Суперстан: СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 34
  • 35
  • 36
  • 37
  • 38
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......

#701 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   27 Апрель 2009 - 13:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

Цитата

Мына эми Кыргызшааны кызыл килемге чыгарып ой-да бир эзчу кун келди!

Алыста окуп жургонунду билем. Бул жакта жургондорго караганда сырттагы адамга жакшы байкалат эмеспи. Айтчы жанагы "элинин пейилине жараша ханы" деген бизге чын эле туура келчудойбу? Бир ханыбыз калктын казынасын каалашынча чачып, озумдук кылып алды да жооп берер кун келгенде акырын "жылт" койду. Андан кийинкисинин дарегине деле жылуу соз айтылбай жатат. Мустафа Кемаль Ата Турктой журт башы бизге буюрабы деги. Сен кандай огйдосун?


"Элинин пейилине жараша ханы" деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Негизи эле кыргыз макалдарында терең философиялык ойлор жатат.
Мустафа Кемалга келсек, Осмон империясы кыйроо алдында турган учурда жүз миңдеген адамдын каны аккан согушта жетекчилик кылып, түрк элинин эгенмендү үлүгү үчүн күрөшү п, учурдагы Түркия мамлекетин курган адам катары айтылат. Ал эми кыргыз хандарына (президенттер) эгенмендү үлүк үчүн күрөшү ү бактысы буйурган эмес экен. %) Канчалаган улуттар ушул күнгө чейин эгенмендү үлүгү нө ээ боло албай жүргөндө орустардын бизге берген көз карандысыздык белегине кубануубуз гана керек.
Кыргыз парламентинин экс депутаты, билим берүүгө көп салымын кошкон, көп жылдар бою жетекчилик кызматтарда иштеген, мен чыныгы ПАТРИОТ деп баалаган бир кадырлуу адамдын айтканы дале эсимде "эң биринчи проблема тап, кайсыл жерде проблема болсо ошол жерге барып иште, маселени чечүүгө аракет кыл, ошондо гана эл үчүн кызмат кылган болосуң, эл да сенин кадырыңа жетет"...ө лкө өз маселелерин чечүүдө алсыз болуп турса...суроо көп жооп жок болсо...жаң ы лидердин чыгуусуна шарт түзүлө т...балким ошол лидер Кыргызстанды бул абалдан алып чыгат....

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#702 Пользователь офлайн   arhidey   27 Апрель 2009 - 14:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 019
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 07:55

Кыргызшаар жооптор учун терен ыраазычылыктар дагы да болсо суроолор:

1.Достукту кандай баалайсыз?

2.Досум дос элек коон узгондо,тескери карап калыпсын бозо сузгондо.Мына ушундай учурлар болгонбу досторунуз арасында?Мисал келтирсениз?

3.Бир убакытта форумдан чыгып кеткенсиз эмне себеп болгон?

4.Форумда эн жакын досум деп кимди айта аласыз?

5.Тушунуктуу болсун деп узун соз арнаган адамдарды ТАНТЫК деген сапатка эсептейсизби же?

Рахмат!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#703 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   28 Апрель 2009 - 03:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

Цитата(Еретик @ 25.4.2009, 17:33) <{POST_SNAPBACK}>Саламатсың бы Адес!!!
Баарыбыз сени, болочок......политол
ог религиовед. .... болооруң ду билдик..... :) .....ошого сага суроо....
1) Атактуу .....Спинозанын ....филисофиясын окугандырсың .......буга көз карашың жана ойюң.....Сенин ойюңча.... .ал ....динге каршы чыкканбы..... же адамдын ....Акыл Эсинин...... улуулугун билдиргенби?
2) Ааламдашуу (Глобализация) процессинде ......улуттук байлыктардын жана идеалогиянын. ....орд
у жөнүндө ......өз ойлоруңду айта кетсең.... ...Кандай технологиялар сенин ойюңча.... .басымду
улук кылат.....? 30-40 жылдан кийинки Кыргызстан. ....сенин божомолдооруң ....кыялың. .....
3) Чынгыз Айтматовдун чыгармаларына көз карашың.. ...?......Ал ар бир ....романында ....фантастикалык окуяларды ....эмне үчүн жазды деп ойлойсуң ?.......футурологиялы
к мааниси бар деп эсептейсиң би .......?
Азырынча ушул.......калганын .......дагы убактың болгондо жооп берерсиң .......[/quote]
1) Атактуу .....Спинозанын ....филисофиясын окугандырсың .......буга көз карашың жана ойюң.....Сенин ойюңча.... .ал ....динге каршы чыкканбы..... же адамдын ....Акыл Эсинин...... улуулугун билдиргенби?
Спинозанын окуусу, философия тарыхындагы түшүндү рмөсү татаал болгон окуулардан бирөө десем жаңылышпасам керек. "Теңир" термини Спиноза окуусунун негизин түзөт. Жалпысынан алып карасак, Спиноза динге, б.а. Теңирдин бар экендигине каршы чыккан эмес. Кээ бир эмгектеринде атеисттик (динге каршы чыккан же табияттан сырткары башка бир жаратуучу күчтүн, Теңирдин бар экендигин жокко чыгарган окуу), кээ бир эмгектерин болсо монисттик (дүйнө жана анын кубулуштарынын бир гана негизи бар деп түшүндү рүүчү философиялык багыт, материалисттик монизм үчүн мындай негиз - материя, идеалисттик монизм үчүн мындай негиз - Теңир болуп саналат) көз карашта жазгандыгын байкоого болот. "Теңир же болбосо жаратылыш" деген сөздөрдү колдонгону анын пантеисттик (Кудайды жаратылыш менен окшоштуруучу диний-философиялык көз караш) көз карашты да четке какпагандыгынан кабар берет. Спиноза эмгектеринин көпчүлү гүндө Теңирдин бар экендигине каршы чыккан эмес. Ааламдын башталышы да анын аягы да Теңир деген көз карашы да бар. Анын ою боюнча адам акыл-эси менен Теңирди билип тааныйт. Ыйык китеп (Библия) адамдардын Теңирди таанып-билип, сүйүп- урматтоолору боюнча пайдалуу маалыматтарды камтыгандыгы үчүн адамдардын мыкты сапаттарга ээ болуусунда негизги ролду ойнойт. Кыскасы, менин оюм боюнча Спиноза адам Теңирди акыл-эси менен тааныйт, адам акыл-эсин туура пайдалануу үчүн Теңирден келген маалыматтарга муктаждыгы бар деген ойду айтат.
Белгилей кетүүчү нерсе, жогоруда айтып өткөндө й ар түрдүү багыттагы көз караштарды камтыган эмгектери, Спинозанын окуусу боюнча талаш-тартыштарды жаратып келет, ошол себептүү анын окуусун түшүнү ү чындап эле оор деп айтат элем.

2) Ааламдашуу (Глобализация) процессинде ......улуттук байлыктардын жана идеалогиянын. ....орд
у жөнүндө ......өз ойлоруңду айта кетсең.... ...Кандай технологиялар сенин ойюңча.... .басымду
улук кылат.....? 30-40 жылдан кийинки Кыргызстан. ....сенин божомолдооруң ....кыялың. .....

1.
Ааламдашуу процессинде улуттук байлыктар менен улуттук идеологиянын орду абдан чоң. Ааламдашуу доорунда бардык нерсе глобалдык өзгөчө лүккө таянат. Мындай өзгөчө лүккө ээ болбогон бардык нерсе акырындык менен эскирип колдонуудан чыгып калат. Глобалдык өзгөчө лүктүн шарттары экономикалык жактан күчтүү , байланыш-маалыматтык- электроникалык каражаттары өнүккө н мамлекеттердин маданиятына (улуттук байлык жана идеология боюнча сөз болгондо) карап түзүлгө н. Баарыбызга белгилүү бул мамлекеттердин көпчүлү гү Батышта жайгашкан, этникалык жактан славяндар. Өнүккө н мамлекеттердин тизмесинде баш жактан орун алган АКШ да жашаган калктын элитасынын басымдуу бөлүгү батыш көчмөндө рү болгонун эске да алып койолу. Суроо: кыргыздын улуттук байлыктары менен идеологиясы (азыр жок да, кийинчерээк бир идеологияны ойлоп табышса :tongue: ) батыштын же славяндардын улуттук байлыктары менен идеологиясына туура келеби??? Албетте ЖОК !!! Анда 1-акырындык менен улуттук байлыктарыбыз менен идеологиябыздан баш тартып же ассимиляция болуп батыш маданиятына толугу менен өтүп, өзүбү здүкүн унутабыз. 2-ааламдашууга толугу менен каршы чыгып, эски салттарыбызды, адаттарыбызды кайра жандандырабыз. 3-батыш маданиятынын өзүбү згө ыңгайлуусун же биздин баалуулуктарыбыз менен карама-каршы келбегендерин алабыз, келгендерине каршы чыгабыз. Бул менин гипотезаларым, балким башка адамдардан дагы башкача ойлор чыгат.

Ааламдашуу процессинде албетте маалымат-байланыш каражаттары басымдуулук кылат. Интернетти ааламдашуу процссиндеги эң жетишкендик деп айтаар элем, ошол эле учурда бул процесстин ийгиликтү ү болушунда интернет кызматы эң негизги ролду ойногондугун эч ким тана албаса керек.

30-40 жылдан кийин ...же прогресс....же регресс...чынын айтсам 30-40 жыл кийинки абал жөнүндө прогноз кыла албадым...


3) Чынгыз Айтматовдун чыгармаларына көз карашың.. ...?......Ал ар бир ....романында ....фантастикалык окуяларды ....эмне үчүн жазды деп ойлойсуң ?.......футурологиялы
к мааниси бар деп эсептейсиң би .......?


Кыргызды дүйнөгө тааныткан адамдын чыгармалары жөнүндө ....бир дагы чыгармасын калтырбай окудум десем аша чакандык болоор...бир гана чыгармасы калды,
" Бахиана" деп аталса керек эле, монастырга кетип калган кыз жөнүндө болчу, Ала Тоо деген журналга кичинекей бир бөлүгү басылган эле, 1980-жылдардан кийинки сандары болуш керек, так эсимде жок. Жазылып бүткөнү н же бүтпөгө нүн да билбейм, жазылып бүтсө жарыяландыбы же жокпу, андан да кабарым жок.
Калган чыгармаларынын баарын окуп чыктым. Чынын айтсам катардан окурман катары кээ бир чыгармалары мен үчүн көп деле кызыктуу болгон эмес. Бирок залкар жазуучу өз эмгектеринде көптөгө н ой-пикирлерди адабиятташтырып бергендиги анык. СССР учурунда көп нерселерди ачык жаза алган эмес экен кайран жазуучу...ошентсе да анын ар бир чыгармасында эмне айткысы келгенин ар бир адам эле байкай албаса керек...

Фантастикалык окуяларды жазуусунунун футурологиялык (келечекте кандай болоорун божомолдоо, келечекти изилдөө чү илим) мааниси бар. Өнүгү ү же кандайдыр бир илимий ачылыш адамдын кыялдануусу менен башталат деген пикирдемин. Адам баласы акыл эси менен кыялданган нерсени жасоого, аткарууга аракет кылат...жыйынтыгында же ойлогонундай болот...же башка бир ачылышка себеп болот...мисал катары айта турган болсок, качандыр бир кездерде куштун канатын тагып алып учууга аракет кылган адамдар болгондугу тарыхтын чындыгы...азыр болсо чындап эле учуп жүрүшө т...буга окшогон мисалдар толтура... Бул Айтматовдун чыгармаларындагы фантастикалык окуялар келечекте сөссүз түрдө болот дегендикке жатпайт...балким болуп калат...футурология.

P.S. Суроолор жөнөкө й эмес экен. Кыргыз тилинин терминдик байлыгынын жетпегендигине байланыштуу же менин жетээрлик деңгээлде билбегендигим үчүн кээ бир көз караштар түшүнү ксүз болуп калышы мүмкүн, алдын ала кечирим сурайм.

Билдирүүнү түзөткөн: Kirgizshaa: 28 Апрель 2009 - 03:30


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#704 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   28 Апрель 2009 - 03:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

Цитата

Салам Адес!
Озун чет жерде жургон жигиттердин бири экенсин. Эки болок динди туткан адамдардын уйбуло куруусуна коз карашын кандай?


Эгер үйлөнө турган жаштар өз дининин шарттарын толугу менен аткарып жүргөн, б.а. диндар болсо үй бүлө куруудан мурун эки тарап бири биринин ишенимдери жөнүндө толук маалымат алуусу зарыл!!! Себеби, ар бир ишенимде, динде эркектин, аялдын орду ар башкача көрсөтү лгөн, ар түрдүү же бири бирине каршы келген ишенимдери да жок эмес. Ошол шарттар, ишенимдер үйлөнө турган жаштардын ишенимдерине, баалуулуктарына, менталитетине, каада салт, үрп адаттарына туура келеби ж.б. ушуга окшогон маселелерди үйрөнү п билип алып анан ойлонуп көрүшсү н демекмин. Диндердин ортосундагы диалог бизде жакшы өнүгө элек....

Диндар эмес, катардагы эле адамдар болсо, анда көп проблема болбосо керек.

Ал эми Ислам укугунда мусулман эркектин башка диндеги аялга үйлөнү үсүнө уруксат берилген, ал эми мусулман аялдын башка диндеги эркекке турмушка чыгуусуна тыюу салынган.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#705 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   28 Апрель 2009 - 15:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

Цитата

Салам Адес мырза, алгач ал абалындан кабар алайын. Иштеринизге ийгилик. Ден-соолук.

Атынызды (логин) чечмелесек улуу кыргыз же кыргыздын улуусу деген маанини алып журот экен. Айтып кетсениз кантип далилдейсиз же чыныгы жашоодо дагы шаасызбы?

"Арымдын ары жагы корумдун бери жагы2, - дейт келечектегикоздогон пландарыныз кандай?

Эс тартып баштаганыныздагы биринчи ойлонгон мушкулдуупроблеманыз эмне болду эле?

Кыргызстанды кантип онуктуро алабыз? Эгер сиз президент болуп калсаныз ошого даяр белениз жана кандай иш чараларды колдоноор элениз?


Калоо тилектериң үчүн рахмат, сага да ийгилик!

Атынызды (логин) чечмелесек улуу кыргыз же кыргыздын улуусу деген маанини алып журот экен. Айтып кетсениз кантип далилдейсиз же чыныгы жашоодо дагы шаасызбы?
Мен эч качан эч кимге ШАА мын деп айта элекмин. Улуу адам экендигиң ди башка бирөөлө р баалашсын. Мага ишеним көрсөтү п, кадырлаган адамдар да жок эмес.

"Арымдын ары жагы корумдун бери жагы2, - дейт келечектегикоздогон пландарыныз кандай?
Эң биринчиден диссертацияны ийгиликтү ү коргоп, докторантурага тапшыруу. Анан калганын убакыт көрсөтө т.

Эс тартып баштаганыныздагы биринчи ойлонгон мушкулдуу проблеманыз эмне болду эле?

Эс тартып калганда келечекте кандай адам болоор экемин деп көп ойлончу элем...анан батыраак эле алыс жактарга кетким келчү...

Кыргызстанды кантип онуктуро алабыз? Эгер сиз президент болуп калсаныз ошого даяр белениз жана кандай иш чараларды колдоноор элениз?
Кыргызстанды өнүктү үрү боюнча ар ким ар түрдүү ой-пикирлерди айтып жатышат, өз деңгээлдерине жараша...сө з менен айта бергенден, башкаларды сындоо менен эч нерсе кылуу мүмкүн эмес....Президенттин жакында жарыяланган Жаңылануу Программасы да бар...эгер ошол программа боюнча так, туура иш алып барышса ал да жаман эмес...өнү гүүгө багытталган проекктерди камтыйт...ошол пландар толугу менен өз учурунда аткарылабы, маселе мына ушул жерде...
ал мен президент болсом кандай кылмакмын... .татаал суроо, себеби бир мамлекетти башкара ала тургандай деңгээлде ой жүгүртө албайм го...президент болууга даяр эмесмин, президент болуу үчүн көөө өөп тажрыйба керек....ошондой болсо да өзүмө жараша айта турган болсом, 1-жаңыдан жетилип келе жаткан жаштарды мекен сүйүү чүлүккө тарбиялай турган мамлекеттик идеология боюнча (улуттук эмес, себеби Кыргызстан көп улуттуу өлкө). 2-коррупцияга каршы күрөштү күчөтү ү. 3-билим берүү системасында жаңы усулдарды киргизүү . 4-салык кодексине өзгөртү үлөрдү ү киргизүү менен бирге экономиканы өнүктү рүү боюнча ж.б. проекттердин үстүндө иштемекмин.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#706 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   28 Апрель 2009 - 16:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

Цитата(arhidey @ 27.4.2009, 14:16) <{POST_SNAPBACK}>Кыргызшаар жооптор учун терен ыраазычылыктар дагы да болсо суроолор:

1.Достукту кандай баалайсыз?

2.Досум дос элек коон узгондо,тескери карап калыпсын бозо сузгондо.Мына ушундай учурлар болгонбу досторунуз арасында?Мисал келтирсениз?

