|
Болот Тасмаев
Бардык видеолор: 7
Бардык аудиолор: 16
00:03:57
00:04:12
00:03:36
00:03:16
00:03:38
00:02:53
00:03:29
Сөзү : А.Раимкановдуку
Обону : А.Раимкановдуку
Жаныңа бара албастан,
Ыраактан карап турдум.
Баштагы күндөрдү эстеп,
Башымды чайкап турдум.
Кайырма:
Сен аны, сен аны,
Сен аны сезген жоксуң,
Сен аны билген жоксуң.
Жок нерсем табылгандай,
Жарааттан арылгандай.
Жан дүйнөм балкып турду,
Ошол кез кайрылгандай.
Кайырма:
Жакындап баргым келди,
Жакшы сөз айткым келди.
Жаныңда жарым мүнөт,
Бир болуп кайткым келди.
Кайырма:
Карааның менден узап,
Жүрөктү чырмап, тузап.
Артыңдан кала бердим,
Арманда жүрөк сыздап.
Кайырма:
Оо, кыздар, агай деш ордуна,
Атымдан чакырчу болгула.
Алыстап бараткан жаштыктын,
Алдынан бир кайрып койгула.
Оо, кыздар, сумсайыш ордуна,
Ар дайым жайдары болгула.
Бүлбүлдөп бараткан жаштыктын,
Билигин чоңойтуп койгула.
Оо, кыздар кол шилтөө ордуна,
Жакындап сырдашчу болгула.
Мага окшош жигиттин колунан,
Гүл сунса, гүл алып койгула.
Оо, кыздар, агай деш ордуна,
Атымдан атоочу болгула.
Алыстап бараткан жаштыктын,
Алдынан бир кайрып койгула.
Сөзү : Тазагүл Закированыкы
Обону : М.Бостонкуловдуку
Өттү күндөр кубалашкан көпөлөк,
Жытын искеп өрөөн толгон гүлдөрдүн.
Өттү баары, ээлеп ордун кусалык,
Ал тарапта жалгыз калдың сен өзүң,
Ал тарапта жалгыз калдың сен өзүң.
Өттү жаштык өз күчүнө ишенген,
Текеберлик издеп, жаман чындыкты.
Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо,
Сүйүп кеттим, кара тору бир кызды.
Ээрчип кеттим, кара тору бир кызды.
Өрөөн алыс, гүлгө толгон жапжашыл,
Көпөлөктөр учпай калды кышында.
Чачта бурул топтогонбуз биз азыр,
Макул болуп, тагдыр деген ушуга.
Макул болуп, тагдыр деген ушуга.
Кумарым арттып күндө садагасы,
Кубанып жолугууга барам азыр.
Кубанычым кыя басып кетээр болсо,
Кусалуу көзүң менен карабачы.
Кайырма:
Жылдыздай көзүңдү эстеп садагасы,
Жылдызга колум жетип барам азыр.
Жылытпай көңүлүмдү кетээр болсоң,
Жылмайып жыргал чачып, жыргатып токундатып
Жашоого кумарланып барам азыр.
Ойлонуп орто жолдо барам азыр,
Оошуп тагдырымдын таразасы.
Оорутуп кетээр болсоң жүрөгүмдү,
От чачып карегиңден карабачы
Кайырма:
Бейкүнөө үмүт жашайт көңүлүмдө,
Бир күүлөп, бирде кайра муздатпачы
Аппагым, ак жаркыным жүрөгүмдү
Белгисиз оюң менен туздабачы.
Кайырма:
Ээ бербей эстеп көңүл басыгыңды
Эмне дейм уга албасам ачыгыңды,
Ачылбас же мен үчүн түбөлүккө,
Же сырың ак жаркыным жашыруунбу
Күтпөчү сагынарым, сагынарым,
Саргайып калар бекер ак ыраңың.
Жайнаган элик көзүң сумсайбасын,
Жароокер мен өзүңдү сагынамын.
Келип кал дүйнө-жүзүн жарык кылып,
Шоолаңды, нуруңду эч аябастан.
Өзүңсүз мен кеттим муздай сынып,
Өзүңсүз жылдызы жок, бүркөк асман.
