Статустагы жаңылануу
Акыркы кыймыл аракеттер
rnurzida Бул жакка жазбаганыма көп болуптур )). Тааныган, тааныбагандар амансыздарбы?
06 Авг 2021 15:05
rnurzida Өлүм менен сүйүүдөн башка баарын издесе болот. Ал экөө убагы келгенде өзү эле келет.
16 Янв 2019 13:58
rnurzida Бир киши жерде акырын жылып бараткан куртка текеберлене карап жийиркениптир. Анда курт баягы кишиге карап жымыйып: - "Уа, адам баласы неге шончо текеберленип кыйынсыдың? Мисалы, сен мен үчүн кабырыңда жөн гана тамаксың, бирок мен сага текебердене карап кыйынсыбаймын го", - деген экен.....
16 Апр 2018 18:47
rnurzida Бирөөгө жамандык кылып коюп, Кудайдан жакшылык күтпө. / Бердибек Жамгырчиев
17 Фев 2018 11:33
rnurzida Сынооңуз көбөйгөн сайын, сыр бербей сабыр кылыңыз. Караңгылыктын коюланганы таңдын жакындаганын билдирет......
03 Фев 2018 15:52
rnurzida doni89 atai9292 jonokoi.bala ere Sheke madin_ Mediziner Naku01 , баарыңарга чоң рахмат. Чогулган каражат өз дарегине жетти жана ыраазычылык билдирди аяш апабыз. Арабызда жок болсо да, дайыма эстеп жүрөлү форумчу бир тууганыбызды.
26 Дек 2017 15:27
rnurzida Жаралып жараткандан келдим эле , Энемдин ак сүтүн эмдим эле , Жашоомдо билбегеним кеңеш сурап , Бирөөлөргө кеңешимди бердим эле . Бороондуу ызгаар суукту көрдүм эле , Жайнаган жайкы күндө жүрдүм эле, Келишпей мамилелер бир-бирине , Кээ бирөөнүн көңүлүн оорутуп алдым беле . Бейиштей анкып турган гүлзарлардан , Гүлдөрдөн түркүн-түркүн тердим эле , Аа балким ,адамдыгым бирөөгө жагып. Бирөөлөрдүнн көңүлүндө калдым беле
30 Авг 2017 16:54
rnurzida Адам тандан бой көтөрбө, асманда эмес жердесиң. Башкалардан кыйынмын дебе, Аллах азап бербесин. Сулуу, акылдуу, күчтүү, бай бол, баарыбир пендесиң. Топурактан жаралган, топуракка айлануучу нерсесиң.
13 Авг 2017 15:25
rnurzida "Бир адамдын кантип күлгөнүнөн тарбиясын, эмнеге күлгөнүнөн акыл даражасын түшүнөсүң", Мевлана Руми
06 Авг 2017 16:22
rnurzida Жыгач мыкка айтыптыр; "Мени ушунчалык оорутуп жарадар кылдың", деп. Мык акырын гана жыгачка: "Эгер менин башыма тийип жаткан соккуну билгениңде, менин көңүлүмдү оорутпай, дароо кечирээр элең", деген экен. Сен дагы башкага жакшы ойдо бол. Анткени, анын абалын толук билбейсиң, балким ...
27 Июн 2017 19:43
rnurzida Маанайыңыз ачык болсун. Периштелер ашык болсун. Жаратканым тагдырларга жаннат багын жазып койсун. Ылайланбай жандүйнөбүз, Ыйманыбыз бекем болсун. Бейиштеги кошунабыз Пайгамбарым өзү болсун. Айт маарек болсун.
25 Июн 2017 04:46
rnurzida ♻Ар дайым кечирим суроо жана кечиримдүү болуу, бейпил жашоого алып келет. Адам эч качан шалаакылыктан кутула албайт. Кимдир бирөөгө сөзсүз туура эмес мамиле кыласың. Ошол убакта андан кечирим суроону унутпа.
10 Июн 2017 20:08
kaidasyn 12 Июн 2017 11:12
Туура,мурда эч кимден кечирим сурабайт элем.Азыр болбогон нерсеге деле кечирим сурай берем.))
rnurzida Жума маарек болсун жалпыга.
05 Май 2017 04:38