Расмий аталышы – Малайзия Федерациясы
Борбору – Куала-Лумпур
Жалпы аянты – 330 миң чарчы чакырым
Калкынын саны – 20,2 миллион
Калкы – 52 пайызы – малайлар, 32 пайызы – кытайлар, калганы – Түштүк Азиядан көчүп келген улуттар
Негизги тили – малай тили, мындан сырткары англис, кытай, тамиль тилдери колдонулат
Расмий дини – ислам. Буддизм, христианчылык эркин диндер
Акча бирдиги – 1 ринггит = 100 сен. 1 ринггит 11,07 сомго барабар
Малайзия – бул жомок... Аттиң, Кудай бир буюруп ушул өлкөгө барып келсең. Табиятынын кооздугун өз көзүң менен көрүп, маданияты менен таанышып, тээ алыста мухиттин туздуу суусу менен жуулуп жаткан жээктерин басып, жаратылышынын сырларын өзүң ачып келсең...
Малайзия 1957-жылы 31-августта эгемендү ү мамлекет болуп жарыяланган. 13 штаттан жана 2 федералдык аймактан (Куала-Лумпур менен Лабуан) турат. Штаттарды султандар, өлкөнү хан башкарат.
Түштүк- Чыгыш Азиянын чок ортосунда, экваторго кичине жетпей жайгашкан Малайзияны Түштүк Кытай деңизи экиге бөлүп турат. Батыш Малайзия Малакка жарым аралынын түштүк учунда жайгашып, Таиланд жана Сингапур менен, ал эми Чыгыш Малайзия Борнео аралынын түндүгү ндө болуп, Бруней жана Индонезия менен чектешет. Өлкөнү н жалпы аянты 330 чарчы чакырым болсо, анын 63 пайызы – джунгли. Малайзияга 1007 арал көз каранды. Алардын эң ирилери: Лангкави, Пинанг, Тиоман.
Малайзиянын климаты тропиктик, нымдуу. Күндүзү аба 32 градуска чейин жылыса, түнкүсү н 21 градус болот. Тоолуу аймактарда аба-ырайы суугураак. Жаан-чачын октябрь-декабрь айларында жаайт. Өлкөнү н эң бийик чекити – Муруд тоосу (2246 метр), эң ири дарыясы Кинабатанган (563 чакырым). Малайзиянын табияты түрдүү жемиштерге бай: папайя, рамбутан, гуава, чику, кокос жаңгагы, дуриан, ананас, манго, дарбыз, дуку, мангустин , банан , памело, жамбу аир, жылдыз-жемиш.
Куала-Лумпур, же жөн гана Кэй Эл улуттук калоритин сактап калган заманбап шаар, илгерки маданиятын жоготпогон ири мегаполис. Анын асман тиреген жаңы имараттары байыркы мечиттер, храмдар менен катар турат.
Мечит, храм сыяктуу диний имараттарга жана үйлөргө бут кийимди чечип кирүү зарыл. Мечиттерге жабык кийим кийүү – жергиликтү ү калкты урматтаганга жатат. Кандайдыр бир буюм, акча, өзгөчө тамакты оң кол менен сунуу керек. Туристтер үчүн эң ататктуу сувенир – малайзиялык батик, кол менен сүрөт түшүрү лгөн жибек кездеме.
Бүткүл дүйнөгө атагы тараган обьектилер бар: дүйнөдө гү эң бийик имарат – Петроназ мунарасы, бийиктиги боюнча үчүнчү болгон телемунара, Азиядагы эң чоң мечит, жер жүзү боюнча узундугу боюнча үчүнчү орунда турган көпүрө , эң кызыктуу акванариум. .. мунун баарысы Малайзияда!

Супер-Инфо
super.kg
видео


