Маанилүү сен бар үчүн жарыкчылык,
Маанилүү ырдоо жана күтүү жетпей
Тагдырым берет жыргал зарыктырып,
Жашаймын махабаттан үмүт үзбөй
Сөзү : Жолдошбай Абдыкалыковдуку
Обону : Сагынбай Сооронбаевдики
Алыстан бир сен үчүн келгенимди,
Сыр кылып кызыл гүлдү бергенимди,
Сен билген жоксуң. (2 жолу)
Ичимден сүйөмүн деп айтканымды,
Үшкүрүп үйгө амалсыз кайтканымды,
Сен билген жоксуң. (2 жолу)
Атыңды ак баракка жазганымды,
Анардай кызыл өңдөн азганымды,
Сен билген жоксуң. (2 жолу)
Үйүңдү жалжал карап өткөнүмдү,
Көзүмдөн ысык жашты төккөнүмдү,
Сен билген жоксуң. (2 жолу)
Түшүмдө сени менен жүргөнүмдү,
Эзилип эркин ойноп- күлгөнүмдү,
Сен билген жоксуң. (2 жолу)
Андан бери жылдар алмашты,
Кара чачты бубак кар басты.
Сүрсө дагы мезгил мезгилди,
Эстен кетпейт сүйүүм алгачкы.
Күн чартылдап, булут түнөрүп,
Үнсүз турдук сөздөр түгөнүп.
Терс бурулдум көздөн жаш ыргып,
Дегениңде "кош бол, түбөлүк".
Жаштык оргуп нурлуу жүзүңдөн,
Эрдиң таттуу ширин жүзүмдөн.
Аралыктын баарын багынтып,
Ар күн сайын көрөм түшүмдөн.
Самайм бирге жүргөн күнүмдү,
Уксам деймин назик үнүңдү.
Сууйт колуң сурайм сунбагын,
Эми мага кызыл гүлүңдү.
Тынчын алып бейкут көңүлдүн,
Ак чардагым неге бөлүндүң
Керемет күч бийлеп сезимде,
Келбейт сенден азга бөлүнгүм,
Ак чардагым келбейт сенден азга бөлүнгүм.
Ал күн жатат толкуп, шарпылдап,
Канаттары нурга жаркылдап.
Учуп-конуп ойноп жүргөнүң,
Унутулгус элес калтырат,
Ак чардагым унутулгус элес калтырат.
Ак чардагым көлдүн эркеси,
Азыр өзүң чүрөк эңсөөсү
Канат кагып сага баратам,
Ак чардагым алыс кетпечи,
Ак чардагым суранам эй, алыс кетпечи.
Тынчын алып бейкут көңүлдүн,
Ак чардагым неге бөлүндүң
Керемет күч бийлеп сезимде,
Келбейт сенден азга бөлүнгүм,
Ак чардагым келбейт сенден азга бөлүнгүм.
Сөзү : Кыялбек Урманбетовдуку
Обону : Тобокел Кашкарбаевдики
Жан курбум, жашыбай жакшы кал, курбум,
Жамынып түндү узадым, жазганы ошол тагдырдын.
Кош дечи, арманга бирок кошпочу,
Айланып келем ыр болуп,
Айрылуу эмес, коштошуу.
Өмүрдө ыйык түнөгүм,
Өңдөнөт ысык жүрөгүм,
Өчпөсүн жүрөк, өчпөсүн жүрөк, тилегим.
Жан курбум, жаштыгым шамдай жандырдың,
Ардактап алгын өчүрбөй, астында калса жамгырдын.
Агарып, ай нуру менен таралып,
Ал күндөр кирет түшүмө, айрылуу эмес, аралык.
Өмүрдө ыйык түнөгүм,
Өңдөнөт ысык жүрөгүм,
Өчпөсүн жүрөк, өчпөсүн жүрөк, тилегим.
Жан курбум, жабыкпай жакшы кал, курбум,
Өзүңдү түнгө тапшырып, сөзүмдү сага калтырдым.
Кош дечи, а бирок көзгө жаш алба,
Ар убак жүрсөң эскерип,
Айрылуу эмес, ажал да.
Өмүрдө ыйык түнөгүм,
Өңдөнөт ысык жүрөгүм,
Өчпөсүн жүрөк, өчпөсүн жүрөк, тилегим.
|