|
Жоодарбешим
Бардык видеолор: 14
Бардык аудиолор: 40
00:04:23
00:03:16
00:03:43
00:04:35
00:03:31
00:03:54
00:04:08
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Сөзү : Акбар Кубанычбек уулунуку
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Сөзү : Т. Салиевдики
Обону : Р. Абдыкадыровдуку
Ат баспаган асканын,
Аралай басып ак карын.
Жайыттап күнгөй-тескейин,
Кой болду менин бакканым.
Тетиги Сары-Кыр жакка,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!
Тетиги Сары-Кыр жакка,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!
Ат баспаган асканын
Мен бастым шагыл-таштарын.
Кой баккан сонун турбайбы,
Балалык ойду таштадым.
Тетиги Кара-Шорого,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!
Тетиги Кара-Шорого,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!
Деги эле келбейт чарчагым,
Аңкыса жыты арчанын.
Кыз сүйгөндөй болосуң,
Сылап саамай чачтарын.
Күн кечтеп кетти короого,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!
Тетиги Сары-Кыр жакка,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!
Өмүрүмдүн гүлү соолуп бараткан кезде,
Тагдырыма миң рахмат, кезиктиргенге
Сен бактылуу болушка татыктуу жансың
Аселдей таттуу...
Кайырма:
Сен бактылуу болуш үчүн,
Сен бактылуу болуш үчүн,
Сен муңайбай жүрүш үчүн,
Берем жанымды.
Сен бактылуу болуш үчүн,
Сен бактылуу болуш үчүн,
Сен муңайбай күлүш үчүн,
Берем жанымды.
Бул өмүрдү бирге өткөрөр кымбатым сенсиң,
Миң кайгырсам, бир кайгырар жалгызым менин
Көздөрүңдөн айланайын карагат көзүм,
Сен аман болгун...
Кайырма:
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Ата-энемди алдыңызга алып барайын,
Ата-баба салтын улап, сөйкө салайын.
Ашык болгон бир жигиттин багын байлабай,
Сынап көргүн, сындан өтсөм анан алайын.
Кайырма:
Гүлүм кайнене,
Менин күнүм кайнене,
Күлкүсүнөн нур төгүлгөн.
Айдай кайнене, айдай кайнене,
Ашыгымды алып келген алтын кайнене,
Ак батаңды аябастан бергин, кайнене.
Алда качан кызыңызды көндүрүп алгам, сүйдүрүп алгам,
Мен да ага ашык болуп арбалып калгам, байланып калгам.
Жан дүйнөмдөн орун алса, гүлдөй кызыңыз.
Анан кантип ыр ырдабай коём, кайнене?
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Жаралып мен дүйнөгө келген кезден,
Азап-кайгы мен үчүн даалай жеген.
Ал асыл зат, аймончок менин энем,
Таманынан бейиштин жыты келген.
Кайырма:
Ээй, адамдар оой, адамдар,
Энеси бар адамдар, бактысы бар адамдар.
Ээй, адамдар оой, адамдар,
Дүйнөдө теңдеши жок менин да апакем бар.
Тилегим бар тоюмда күлүп апа,
Кубанып сен батаңды берип мага.
Ай жүзүңдөн төгүлүп күн шоолосы,
Бактыбызга бар болчу жаным апа.
Кайырма:
Жаным менин, күнүм менин,
Сүйүүм менин, жаным апам...
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Унут мени, өзүңдөн алыс кетейин,
Тагдыр ташы жолума көчтү кантейин?
Сага жалгыз тилегим бакыт каалаймын,
Сен да жаным, мага ак жол каалагын.
Кайырма:
Унут мени, жаныңа кайгы-муң салдым,
Бир болом деп, сөзүмө тура албадым.
Ким ойлоптур, турмуштун өзгөрүп каларын,
Жаныңа кайгы-муң саларым,
Билбепмин жаным, билбепмин.
Ким ойлоптур, жашоонун өзгөрүп каларын,
Жаныңа кайгы-муң саларым,
Билбепмин кечир мени, кечиргин.
Унут мени, жашооңо тынчтык бербедим.
Баарын кечтим, мен сенден алыс кетейин.
Унут эми, кечиргин мени асылым,
Сага берген убадама турбадым.
Унуттуңбу мени, унуттуңбу мени неге жаным,
Сагынттың мени, саргайттың мени, билбейм жаным.
Жүрөгүм ооруйт, жан дүйнөм сыздайт,
ойлоп сени,
Күндөрүм күнгө окшошпой барат, сагынычтан сени.
