Суперстан: Библияга (Християндарга) суроом бар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 61
  • 62
  • 63
  • 64
  • 65
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Библияга (Християндарга) суроом бар

#1241 Пользователь офлайн   Debi   30 Апрель 2013 - 18:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Yusufmuslim (30 Апрель 2013 - 13:34) жазган:

46 Ыйса элге сүйлөп жаткан маалда, энеси менен бир туугандары Аны менен сүйлөшүш үчүн, сыртта күтүп турушту.
47 Ошондо кимдир бирөө: «Энең менен бир туугандарың Сени менен сүйлөшүш үчүн, сыртта турушат», – деди.
48 Ыйса муну айткан адамга: «Менин энем ким? Бир туугандарым ким?» – деди да,
49 шакирттерин көрсөтүп: «Мына, Менин энем, Менин бир туугандарым.
50 Ким Менин Асмандагы Атамдын эркин аткарса, ошол Менин иним, карындашым, энем», – деп жооп берди.

Исанын энеси, бир туугандарын ээрчитип алып, жатындаш, Исага келип эл коп болгондуктан, Иса суйлоп жаткан уйгоо кире албай эште турду. Бироолор кой эми Исанын энеси , бир туугандары менен келип кутуп калышты, Исага айтып койолу деп айтып койушту. Анда Иса энем менен бир туугандарыма куто турсун , бошогондо жолугам, тиги Петрдыкына кирип чай ичип турсун, же менин таалимимди укусу келсе бул жерге киргизип койгулачы дегендин ордуна, «Менин энем ким? Бир туугандарым ким?» – деди да, шакирттерин көрсөтүп: «Мына, Менин энем, Менин бир туугандарым . деп жатпайбы , аны уккан энеси менен бир туугандары кандай ахыбылда калды экен?">

Кудайды сүйгөн эне баласынын, Кудайды сүйгөн адам бир тууганынын Кудайдын эркин аткаргысы келгенин укса, Кудайдын эркин аткаруу Ал үчүн бардыгынан жогору экенин билсе бакытка бөлөнмөк. Сага чындап боорум ачыйт, кара жаныңды карч уруп, жакшыны жамандай албай жатканыңа.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1242 Пользователь офлайн   Debi   30 Апрель 2013 - 18:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Ыйса элди көргөндө, тоого чыкты. Ал отургандан кийин, шакирттери жанына келишти.
2 Ошондо Ыйса аларга мындай насаат айта баштады:
3 «Руху жакырлар бактылуу, анткени Асман Падышачылыгы алардыкы.
4 Ыйлагандар бактылуу, анткени алар сооронушат.
5 Момундар бактылуу, анткени алар жерди мурасташат.
6 Адилеттикке ачыккандар жана суусагандар бактылуу, анткени алар тоюшат.
7 Ырайымдуулар бактылуу, анткени аларга да ырайым кылынат.
8 Жүрөгү таза адамдар бактылуу, анткени алар Кудайды көрүшөт.
9 Тынчтык орнотуучулар бактылуу, анткени алар “Кудайдын уулдары” деп аталышат.
10 Чындык үчүн куугунтукталгандар бактылуу, анткени Асман Падышачылыгы алардыкы.
11 Мен үчүн кордук көрсөңөр, Мен үчүн куугунтукталсаңар, Мен үчүн жалган жалаага калсаңар, бактылуусуңар .
12 Кубанып шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар чоң! Силерден мурунку пайгамбарларды да ушинтип куугунтукташкан.

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1243 Пользователь офлайн   Debi   30 Апрель 2013 - 18:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Мен бактылуумун! :кош бол: Жусупмуслим, сени игнорго илип коёюн, антпесе болбойт экен.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1244 Пользователь офлайн   Kg.lady   30 Апрель 2013 - 19:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Деби сиздин динизди сыйлайбыз,мусулман адам эч качан бироонун улутуна, динине асылбайт.бирок ошентседа сизге суроом бар:Сиз нукура кыргыз инсаныкениниз корунуп турат.Ошондойле мусулман болуп торолуп,жарык дуйного келгенде эн алгач азан чакырып атынызда коюлган болушкерек, менимче.же сиздин жети атаныздан бери сиз туткан динди тутуп келишкенби? Эгер андай эмес болсо,эмне учун ислам дининен баштартып башка динди тандадыныз? Башка динге отууго эмне туртку болду,же мусулмандар сизди кодулап динден четтеттиби, албетте андай эмес болуш керек,бул сиздин оз каалоонуз,оз ыктыярыныз менен оттунуз,себеби эмнеде?ислам дининин кандай зыян жактарын кордунуз?

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1245 Пользователь офлайн   Debi   30 Апрель 2013 - 19:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

"Деби сиздин динизди сыйлайбыз"

Рахмат, бирок бир нерсени тактап кетейин. Бул жөнүндө айтыбеле келатам. Бирок сизди барактатып отурбай, дагы бир жолу айтып коёюн. Мен дин жолунда эмесмин. Мен Кудай көрсөткөн ишеним жолундамын. Кудай бирөө. Эмне үчүн анда диндер көп дагы, бири-бирине каршы? Анткени алар адамдардын канткенде Кудайга жагабыз деген изденүүсүнөн, далалатынан келип чыккан. Канча адам болсо, ошончо пикир бар. Ал эми Кудай канткенде Кудайга жагабыз деген пендесинин суроосуна жооп кылып, күнөө үчүн өлүмгө өкүм кылынган адамзаттын кунун төлөп куткаруучу Ыйса Машайакты жиберген. Мен ошону таанып калгам, кабыл алгам. Мен эч качан агара албай турган күнөөкөр экенимди түшүнгөм. Мен Ыйса аркылуу гана актала аларымды тааныгам. Мына ушул чындыкты тутунам.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1246 Пользователь офлайн   Debi   30 Апрель 2013 - 19:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

"Ошондойле мусулман болуп торолуп"

Адам баласы мусулман, машайакчы же буддист болуп төрөлбөйт. Адам кыргыз, кытай, орус, уйгур ж.б. болуп төрөлөт. Башкача айтканда атадан балага улуттук белгилери гана берилет, анын ишеними атадан балага өтпөйт. Мусулман деген сөздүн мааниси Кудайга баш ийген, моюн сунган адам дегенди билдирет. Ислам боюнча алганда Алла таала жалгыз бирөө, Мухаммед анын элчиси деген адам мусулман болот. Ушул шарттын экөөсү тең жаңы төрөлгөн ымыркайдын мусулман боло албастыгын айтып турат. Жаңы төрөлгөн ымыркай Кудайга моюн сунуу тургай, сүт эмүүчү объекттен башка эч нерсени биле элек болот. Экинчи шарт тууралуу айтпасак да түшүнүктүү.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1247 Пользователь офлайн   Debi   30 Апрель 2013 - 19:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

"ислам дининин кандай зыян жактарын кордунуз?"

Мындан мурдагы суроолоруңузга жооп бердим окшойт. Албетте, кыргыз элинин дини ислам деген түшүнүк коомго сиңип калгандыктан, мен Кудай тууралуу ойлонгондо ислам менен удаа койчумун. Бирок ойлоно келгенде мени ислам Кудайга жакындаткан эмес. Мен макул боло албаган шарттары көп эле кезикчи. өзүм түшүнбөгөн тилде бир текстти жаттап, күндө беш маал айтууну мен Кудай менен байланышууга эч окшоштура алган эмесмин жана беш маал намаздын мен үчүн Кудай менен байланышуу жаатында эч кандай орду жок эле. Муну мен чоң атам, чоң энем, дагы бир чоң атам, чоң энем (чоң атамдын иниси, аялы)намаз окуган кездерде ойлончумун. Эс тартканда даана түшүнгөм, Кудайга кайрылыш үчүн бир тилди жаттоонун зарылчылыгы жок эле, Кудай менин тилимди араб тилинен кем да эмес, артык да эмес, бирдей түшүнмөк. Кудай менин ойлорумду айта элегимде билерин жүрөгүм сезчү. Бул билим үчүн Кудайга гана алкыш, даңк! Мен кудуреттүү бир Күч бар экенин айлананын карап билчүмүн, айылдын бет маңдайындагы жайы-кышы кетпеген ак мөңгүлүү чокуларды карап, ошол асман тиреген бийиктикте жаткан карды карап, бул адам баласынын бийлигинен алда-канча тыш жаратылышты башкарып турган Күч бар экенин билчүмүн. Мына ушул акыл-туюмумду кийин Инжилден окудум: Дүйнө жаратылгандан бери Кудайдын көзгө көрүнбөгөн табияты: түбөлүктүү күчү жана кудайлыгы Анын жараткан нерселерин карап чыгуу аркылуу көрүнөт. Рим.1,20 Инжилди окуу менен улам тереңдей бердим дагы, улам издене берип, чындыкка сүңгүп кирдим. Анда ислам эмне эле? Мындай суроо болбой койгон жок. Куранды алып окудум, азыркы Гоголь көчөсүндө жайгашкан мечитке барып, молдолор менен сүйлөштүм. Алар мага китеп беришти. Мусулмандын чөнтөк китепчеси деген. Булардын бардыгы аркылуу ислам бул жөн гана дин экенине дагы бир жолу ынандым. Кыскасы ушул. Болбосо анчейин зыян тарттым деп айта албайм. Азыр гана кээ бир жаштардын жаман таасирлерге алынып жаткандарына жаным кейийт.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1248 Пользователь офлайн   Kg.lady   01 Май 2013 - 13:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Рахмат жообунузнга. Негизи мен билгенден баардыкеле диндер жакшылыкка жетелейт,жаман жолго турткон динди угалекминда, королекминда. Макул озунуз тандаган багыттыныздан бакыт табыныз,(Мен керек болсо тапкам,бактылуумун деп да чыгаасыз,айдан ачык).Ким кудайга кандай жол менен ишенседа,Алла- таала куноолрубузду, кечип бейиштен насип этсин......

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1249 Пользователь офлайн   Debi   01 Май 2013 - 22:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Kg.lady (01 Май 2013 - 13:00) жазган:

Рахмат жообунузнга. Негизи мен билгенден баардыкеле диндер жакшылыкка жетелейт,жаман жолго турткон динди угалекминда, королекминда. Макул озунуз тандаган багыттыныздан бакыт табыныз,(Мен керек болсо тапкам,бактылуумун деп да чыгаасыз,айдан ачык).Ким кудайга кандай жол менен ишенседа,Алла- таала куноолрубузду, кечип бейиштен насип этсин......

Рахмат аруу тилегиңизге. Сизге да бакыттын толуктугун, эч бир кырдаалдан көз каранды болбогон, өзгөрбөгөн бакытты каалайм! Бейишти насип эткен Кудай, аны кабыл алыш гана керек.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1250 Пользователь офлайн   Kg.lady   02 Май 2013 - 01:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Исасы ким кудайбы,же кудайдын баласыбы билбейм,билгим деле келбейт.Аны кудайдын жоноткон пайгамбарларынын бири деп тушуном,Ананда жыгачты айкаштырып байлап алып ошого сыйынгандаргада тушунбойм,Эмне учун Исаны жыгачка байлап кыйноо жолу менен олтурушсо ,барып туруп ошол жыгачына сыйынат.Иса танылганы учунбу......?Кыскасы Тушунуксуз, каапырлар деле биз сыйынган кудайга сыйынышат,бирок башкача жол менен....Дал ошол Исасы аркылуу

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1251 Пользователь офлайн   Nursaikal   03 Май 2013 - 12:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 693
  • Катталган: 29 Июль 11
  • Соңку аракети: 07 Окт 2019 10:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Иса алейхи салам, Алланын баласы эмес, ал нурдан жаралган пайгамбар деп айтылып келет. Энеси турмуш курган эмес, жана балалуу болбой жургон учурунда боюна буткон делинет. Анан Иса алейхи саламды каапыр деген да туура эмес, ал ошол эле биздин мусулмандардын пайгамбары Мухаммад саллалооху алейхи ва салам, жана дагы Ибрахим саллалооху алейхи ва салам сыяктуу эле, пайгамбарлардын бири. Иса алейхи салам-пайгамбар. Кээ бир дин илиминин аалымдарынын айтымында пайгамбарга эмес Жараткан Алланын озуно гана баш ийуубуз керек, бирок, пайгамбарларга ишенишибиз керек, анын дини жок учурда дагы, АЛ ПАЙГАМБАР-АЛ АЛЛАНЫН ЭЛЧИСИ деп билишибиз керек!
Ар бир пенде адашуучу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1252 Пользователь офлайн   Nursaikal   03 Май 2013 - 12:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 693
  • Катталган: 29 Июль 11
  • Соңку аракети: 07 Окт 2019 10:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Пайгамбарларга ишенуу деген-бул, ал сага бир нерсе жасап берерине эмес, анын бар экенине ишенуу.
Ар бир пенде адашуучу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1253 Пользователь офлайн   Kg_boy3239   04 Май 2013 - 02:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 14 Май 12
  • Соңку аракети: 10 Май 2021 04:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Куранда Иса алейхиссалам менден кийин Ахмад деген Элчи келет жана ал эн акыркы пайгамбар экенин тастыктайт. Баардык Пайгамбарлар Алланын жалгыздыгына чакырып келген.Мухаммад с.а.в. Пайгамбар болуп келеерде коптогон христиандар Пайгамбар с.а.вды кутуп жургон .Пайгамбар болуп келгенде ошол христиандар Ислам динин тастыктап кабыл алышкан.Деби жообунузга менден дагы жооп.Баардык адамзаты торолоордо мусулман болуп торолот Аллах мусулман кылып жаратат.азыркы Библия-бул бурмаланган китеп.Андыктан терен ойлонуп Ислам динин кабыл ал.Аллах бир гана Озуно шерик кошкондордун куноосун кечирбейт.христиандар Иса алейхиссаламды Кудайдын уулу дешет.Анык адашкан.Аллах Жалгыз эч шериги жок.
 Жараткан Аллахка чексиз Мактоолор болсун!!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1254 Пользователь офлайн   Debi   04 Май 2013 - 19:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Kg_boy3239 (04 Май 2013 - 02:56) жазган:

Куранда Иса алейхиссалам менден кийин Ахмад деген Элчи келет жана ал эн акыркы пайгамбар экенин тастыктайт. Баардык Пайгамбарлар Алланын жалгыздыгына чакырып келген.Мухаммад с.а.в. Пайгамбар болуп келеерде коптогон христиандар Пайгамбар с.а.вды кутуп жургон .Пайгамбар болуп келгенде ошол христиандар Ислам динин тастыктап кабыл алышкан.Деби жообунузга менден дагы жооп.Баардык адамзаты торолоордо мусулман болуп торолот Аллах мусулман кылып жаратат.азыркы Библия-бул бурмаланган китеп.Андыктан терен ойлонуп Ислам динин кабыл ал.Аллах бир гана Озуно шерик кошкондордун куноосун кечирбейт.христиандар Иса алейхиссаламды Кудайдын уулу дешет.Анык адашкан.Аллах Жалгыз эч шериги жок.

Мындайды жөө жомок деп коёт. Төрөлгөндө эле мусулман болуп төрөлсөк, азыр бейиште жашабаткан болмокпуз. Чындыкка эч төп келбеген жөө жомокторго ишенип алганыңарга таң калам.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1255 Пользователь офлайн   Debi   04 Май 2013 - 19:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Ыйсаны сынамакчы болгон бир мыйзам окутуучу ордунан туруп, Андан: «Устат, түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн эмне кылышым керек?» – деп сурады.
26 Ыйса ага: «“Тоорат” китебинде эмне деп жазылган? Андан кандай сөздөрдү окуп жүрөсүң?» – деди.
27 «Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен, бүт күчүң менен, бүт акылың менен сүй, өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй», – деп жооп берди ал.
28 Ыйса ага: «Сен туура жооп бердиң, ушундай кылгын, ошондо түбөлүк өмүргө ээ болосуң», – деди.
29 Бирок ал өзүн актамакчы болуп, Ыйсадан: «Менин жакыным ким?» – деп сурады.

30 Ошондо Ыйса ага муну айтып берди: «Бир адам Иерусалимден Жерихо шаарына бара жатып, каракчылардын колуна түшүп калат. Каракчылар анын кийимин сыйрып алып, сабап, араң жан кылып таштап кетишет.
31 Бир ыйык кызмат кылуучу ошол жол менен өтөт да, аны көрүп, четтеп өтүп кетет.
32 Бир леби да ошол жерден өтүп бара жатып, аны көрүп, четтеп өтүп кетет.
33 Самариялык бир киши да өтүп бара жатып, аны көрөт да, ага боору ачып,
34 жанына келип, анын жарааттарына май менен шарап сыйпап таңат. Анан аны өзүнүн эшегине мингизип, мейманканага алып келип, ал үчүн кам көрөт.
35 Эртеси күнү жолго чыгарында, эки динарий алып чыгып, мейманкананын ээсине берип: “Бул кишини кара. Эгерде ашыкча каражат жумшасаң, кайтып келгенимде төлөп берем”, – дейт.
36 Ушул үчөөнүн кимиси каракчылардын колуна түшкөн адамдын жакыны болот деп ойлойсуң?» – деп сурады.
37 Мыйзам окутуучу Ыйсага: «Ага кайрымдуулук кылганы», – деди. Ошондо Ыйса ага: «Бар, сен да ушундай кыл», – деди.

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1256 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   04 Май 2013 - 20:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Debi (04 Май 2013 - 19:28) жазган:

Мындайды жөө жомок деп коёт. Төрөлгөндө эле мусулман болуп төрөлсөк, азыр бейиште жашабаткан болмокпуз. Чындыкка эч төп келбеген жөө жомокторго ишенип алганыңарга таң калам.


Торолгөндө мусулман болуп төрөлөбуз, ал эми айлана чөйрөнүң таасири , ата энебиздин таасири астында мусулман, христиан же буддист болобуз жана андан кийин биз күнөө иштерин жасаш менен Аллахтын диннен алыстай беребиз, бунун неси жөө жомок? Атеистер деле Исанын энеси бир селсаяктан боюна бүтүп, анан калп эле мен Кудайдан боюма бүттү деген, кантип эле Кудайдан бойго бүтсүн бул жөө жомок деген сыяктуу эле
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1257 Пользователь офлайн   Debi   04 Май 2013 - 21:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Кудайсыздардын кеңешмесине барбаган, күнөөкөрлөрдүн жолунда турбаган, бузулгандардын жыйынында отурбаган адам бактылуу. Ал Кудайдын мыйзамынан кубаныч алат, Анын мыйзамы тууралуу күнү-түнү ойлонот. Ошондо ал суу боюна отургузулган, мөмөсүн өз маалында берген, жалбырагы соолубаган дарактай болот. Ал эмне иш кылбасын, бардык ишинде ийгиликке жетишет (Забур 1).
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1258 Пользователь офлайн   Kerim1986   04 Май 2013 - 22:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 136
  • Катталган: 20 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 20 Апр 2015 08:37
  • Жынысы:Эркек

Мен сизге Курандан айтсам сиз ишенбейсиз, анткени сиз Куранга ыйман келтирбегенсиз. Сиз мага Бибилядан айтсаныз мен ишенбейм анткени мен Бибиляга ыйман келтирбегем. Ошондуктан Бибиля мындай дейт дебей менин акылым канаатана турган кылып жооп берсениз. 1. Акыл деген эмне? 2. Жашоо деген эмне? 3.Адам эмнеге карап жашайт?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1259 Пользователь офлайн   Kg.lady   05 Май 2013 - 00:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Просмотр сообщения Nursaikal (03 Май 2013 - 12:33) жазган:

Пайгамбарларга ишенуу деген-бул, ал сага бир нерсе жасап берерине эмес, анын бар экенине ишенуу.

Сизге Кошулам.

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1260 Пользователь офлайн   fanatkg   05 Май 2013 - 15:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 698
  • Катталган: 24 Август 12
  • Соңку аракети: 30 Авг 2019 04:39
  • Жынысы:Эркек

Менин билишимче Мухаммад (С.А.В.) келгенге чейин христиан дини туура жол болгон, ал эми Ислам келгенден кийин Ислам туура жол болуп келе жатат.

Билдирүүнү түзөткөн: fanat.kg: 05 Май 2013 - 15:15

Укпайт деп ушак айтпа,
Көрбөйт деп уурулук кылба.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 61
  • 62
  • 63
  • 64
  • 65
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 13 Авг 2025 23:33

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: