№1222
Түштүк Кореялык актёр Пак Жихун “милый” деп саналган белгилүүлөрдүн катарында болчу. Анан “Алсыз баатыр” сериалынын жарык көрүшү менен актёрдун такыр башка тарабы ачылды. Адамды бир көз караш менен жалтанта турган сүр да бар экен. Мындай өзгөрүүнү өзү “кинодогу каарманымдын мага окшош жактары көп экен, ошон үчүн ишенимдүү чыкты окшойт” дейт. Күндөн күнгө “ачылып” келе жаткан мырза тууралуу фактылар болсун.
Туулган жери: Түштүк Корея, Масан шаары
Туулган жылы: 1999-жыл, 29-май
Жылдыз белгиси: эгиздер
Бою: 173 сантиметр
Кесиби: ырчы, бийчи, актёр
Тартылган белгилүү сериалдары: “Алсыз баатыр”, “Иллюзиялардын сүйүү ыры”, “Падыша менен жашаган адам”, “Аскер ашпозчусу легендага айланганда”
1. Өмүр баянында туулган жери деп Масан аттуу порт шаар көрсөтүлөт. Бирок ал шаар тууралуу көп деле эскерүүлөр калган эмес, анткени 7 жашка чыкканда ата-энеси менен Сеул шаарына көчүп келишкен. Салттуу искусствого басым жасаган орто мектептен билим алган. Андан кийин Сеул аткаруу искусствосу мектебине тапшырган. Жогорку билимдин дипломун Чунг-Анг университетинен алып, театралдык факультетти аяктаган.
2. Кичинесинен маданият жаатында билим алган жигиттин чыгармачылык карьерасы да эрте башталган. Тагыраагы, кичинекей чагынан балдар театрына кабыл алынып, 6 жашында “Питер Пен” мюзиклине катышкан экен. Мюзиклга катышканынын себеби – жакшы ырдайт эле. Ошол эле жылдары, тагыраагы, 2006-2007-жылдары тасма-сериалдагы тушоосу да кесилген. “Бала-актёр” деп коюшат кичинесинен кино талаасында чоңойгондорду. Пак Жихун да карьерасын башкы каармандардын бала чагын ойноо менен баштаган. Андан сырткары жарнамалык агенттиктер менен иштешип, фотомодель болгон.
3. Пак Жихунга атактуулук актёр катары эмес, айдол катары келди. 2007-жылы «Produce 101» музыкалык сынагына катышып, “Wanna One” музыкалык тобунун курамына кошулган. Тилекке каршы, топ 1 жылдан ашык гана “өмүр сүргөн”. Бир чети топтун тараганы биздин каарман үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк болду окшойт. Анткени ал жеке ырчы катары карьерасын түптөп, мыкты ырчы экенин далилдей алды. Азыркы учурда да музыкалык жаатта активдүү иштеп келе жатат. Баса, ал “Wanna One’га” кошулганга чейин учурдагы белгилүү топтордун бири “Astro’нун” курамында болмок. Бирок дебютка жакын тизесинен алган жаракатка байланыштуу “Astro’го” кошулбай калган.
4. Актёр катары көпчүлүктүн көзүнө 2019-жылы чыккан “Гүл тобу: Чосондун нике агенттиги” деген сериалда илинген. Ал эми дүйнө жүзүнө хит кылган 2022-жылкы “Алсыз баатыр” сериалы болду. Дал ушул сериал аркылуу буга чейин сүйкүмдүү айдол-ырчынын образында жүргөн жигит сүрдүү, катылгандын катыгын бере ала турган адам болуп өзгөрөрүн көрсөттү. 50дөн ашык өлкөгө сатылып, рейтингдерди биринин артынан бирин багындырган сериалдын 2-сезону да чыкты. Анда да баш каармандын ролунда Пак Жихун эле. Мектептеги буллинг, рэкетчилик тууралуу сериалдагы персонажын ийгиликтүү ачып бере алганы тууралуу актёр: “Каарманым Ён Ши Ындын психологиялык абалын ачып берүү мен үчүн маанилуү болду. Экөөбүздүн окшош жактарыбыз көп, мушташкан жагы эмес, психологиялык аспектилерди айтам. Мен да мектепте жалгыз, көпчүлүктөн бөлүнүп калган окуучу элем. Эмнеге мени бөлүшчү азыр да түшүнбөйм. Мени колдогон, мени менен сүйлөшкөн ата-энем гана эле. Андыктан мектептеги жашоом көз алдыма тартылып, баарын жүрөгүмдөн өткөрүп аткарганыма көрөрман ишенди окшойт. Үчүнчү сезон тартылса, ага да катышып, каарманымдын өсүү жолун чагылдырсам дейм”,- деп ой бөлүшөт.
5. – Кинодо бир каармандын образына байланып калбай, түрдүү амплуадагы актёр болуу үчүн эмне керек? Негизи, адамдар өзүбүздү чектеп, көзөмөлдөгөндү жакшы билебиз, айрыкча эл көзүндө жүргөн адамдар. Кинодо ошол көзөмөлдү коё берүү, эч нерсеге байланбоо керек деп ойлойм. Бардык тараптан эркин актёрдон жакшы роль, жакшы образ чыгат. Мен буга дагы да үйрөнүп жүрөм. Буюрса, келечекте көптөгөн жакшы ролдорду жаратсам дейм.
6. Азыркы күндө Пак Жихун баш каармандын образын жараткан “Аскер ашпозчусу легендага айланганда” сериалы жаңыдан көрсөтүлүп баштады. Анда актёр аскер ашпозчусунун ролунда. “Көптөн бери аскер формасын кийип тасмага тартылгым келип жүргөн. Бул роль мен үчүн дагы бир чакырык болду. Жаңы нерсе үйрөндүм – тамак жасаганды. Башында бычакты туура кармаганды да билчү эмесмин. Азыр колум шыпылдап калды”. Актёрдун аскерий темага жакындаганы бекеринен эмес. Кийинки жылы армияга барам деп чыгынып турган убагы. Болгондо да деңиз флотунун чалгындоо бөлүмүнө түшсөм деп тилек кылат экен. “Өзүм сууда сүзгөндү жакшы билбейм, чуркаганга жакшымын. Ошентсе да деңиз флотуна баргым келип жатат, билбесем үйрөнөм да” дейт актёр жашоосуна дагы бир чакырыкты кабыл алгысы келип.
7. 8-майда өткөн "Baeksang Arts Awards" кино сыйлыгында Пак Жихун “Мыкты жаңы актёр” номинациясынын жеңүүчүсү болду, “Падыша менен жашаган адам” тасмасындагы ролу үчүн. Учурда кумурскадай баш көтөрбөй иштеп жаткан ал: “Үйүм – мага мейманкана эле болуп калды. Кечинде кеч барам, жуунам, уктайм, эртең менен туруп жумушка кетип калам. Үйдө жасалган тамак иче элегиме да көп болду, күндө жечү негизги тамагым кимбап болуп калды”,- деп күлөт.
8. Романтикалык маанайдагы маалыматтар, тагыраагы, кайсы бир кыз менен камерага илинген фактылар азырынча жок. Бирок интернет желесинде анын мурда кыздар менен болгон мамилесиндеги конфликттер тууралуу кептер бар. Алардын баарын жалган маалымат деп, Пак Жихун моюнуна алган эмес.
9. Чыгармачылыкта BTS тобунун солисти Вини кумир тутарын айтат. Анын сахнада өзүн алып жүрүүсү, харизмасы үлгү болчу нерсе деп эсептейт. Кумири менен жолугуу кыялы орундалып, Ви экөө жолугуп сүйлөшкөнү, ал эмес биргеликте көңүл ачышканы айтылып жүрөт.
Асыл Орозбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |