Салам, мени атым Сабырай ушул аватордун ээси менен бирге квартирада турабыз . Сиздерден ушул суроолорго жооп кутуп калам.Шарият боюнча да кандай жооп болор экенин билгим келет. М&Ж ваши влияние.
1) Эркектер ата-эненерди сыйлап майрамдарда белек бечкектерди берип же болбосо телефон аркылуу куттуктап, колунарда болсо финансы жактан колдоо корсотуп турасынарбы?
-жана ушул эле аракеттер аялынарды ата энесине да арналабы? башкача айтканда сыйлоо тен укукта бирдей кылынышы керекпи ?
2) Тугойлор силерди ортонордо ата-эненерди атына жаман соз айтылганбы?
ошол абалда эмне кылгансынар?
3) Кайын ата жардам берсе кабыл кыласынарбы?
эгер отказ кылсанар себеби эмнеде?
4) Уй жайынар жок туруп бир тууган ага же ининерге финансы жактан жардам бересинерби?
эгерде уй-жайынар жок туруп куйоонор мен жардам кылам бир тууганым десе келинчектер силер каршылык кыласынарбы?
же майликан болуш керекпи дегиле ушундай ситуациялар болгонбу силерде?
5) Россиядагылар жана чет жерде жашагандар балдарынар менен телефон чалып же скайптан суйлошуп турасынарбы,
сыр болбосо канча кундо? (айрыкча эркектерди жоопторун кутуп жатам)
6)Балдарынар ооруп калып кайната кайнененер да куйоонор да акча таап бербеген учурлар болгонбу? Озу негизи ушундай кылган туурабы?эгер болгонболсо ата-апанар жардам кылган болсо силер " таш менен урганды аш менен уруп" жургон болсонор ушундай ситуациялардын бир канчасынан кийин мамиленер озгоробу?
Азырынча ушу...
Үй-бүлөлүүлөр оюңарды бөлүшкүлө. Мага кызык жана керек.
#2 30 April 2013 - 16:25
Мен уй-булолуу адам катары жооп берейин. Ошол эле убакта шариат боюнча кандай болушу керек, ага да токтолуп кетейин.
1. Шариатта эки эле майрам бар деп эсептелгени учун бул эки майрамда колумдан келсе оз ата-энеме да, кайната-кайненеме да белек алууга аракет кылам. Бирок мумкунчулугум жок болсо белек албастан жон гана куттуктап коем. А бирок финансылык жардам берууго мумкунчулугум жок болгону учун эки тарапка тен жардам корсотпоймун. Болсо колумдан келишинче жардам корсотмокмун.
Эми шариат боюнча айтсам ар бир мусулман ата-энесин сыйлагандай эле кайната-кайненесин да сыйлашы керек. Бирок ата-энесине белек берген болсо кайната-кайненесине да белек алып беруусу милдеттуу болбойт. О.э. кайната-кайненесине белек берген болсо ата-энесине да белек бериши милдеттуу эмес. Белекти ар ким каалаган адамына бере алат. Бироого бергени учун созсуз экинчисине бериши шарт эмес. Жардам корсотуу деле ошондой. Бирок ата-энесин каржылай турган башка адам жок болсо анда балдары аларды камсыздоого милдеттуу. Ал эми кайната-кайненесин оз балдары камсыздоолору керек. Куйоо баласы же келини аларды камсыздоого милдеттуу эмес. Бирок жардам берген болсо соопко ээ болот.
2. Биз бири-бирибиздин туугандарыбызды жамандабайбыз деп келишип алганбыз. Ошондуктан мындай тема башталаары менен келишимди бири-бирлерибизге эстете коёбуз :-). Эгер кайын журттун кайсы бир иши жакпаса аны жон гана тушундуруп айтабыз. Мисалы менин кайненем мени тез-тез эле чай ичип кет деп чакыра берчу. Анан тез-тез эле бара беруу мага ынгайсыз экенин келинчегиме тушундуруп айтып койгонмун. Азыр кээде эле чакырат :-).
Шариат боюнча кимдир бироонун артынан жамандаган болбойт. Ал адам ким экенинин айырмасы жок. Бирок жакпаган ишин ондоо же ондотуу учун ошол ишти ондой ала турган адамга айтса болот.
3. Негизи алгым келбейт. Себеби мен анын кызын камсыздайм деп алганмын. Кайнатам мени камсыздасын деп эмес. Бирок ошого карабастан кайненем аныма карабай жардам бергенин токтотпойт. Менин алгым келбегенин билип келинчегиме берет же кайнатамды уйумо жонотот. Аксакал киши уйуно келип турса албай койгонго ынгайсыз болуп калат. Ырахматты айтып, алганга туура келет.
Шариат боюнча буга тыюу салынбайт. Бирок менин жардам алгым келбегени оз алдымча жашоого аракет кылганымдан.
4. Башында айтканымдай эле финансылык жардам корсотууго мумкунчулук жок. Болсо корсотмокмун. Уй-жайдын буга тиешеси жок. Аларга жардам берсем эле уй сала албай калам деген тушунуктон алысмын. Эгер жубайым буга терс коз карашта болсо тушундуруп айтам. Эгер тушунбосо анда деле жардам бермекмин. Келинчегиме жакпаганы учун эле жардам беруудон баш тартпайм.
Шариат боюнча кандай экенин жогоруда айттым. Кошумчалай кетчу нерсе куйоосу мумкунчулугуно жараша аялын турак-жай, кийим-кече, тамак-аш менен камсыздоосу керек. Эгер озунун уйу болсо ошого болбосо батирде жашатат. Аял куйоосунун мумкунчулугу жетпеген нерсени талап кылуусу туура эмес. Ал эми жардам беруу ар кимдин оз иши. Мисалы аялы иштеп акча тапкан болсо аны озу каалаган жака жумшай алат. Ошондой эле куйоосу да озу билет. Бирок жогоруда айтканымдай аялын уй, кийим, тамак-аш менен камсыз кылышы керек. Уй дегенде созсуз оз уйу болушу шарт эмес. Батир деле боло берет. Демек андан ашкан акчасын озу каалагандай жумшай алат.
5. Сыртта болбогонум жана балдарыбыз жок болгону учун бул суроого жооп бере албайм. Ошондой эле мындай учур учун шариат кандай корсотмо берээрин да билбейм. Бирок балдар оз ата-энелеринин колдорунда болгону жакшы. Ошондуктан балалуу болсом аларды таштап алыска коп убакытка кетпеймин деп ойлоймун.
6. Жогоруда айтканымдай эле балдарыбыз жок болгону учун балабыз ооруп, мен акча таппай калган учур болгон эмес.
Шариат боюнча бала ооруган убакта анын ата-энеси аны даарылатуусу керек. Бирок чон ата, чон энелери эмес. Эгер алар даарылатышкан болсо соопко ээ болушат. Эгерде ооруп калган баланын атасы атайлап акча бербей койсо анда ал куноокор болот. Бирок мумкунчулугу жок болуп калса, анда башкалардын жардам бергени туура эле. Кыскача ушундай...

#4 07 May 2013 - 14:20
Саламатсызбы,
Дауд мырза? Балдарын таштап коп убакытка дегениниз канча?
Саламатчылык! Белгилуу бир убакыт белгиленген эмес. Бул нерсени ар ким оз алдынча чечет. Негизи баланын тарбиясы учун анын ата-энеси жоопкер болот. Ошондуктан ата-энеси алыска кеткендиги учун балдарга бул нерсе жетишерлуу болбой калышы мумкун. Эгер кимдир бироо менин балама мен бергендей тарбия бере алат десе ага тапшырып кетсе деле болот. Мен жогоруда эч кимге оз балдарымдын тарбиясын ишенбегеним учун ошентип жазгам.
#5 24 May 2013 - 00:12
майрамдарда звонок кылып куттуктайбыз.
бизден белек кабыл алышбайт. жаны тирдик болгонубузга байланыштуу.
бири бирибиздин ата энебиздин атына жаман соз айткандан алысбыз. эгер таарыныч болсо ич куптубузду тынч отуруп чечишип алабыз. анткенге акыбыз да жок. алар бизди канча азап менен чонойтту. ошону эске алыш керек.
кайын ата пенсия курагында, алдуу кучтуу туруп карылардан бир тоголок тыйын албайбыз, кыйналып олуп баратсак дагы.
уй жайыбыз жок. менин дагы жолдошумдун дагы бир универде бир курста окуган инилерибиз бар. акыркы жарым нан болсо да болушобуз эгер муктаж болуп атса, озубузго жетпейт деген кундо да жардамсыз калтыра элекбиз.
алыста болгондо звонок кылып ал абалын сурап турабыз, бирок тез тез эмес. бир айда бир жолу же эки.
баланы тапканды билгенден кийин бакканды да билуу керек. бала ооруса атасы тобосу менен жер чукуса да таап келет. жогоруда айткандай кайындардын мойнуна жук болбойбуз, кутпойбуз дагы. такыр болбой баратса бир туугандар жардам берет. кылган жакшылыгын кайтат.
ата эне бизди тапты, остурду, билим берди демек тугонгус мурас берди, уйлондурду милдетинен кутулду. андан ары озубуз аракет кылышыбыз керек. бутка турсак аларды камсыздоо керек артпаса да арттырып.

Супер-Инфо
super.kg
видео