Суперстан: Кыргыз диaлекттери жaнa эски кыргыз сөздөрү, архаизмдер - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
    • Кыргызстанда
    • Дүйнөдө
    • Суперстан RSS канал блогдору
  • RSS поток
  • (40 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыргыз диaлекттери жaнa эски кыргыз сөздөрү, архаизмдер

#21 Пользователь офлайн   Azura   16 Апрель 2009 - 07:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 025
  • Катталган: 06 Март 07
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 11:29
  • Калаасы:Бишкек

ачкыч - калит (туштукто)
Урматым менен, Азура!

Наш мир!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   temu   16 Апрель 2009 - 09:00

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 06 Март 08
  • Соңку аракети: 01 Окт 2018 16:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Цитата

Анан сөздөрдү жазганда катасыз жазганга аракет кылсаң! Таластык досуң "орстшонбочу " дедиби, же "оштонбочу" дедиби?..


Дос эми мен озум укканымды жазамда. Чындыгында эле оштонбочу дегенго. Кулактан экоо болгон менен кээде канырыш угуп калышында мумкунда туурабы?
temu

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   temu   16 Апрель 2009 - 09:02

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 06 Март 08
  • Соңку аракети: 01 Окт 2018 16:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Цитата

Бизде Таласта "Дагыра" деп айтабыз Нарында болсо таштек деп айтылат экен. А эми Илеген деп биз подносту айтсак нарында суу куйган Кумганды айтышат экен :rolleyes:


Бизде таштек жана чылапчын деп айтышат, бирок кумганды илеген деп айтпайбыз. Илеген деп туштукто чылапчынды айтышат.
temu

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   temu   16 Апрель 2009 - 09:09

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 06 Март 08
  • Соңку аракети: 01 Окт 2018 16:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Айтмакчы бизде Нарында айтылган созду жакшы укпай калсан "Я" деп сурайсын, туштукто "А" дейт экен.
Дагы бир окуя айта кетсем. Мындан бир жыл мурун Ошко командировкага барып калдык эле. Анан бир достун уйундо кичине жардамдашып иштеп калдык. Кошунасыбы же таанышыбы билбейм, биз иштеп жаткан жерден отуп баратып "А" дегиле деп салса. Анан баякы дос бала "А" деп коюш керек экенда. Негизинен кошунасы эмнеге мындай дегенин тушунгонум жок. Мен жон гана ойлоп койдум ушундай приколго деп.
temu

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   ataman   16 Апрель 2009 - 12:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 342
  • Катталган: 10 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 01 Апр 2018 06:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:обл. Чуй: р-н Сокулук

Элик- Элуу: 50 анан битта, экита ж.б
Современныйлар:
Звонок кыл-телефон чал
Пешком-жоо басуу

Анан туштукто чай ичип кет десе, жок рахмат деп коюш керек экен. Эгер чай бергиси келсе кыйнап киргизет экен оздору. Сылык учун айтылган соз окшойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Azura   16 Апрель 2009 - 13:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 025
  • Катталган: 06 Март 07
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 11:29
  • Калаасы:Бишкек

сулуу эмес - куник (туштукто)
Урматым менен, Азура!

Наш мир!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Барс   16 Апрель 2009 - 13:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Цитата

Цитата

Анан сөздөрдү жазганда катасыз жазганга аракет кылсаң! Таластык досуң "орстшонбочу " дедиби, же "оштонбочу" дедиби?..


Дос эми мен озум укканымды жазамда. Чындыгында эле оштонбочу дегенго. Кулактан экоо болгон менен кээде канырыш угуп калышында мумкунда туурабы?


Туура, кулак экөө болгон менен кээде каңырыш угуп калышың толук мүмкүн дечи. Бирок, ката жазылса, ошол сөздүн маанисин чечмелөө кыйын, же таптакыр мүмкүн эмес болуп кала турганын менден жакшы билесиң да, чынбы? Мен ошону айттым... Демек, досуң: "оштонбо" деген болсо, "обу жоктонбо! " деген турбайбы! !!
Мисалы, ашыкча сулууланган кыздарды сындаган:
"Осмону коюп оштонот,
Бүлүнү п жатып кооздонот.
Күзгүдө н кийин карасаң,
Кан жалаган ооздонот..." деген ыр бар эле илгери.