3.Бир убакытта форумдан чыгып кеткенсиз эмне себеп болгон?

4.Форумда эн жакын досум деп кимди айта аласыз?

5.Тушунуктуу болсун деп узун соз арнаган адамдарды ТАНТЫК деген сапатка эсептейсизби же?

Рахмат!
[/quote]

Менин такма атым КыргызШААР эмес КыргызШАА

1.Достукту кандай баалайсыз?
Достукту жакшы баалайм

2.Досум дос элек коон узгондо,тескери карап калыпсын бозо сузгондо.Мына ушундай учурлар болгонбу досторунуз арасында?Мисал келтирсениз?
Досторум менен жакшы күндү жаман күндө бири бирибизге колдоо көрсөтү п жаныбызда болдук. Сиз айткан абалга туш болуп көрө элекмин, менин досторум бул категориядагы адамдарга кирбейт.

3.Бир убакытта форумдан чыгып кеткенсиз эмне себеп болгон?
Жумушумдун көбөйү п кеткендигине байланыштуу

4.Форумда эн жакын досум деп кимди айта аласыз?
Форумда жакын досум деп эч кимди көрсөтө албайм, 3-4 гана адамды тааныйм, жакшы адамдар, бирок досторбуз деп айта албайм.

5.Тушунуктуу болсун деп узун соз арнаган адамдарды ТАНТЫК деген сапатка эсептейсизби же?

Адамдар 4 топко бөлүнө т:
1-Эч нерсе билбеген, бирок баарын билем деп мактанган, мындай адамдар менен мамиле кылуудан качуу керек
2-Эч нерсе билбеген, эч нерсе билбегенин билген, мындай адамдарга үйрөтү үгө аракет кылуу керек
3-Көп нерсе билген, бирок көп нерсе билгенин билбеген, мындай адамдарга колдоо көрсөтү п багыт берүү керек
4-Көп нерсе билген, көп нерсе билгенин да билген, мындай адамдар менен жакындан мамиле кылып, ал адамдан үйрөнү ү зарыл



Билдирүүнү түзөткөн: Kirgizshaa: 28 Апрель 2009 - 16:08


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#707 Пользователь офлайн   arhidey   28 Апрель 2009 - 16:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 019
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 07:55

Кыргызшаа жооптор учун рахматым айтам .

Ооба атыныз кыргызшаар билемин "Р"тамгасы кошулуп кеткенин байкабай калыпмын аным учун кечиресиз.

Дагы да болсо суроом.


1.Сый урматка коз карашыныз?(суроолор артында урматтоо жазылат дегеним)

2.Адамдар торт топко болунот сизди учунчу тобуна коштум (Коп нерсе билген,бирок коп нерсе билгенин билбеген) ушул топко киремин деп ойлойсузбу?
(берген жооптордон байкаса болот дегеним)

Суроолор жоопсуз калбайт деген умуттомун.Алдын ала рахмат!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#708 Пользователь офлайн   айжылдыз   28 Апрель 2009 - 17:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 574
  • Катталган: 05 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 03 Ноя 2012 10:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Саламатсызбы! !!

Адес, менин да сизге бир нече суроолорум бар.

1. Туркияга биротоло жашап калуу оюнузда барбы?

2. Туркиялык кызды суйуп калсаныз уйлонот белениз?

3. Суйууну кандай тушуносуз?




Жоопторду чыдамсыздык м-н кутом

Алдын ала РАХМАТ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#709 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   28 Апрель 2009 - 17:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

Цитата

Мен Туркияны ислам динин тутунган, Кыргызстанга караганда динге кобуроок маани берген мамлекет катары билем. Бирок, айрым кинолорунда (айрыкча азыр бизде модага айланган сериалдарында) таптакыр эле европалашып кеткен калктай туюлат. Айрыкча калкынын бай катмары. Алардын намаз окуп, куран окугандары деле байкалбайт. Же бул кинолор Туркиянын Европа тарабындагы калкынын жашоосун чагылдырабы?


Туркияда калктын 98 пайызга жакыны мусулман, 85 000 ден ашуун мечит бар. Динге көп маани берүүсү нүн себеби, Осмон империясы Ислам дүйнөсү нүн лидери болуп көптөгө н жыл башкарып турган. Халифаттыктын борбору азыркы Стамбул шаары болгон. Осмон империясы кыйрап, ордуна Мустафа Кемал тарабынан Туркия мамлекети курулгандан кийин дин мамлекеттен ажыралытып, жаңы конституциясы кабыл алынган күндөн баштап өлкөдө Кемализм деген идеология пайда болгон. Ошол күндөн тартып өлкөдө оң (диндар) жана сол (кемалист, коммунист ж.б.) болуп экиге бөлүнү ү башталды. Оң жана сол тараптарлары ортосундагы тирешүү лөр күндөн күнгө күч алып отуруп жыйынтыгында 80 жылы аскердик төңкө рүш болду. Оң жана сол көз караштагы партиялар учурда да өздөрү нүн идеологиясы менен аракеттенип келүүдө . Калктын басымдуу бөлүгү динге жакын болгону менен, солчулар да аз эмес.

Калкынын элитасы толугу менен сол көз карашта деп айтуудан алысмын. Коммунист, кемалисттердин да, диндарлардын да байлары бар. Ал эми көрсөтү лүп жаткан сериалдар негизинен ааламдашуунун (глобалдашуу) шарттарына ылайык тартылып жатат деп ойлойм. Сиз көрүп жаткан сериалдын сценарийинде, балким, диний ибадаттар жоктур....Бул сериалдар бир гана Европа тарабындагы жашоону эмес, ааламдашуу процессиндеги Турциянын жашоосун чагылдырса керек деп ойлойм...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#710 Пользователь офлайн   sylyk kyz   28 Апрель 2009 - 17:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 315
  • Катталган: 07 Январь 09
  • Соңку аракети: 13 Июн 2009 11:11
  • Жынысы:Аялзаты

Саламатсызбы, Кыргызшаа!

1.Негизи эле турк эли кандай эл болот экен?
2. Турк каганаты тууралуу айтып берсениз?
3.Кыргыздар турктордон тараган дегенге кошуласызбы?
4. Кыргызстанда болуп жаткан саясый оюндарга болгон коз карашыныз...
5. Кийин сиз дагы президенттикке кандидатуранызды коесузбу?

Окуунузга ийгилик каалайм.

Билдирүүнү түзөткөн: sylyk kyz: 28 Апрель 2009 - 17:49

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#711 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   28 Апрель 2009 - 18:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

Цитата

Кыргызшаа жооптор учун рахматым айтам .

Ооба атыныз кыргызшаар билемин "Р"тамгасы кошулуп кеткенин байкабай калыпмын аным учун кечиресиз.

Дагы да болсо суроом.


1.Сый урматка коз карашыныз?(суроолор артында урматтоо жазылат дегеним)

2.Адамдар торт топко болунот сизди учунчу тобуна коштум (Коп нерсе билген,бирок коп нерсе билгенин билбеген) ушул топко киремин деп ойлойсузбу?
(берген жооптордон байкаса болот дегеним)

Суроолор жоопсуз калбайт деген умуттомун.Алдын ала рахмат!

1. Өзүмдү мисал алсам, мени сыйлашсын, урматташсын деп аракет кылбайм. Сый-урматка татый турган кызмат кылсаң, ошого ылайык адам болсоң, эл өзү эле кадырыңа жетип алат го...

2. Балким сиздин анализиң из туурадыр....ө зүмдү өзүм баалоодон алысмын...сизге окшогон кадырман форумчулар өз бааларын беришсе, жакшы болсун, жаман болсун көпчүлү ктүн көз карашын урматтоону адамдык сапат деп билемин.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#712 Пользователь офлайн   Барс   28 Апрель 2009 - 18:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Салам, Кыргызшаа! Ушу сага бир-эки майда суроо бергим келип турат:

1. Чет элде жашаган жарандарыбыздын көпчүлү гү эле, форумга кирип, өздөрү нүн компунда криллицанын жоктугун шылтоолоп, латыни менен жазышат. Сен Түркияда жашаганың а карабастан, кыргыз тамгаларын да пайдаланат экенсиң. Буларды кайдан таап алгансың ?
2. Чет элдегилер эмес, ушул жердеги эле аттуу-баштуулар ӨҢҮ тамгаларын пайдаланышпайт. "Мына эми пайдаланам" ,- деп убада бергендери деле, көнгөн адатына салып, ӨҢҮ дегенди ОНУ деп жазып, соктуруп жатышат. Сенин оюңча бул көңү л бурбай, сөз кылууга арзыбай турган эле маселеби, же?..
3. Коммунисттер менен кемалисттердин идеялык багыты бирдейби, же окшошпу? Жогорку жообуңдан мен ошондой ойдо калдым.

Сага ийигиликтер жар болсун!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#713 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   28 Апрель 2009 - 18:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

Цитата

Саламатсызбы! !!

Адес, менин да сизге бир нече суроолорум бар.

1. Туркияга биротоло жашап калуу оюнузда барбы?

2. Туркиялык кызды суйуп калсаныз уйлонот белениз?

3. Суйууну кандай тушуносуз?




Жоопторду чыдамсыздык м-н кутом

Алдын ала РАХМАТ!


1. Биротоло жашап калуу деген ойдон алысмын...аз да болсо мамлекетибиздин өнүгү үсүнө өз салымыбызды кошсок деген аруу тилектер менен жүрөбү з
2. Түркиялык кызды сүйүп калуу ойума деле келбептир... деги эле үйлөнү ү маселесинде сезим менен эмес акыл менен иш кылуу зарыл...(жеке пикирим)
3. Сүйүү -сезидердин кулуна айлануу...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#714 Пользователь офлайн   adalsvards   28 Апрель 2009 - 18:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

А мен болсо, анкета суроолорун бергим келип кетти:

1. Кайсы мезгил жагат?
2. Кайсы тамакты жактырасыздар? Кара-Кулжанын, Калпактын кымызы сонун дешет го, кымыз жагабы?
3. Кыз кишинин кайсы сапаты жагат?
4. Турктордун кайсы тараптарын бат кабыл алдыныздар? Мисалы, тили, кобунчо кыргыз балдар оз ара отурушса деле, билбей калышып, туркчо суйлошо беришет го. Же кафеге киришсе, турк тамактарын заказ кылышат. Же кола менен шоколадсыз жашай алышпайт дегендей...
5. Кайсы тус жагат?

Рахмат...
Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#715 Пользователь офлайн   vaselisa   28 Апрель 2009 - 18:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 680
  • Катталган: 11 Июнь 08
  • Соңку аракети: 20 Фев 2019 00:48
  • Жынысы:Аялзаты

Salam.... .!!! Kanday jurosun ya korunvoy...?

1-Kelechekte Turkiyede kalam degen oyun barvy...?

2-Turk salttary menen kyrgyz salttarynyn okshosh jaktary bar dep oyloysunvu...? Salyshtyra ketsen....

3-Kachan uylonoyn dep oylop jatasyn...? Chet olkodo jurgonuno baylanyshtuu, chet kyzdaryna uylonoy degen oyun barvy....?

4-Ankaradagy kaysy razvlekatelniy centrlarga baryp es alyp, konul achasyn....?

5-Jakynda bolup otkon Turkiyedegi "Yerel secim" adilettu ottu dep oyloysunvu.....?

6-Turkiyenin kaysy shaarlarynda boldun elen.....?

7- Bir jolu " suyuugo ishenveym, suyuu bolvoyt, jaktyruu bolot" dep aytkanyn esindevi....? Aytayb degenim, dagyle oshondoy oydosunvu...?

Aldyn ala rahmat aytam.....!

Билдирүүнү түзөткөн: vaselisa: 28 Апрель 2009 - 18:57

Наше счастье зависит только от того , используем ли мы все шансы для его достижения. .....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#716 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   28 Апрель 2009 - 18:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

Цитата(sylyk kyz @ 28.4.2009, 17:48) <{POST_SNAPBACK}>Саламатсызб
ы, Кыргызшаа!

1.Негизи эле турк эли кандай эл болот экен?
2. Турк каганаты тууралуу айтып берсениз?
3.Кыргыздар турктордон тараган дегенге кошуласызбы?
4. Кыргызстанда болуп жаткан саясый оюндарга болгон коз карашыныз...
5. Кийин сиз дагы президенттикке кандидатуранызды коесузбу?

Окуунузга ийгилик каалайм.[/quote]

1. Бир улутту жалпысынан жаман же жакшы десек туура болбой калат го. Ар бир улутта жакшы адам бар жаманы бар...Менталитетин, каада-салтын сөз кыла турган болсок, Кыргыздардыкына окшошуп кетет, меймандос калк болушат. Бунун себеби, алар өздөрү нүн ата-бабаларынын Орто Азиядан келишкен деп эсептешет. Албетте, көптөгө н башка улуттар убакыттын өтүү сү менен ассимиляция болуп түрктө шүп кетишкен. Паспортто баары түрк деп жазылат. Негизинен, бир улутка мындай же тигиндей деп айта албайм...

2. Сиз кайсыл түрк каганаты тууралуу сураганың ызды биле албадым, ошол себептүү бул сурооңузду жоопсуз калтырууга туура келди. Тарыхта көптөгө н түрк кагандыктары болгон. Тактап кайра сурасаңыз жооп берүүгө аракет кылайын.

3. Кыргыздар түрктө рдөн тараган деген ойду талкуулоонун өзү туура эмес. Кыргыздар менен түрктө р тектеш элдер деген гипотеза жөнүндө сөз кылсак туурасы ошол болуш керек деп ойлойм. Илимий маалыматтар боюнча, түрк деген термин, түрк тилдүү улуттардын жалпысына берилген ат. Анын ичинде кыргыз, казак, түркмө н, уйгур, азери, татар ж.б. улуттар бар. Учурда Туркияда жашаган турктордү н теги, огуз түрктө рү. Огуз деген да кыргыз дегенге окшош эле улут. Булар огуз деген терминдин ордуна түрк сөзүн колдонушкан. Себеби, Осмон империясынын курамында көптөгө н түрк улуттары (кыргыз, казак, түркмө н, уйгур, азери, огуз, татар) менен бирге башка улуттар да жашаган. Аларды бөлүп жарбастан өлкөдө жашагандарга түрк дешкен. Осмон империясы кыйрагандан кийин курулган мамлекетке Түркия деген атты беришкен. Кыргыздар менен түрктө р тектеш эл деген гипотезага мен кошулам. Тарых чындыктарын танууга мүмкүн эмес.

4. Кыргызстанда болуп жаткан саясий окуялардын чын төгүнү н билбей туруп көз караш билдирсем, анда анализ эмес, саясий интрига болуп калат...бир гана айтаарым, бийлик үчүн күрөшү ү, өз кызыкчылыгын коомчулуктун кызыкчылыгынан жогору коюу байкалууда. ..

5. Жеке өзүм эч качан президенттикке талапкер болбойм. Эгер коомчулук мага ишенип, президенттикке талапкерлигими көрсөтү шсө, анда ошол адамдардын атынан катышышым мүмкүн.

Каалоо тилектеринизге чоң рахмат, сизге да ийгилик каалайм.

Билдирүүнү түзөткөн: Kirgizshaa: 28 Апрель 2009 - 19:23


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#717 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   28 Апрель 2009 - 23:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

Цитата

Салам, Кыргызшаа! Ушу сага бир-эки майда суроо бергим келип турат:

1. Чет элде жашаган жарандарыбыздын көпчүлү гү эле, форумга кирип, өздөрү нүн компунда криллицанын жоктугун шылтоолоп, латыни менен жазышат. Сен Түркияда жашаганың а карабастан, кыргыз тамгаларын да пайдаланат экенсиң. Буларды кайдан таап алгансың ?
2. Чет элдегилер эмес, ушул жердеги эле аттуу-баштуулар ӨҢҮ тамгаларын пайдаланышпайт. "Мына эми пайдаланам" ,- деп убада бергендери деле, көнгөн адатына салып, ӨҢҮ дегенди ОНУ деп жазып, соктуруп жатышат. Сенин оюңча бул көңү л бурбай, сөз кылууга арзыбай турган эле маселеби, же?..
3. Коммунисттер менен кемалисттердин идеялык багыты бирдейби, же окшошпу? Жогорку жообуңдан мен ошондой ойдо калдым.

Сага ийигиликтер жар болсун!

1. Чет элде жашаган жарандарыбыздын көпчүлү гү эле, форумга кирип, өздөрү нүн компунда криллицанын жоктугун шылтоолоп, латын менен жазышат. Сен Түркияда жашаганың а карабастан, кыргыз тамгаларын да пайдаланат экенсиң. Буларды кайдан таап алгансың ?
Технологиянын күндөн күнгө өнүгү п жаткан учурунда кирил тамгаларынын компьютеринде жок экендигине ишендиргенге аракет кылган адамдар, демек компьютерди толугу менен өздөштү рө элек. Ар бир компьютерде, кыргыз тамгасы жок болсо да (Ө Ң Ү) кирил тамгасы бар болуш керек. Эгер клавятурасында жок болсо, атайын компьютер үчүн жабыштырыла турган кирил тамгаларын сатып алышса, маселе чечилет. Кыргыз тамгалары көптөгө н кыргыз интернет сайттарында бар, мен www.press.kg сайтынан көчүрү п алгамын.

2. Чет элдегилер эмес, ушул жердеги эле аттуу-баштуулар ӨҢҮ тамгаларын пайдаланышпайт. "Мына эми пайдаланам" ,- деп убада бергендери деле, көнгөн адатына салып, ӨҢҮ дегенди ОНУ деп жазып, соктуруп жатышат. Сенин оюңча бул көңү л бурбай, сөз кылууга арзыбай турган эле маселеби, же?..
Бардык колдонуучуларыбыз Кыргыз тамгалары менен жазышса жакшы эле болоор эле... Сиз айткандай кээ бир сөздөрдү туура эмес түшүнү п калуубуз мүмкүн.

3. Коммунисттер менен кемалисттердин идеялык багыты бирдейби, же окшошпу? Жогорку жообуңдан мен ошондой ойдо калдым.
Кемализм, же Ататүрчү лүк деп аталган идеологиянын негизин Мустафа Кемал Ататүрктү н койгон принциптери түзөт. Анын принциптеринин өзөгү лаицизм (диний көз караштардын үстөмдү гүн азайтуу, өнүккө н коомдордогу цивилизацияга жетүү багытындагы көз караш), же секуляризацияга (дин менен мамлекетти ажыратуу) таянат. Кемализм түшүнү гү (термини) 1930-жылдардан баштап колдонула баштаган. Жумуруят Калк Партиясынын (Мустафа Кемалдын партиясы) 1935-жылы өткөрү лгөн 4-курултайында Мустафа Кемал койгон принциптердин топтомуна Кемализм деген ат берилген. Учурда бул партия негизги оппозициялык маанайдагы партия катары түрк саясатында өз иш-чараларын көрсөтү п келе жатышат.

Коммунизмди өзүң үз көрүп калсаңыз керек...материалистт
ик философиянын негиздерине таянган коммунисттик көз караш, динге гана эмес, каада-салт, үрп-адаттарга да каршы экендигин практика жүзүндө улууларыбыз көрүп деле калышты окшойт...80-жылдардагы аскердик төңкө рүшкө чейин коммунисттик маанайдагы пропагандалар күч ала баштаган. Оң сол деп бөлүнгө н калктын арасында келишпестиктер пайда болгон. Натыйжасында аскердик төңкө рүш менен балтырылган.

Эки көз караштын бири бирине окшош жактары болгондой эле карама-каршылыктары да бар. Кемалисттер дин менен мамлекетти ажыратууну көздөйт, коммунисттер түп-тамырынан динге каршы. Ошол себептүү алар солчулар тарабында (диндар эмес) жер алышат.

Каалоо тилектериң изге ыраазычылык билдирем!

Билдирүүнү түзөткөн: Kirgizshaa: 29 Апрель 2009 - 20:46


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#718 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   29 Апрель 2009 - 00:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

Цитата(adalsvards @ 28.4.2009, 18:37) <{POST_SNAPBACK}>А мен болсо, анкета суроолорун бергим келип кетти:

1. Кайсы мезгил жагат?
2. Кайсы тамакты жактырасыздар? Кара-Кулжанын, Калпактын кымызы сонун дешет го, кымыз жагабы?
3. Кыз кишинин кайсы сапаты жагат?
4. Турктордун кайсы тараптарын бат кабыл алдыныздар? Мисалы, тили, кобунчо кыргыз балдар оз ара отурушса деле, билбей калышып, туркчо суйлошо беришет го. Же кафеге киришсе, турк тамактарын заказ кылышат. Же кола менен шоколадсыз жашай алышпайт дегендей...
5. Кайсы тус жагат?

Рахмат...[/quote]

1. Кайсы мезгил жагат?
Жаз мезгилин жакшы көрөм. ..Жаз да келип калды....Жаз келгенде өзүмчө сүйүнө берем...кыялдарым орундала тургансып... ар жылы жазды күтөм, жаз сулуу – табиятка көрк берет...жаз жакшы – баардык нерсе жаңыланат. ..Өмүрү мдүн 26-жазына келипмин.... Оо Жараткан! !! ушул жаз – жашоомдун жазы болсо экен... ушул жаз – жаштыктын жазы болсо экен...ушул жаз – жаңылануунун жазы болсо экен...ушул жаз – менин ЖАЗым болсо экен!!! деп күндө тилек кылам...

2. Кайсы тамакты жактырасыздар? Кара-Кулжанын, Калпактын кымызы сонун дешет го, кымыз жагабы?

Тамакты аябай ылгайм, баклажан кошулса жебейм, болгарскийди терип анан жейм, тооктун эти териси менен кошо бышырылса, терисин жебейм...кыскасы көп нерсе жебейм...эгер конокко чакыргың ыз келип калса анда жогорудагы нерселерге көңү л буруңуз ээ :tongue: (акыркы сүйлөм тамаша иретинде)

Тоо койнунда төрөлгө н, кымыз ичип торолгон, ат жалында чоңойгон адам үчүн... .бул нерселер алмаштырылгыс гоо....

3. Кыз кишинин кайсы сапаты жагат?
Сулуулугу эмес, улуугу, менменсинү үсү эмес, жөнөкө йлүгү.. ...

4. Турктордун кайсы тараптарын бат кабыл алдыныздар? Мисалы, тили, кобунчо кыргыз балдар оз ара отурушса деле, билбей калышып, туркчо суйлошо беришет го. Же кафеге киришсе, турк тамактарын заказ кылышат. Же кола менен шоколадсыз жашай алышпайт дегендей...
Түрктө рдүн кайсыл тарабын бат кабыл алганымды өзүм да билбейт экемин....балким эч кайсыл тарабын кабыл алган эместирмин. ..тил боюнча, кыргыздар менен эч качан түрк тилинде сүйлөшкө н жан эмесмин, бирок, кээде өз ара кандайдыр бир теманы талкуулап калган учурда, кээ бир түшүнү ктөрдү н (терминдердин) кыргызчасы жок, ал гана эмес, орусчасын табуу да кыйынчылык туудурат, ошол себептүү түрк тилин колдонууга туура келип калат. Ал эми кыргызча билбей келип түркчө үйрөнгө ндөр кыргызча сүйлөгө нгө аракет кылса да, көпчүлү к учурда түрк тилинде сүйлөп алышат, аларга эч кандай антипатиям жок. Тамак боюнча айта турган болсок, ар ким өзүнү н каалаган нерсесин жейт да...шоколад жеп кола ичкендерди ассимиляция болгон адам катары көрсөтү ү, же болбосо бул нерсени түрктө ргө таандык деп кароо кичине туура эместей болуп калат окшойт...себеби тандоолор талкууланбайт


5. Кайсы тус жагат?
Ачык түстөрдү жактырам...ачык көк, ачык кызыл ж.б.

Бар болуңуз adalsvards айым !!!

Билдирүүнү түзөткөн: Kirgizshaa: 29 Апрель 2009 - 02:44


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#719 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   29 Апрель 2009 - 00:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

Цитата

Salam.... .!!! Kanday jurosun ya korunvoy...?

1-Kelechekte Turkiyede kalam degen oyun barvy...?
2-Turk salttary menen kyrgyz salttarynyn okshosh jaktary bar dep oyloysunvu...? Salyshtyra ketsen....
3-Kachan uylonoyn dep oylop jatasyn...? Chet olkodo jurgonuno baylanyshtuu, chet kyzdaryna uylonoy degen oyun barvy....?
4-Ankaradagy kaysy razvlekatelniy centrlarga baryp es alyp, konul achasyn....?
5-Jakynda bolup otkon Turkiyedegi "Yerel secim" adilettu ottu dep oyloysunvu.....?
6-Turkiyenin kaysy shaarlarynda boldun elen.....?
7- Bir jolu " suyuugo ishenveym, suyuu bolvoyt, jaktyruu bolot" dep aytkanyn esindevi....? Aytayb degenim, dagyle oshondoy oydosunvu...?
Aldyn ala rahmat aytam.....!


1-Kelechekte Turkiyede kalam degen oyun barvy...?

Келечекте кала Түркияда калайын деген ойум жок. (Суроону берээрден мурун берилген суроолорду бир сыйра окуп чыгууңду сунуштаймын, бул суроо мурда берилген эле)

2-Turk salttary menen kyrgyz salttarynyn okshosh jaktary bar dep oyloysunvu...? Salyshtyra ketsen....

Окшоштуктары албетте бар, кыз узатуу, келин алуу, кызга сеп берүү, калың берүү ж.б.

3-Kachan uylonoyn dep oylop jatasyn...? Chet olkodo jurgonuno baylanyshtuu, chet kyzdaryna uylonoy degen oyun barvy....?

Мен күткөн адамды тапсам...анан ал каршы болбосо, ошол эле күнү үйлөнө м. Чет өлкөдө жүрөм деп эле чет элдик кызга үйлөнү п алуу-акылсыздык го...мен издеген кыз чет элден болуп калса, албетте үйлөнө м, бирок чет өлкөдө жүргөндү гүм үчүн эмес, издеген адамым сен айткандай чет кыз болгондугу үчүн... .

4-Ankaradagy kaysy razvlekatelniy centrlarga baryp es alyp, konul achasyn....?
Эс алуу менен байланыштуу пландарымда көңү л ачуу борборлору жок...мен эс алуунун башкача жолун тандап алгамын...

5-Jakynda bolup otkon Turkiyedegi "Yerel secim" adilettu ottu dep oyloysunvu.....?
Кызыккан деле жокмун кандай өткөнү нө...адилеттү эле болсо керек...бул жерде шайлоо оюндары шайлоо кутучаларына караганда калк арасында көбүрө өк ойнолот го деп ойлойм

6-Turkiyenin kaysy shaarlarynda boldun elen.....?
Анкара, Стамбул, Анталия, Болу, Денизли, Сивас, Кония, Дүзже, Йалова, Бурса, Ван, Кайсери....дагы көп эле шаарында болгомун, аттарын унутуп калыпмын...Карадең из тарабына гана бара элекмин

7- Bir jolu " suyuugo ishenveym, suyuu bolvoyt, jaktyruu bolot" dep aytkanyn esindevi....? Aytayb degenim, dagyle oshondoy oydosunvu...?
Сүйүү -сезимдердин кулу болуу....а мен сезимдеримдин кулу эмес, алардын ханымын...акыл менен аракеттенген адам көп жаңылбайт. ..

P.S: КЫРГЫЗ ТИЛИН БУЗБАЙ ЖАЗСАҢ ЖАКШЫ БОЛООР ЭЛЕ!!! Б тамгасынын ордуна В колдоносуң , сөздөрдү н акыркы муундарын жазбай койосуң.. .сүйлөй албасаң туура түшүнө бүз, жазганда тилиң менен эмес колуң менен жазасың го...көң үл буруп койчу

Билдирүүнү түзөткөн: Kirgizshaa: 29 Апрель 2009 - 00:52


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#720 Пользователь офлайн   USSR   29 Апрель 2009 - 02:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Урматтуу форумчулар! Кыргызшаага сайт мурунку куну ачылганына байланыштуу бугун кечке чейин кошумча убакыт берилди
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстан
  • Кийинки тема →

  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 34
  • 35
  • 36
  • 37
  • 38
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 01 Авг 2025 18:40

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: