"Китеп мүлжүгүчтөрдүн" клубу :)
#641 29 Апрель 2013 - 20:00
Китеп орусча болгондуктан башынды түшүнбөй каламбы деп бир аз кооптондум эле. Бирок окуп көрсөм түшүнүктүү эле экен т.е. өзүм ойлогончолук "тупой" эмес экем)))
#642 29 Апрель 2013 - 20:04

#643 29 Апрель 2013 - 21:05
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#644 29 Апрель 2013 - 21:19
Азыркы убакта Пайгамбарыбыз с.а.в дын омур баянын, сунноттору, сахабалардын омур баянын окуп атам, сиздерге да сунуштайм созсуз окуп чыгыныздар. .
#645 29 Апрель 2013 - 21:23
Arstan (29 Апрель 2013 - 18:51) жазган:
Ооба, ошондой. Мен бүгүн эле Эрих Мария Ремарктын "Три товарища" деген чыгармасын баштадым. Чыныгы эркектер үчүн!

Окуй элек болсоңуз, балким карап көрөрсүз, анан баяндамасын чогуу жазалы...
Айтмакчы, чынында өтө кызыктуу экен!
Spartak0001 (29 Апрель 2013 - 20:00) жазган:
Айрыкча, өспүрүмдүк курактагыларга, момундай бир, приключение издегендерге майдай жакса керек. Эң сонун чыгарма, барактан баракты ачып, кантип китепти жутуп койгонуңду да байкабай калсаң керек?..)))
Spartak0001 (29 Апрель 2013 - 20:04) жазган:

Сунуштап көр, балким жагып калат. Мага мисалы, Ахматова менен Басё өтө жакын...
aijan (29 Апрель 2013 - 21:05) жазган:
"Духлессти" окубапмын, бирок бул баягы орустар тарткан тасма беле? Бир топ-менеджер тууралуу.... Башын көрүп, ортодон ыңгайсыз кадрлар болуп кеткени үчүн аягына чыккан эмесмин...(((
Жеңиш - менин тагдырым.
#646 29 Апрель 2013 - 21:34
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#647 29 Апрель 2013 - 21:38
Адам (29 Апрель 2013 - 18:41) жазган:
"Жерден" бир астронавтты космоско жибергенден кийин, ал башка планетадагылар менен байланыш куруп кетет. Максаты - "башка жергеликтердин" жакшы өзгөчөлүктөрү болсо, аны өздөштүрүп, "Жерге" айтып бармак. Байланыш үзүлгөндөн кийин "жердиктер" өздөрү жиберген астронавтты эрежени бузуп, өз билемчиликке барды деп аны душманга чыгарып салышат.
Аватарда болсо, аскер-саясатчылары илимпоздорду жөн гана өз кызыкчылыктары үчүн колдонушат. Илимпоздо өз иштерине ушунчалык берилип, таза ниет менен киришип, керек болсо "башка жергеликтер" менен икир-чикир болуп кетишет. Аскер-саясатчылар илимпоздорду колдонуп бүткөндөн кийин анан иштерине тоскоол боло баштаганы үчүн аларды "башка жергеликтер" менен кошо жок кылмакчы болушат. Өз адамдарын өз эрежелерине баш ийбегени үчүн душманга чыгарышат.
Эки чыгарманын ортосунда жарым кылымдык интервал бар. Чыңгыз Айтматовго чейин деле кимдир бирөө ушул эле идеяны баяндаган чыгармаларды жазгандыр. Айтайын дегеним, бул эки чыгармада тең ар кандай формада, бирок бир эле идея чагылдырылган. Мээме ток урганы дегеним, Камеронго чейин Айтматов бул идеяны айтып жатпайбы. Эх. Кыргыздар, башыбызды колдоно билсек эле, көп нерсени багынтабыз го.
Хм... "Кылым карытар бир күндү" акыркы жолу мектептик программа бойдон окуй элекмин го...((( Бирок кызык салыштыруу экен. Быйыл, Айтматовдун юбилейине карата чыгармаларын кайра окуп баштадым эле, демек "Кыяматтан" кийин улантат экенмин. Сизге рахмат!
Жеңиш - менин тагдырым.
#648 29 Апрель 2013 - 21:47


Билдирүүнү түзөткөн: aijan: 29 Апрель 2013 - 21:52
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#649 29 Апрель 2013 - 22:13
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#650 29 Апрель 2013 - 22:17
#651 29 Апрель 2013 - 22:19
#652 29 Апрель 2013 - 22:23
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#653 29 Апрель 2013 - 22:25
aijan (29 Апрель 2013 - 22:13) жазган:
Менин ушундай кемчиликтерим бар. Китеппи, гезитпи, журналбы, окуп бара жатып эле, жаккан сүйлөмдү, балким толугу менен абзацты, диалогбу, астын сызып коём. 2-3 жыл эле болду окшойт, андайга өтө берилгенимди токтоттум. Антпесе мурун аларды атайын калың дептерге көчүрүп чыкчумун, бош убакытта баарын окуп чыгар элем, анан базарга барганда көзүмө жакшыраак дептер урунуп калса, аны алып келип, мурункусунун баарын кайра көчүрүп чыкчумун...)))
Азыр оңоюраак, көнгөн адат калабы, компто окуганда астын боёп кетем. Анан анын баарын бир файлга топтойм. Эстегенде, ачып окуйм. Жаккан жеримдегилер менен улам толуктап турам, илгеркидей активдүүлүк пассивдүүлүккө айланып бара жатса да. Ушундай!
Жеңиш - менин тагдырым.
#654 29 Апрель 2013 - 22:40
Быйыл күзгө мекениме кайтып барсам кыргызча китеп (роман же аңгемеден баштайын)окуйун деп пландап койдум. Кыргызча китеп окуй элегиме кыйла болуп кетиптир. Форумдарга кирип тантырап атып, эптеп унутпай келатам. :-)
Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 29 Апрель 2013 - 22:41
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.

#655 29 Апрель 2013 - 22:57
adalsvards (29 Апрель 2013 - 21:23) жазган:
Сунуштап көр, балким жагып калат. Мага мисалы, Ахматова менен Басё өтө жакын...
Назым Хикмет, Рюноске Акутогава(Барс ава, Сагын Акматбековалардын котормолору бар) дегендерди сунуштайм.
Кыргызчадан болсо, "Ашуудан берген отчётко" жеткендер аз. Анан Кожогелди Култегин, Жыпара Исабаева дегендер бар.
Анна Ахматова, Басёлор жакса Сагын Акматбекованын ырларын окусаңыз болот. Стилдери окшошуп кетет.
#656 29 Апрель 2013 - 23:16

кыстарма: коп жазыватсам, 'шук' деп койгула, бирок тема аябай эле меники экен.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#657 29 Апрель 2013 - 23:20

алгач Б.Акуниндин Фандорин ждогу сериясын окуп чыктым. Бул китептерден кийин, чыныгы ниндзюцу искусствосуна жана Достоевскийге кызыгуу жаралды. Достоевскийдин 'Преступление и наказание' дегенин кошумчалап окуп койдум. Кайра анын (Д.дин) чыгармаларына кайрыла элекмин.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#658 29 Апрель 2013 - 23:27
Balamir (29 Апрель 2013 - 22:40) жазган:
Быйыл күзгө мекениме кайтып барсам кыргызча китеп (роман же аңгемеден баштайын)окуйун деп пландап койдум. Кыргызча китеп окуй элегиме кыйла болуп кетиптир. Форумдарга кирип тантырап атып, эптеп унутпай келатам. :-)
кандай илим? Китептердин аттарын билсек болобу? Болушунузчу?
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#659 29 Апрель 2013 - 23:30
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#660 29 Апрель 2013 - 23:52
aijan (29 Апрель 2013 - 23:27) жазган:
Дин жаатында. Теология. Макул, бөлүшө кетейин. Бирок, көпчүлүккө кызыксыз болгондуктан китептердин аттарын эмес багыттарды гана атай кетейин. Алар, Куран илимдери:
Тафсир(Курандын котормосу жана чечмелениши)
Фикх (Ислам укугу)
Хадис (Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) сөздөрү, алардын чечмелениши жана бизге чейин жетип келген жолду изилдөө)
Акида жана Калам (Ислам итикады (ишеними))
Негизгилери ушулар. Булардан сырткары Ислам тарыхы, Диндер тарыхы, Философия жана кээде кол бошогондо ар кайсыл (өзүмчө өтө керектүү деп тандаган) тармактагы китептер менен убакыт толтурмай.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
