super.kg logo

Арген Карагулов - "Ата-энеме"

Жүктөлгөн: 11-05-2017
Көчүрүү
03:15
7,42 Мб
  • Currently 5.00/5
Жүктөгөн: Kurmanbek_9009
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт.

Арген Карагулов - "Ата-энеме"

Арген Карагулов - "Ата-энеме"
Сөзү: Курманбек Ниязбеков
Обону: Кайрат Примбердиев

Эстеймин эң алгач там-тум баскан,
Эне-атам мээрим чачкан.
Эр жетип эми мен жигит болдум,
Энеке сүтүңдү кантип актайм?

Энелик мээримиң дем-күч берип,
Түбөлүк колдоп турса.
Эч качан таарынтып, кейитпеймин,
Түйшүгүм тартпачы апа?

Абалтан келаткан салтты улап,
Атакем берет кубат.
Унутпа уулум деп санжыраны,
Ар качан айтып турат.

Аталык сезимиң канат керип,
Балам деп көңүл бурса.
Атанын уулу го дедиртемин,
Күйүтүм тартпачы ата?

Силерсиз куралган дүйнө көрксүз,
Бат эле урап калат.
Тилексиз жашаган бала сөзсүз,
Батасыз кайда барат?

Балалык кезимдин көз ирмемин,
Сагынып болдум куса.
Ата-энем силерге ыраазымын,
Үмүтүң актайм ата.
Эне-атам силерге ыраазымын,
Үмүтүң актайм апа!

Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул элдик аудиого кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;