
|