Ал эми кайсы бир жумушту аткарып жаткандардын жанына келип, же өтүп баратып: "И, а дегиле, балдар"-деп койсо, демек, иштеп жаткандарды сүрөп, аларга дем берип, колдоп койгону болуп эсептелет. Көпчүлү к учурда: "Иш илгери!.." -деп да айтышат.

Атамандын айтканында негиз бар. Сылыктык үчүн гана" Чай ичип кетиңиз" деп коюшу да толук ыктымал. Эми Атаман анекдотту жакшы көрөт эмеспи, ушул туурасында бир анекдот:
Наркы айылдык бир таанышы, ушул айылдык таанышынын үйүнө н жанынан өтүп баратса, үй ээси:
-О дос, жол болсун! Кайдан келатасың ? Аттан түш, конок болуп кет,-десе, тиги шып эле аттан түшүп:
-Атымды кайда байлайын?-деген турбайбы.
Анын мындай бат эле макул боло калганына шаша түшкөн үй ээси:
-Ммм. А атыңды тилиме байлап коё кал...- деген тура!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Prince   16 Апрель 2009 - 13:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 383
  • Катталган: 10 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 17 Июл 2021 20:08
  • Жынысы:Эркек

Азура айым чака - челек (таласта) - пакыр (ошто) Жок Ошто пакыр делинбейт. Челек эле делинет. А пакыр деп тиги ичкилик жактагылар чара (тазик) айтып коюшат :crazy-girl:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   temu   20 Апрель 2009 - 08:54

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 06 Март 08
  • Соңку аракети: 01 Окт 2018 16:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ошто Тага- Нарында тайке
Колдо Ава- Нарында байке
Араванда Ака - Нарында ата
Ошский диалект:
секин-акырын
она-тетигине
ониякта-тетиги жакта
temu

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Барс   20 Апрель 2009 - 17:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Деги "челек" деп кыргыз кайсыл буюмду айткан? Мисалы: Сары-Челек. Бул эми сары чака эмес го? Челектей болгон киши. Бул чакадай болгон кишиби? "Сары чака" деп СССРдин маалындагы 3,5 тыйындык сары майда тыйындарды атаган жерлер да бар. Кээ бир жерлерде кичинекей кургак жараны "чака" , же "чакалай" деп коет...

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 20 Апрель 2009 - 17:39

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   биз   20 Апрель 2009 - 19:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 24 Март 09
  • Соңку аракети: 17 Авг 2011 17:26
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:нарын

Цитата

Цитата(Akko @ 15.4.2009, 15:36)
Бизде Таласта "Дагыра" деп айтабыз Нарында болсо таштек деп айтылат экен. А эми Илеген деп биз подносту айтсак нарында суу куйган Кумганды айтышат экен


Бизде таштек жана чылапчын деп айтышат, бирок кумганды илеген деп айтпайбыз. Илеген деп туштукто чылапчынды айтышат

достор силер туштук деп жалпы туштук жакты айтсанар туура болбой калат экен.Таласта "дагыра" деп айтса,нарында "таштек "дейт,ал эми Баткенде "чара" деп айтышат.Кумганды Баткенде "абдесте" дейт. Туштукто 3 облус бар. .аларда да создорундо айырма бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   LIFE   21 Апрель 2009 - 08:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Деги "челек" деп кыргыз кайсыл буюмду айткан? Мисалы: Сары-Челек. Бул эми сары чака эмес го? Челектей болгон киши. Бул чакадай болгон кишиби? "Сары чака" деп СССРдин маалындагы 3,5 тыйындык сары майда тыйындарды атаган жерлер да бар. Кээ бир жерлерде кичинекей кургак жараны "чака" , же "чакалай" деп коет...


