Жибек Нурманбетова, актриса, бийчи: "P.DIDDY`НИН ХАН САРАЙЫНДА АШЕР МЕНЕН КАРТА ОЙНОГОМ"

№729 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж

Голливудда жашап, атактуу болуу "Большие люди" долбоорунда Беманын ролу аркылуу таанылган Жибек Нурманбетованын кыялы болчу. Мекендешибиздин "америкалык кыялы" акырындап ишке ашып баратат. Себеби Жибек чет өлкөлүк ырчылардын клибине тартылып, бий өнөрү аркылуу ийгилик жаратууда.

– Жибек, учурда Америкада жашап, иштеп жүргөнүңдү билебиз. Сени чет өлкөлүк ырчылардын клиптеринен да көрүп калабыз. Дегеле бий дүйнөсүнө кандайча келип калдың?
– Мен башынан эле бийлегенди жакшы көрчүмүн. Кийинчерээк жакшы бийлээриме ынанып, буга олуттуу карай баштадым. Болбосо Америкага эмнеге келмек элем? Голливуддагы эл аралык бий академиясын бүтүрдүм. Бийдин башкы базасын өздөштүрүп, тарыхын окудум. Бул жакта окугуң эле келет, себеби эң сапаттуу билим алып жатып да жеке жашооңдо оюн-күлкү, көңүл ачууга убакытты кенен тапсаң болот. Алгачкы жолу дасыккан бийчи катары румыниялык ырчы кыз Андреа Баландын клибине тартылгам. Ушундан кийин сунуштар түшө баштады.

– Мурда "чет өлкөнү багынтып, атактуу болгум келет" деп маек берген элең. Бул тилегиң ишке ашып бараткандай...
– Мен азыркыга чейин кыялымдын орундалганына ишенбей кетем. Анткени оюма келбеген жерлерди чыныгы жашоомдо көрдүм. Бир күнү рэп ырчысы P.Diddy`нин хан сарайында Ашер менен карта ойносом, кийинки күнү P.Diddy`нин уулу Квинсинин «Night and day» ырынын клибине тартылдым. Жакында ага күбө болосуздар. Бир ирет америкалык ырчы Крис Браун менен да бир столдо отургам.

– Америкада жашап кетүү оор болгон жокпу?
– Жашоо – күлүк ат сыяктуу. Эгер ал сенин каалооң менен чуркап турушун кааласаң, анын тизгинин бекем кармашың керек. "Оор, кыйын" деген сөздөр менен тааныш эмесмин. Мен "каалайм жана ага жетүү үчүн эмне керек?" дегенди гана билем. Эң башкысы баарын нөлдөн баштоого эч убакта кеч эмес экенин билүү керек деген жыйынтыкка келдим. Жыйынтык болсо өзүңдүн аракетиңе жараша болот.

– Келбетиң, жүзүң өзгөргөндөй туюлду. Мурдагыдан да чырайлуу болуп калыптырсың...
– Бул жакта жашап өзгөрбөй коюу мүмкүн эмес. Ошол эле ой жүгүртүүң боюнча калсаң, анда "жоголуп" кетесиң. Миллиондогон адамдардан өзгөчө болуп көрүнүш үчүн өзүңө кам көрүп, уникалдуу болушуң зарыл. Менин таңым ийгиликтүү жана белгилүү адамдардын мотивация берген аудиолорун угуу менен башталат. Күнүм болсо мээмди иштеткен жана аны ийгилик энергиясына багыттаган китеп окуу менен жыйынтыкталат.

– "Большие люди" долбоорундагы актёрлор менен байланышып турасыңбы?
– Кээде гана кабарлашып турабыз. Досторумдун ийгиликтерин көрүп кубанам. Кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө алардын да салымы чоң деп эсептейм. Ал эми "Азия МIX" командасынын менеджери, Эльдияр Кененсаровдун жубайы Камила Абдил менен дайыма байланышып турам. Экөөбүз аябай жакынбыз. Ал мени колдоп, улуу эжемдей болуп калган.

– Инстаграмдагы баракчаңа купальникчен түшкөн сүрөттөрүңдү жүктөйсүң. Буларды туура эмес кабыл алгандар да бар...
– Алар купальникчен түшкөн жөн эле сүрөт эмес. Менин ар бир сүрөтүмдүн артында канча деген көз жаш жана чоң эмгек жатат. Бул деген күн сайын таңкы саат 5те туруп 2 саат спорт залдагы машыгуу. Жалкоолукту аттап өтүү, буга чоң эрк керек. Ошондой эле ал сүрөттөрдө өзүмө болгон ишеним жана өзүмдү аялзаты катары кабыл алуу камтылган. Эгер "эл эмне дейт?" деп тынчсыздана берсем, анда ишке ашпагандай туюлган кыялдарыма кадам таштабайт болчумун да. Мени "псевдоуялчаак" адамдар ойлондурбайт. Болгону алар өзүңдү мыкты сезип алууга жардам беришет (күлүп). Андай адамдар сүрөттөргө негативдүү комментарий калтырышса, артынан жеке кат аркылуу суктанып жаткан оюн билдиришет. Мен аларды кичине кезимде, КВНде ойноп жүргөндө эле кезиктиргем.

– Маегибизди жеке жашооңо буралы. Сени Саламат Алиевдин жубайы катары да тааныйбыз. Аны менен ажырашып кеткен деген кептер айтылып келет...
– Саламат экөөбүз 2 жыл мурун ажырашып кеткенбиз. Ортодо достук мамилени сактап калдык.

– Жибек, сөз соңунда келечекке кандай пландарың бар деп сурагым келип турат.
– Дүйнөлүк киного, телевизиондук шоу берүүлөргө тартылууну каалайм. Эталон болуп элди шыктандырып, жакшы нерселерди жасагым келет.

– Маегиңе рахмат, тилегиң орундалсын!

"Голливуддагы эл аралык бий академиясын бүтүрдүм".


"Бул купальникчен түшкөн жөн эле сүрөт эмес. Менин ар бир сүрөтүмдүн артында чоң эмгек жатат".


"Саламат экөөбүз 2 жыл мурун ажырашып кеткенбиз".


Жибек "Большие люди" долбоорунда Беманын ролу аркылуу таанылган.


Динара Абдыкадырова
(Сүрөттөр каармандын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(47)
24.10.2016. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ишине ийгилик каалайм,коралбагандарга жана негативдуу коммент жазгандарга тфу деп кой Жибек!
24.10.2016. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ne-Yo'nun Because of you degen yryna ozu tartkan klibinde sonun chykkan bul kyz. Oshol tarmakta chygarmachylygyndy orkundotson koburook iygilikke jetishmeksin menin oyumcha. Potencialyn ayabay chon sezildi.(Sarkazm)
24.10.2016. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
chupachups-89, мен ал клипптен бул кызды таппадым го
24.10.2016. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
jazii, al degen home video bolchu. Internetke bir kezderi chygyp kayra alynyp salyndy
30.10.2016. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jazii,andrea balan corusel degen kilibinde bilegen
24.10.2016. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бул кызды тааныбайт экем,мынчаа мактанат
24.10.2016. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азыр кыздар атактуу болуу учун ,акча учун купальникчен болуу эмес адамдын акылына сыйбаган жоруктарга барып атпайбы.
24.10.2016. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
p.diddyнин кайсы клипипне тартылыптыр ?
24.10.2016. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мага атактуу бол электеги,Саламат менен тушкон суроту жакты. Жылдызы жанып турат экен эле.
24.10.2016. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушул кыздын уят видеосун кайдан тапсам болот
25.10.2016. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тапса болот,Интернеттен...
Doku_98 түзөттү 2016-10-25 19:39:54
07.11.2016. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sena, коп сайттарда журот..
24.10.2016. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Superdin uwu sanyn satyp algandar uwu kyzdyn birinchi bettegi surotunon uialyp bawka begin achyp kotorup alywty boluw kerek
25.10.2016. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Инстаграммдагы баракчасын жазып койгулачы...
30.10.2016. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sally_Ds,imjikaimjika insta barakchasy
25.10.2016. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Купалникчен болбосон сени клипке тартышпайт сенде ыйман жок жыналач болуп журо бер
25.10.2016. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"адамдар сүрөттөргө негативдүү комментарий калтырышса, артынан жеке кат аркылуу суктанып жаткан оюн билдиришет."-деп заранее эле актанып жазыптыр го... Копчулук эркектер жарым жыналач суротуно суктанып кое берет. Кочодо женил ойлуу кыз менен жолугуп калса ойлонбой аны менен жатып койо берет. Бирок исламдын коз карашында жарым жыналач журуу (куйоонон башкасына), никесиз жатуу баары куноо... Тиги радикал исламчы имам ушуларды динге чакырса сооп тапмак соок кордогуча...
25.10.2016. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
койгулачы ай баарынар эле кыйын, умный болуп кетпей. Бул озунун жашоосу, каалоосу, Голливудга каалаган эле адам кете бербейт, ар ким эле клипке тартыла бербейт. Озунор каалагандай кылып жашагыла, озунор максат коюп ага жеткиле. Бул кыз максатына жетиптир, ал озунун жашоосу. Мындан да ылдый 16 жаштагы проститукалар журот, ошолорго кенешинерди бергиле.
25.10.2016. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Zaina, Голливудга кетсе эле ыймандан кеткенине коз жумуп койсо боло береби же жарым жыналач суроттору ыймандуу экенинен кабар береби?! Аты чыкса эле коз жума берсек бул келинден улгу алгандар эртен кандай болуп осот, ойлондунарбы?!!

Кыргыздын бир болугу баптист болуп динин сатып кетсе, башка болугу исламдын атын жамынып радикал исламчы болуп кетсе, халифат курабыз деп алды Сирияга жоноп. Башкалары женил ойлуу болуп жарым жыналач кийинип араб, турк, тажик, озбек, азерилер менен журуп
25.10.2016. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
кетсе, никесиз зынага батып, "ойноп". Анан боюна бутуп калса аборт кылдырып, торогон болсо ымыркайды балдар уйуно таштап, же кутулуу максатында оз канынан жаралып тогуз ай которгон наристесин олтуруп жатышса..... Кыргыз элим, биз кайда баратабыз?!!

Олкодогу элдин байлыгын бийликтеги бир ууч саясатчылар менен алардын "инвестор" аталган табакташтары талап-тоноп жатса, олкодогу жаштардын жарымы чет олколоп тентип журсо, Кыргызстан кайда барат бул жол менен..
25.10.2016. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Instagramын айтпайсынбы койгулачы
26.10.2016. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
aya2306, Инстаграм @imjika
25.10.2016. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
"Голливудта-Иштин Баары,төш.к Аркылуу"-деп,Чоң Атам айтып калчу...
25.10.2016. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргызда дагы бир супер ХХХ ХХХ болуптурда.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-10-26 10:36:16
26.10.2016. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Bekulas,кимдир-бирөөнү мазктоодон алыс болуӊуз. Оозеки эскертүү!
25.10.2016. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кылганынын баары озу учун Кыргызстан учун гр пайдасы жок зыяны болушу мумкун чечинип суротко тушуп шыктандырып жаш кыздарды
25.10.2016. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
мен мунун куйоосун ХХХ жургом. Ажырашып туура кылыптыр. Сенин аялынды эле баары ххх деп ойлосо, озуно деле неудобно болот да. Бирок куйоосу алдын ала андайды коро албаганы жаман болуптур. Азыр мындай кыздар толтура, фигурасы бар,ХХХ ХХХ же балана жакшы тарбия бере албайт. Жакшы аял болчу кыздар азыр дефицит, таппайсын.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-10-26 10:38:19
26.10.2016. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ican87, этика нормаларын сактап, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазуудан алыс болуӊуз. Оозеки эскертүү!
26.10.2016. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Саламат туура кылыптыр. Ал буга баардык омурун арнап журсо бир куну эч нерсе болбогондой басып кетмек бул кыз.
26.10.2016. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Дене каарыйт журок таалыйт дегендей
26.10.2016. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жарым жылаңач болуп сүрөткө түшүп элдин баарына жарыя болуп,бөтөн эркек менен (Ашер )карта ойногуча Саламат менен айтканын аткарып үйдө уул кызды төрөп берип сүйүктүү жар бактылуу эне болсон кандай жакшы эле намаз окуп күйөөңдү сыйлап.Боптур Ашер менен карта ойнопсун не чыкты эми.Бул кызды тааныбайт экем эмнеси болсода ыйманга кел кеч болуп кете электе Аллахым ыйман бере көр баарыбызга.Эгер бул дүйнөдөн өтүп кетчү болсок алдагы жарым жылаңач сурөттөр интернетте баракчада кала берет тобо кылайлы
26.10.2016. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Интервью ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-10-27 11:03:33
27.10.2016. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
tima_88, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөр gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
26.10.2016. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кыз жаңы сахнага чыкканда сүйкүмдүү көрүнчү, баягы видеосунан кийин АКШга кетип кийими жок сүрөткө түшүп ыйманы азайганго. Ыйман берсин баарыбызга!!!
27.10.2016. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
атактуу болом деп жыланач журо бер менин карындашым болглнунда озум билмекмин
27.10.2016. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тооба кылдым Аллаахым куноолорун озун кечир ыйман бере кор бул кызга
27.10.2016. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Инстаграммдагы суроттору журокту тушурот го.......
27.10.2016. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
бул жакта жалан ыймандуулар го ))))))
27.10.2016. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Купалникчен суроту жакты
27.10.2016. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ашер мн карта ойноп бутуп эмне кылганын да мактанып кетпептир да каап...
12.11.2016. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыймандуубуз эмнебиз билбейм бирок корунгон эркекке ар жерин кармалатып бийлеп атактуу болуп жургон неси жакшы чырак кыз
28.04.2017. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Muslim_KGstana., коомдук адепке туура келбеген сайттарга, видеого шилтеме берүүгө тыюу салынган. 10 күнгө БАН!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо