Сиз "Мухаммад(САВ)дан кийин пайгамбар келбейт" дейсиз. Бул ото маанилуу тема. Буга Ыйык Курандан бир да аятты келтире аласызбы? Мухаммад (САВ) мындай айткан: "Мен силерге экоо гана нерсе калтыруудамын,
эгер аларды бекем кармасанар,
адашпайсынар"
. Сиз эмнеге Курандан качып жатасыз? Сиздин ушул акиданызга далил боло турган Куранда бир аят жок. Ошол учун аргасыз хадиске таянууга мажбурсуз. Женилген жоокерге окшоп хадистен "башпаанек"
издоо аракетиндесиз.
Бирок, Алла тааланын колдоосу менен бир да хадис сизге "башпаанек"
бербейт. Бизде ушул келтирген хадистеринизге жооп бар. Бирок, алгач биз Курандын негизинде суйлошмокчу.
Себеби, Ыйык Куран толук шариат жана таалим. Ал ар бир темада соз суйлогон. Биз озунуздун ушул негизсиз акиданызды Курандан далилдеп корсотуунузду суранабыз.
Негизи мен эмес силер айткан акыйдагаңарга ишеничтүү далил келтирүүңөр керек. Себеби мусулмандын акыйдасы Куран жана сүннөттүн негизинде болот. Ал Куран жана сүннөттө жок нерсеге ишенбейт. Ошондуктан Пайгамбарыбыз Мухаммадтын (саллаллаху алейхи ва саллам) акыркы пайгамбар экендиги жөнүндө эч кандай кабар айтылбаган күндө да, андан кийин пайгамбар келүүсүнө Куран же хадистен далил болбосо ишенилбейт. Бирок ошого карабастан хадистерден ачык айкын Пайгамбарыбыздан (саллаллаху алейхи ва саллам) кийин башка пайгамбар келбестиги жөнүндө айтылган. Бул хадистер мутаватир хадис болуп аны жокко чыгарган адам каапыр болот. Мына ошол себептен мусулмандар Ахмадийлерди каапыр деп айтышат.
А мен силерден Пайгамбарыбыздан кийин пайгамбар келээри тууралуу далил сураганмын. Силер Курандын аятынан далил келтиргенге аракет кылып жатасыңар. Бирок ал далилиңер силерге эч кандай далил болуп бере албайт. Ал жөнүндө төмөндө өз кезеги келгенде айтып өтөм.
Мен Курандан качып жатканым жок. Мен хадистерге өткөнүмдүн себеби хадистер Куранды чечмелеп берет. Себеби Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) сөзү эч качан Аллах Тааланын сөзүнө каршы келбейт.
Өз кезеги келгенде Курандан да далил айтам.

Супер-Инфо
super.kg
видео
