Сары-Челек деген аталыш аябай кызыктуу экен. Мен ушул жердин аты фарс тилинен алынса керек деп ойлоп кетем. Анткени, «чалак» деген сөз «өзөн» жана «бөлүк» деген эки маанини берет болушу керек эле. Ал эми «сар» деген тарабы болсо «баш» дегенди билдирет. Башкача айтканда «сар-ы чалак» же биздеги вариантына опокшош түрүндө «сар-ы челек» болуп айтылат. «Өзөндү н башы» деген маанини берип калат. Перс тилинин грамматикасына да туура келет. Аша чапкан болсом, кечирим сурайм. Айтайын дегеним, Кыргызстандагы жер-суу аталышытарында перс, монгол тектүү сөздөр көп учурайт. Азыркы кыргыз тилиндеги «чака» менен «челек» сөздөрү бул жердин маанисине коошпосо керек.  :give_rose:
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Барс   24 Апрель 2009 - 22:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Цитата

Цитата

Деги "челек" деп кыргыз кайсыл буюмду айткан? Мисалы: Сары-Челек. Бул эми сары чака эмес го? Челектей болгон киши. Бул чакадай болгон кишиби? "Сары чака" деп СССРдин маалындагы 3,5 тыйындык сары майда тыйындарды атаган жерлер да бар. Кээ бир жерлерде кичинекей кургак жараны "чака" , же "чакалай" деп коет...


Сары-Челек деген аталыш аябай кызыктуу экен. Мен ушул жердин аты фарс тилинен алынса керек деп ойлоп кетем. Анткени, «чалак» деген сөз «өзөн» жана «бөлүк» деген эки маанини берет болушу керек эле. Ал эми «сар» деген тарабы болсо «баш» дегенди билдирет. Башкача айтканда «сар-ы чалак» же биздеги вариантына опокшош түрүндө «сар-ы челек» болуп айтылат. «Өзөндү н башы» деген маанини берип калат. Перс тилинин грамматикасына да туура келет. Аша чапкан болсом, кечирим сурайм. Айтайын дегеним, Кыргызстандагы жер-суу аталышытарында перс, монгол тектүү сөздөр көп учурайт. Азыркы кыргыз тилиндеги «чака» менен «челек» сөздөрү бул жердин маанисине коошпосо керек.  :applause:


Кызыктуу вариант экен! Дагы кимдин кандай илимий божомолдору бар? "Челек" деген түндүк кыргыздарда эмне маанини берет? Албетте, "өзө н, же бөлүк" эместир деп үмүттө нөмүн!?.

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 24 Апрель 2009 - 22:54

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   boyla   25 Апрель 2009 - 13:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 067
  • Катталган: 06 Март 07
  • Соңку аракети: 04 Апр 2018 21:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Цитата

Кызыктуу вариант экен! Дагы кимдин кандай илимий божомолдору бар? "Челек" деген түндүк кыргыздарда эмне маанини берет? Албетте, "өзө н, же бөлүк" эместир деп үмүттө нөмүн! ?.


ЧЕЛЕК деген чака эмес, чаканы чака дейт. А ЧЕЛЕК жыгачтан жасалып, эн кичинеси 30 литр бата тургандай идиш. Ага бозо ачытышкан. Айран, жарма куюшкан. Коп учурда арчадан жасашкан.

Сары-Челек аталышындагы ЧЕЛЕК созу ЧАЛАК созунон экени талашчыз. Мисалы Чарун-Чалак деген жер аталышы болгон мурдараак. Азыркы кайсы жер экенин унутуп атам. ЧАЛАк созу капчыгайлуу жерлерге коюлган. Так маанисин дагы эстен чыгарыпмын. Окудум эле да кашайгырдыкы :crazy-girl:
Ат жалында кыргыз гана алдырбайт!!!
Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Барс   25 Апрель 2009 - 14:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Ушу, Бойла, сен азаматсың ой! Чын эле "челек" арчадан чабылган чака сыяктуу, көлөмү чоң идиш тура! Ал эми "Сары -Челек" аталышын башка тилдерден издеп убара болбой эле койгула. Сары-Челек көлүнү н түп аты-Тоскоол- Ата.Ал аймакта мен билгенден беш көл бар. Ар биринин аттары ар башка. Ал эми Сары-Челек ошол көл жайгашкан аймак. Жалпы жөнүнө н Аркыт деп аталат. Аркыттын ичиндеги ал жердин Сары-Челек аталып калышын аксакалдар челекке байланыштырышат. Анткени, ошол жерде мурун азыркыга карганда(азыр деле өтө жоондору болбосо да, арча көп.) абдан жоон арчалар көп болчу экен. Мына ошол арчаларды кыйып, чоң-чоң челектерди жасашкан. Арчадан жасалган челектин өңү сары келет тура. Ошондон улам Аркыттын ичиндеги ал жерди "Сары-Челек" деп аташкан экен.Кийин совет доорунда "Ата" деген улама менен айтылган жерлердин көпчүлү гү ыйык жер аталгандан улам, атеизмдин күчү менен (Балким, бөрк ал десе баш алган өзүбү здүн атеисттердин күчү менен...)Тоскоол- Ата калып, Сары-Челек аталып калган көл.

Кыргыздар орустар келгенге чейин темир челек (чака) эмес, жыгачтан чабылган челектерди суу ташууга пайдалангандыр. .. Ошондон улам түштүк кыргыздар чаканы "челек" деп калышыкандыр я?

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 25 Апрель 2009 - 15:06

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   azaika   12 Май 2009 - 14:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 73
  • Катталган: 16 Май 07
  • Соңку аракети: 03 Апр 2013 12:58

БИЗДЕ УБОЛУК ДЕЙТ, КАМЫР ЖАЙГАН БУЮМДУ, АЛ ЭМИ ЖАЛАЛ- АБАДДА "АШ ТАКТАЙДЫНДЫН БАЛАСЫ" ДЕЙТ ЭКЕН ;)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Барс   16 Май 2009 - 23:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

azaika, ушул сөздү таамай жаттап калган экенсиң. Ушул темада эле эстен чыкпасын дегенсип, эки жолу кайталапсың . Силер айткан "үбө лүк" (мен да сени туурап, мурунку айтканымды кайталап коеюн!) орус тилиндеги "вал", анын кичинеси "валик" деген сөздөн алынган. Ал эми Жалал-Абаддын кайсы жеринде "аш тактайдын баласы" делинет билбейм, бирок, ошол Жалал-Абад облусуна кирген Аксыда "октоо" дешет.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Ак куу   17 Май 2009 - 08:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 667
  • Катталган: 16 Февраль 09
  • Соңку аракети: 13 Июн 2012 18:21

Цитата

ачкыч - калит (туштукто)





Узбекче ачкычты эмне дейт болду экен?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   LIFE   18 Май 2009 - 09:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Узбекче ачкычты эмне дейт болду экен?


Өзбекчеде кандай экени мен үчүн кызыксыз. Мен билгенден фарс тилинин «келид» же «килиид» сөзү кыргыз тилиндеги «кулпу» сөзүнү н маанисин берет. Окшош варианттар боюнча интернеттен карасам, фарс тилиндеги «келиид» сөзү грекчедеги «kleidi» сөзүнө н алынган экен. Булардын бардыгын салыштырып отуруп, кыргыз тилиндеги «кулпу» сөзүнү н кайдан келгенин жакшы байкаган киши дароо эле түшүнө т. Ыраазычылыктар!
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   ona   18 Май 2009 - 14:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 004
  • Катталган: 10 Март 09
  • Соңку аракети: 05 Сен 2023 14:21
  • Калаасы:Кыргызстанымда жашайм

Цитата

«Нак» деген сөздүн «накай (Ысык-Көлдө болушу керек эле)» жана адабий тилдеги «нагыз» деген варианттары бар.

табигый - натуральный



бир туштуктук таанышым "нак" деген- алмурутту тушундурот деп айтты эле,бул дагы бир мааниси болсо керек
"Не плачь, потому что тот, кто заставил тебя плакать, не достоин твоих слез.
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

  • (40 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июн 2025 05:40

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

IP.Board форум системи
ОсОО "SUPER.KG"ге катталды

Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда:

Перейти к странице

Перейти к странице