Кайырма:
Жалган, жалган баары жалган,
Сүйөм деген сөзүң жалган.
Арман, арман баары жалган,
Күтөм деген сөзүң жалган.
Бул күндөр өтөт, бул түндөр өтөт унутамын сени.
Алоолоп күйгөн жалын да өчөт билсең эгер жаным.
Ашыккам сага, жүрөктөн сүйүп, барктабадың мени,
Балача алдап, бактымды байлап, башкага кеттиңби?
Кайырма:
Сөзү : Адахан Мадумаровдуку
Обону : Жоодарбешимдики
Балапан, ыйлабачы заманыңа,
Бүгүн да түшпөсө эт казаныңа.
Сен эмес, ата-энеңдин башы катты,
Боору жок бул турмуштун азабына.
Кайырма:
Ыйлаба, айланайын, жаш канатым,
Көптөгөн азап чеккен кыргыз атың.
Түшүнөм, айткан менен жеңил болбос,
Колуңда турбаган соң майлуу наның.
Күлбөсөң, көңүлүңдү көтөрбөсөң,
Кубанып өз үйүңдө төрөлбөсөң.
Кантип мен айта аламын кыргызсың деп,
Кыргыздын жеринде да көгөрбөсөң.
Кайырма:
Балапан, аман болуп, эр жеткенде,
Бактыңды таба албастан өз жергеңде.
Бабалар ушул күнгө калтырды деп,
Боз үйдө калбагайсың биз кеткенде.
Кайырма:
Кыргызстан - улуу тоолуу жердин бермети,
Ата-баба бизге калтырган.
Кыргызстан - тоо булагы толкуп-ташыган,
Ак калпактуу элдин мекени.
Көркөмү жанган кымбат мекеним,
Сен үчүн каным, жаным беремин.
Мейкинде сызган шумкарың сымал,
Уча бер алга!
Кайырма:
Кыргызстаным, өнүгүп-өскүн,
Кыргызстаным, баа жеткис көркүң.
Кыргызстаным, Кыргызстаным,
Байрагың көктөн түшпөсүн дайым.
Кыргызстаным - кыйбас турагым,
Кылымга жетсин атагың, даңкың.
Кыргызстаным - алтын бешигим,
Өркүндөп-өсүп, алгалай бергин!
Киндик каным Ала-Тоомо сиңип торолгом,
Мекен үчүн жаным да курман.
Ала-Тоого ар бир келер ымыркай үчүн,
Кыргызстанды сактайлы бүтүн.
Кыргызстаным - менин мекеним,
Кыргызстаным - сенин мекениң.
Көз жоосун алган Ата Мекенди коргойлу бирге!
Кайырма:
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Ачылган гүлдөй жадырап жамалың жарык,
Билбеймин сага кайсы күнү калдым арбалып.
Качанкы өчкөн сезимге кайра жан бердиң,
Эх, гүлдөй болгон сулуусу бардык перинин.
Кайырма:
Сенсиз мага, сенсиз мага,
Жашоонун маңызы жоктой.
Сенсиз мага, сенсиз мага,
Өмүрдүн кызыгы жоктой.
А менсиз, менсиз сага,
Жашоонун маңызы барбы?
А менсиз, менсиз сага,
Өмүрдүн кызыгы барбы?
Өткөнчө өмүр өзүңдү эле сүйөмүн,
Алыска кетсең, күтүүдө өтөр күндөрүм.
Билемин сага ашыккан жалгыз мен эмес,
Менден да башка канчалар жүрөт жетпестен сага.
Кайырма:
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Зымырап учкан мезгилдердей,
Жаштыгым өтүп барат,
Сезбейсиң аны, сезбейсиң сен,
Ойлоруң кайда учат...
Сагыныч болуп жүрөгүмө,
Алоолоп күйүп-жанат,
Көзүңдөн тамган мөлтүр жаштар,
Айтчы өзү, ким деп тамат?
Мен болсо сени ойлоп, мен,
Ар күнүм сагыныч, куса менен өткөрөм,
Дениздей ташты жарган,
Сүйүүгө жанчылып.
Билбеймин, билбеймин мен,
Сүйөмүн, сүйөмүн не себептен өзүңдү,
Кысылып кең ааламга,
Батпай мен сүйөмүн..
Алыстан учкан ак куулардан,
Саламым сага айтам.
Жымыңдап жанган жылдыздарга,
Кошулуп таң атырам.
Билейсиң аны, билбейиң сен.
Жыттуусу гүлдөрдүн,
Ашыкмын сага, ашыкмын мен,
Айтамын бүгүн сырым...
Кайырма:
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Сөзү : М.Атаналиевдики
Обону : М.Атаналиевдики
Өзөндү бойлоп, өзүңдү ойлоп,
Жаз келсе ме да келээрмин.
Өзүңө жаккан, сага арнап жазган,
Ырымды ырдар берермин.
Кайырма:
Жол боюндагы, жол боюндагы,
Ыргалып өскөн ак кайың.
Сагынтат мени, сагынтат сени,
Сагынтат мени, эй жаш чагым.
Алыста жүрүп даалай күн күтүп,
Сагынсам сага келээримин
Жүрөктө жүргөн, өзүң деп күйгөн,
Сүйүүмдү сага берермин.
Кайырма:
Сагыныч эзип, сүйгөнүм сезип,
Күз келсе мен да келээрмин.
Армандуу жүрөк, жалындап күйөт,
Өзүмдү сага берермин.
Кайырма:
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Нурлан Насиптики
Эңсетип мени кыйнадың
Эсимден такыр чыкпадың.
Ээрчитип мени, аны да.
Эмнеге бизди алдадың?
Агарып таңдын атканын,
Тосчу элек дайым аппагым.
Түбөлүк бирге болом деп,
Мени да, аны алдадың.
Уктабай күнү-түнү да,
Экөөбүз ашык бир кызга.
Адашып сүйүп жүрүппүз,
Байчечек гүлдөй бир кызды.
Эх, досум, болду кайгырба,
Табылат сага, мага да.
Мээримин төксө махабат,
Жүрөктөр жылыйт дагы да.
Өзүң деп өткөн күндөрүм,
Өкүнүч эмес, кубаныч.
Сени менен жүргөн түндөрдү,
Эстеп биз күлүп жүрөөрбүз.
Түбөлүк эсте сакталат,
Ал күндөр биздин жүрөктө.
Эстеген сайын жылмайып,
Жүрөбүз мезгил өтсө да.
Уктабай күнү-түнү да,
Экөөбүз ашык бир кызга.
Адашып сүйүп жүрүппүз,
Байчечек гүлдөй бир кызды.
Эх, досум, болду кайгырба,
Табылат сага, мага да.
Мээримин төксө махабат,
Табылат сага, мага да.
Уктабай күнү-түнү да,
Экөөбүз ашык бир кызга.
Адашып сүйүп жүрүппүз,
Байчечек гүлдөй бир кызды.
Эх, досум, болду кайгырба,
Табылат сага, мага да.
Мээримин төксө махабат,
Жүрөктөр жылыйт дагы да.
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Сагынам сени, сагынам сени, сагынам,
Ойлонуп сени, эзилет жүрөк, билбейсиң садагам.
Сагыныч мени сары оруу кылып кыйнады,
Өзүңдөн башка көңүлгө эч ким сенчелик сыйбады.
Кайырма:
Бүт өмүрөмдү арнап, мен сени сүйөмүн,
Кечикпей кезиксеңчи, кайдасың сүйгөнүм?
Махабат аралына кетели бирге,
Мен сендик болуп, сен мендик болуп,
Мен сендик болуп өмүрдө.
Жүрөгүм ооруйт, өзүңсүз өткөн түндөрдө,
Сырымды кимге айтамын, кимдер абалым түшүнөт?
Же сени издейм, түңгуюк баскан бул өмүрдөн,
Жаштыгым өтүп, арманда сага кезикпей каламбы?
Кайырма:
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Аягансып карайсың, көзүмдөгү жашымды,
Колдоруң да жалооруп, сылагансыйт чачымды.
Ойготпо өткөн сезимди, кыйнабачы жанымды,
Козгобо жалгыз сен билген, эч ким укпас заарыңды.
Кайырма:
Эсиңде го эске салба,
Эски жарам сыздайт кайра,
Эми сенин башка сүйгөнүң,
Суранбачы жылыта албайм,
Өткөн сүйүүм аны танбайм,
Эми сенин башка сүйгөнүң.
Жүрөгүмдү бойлогон махабаттан калдымбы?
Ойлонбой жүрүп ойногон жаштыгымдан жаздымбы?
Суранам качан унутпа атабачы атымды,
Сыздатпа сыздан жаралган дарылангыс дартымды.
Кайырма:
|