Мен Артур Конан Дойлдун "Записки о Шерлоке Холмсе" деген китебин окуп жатам. "Бриллиянт жыландан"
кийинки эң жаккан китеп ушул болду. Ыраматлык болуп кеткен теманы көргөндө кызыгып калдым эле. Таап окугандан кийин биздин "Шерлокторго"
нааразы болуп кетет экенсиң))). Кыскасы силерге да(окуй электерге)
(окуй электерге) сунуштайм, жакшы экен.
Китеп орусча болгондуктан башынды түшүнбөй каламбы деп бир аз кооптондум эле. Бирок окуп көрсөм түшүнүктүү эле экен т.е. өзүм ойлогончолук "тупой"
эмес экем)))
"Китеп мүлжүгүчтөрдүн" клубу :)
#642 29 April 2013 - 20:04
Анан дагы көптөгөн жакшы ыр китептер бар. Бирок аларды сунуштасам деле окубайсыңар да
#643 29 April 2013 - 21:05
Оо, Шерлок Холмс аябай сонун китеп. Окугандан тажабайм. Анан дагы чыгыш приключенияларын камтыган В.Соловьевдун 'Приключения Ходжи Насреддина'
деген китеби да Холмстай кызыктуу. Антиреклама катары 'Духлесс'
менен 'Одиночество в сети' китептерин айта алам. Биринчисинен кийин озумду ылайга батып калгандай эле сездим, ушунчалык 'безнравственная история', экинчисинде ыйлагым келди, ошентсе да...балким аябай журогунузду кыйнагыныз келсе окуп корсонуз болот.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#644 29 April 2013 - 21:19
мен китепке саякатты кичинемден баштагам, эсимде жок канча жашта бирок окуга бара элек элем, Русские народные сказки, Киргизские народные сказки, Томас Андерсен сказкалары вообщем коп эле мен тушунбой эле окуй берет элем, кайта кайталап окуп атып толук кандуу маанисин 8-класста тушунгом, негизи ошо жомок китептер аябай эле таасир калтырды окшойт, тарбиялык да, жашоодогу корунушторго окшош аябай... Башка дагы коп эле китеп окугам, негизи жагат, кызыксам бир кундо окуп коёт элем, жакканын кайталап окуган жагат.
Азыркы убакта Пайгамбарыбыз с.а.в дын омур баянын, сунноттору, сахабалардын омур баянын окуп атам, сиздерге да сунуштайм созсуз окуп чыгыныздар. .
Азыркы убакта Пайгамбарыбыз с.а.в дын омур баянын, сунноттору, сахабалардын омур баянын окуп атам, сиздерге да сунуштайм созсуз окуп чыгыныздар. .
Журоктор ыйманга толсун.
#645 29 April 2013 - 21:23
Адальс,сен сушунтаган китеп кыздар учун окшойт го.....негизи окуп чыкмакмын.
Ооба, ошондой. Мен бүгүн эле Эрих Мария Ремарктын "Три товарища" деген чыгармасын баштадым. Чыныгы эркектер үчүн!
Окуй элек болсоңуз, балким карап көрөрсүз, анан баяндамасын чогуу жазалы...
Айтмакчы, чынында өтө кызыктуу экен!
Мен Артур Конан Дойлдун "Записки о Шерлоке Холмсе" деген китебин окуп жатам.
Айрыкча, өспүрүмдүк курактагыларга, момундай бир, приключение издегендерге майдай жакса керек. Эң сонун чыгарма, барактан баракты ачып, кантип китепти жутуп койгонуңду да байкабай калсаң керек?..)))
Анан дагы көптөгөн жакшы ыр китептер бар. Бирок аларды сунуштасам деле окубайсыңар да
Сунуштап көр, балким жагып калат. Мага мисалы, Ахматова менен Басё өтө жакын...
Антиреклама катары 'Духлесс'
менен 'Одиночество в сети' китептерин айта алам.
"Духлессти" окубапмын, бирок бул баягы орустар тарткан тасма беле? Бир топ-менеджер тууралуу.... Башын көрүп, ортодон ыңгайсыз кадрлар болуп кеткени үчүн аягына чыккан эмесмин...(((
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#646 29 April 2013 - 21:34
Аа, жомоктордон ага-ини Гриммдердин жомоктору эн жакшы коргондорумдон.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#647 29 April 2013 - 21:38
Мен "Кылым карытар бир күндү" окуганда анча деле маани бере бербептирмин.
Кийин "Аватарды"
(Камерондун) көргөндө анан мээмди ток ургандай болгомун.
"Жерден" бир астронавтты космоско жибергенден кийин, ал башка планетадагылар менен байланыш куруп кетет. Максаты - "башка жергеликтердин" жакшы өзгөчөлүктөрү болсо, аны өздөштүрүп, "Жерге" айтып бармак. Байланыш үзүлгөндөн кийин "жердиктер" өздөрү жиберген астронавтты эрежени бузуп, өз билемчиликке барды деп аны душманга чыгарып салышат.
Аватарда болсо, аскер-саясатчылары илимпоздорду жөн гана өз кызыкчылыктары үчүн колдонушат. Илимпоздо өз иштерине ушунчалык берилип, таза ниет менен киришип, керек болсо "башка жергеликтер" менен икир-чикир болуп кетишет. Аскер-саясатчылар илимпоздорду колдонуп бүткөндөн кийин анан иштерине тоскоол боло баштаганы үчүн аларды "башка жергеликтер" менен кошо жок кылмакчы болушат. Өз адамдарын өз эрежелерине баш ийбегени үчүн душманга чыгарышат.
Эки чыгарманын ортосунда жарым кылымдык интервал бар. Чыңгыз Айтматовго чейин деле кимдир бирөө ушул эле идеяны баяндаган чыгармаларды жазгандыр. Айтайын дегеним, бул эки чыгармада тең ар кандай формада, бирок бир эле идея чагылдырылган. Мээме ток урганы дегеним, Камеронго чейин Айтматов бул идеяны айтып жатпайбы. Эх. Кыргыздар, башыбызды колдоно билсек эле, көп нерсени багынтабыз го.

Хм... "Кылым карытар бир күндү" акыркы жолу мектептик программа бойдон окуй элекмин го...((( Бирок кызык салыштыруу экен. Быйыл, Айтматовдун юбилейине карата чыгармаларын кайра окуп баштадым эле, демек "Кыяматтан" кийин улантат экенмин. Сизге рахмат!
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#648 29 April 2013 - 21:47
Негедир тасмалар чыкканча, алардын китептерин окуп койгон оной жана ынгайлуу корунот. (Духлесс тасмасын коргон эмес экенмин) мисалы, Куугум тасмасы чыкканда, уландысын кутуп отурбай эле сериянын баарын окуп салгам. Кандай десем, орто, женил китептер, мындайлар желеде толуп жатыр. Мага мындан коро Энн Райстын мастандары жагат
/> (Райс эротика жанрында да жазат деп уккам, бирок окуган эмесмин, бул жанрды окуудан алысмын) Фаина Раневскаянын омур таржымалын окугам. Анча женил эмес юмор суйуучулорго сунуштайт элем. Анаан...кулинариядан,
'казан, мангал и др.мужские слабости'
деген китеп жагат. Жаш келиндерге ынгайлуу анан керектуу китеп деп ойлойм. Палоо басканды, шашлык туура жасаганды, майда-чуйдо секреттерди Сталик Ханкишиев жакшынакаай кылып тушундуруп жазган
/>
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#649 29 April 2013 - 22:13
Лукьяненконун китептери...
