Бишкекте 2 кочо бар экенго аттары бир кызыктай Махатма Ганди, Патриса Лумумбы деп журот.
Кочолордун аттары прикольный жана тушунуксуз.
Андан коро кыргызча эле атап койсо болмок.
- (2 )
-
- 1
- 2
Кайсы көчөдө жашайсың? - ЧОТБАЙ көчөсүндө..
#22 07 October 2011 - 09:57
Бишкек шаарында башка тилде аталган кочолорду койдум кийин которулган кочолорду айта кетсем. пр. XXII партсъезда - Дэн Сяопина, Актюбинская - Фатьянова, Аягузская - Власова, Безымянная - Захарьева Н, Верненская - Фирсова, пер. Горный - пер. Вилюйский, Жукова - Великолукская,
Западная - Онежская, Колхозная - Лущихина М,Кренкеля - Фруктовый, Куршабская - Фере В, Кызыл-Ординская - Геологический,
Лагерная -Валдайская,
Луговая - Ямбургская,
Матросова - Карпатская,
Молодой Гвардии -Ганди Махатма, Мостовая - Волокаламская,
Паркова - Буденного, Полоцкая - Лумумбы Патриса (ушул кочону айтарда тилим сынып кетейин дейт), Почтовая - Волковой (Борубай десе деле болмок), пер. Речной - Шушенский, Севанская - Красный строитель, Сельская - Орловская, Совхозная - Аммосова, Таласская - Васильева (Кыргызчага которо албай жатсак орусчага которгонуна жол болсун
), Текстильная - Мозолева л, пер. Темный - Веселый (жок дегенде Шаттык десе деле болмок), Центральная - 50 лет Победы, Чапаева - Загорская, Юдахина - 6-линия.
#23 07 October 2011 - 10:09
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#24 07 October 2011 - 12:41
Менин бир тууганым Бишкеке эч келгим келбейт дейт. Эмнеге десем, көчөлөргө өлгөн орустун атын коё берген, тил келбейт, таба да албайсың дейт
үмүтсүз - шайтан
#25 07 October 2011 - 22:27
Менин бир тууганым Бишкеке эч келгим келбейт дейт. Эмнеге десем, көчөлөргө өлгөн орустун атын коё берген, тил келбейт, таба да албайсың дейт 
сиздин ушуну жазганга кантип тилиниз барды, Бишкекте баардык эле кочо ( 90%) каза болгон адамдардын атынан коюлган. Орус элинин баатырларын коюп алганыбыз туура эмес, бирок Бишкекте биздин келечек учун жанын берген кыргыз аталарыбыздын атынан коюлган кочолор толтура. А сиз Бишкекти олгондордун шаары дегениниз туура эмес. Же сиздин оюнузча тируулордун атынан коелу дейсизби? К.Тыныстанов - А.Акаев, Ж.Боконбаев - К.Бакиев, Д.Шопоков - О.Текебаев деп тируулордун атын койсок болбой калат го.Урматтуу Яхаха!!!
Бишкек Кыргызстандын борбору (билбесениз билип алыныз) биз борборубузду баалап, аны ондогонго аракет кылышыбыз керек. А сиз АНТИРЕКЛАМА кылып жатасыз бул жерде.
Bek A.
#26 10 October 2011 - 09:45
Bekbolot7
Жок, ал тууганым өлгөн Орус ысымына каршы болуп атат. Айткандан кыйналасын дейт да. Ошонун тили келиш үчүн кыргыз ысымы болуш керек болуп атат. Анан Бишкеке келгиси келет.
үмүтсүз - шайтан
#27 10 October 2011 - 10:38
Борборубуздун бакыйган кочолорунун аттарынын жанына дагы бир аттар пайда болуп калды Lion, KICB жана башка деген. Кээ бир жерлерде кочонун аты жок эле ушул жазуулар илинип турат. Ушуларды жон эле коюшса болмок экен деп ойлонупатам.
Ат алмаштырууда болсо татыктууларын койсо каршылыгым жок. Каяктагы бироолорду койгончо.
Ат алмаштырууда болсо татыктууларын койсо каршылыгым жок. Каяктагы бироолорду койгончо.
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#28 10 October 2011 - 15:38
Борборубуздун бакыйган кочолорунун аттарынын жанына дагы бир аттар пайда болуп калды Lion, KICB жана башка деген. Кээ бир жерлерде кочонун аты жок эле ушул жазуулар илинип турат. Ушуларды жон эле коюшса болмок экен деп ойлонупатам.
Ат алмаштырууда болсо татыктууларын койсо каршылыгым жок. Каяктагы бироолорду койгончо.
Ат алмаштырууда болсо татыктууларын койсо каршылыгым жок. Каяктагы бироолорду койгончо.
Алар жөн гана жарнама иретинде илинип турат. Мунусу менен шаар башкармалыгы ошол табличкаларды (кыргызчасы эмне?) жасатууга жана илүүгө кеткен чыгымдан үнөмдөп алса керек.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#29 02 May 2013 - 03:18
Делиде бир көчө жана Бутанга чектеш жактагы бир парк Манас деген ысымды алып жүрөт.


... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#30 02 May 2013 - 03:26
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#31 02 May 2013 - 12:51
Анкарада дагы Бишкек аттуу көчө бар экен!
"Ашти" деген эң чоң автовокзалдан чыкканда эле параллел жайгашкан Бишкек, Казахстан жана Ашхабат деген көчөлөр бар.
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
#32 19 June 2013 - 23:46
Жакында жаны закон чыкты , эгерде адамдар жашаг кочонун аты жок болсо оздору коюп алууга укутуу деп ...
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#33 21 June 2013 - 21:55
Ошто болсо 5-октябрь Оштун күнүнө карата жаңы көчө ачылды, аты Ак-Буура.
Бул кочону дагы узартып Аэропортко жеткирет имиш деген создорду уктум эле ушул чынбы?
Айылым алтын бешигим!!!
#34 22 June 2013 - 18:00
Горький кочосун Анкара кочосу деп коёбуз дешкендери чынбы ?
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#35 22 June 2013 - 19:55
#36 15 October 2013 - 12:21
Кыргызстанда колго түшпөс киллер Айбек Нарматов атындагы көчө пайда болду
2003-жылдын июлунда, Бишкек шаарынын 12-кичирайонунда Ош базарынын эт павильонунун 36 жаштагы администратору Нуркул Асылбеков менен анын тууганы, 24 жаштагы Сагындык уулу Улан “Макаров” пистолети менен атып өлтүрүлөт. Милициянын маалыматы боюнча Нуркул Асылбеков мурун кримтөбөл Рыспек Акматбаевдин УКТ (Уюшкан кылмыш тобу) мүчөсү болуп жүрүп, кийин араздашып андан бөлүнүп, “Талас тобун” түзүп кеткен. ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармасы иликтеп жүрүп бул кылмышка Рыспек Акматбаевдин “N1- киллери” эсептелген Айбек Нарматовду жана анын кесиптеши У.Койгелдиевди айыпташат. Шектүүлөрдүн сары изине түшкөн милиция шектүү У.Койгелдиевди кармап, ишин сотко ашырып, көп жылга кестирип жиберет. Ал эми өлкөдөгү N1-киллер такыр карматпай качып кетет.
2003-жылдын 4-декабры. Бишкектеги “Ысык-Көл” гастрономунун жанында бизнесмен Шамил Адаевди атып кетишет. ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы иликтеп жүрүп, бул ишке да N1 киллер Айбек Нарматовду айыптап, издөө жарыялайт. Бирок, “колго түшпөс” Нарматов изин таптырбай кетет.
2004-жылдын 13-февралы. УКТнын “талас тобуна” кирген Нурлан Бердикеевди белгисиз бирөөлөр уурдап кетишет да Аламүдүн районунун Кой-Таш айылынын үстүндөгү алма бакта желкесине атып өлтүрүп кетишет. Милиция кылмышты иликтеп, бул кылмышка N1 – киллер Айбек Нарматовду айыптап чыгат. Албетте Айбек Нарматов колго түшпөйт.
2004-жылы 25-март. Бишкектин Токтогул көчөсүндөгү азык-түлүк дүкөнүнүн алдынан бизнесмен Илшат Габбазов “Макаров” пистолети менен атып өлтүрүлөт. Милиция Айбек Нарматовго издөө салат.
2004-жылы 31-март. Бишкектеги Гоголь көчөсүндө жайгашкан “Штайнброй” ресторанынын чыга бериш жеринде Ысык-Көлдөгү “Көгүлтүр Ысык-Көл” пансионатынын директорунун уулу, 28 жаштагы бизнесмен Алтынбек Курманалиевди “Макаров” пистолети менен атып кетишет. Милициянын иликтөөсү кайрадан Айбек Нарматовго алып келет, бирок, “колго түшпөс киллер” атыккан Нарматовго милициянын колу жетпейт.
2004-жылдын 10-апрели. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүп жүрүп отставкага кеткен милициянын полковниги Сүйүнбек Салимбаевди Бишкектеги үйүнүн жанынан атып кетишет. Табылган далилдердин негизинде милиция бул кылмыштын аткаруучусу киллер Айбек Нарматов деп табат. Бирок, киллерди табыш кыйын болот.
2005-жылдын 10-апрели. Белгилүү каскадер жана 24-марттагы революциядан кийин Элдик кошундардын түзүүчүсү Үсөн Кудайбергеновду үйүнөн атып кетишет. ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы бул кылмышты кримтөбөл Рыспек Акматбаевдин киллери Айбек Нарматов аткарган деп айыптап, сыртынан издөө жарыялайт. Бирок, өтө сак Нарматов дайынын таптырбайт.
2005-жылдын 17-ноябры. Каскадер Эсенбек Жээренчиевди атып кетишет. Кылмыштын изине түшкөн кылмышкерлерди издөө башкармалыгы из кууп жүрүп кайрадан Айбек Нарматовго барып такалышат. Өлкөдөгү N1 – киллер изин таптырбай кетет.
2006-жылдын 6-ноябры. Көчө оппозициясынын талабы боюнча генерал Өмүрбек Суваналиев Ички иштер министри болуп дайындалат. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жаңы этап менен башталат.
2006-жылы декабрда милиция Айбек Нарматовдун изине түшөт. Буга чейин ал Жалал-Абадда, Ысык-Көлдө жана Бишкекте жашырынып жүргөнү белгилүү болот.
2007-жылдын 19-январында ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы СОБРдын кызматкерлери менен бирдикте Аламүдүн районунун Пригородное айылынын Новая көчөсүндөгү 14-үйдү курчоого алышат. Бүл үйдө Кыргызстандагы колго түшпөс N1 – киллер Айбек Нарматов достору менен жашынып жаткан болучу. Күндүзгү саат 11 де ИИМдин УККК башкармалыгы менен СОБРдын кызматкерлери штурм жасап үйгө кирип барышат. Коридордон бир кылмышкер дароо колго түшуп берет. Ал эми төркү бөлмөдө жашынып жаткан Айбек Нарматов жабылып турган эшиктин артынан автомат менен ок жаадыра баштайт. Ортоңку бөлмөгө биринчи кирип барган СОБРдын кызматкери Өмүрбек Жумакадыровго эки ок тиет. Биринчиси башындагы каскасынан 1 см ылдый бешенесине тийсе, экинчиси бронжилетинен 1 см ылдый тийип, беломурткасына токтоп Жумакадыров каза болот. Анын артынан бараткан Адис Кулжабаевдин да бутуна ок жаңылат.
Милиция Айбек Нарматов жашырынып жаткан бөлмөгө тарсылдак граната ыргытып, артынан ок жаадырып кирип барганда киллердин көкүрөгүнө , бутуна ок тийип, катуу жарадар болуп колго түшөт. Орууканага жеткирилген Айбек Нарматов түнкү саат 03.00. дө жан берет. Анын жанынан Нарматовдун сүрөтү чапталган Т,Чолпонбаев дегендин паспорту, АКСУ автоматы, пистолет жана жайнаган ок-дарылар табылат.
2007-жылдын 21-январында СОБРдын кызматкери Өмүрбек Жумакадыровдун сөөгү өзү туулуп-өскөн Кочкор районунда жерге берилет. Жумакадыровдун сөөгүн узатуу зыйнатында КР Ички иштер министри, генерал Өмүрбек Суваналиев “Биз Кыргызстанды криминалитеттен тазалоо жолуна түштүк, биз буга чекит коёбуз”, деп жарыялайт.
2007-жылдын 22-январында Кыргызстанда “колго түшпөс N1 – киллер” атыккан Айбек Нарматовдун сөөгү туугандарынын колуна өткөрүлүп берилет.
2007-жылы февралда Өмүрбек Суваналиев Ички иштер министри кызматынан алынат.
2013-жылдын сентябрында Ош облусунун Кара-Суу районунун Кыргызстан айылында жашаган Нарматов Айбектин ата-энеси демилге көтөрүп, бул жигиттин ысымы ал айылдын көрүнүктүү көчөлөрүнүн бирине берилди. Албетте ал көчөдо жашагандар буга алгач каршы чыгышты. Бирок алар менен “олуттуу” сүйлөшүшкөндөн кийин алар унчукпай калышты. Бул Кыргызстандын тарыхындагы биринчи мындай көрүнүш.
Кайсы бийлик уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшөбүз деп жатты эле?
Таалайбек Асанов
} бомбардиа кэргуду {
#38 15 October 2013 - 22:50
Ошол криминалды жок кылам деген бийлик кимди кое берди Дагестанга?
Важно не то, кем тебя считают...
Важно - кто ты на самом деле
Важно - кто ты на самом деле
#40 15 November 2013 - 20:56
Бир чети орус порус сарт парт турк пурктордон караганда ошондой крим авторитеттердин аты койулганы жакшы
БЫЙЫЛ СОЗССУЗ УЙЛОНОМ.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео



















