Айтайын дегеним Фейсбукта "Квиз найт кыргызча " баракчаны жактырып, окуп жүрөм. Ошол баракчага командалар түзүлүп, катталып оюн болуп келет. Оюндун шарттары боюнча айтсам:
1)Ар бир командада 5тен ашпаган оюнчу болушу керек
2)Ар бир команда 1500 сомдон(бир оюнчу 300сом) акча чыгарат
3)Жыйынтыгында жалпы чогулган акчанын 70%ы жеңген командага берилет, 30%ы чыгымдарды жабуу үчүн уюштуруу тобунда калат
Ал эми суроолор үчүн ар жумада ар түрдүү тема тандалат. Мисалы биз бир жолу катышканыбызда "Кыргызстанды 19-20кк тарыхы" деген тема болчу.
Келерки оюн 8-апрель күнү болот, жана "Кыргыз адабияты" темасы тандалды. Суроолор кыргыз адабиятына байланыштуу 20(балким андан көп) болот.
Бишкек шаарында жашап жаткан, каалоочу форумчулар болсо 1(балким 2,3,4:)) команда түзүп катышып көрөлү. Кандай дейсиңер?

Супер-Инфо
super.kg
видео