озунчо дуйно. Адальс айым цитатасы менен деген жери бар экен, тилекке каршы, жактырган чыгармаларымдан цитата албайм. Мага китептин духу жагат. Лукьяненкону Стругацкийлердин окуучусу деп билем. Жонокой кадыресе персонаждар же тааныш окуялар фантастиканын призмасынан отуп, кандайдыр бир глобалдуу проблеманы козгойт. Анан эн негизгиси, чыныгы адам болуу, озунду озун таанып билуу, 'сильные духом' дейбиз го, ошондой денгээлге осуп жетуу, жоопкерчилик,
кыскасы, ушундай тариздеги китептер. Окуп буткон сон сыртка чыгып, кандайдыр бир жакшы иш кылгын келет.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#650 29 April 2013 - 22:17
Мага болсо ага-ини Стругацкиелердин китептерин тушунуу оной. Анан тарыхый чыгармалардан "Воин султана" деген чыгарманы окудум, жашоодон алынган деп деле айта албайм го. Жаш кезимде "Нить Ариадны" деген китеп окугам, "все возможно кроме смерти" деген фразаны кайсы бир китептен окугам... Анан илимий фантастика жанрында Беганас байке Сартовдун "Эридиана"
деген китебин 4-5классымда окуп чыккам. Анан дагы бир китеп окудум эле...
Судьба не приговор, судьба творение...
#651 29 April 2013 - 22:19
Таза мактанып салыпмын, озу анча деле китеп мулжугуч эмесмин
Судьба не приговор, судьба творение...
#652 29 April 2013 - 22:23
Мурда Карнеги, эмоция, жест, мимикаларды кантип чечмелесе болот, окуй берчумун, бирок, кийинчерээк,
ушунча мусорду окуганча, интуицияны иштетип койсон боло турганын тушундум. Себеби, табигый жана жасалма катнаштар табигый жана пресс папьеден жасалган алмалардай эки болок нерсе, сырты окшош, бирок табигый алманын даамын, ширесин жасалмасы тук бере албайт. Ошончо китептен бир гана 'интуицияны иштет жана ишене бил' деген гана тыянак чыгара алдым.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#653 29 April 2013 - 22:25
Адальс айым цитатасы менен деген жери бар экен, тилекке каршы, жактырган чыгармаларымдан цитата албайм.
Менин ушундай кемчиликтерим бар. Китеппи, гезитпи, журналбы, окуп бара жатып эле, жаккан сүйлөмдү, балким толугу менен абзацты, диалогбу, астын сызып коём. 2-3 жыл эле болду окшойт, андайга өтө берилгенимди токтоттум. Антпесе мурун аларды атайын калың дептерге көчүрүп чыкчумун, бош убакытта баарын окуп чыгар элем, анан базарга барганда көзүмө жакшыраак дептер урунуп калса, аны алып келип, мурункусунун баарын кайра көчүрүп чыкчумун...)))
Азыр оңоюраак, көнгөн адат калабы, компто окуганда астын боёп кетем. Анан анын баарын бир файлга топтойм. Эстегенде, ачып окуйм. Жаккан жеримдегилер менен улам толуктап турам, илгеркидей активдүүлүк пассивдүүлүккө айланып бара жатса да. Ушундай!
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#654 29 April 2013 - 22:40
Учурда мен окуп аткан китептер жалаң илим жаатында болгондуктан,
окуп атып ыйлай да күлө да албайсың, болгону уктап калганга жарайт.))
Быйыл күзгө мекениме кайтып барсам кыргызча китеп (роман же аңгемеден баштайын)окуйун деп пландап койдум. Кыргызча китеп окуй элегиме кыйла болуп кетиптир. Форумдарга кирип тантырап атып, эптеп унутпай келатам. :-)

Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
#655 29 April 2013 - 22:57
Сунуштап көр, балким жагып калат. Мага мисалы, Ахматова менен Басё өтө жакын...
Назым Хикмет, Рюноске Акутогава(Барс ава, Сагын Акматбековалардын котормолору бар) дегендерди сунуштайм.
Кыргызчадан болсо, "Ашуудан берген отчётко" жеткендер аз. Анан Кожогелди Култегин, Жыпара Исабаева дегендер бар.
Анна Ахматова, Басёлор жакса Сагын Акматбекованын ырларын окусаңыз болот. Стилдери окшошуп кетет.
#656 29 April 2013 - 23:16
Омар Хаям ждогу Башня молчания деген китеп бар болчу. Ыр саптарын кезиктирген алгачкы китебим. Мындан башка Гетенин Фаусту...анча деле жарытылуу окубаптырмын.
Аа, жок, Лермонтовдун Кавказ ждо жазгандары,
'Анчар' ыр саптары, Некрасовдун табийгатты суроттогону жакчу. Анан, албетте, Пушкин. 'Бесы'. Ушунусун суйом. Анан жанагы ыр бар эмеспи, Пугачева ырдайт го, 'Свеча горела на столе', ким жазганын унутуп жатам, бирок аябай интимдик жана жакындык, эротикалык ыр деп ушуну айта алам 
кыстарма: коп жазыватсам, 'шук' деп койгула, бирок тема аябай эле меники экен.
кыстарма: коп жазыватсам, 'шук' деп койгула, бирок тема аябай эле меники экен.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#657 29 April 2013 - 23:20
'Шук' дей элегинерде 
алгач Б.Акуниндин Фандорин ждогу сериясын окуп чыктым. Бул китептерден кийин, чыныгы ниндзюцу искусствосуна жана Достоевскийге кызыгуу жаралды. Достоевскийдин 'Преступление и наказание' дегенин кошумчалап окуп койдум. Кайра анын (Д.дин) чыгармаларына кайрыла элекмин.
алгач Б.Акуниндин Фандорин ждогу сериясын окуп чыктым. Бул китептерден кийин, чыныгы ниндзюцу искусствосуна жана Достоевскийге кызыгуу жаралды. Достоевскийдин 'Преступление и наказание' дегенин кошумчалап окуп койдум. Кайра анын (Д.дин) чыгармаларына кайрыла элекмин.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#658 29 April 2013 - 23:27
Учурда мен окуп аткан китептер жалаң илим жаатында болгондуктан,
окуп атып ыйлай да күлө да албайсың, болгону уктап калганга жарайт.))
Быйыл күзгө мекениме кайтып барсам кыргызча китеп (роман же аңгемеден баштайын)окуйун деп пландап койдум. Кыргызча китеп окуй элегиме кыйла болуп кетиптир. Форумдарга кирип тантырап атып, эптеп унутпай келатам. :-)
Быйыл күзгө мекениме кайтып барсам кыргызча китеп (роман же аңгемеден баштайын)окуйун деп пландап койдум. Кыргызча китеп окуй элегиме кыйла болуп кетиптир. Форумдарга кирип тантырап атып, эптеп унутпай келатам. :-)
кандай илим? Китептердин аттарын билсек болобу? Болушунузчу?
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#659 29 April 2013 - 23:30
Классиктерден эн ишеничти актабаган китеп 'Лолита'
(имхо) ГумбертГумберттерди алигиче тушуно албайм. Жазылган стили эмес, педофилия темасы менден алыс десем болчудай.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#660 29 April 2013 - 23:52
кандай илим? Китептердин аттарын билсек болобу? Болушунузчу?
Дин жаатында. Теология. Макул, бөлүшө кетейин. Бирок, көпчүлүккө кызыксыз болгондуктан китептердин аттарын эмес багыттарды гана атай кетейин. Алар, Куран илимдери:
Тафсир(Курандын котормосу жана чечмелениши)
Фикх (Ислам укугу)
Хадис (Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) сөздөрү, алардын чечмелениши жана бизге чейин жетип келген жолду изилдөө)
Акида жана Калам (Ислам итикады (ишеними))
Негизгилери ушулар. Булардан сырткары Ислам тарыхы, Диндер тарыхы, Философия жана кээде кол бошогондо ар кайсыл (өзүмчө өтө керектүү деп тандаган) тармактагы китептер менен убакыт толтурмай.
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.

Супер-Инфо
super.kg
видео