Токмо акын катары сыйлайм ушул жигитти.
Аалы Туткучевдин ырлары жөнүндө Акындар айтышы
#24 28 March 2013 - 13:06
Футболдо криштиану роналдунун оюндары болсо,Токмолордон Аалынын айтыштарын калтырбайм.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#25 11 April 2013 - 13:27
Аалы инимдин ырлары абдан таасирдуу жана өтө курч мааниде, ырларында патриоттулук сезим басымдуулук кылат мага ошонусу абдан жагат.
#26 14 April 2013 - 14:13
Аалы Туткучев - Салыкчыларга
Рысбекти бандит дейсиңер, уккула чоңдор эй силер!!!
Налог деп элди тоногон, нак бандит мына кейпиңер,
Алгандыр Рысбек байлардан, а силер элди жейсиңер.
Куугунтук жешип туш тушка, куулду чыгаан жигиттер,
Түнкүсүн өчкөн светтей, түп жанбай калдың үмүттөр.
Калкымды соруп жүдөттү, канталаа менен сүлүктөр.
Алайын десең нан кымбат, албайын десең жан кымбат,
Элеттен көрдүм далайды, эт жебей калган ай жылдап.
Колуңду тиктеп балдарың, көздөрү турса жалжылдап.
Жалооруп турса балдары, жаталбас эч ким жан жыргап.
Жай боюң эккен эгинин, сел алып жатса жамгырлап.
Балаң жеп жаткан нанды да, төлө деп келет жан кыйнап.
Тамы жок жүргөн жардынын, тамына салык салгыла.
Өлө элек экен тирүү деп, жанына салык салгыла.
Иштебей алат пенсия, карыга салык салгыла.
Сүйүп алып үйлөнгөн, жарына салык салгыла.
Ташы калдууң эмесе, баарына салык салгыла.
Чехияга бий бийлеп, барганга салык салгыла.
Евразия жылдызын, алганга салык салгыла.
Олимпиадада жеңүүчү, балбанга салык салгыла.
Тойго кийген кыргыздын, кийимине салык салгыла.
Тамаданын сүйлөгөн, тилине салык салгыла.
Ырчылардын ырдаган, үнүнө салык салгыла.
Сахнадан сүйүп эл берген, гүлүнө салык салгыла.
Конверте толо пул келет, тойлорго салык салгыла.
Үйлөнбөй жүрөт эмнеге, бойлорго салык салгыла.
Паспорту жок оттогон, койлорго салык салгыла.
Бешинчи манжаң ашык деп, бармакка салык салгыла.
Жер астын ээлеп жатпайбы, арбакка салык салгыла.
Жалгыз эчки саагандын, сүтүнө салык салгыла.
Ит минген жарды кыргыздын, итине салык салгыла.
Боюнда бар аялдын, ичине салык салгыла.
Төлөбөй жатса төрөгөн, баласын тартып алгыла.
Бассаң турсаң салыктан, басалбай бутуң курчалат.
Тушаса салык буттарын, тулпарлар кайдан чуркамак.
Казнага түшпөй бул салык, капчыктууларга жумшалат.
Чор таман элдиң эзишкен, чоңдорго салык ким салат?
Үч аялдын күйөөсү, болгонго салык ким салат?
Эл ширесин чаяндай, соргонго салык ким салат?
Эл ырысын уурдаган, ворлорго салык ким салат?
Калк эсебинен кара жип, мингенге салык ким салат?
Саунага токтотуп, киргенге салык ким салат?
Кызматтаң эмес кыз жакта, жүргөнгө салык ким салат?
Креслодо чалкалап, жатканга салык ким салат?
Кол коюп эле көп акча, тапканга салык ким салат?
Алтын издеп мазарды, казганга салык ким салат?
Чай ичип жатып лицензия, сатканга салык ким салат?
Чиновниктер толтура, чыкыйтып вилла салышкан.
Бир звонок менен кутулат, светке төкчү карыздан.
Кабары жок алардын, казнага берчү салыктан.
Салыкчылар баягы, кедейден салык алышкан.
Чоңдордун үйүн көргөндө, чоочуркап өтөт алыстан.
Мауглидеги чөөгө окшоп, а чоңдор болсо арстан.
Салыкчылар ичинен, ыймандуу болот айрымы.
Жүгүрүп байлык жыйнабайт, жүрөгүндө бар байлыгы.
Ордумду тартып алат деп, ойлонуп жебейт кайгыны.
Кудайым көрүп турат деп, кулдуктан өтөт ай жылы.
Буттап, колдоп,жан тартып, бутуңдан тур дейт жардыны.
Бетеге кетет, бел калат, бектер кетет эл калат.
Баарына мыйзам бирдей деп, бай кедейге тең карап.
Жалаң байларды кустурат, жарма ичип жаткан элди аяп.
Түбөлүктүү дүйнөгө түркүк болчу адам ким кана?
Тапанча такап төшүнө, коркутса дагы күндө ага.
Сактаймын десе бир кудай, боло албайт тоскоол бир да ага.
Кул болуп бербейт башкага, кудайдан коркот бир гана.
А бирок андай жигиттер, аттиң ай бизде аздыгы.
Жогору жак андай кызматка, жолотпойт тура жакшыны.
Ак кызмат кылган андайды, акырың иштен айдайбы?
Эл дегенин кетирип, эл жегенин шайлайбы.
Андай кылбаса чоңуна, кислород жетпей эй калбайбы.
Жайытка салык салышат, малчыны салып азапка.
Жайыттар малды жайууга, жайлоолор өттү казакка.
Абалың кандай малчы деп, бир басып барбайт ал жакка.
Унаага салык салышат, ал жолдун баары жамаачы.
Унаанын көбү бул жолдо, паралич болду карачы.
Өздөрү болсо жип минет, өңүндө жок санаасы.
Дыйканга салык салышат, суугатка курган канал жок.
Эгини куурап дыйкандар, булутту тиктейт амал жок.
Кандай жардам керек деп, кайрылган бир да адам жок,
«Плановый проверка» дешип, жут келгендей барышса,
Жумурткадан кыр издеп,жок жерден шылтоо табышса.
Иш кылдырбай жүдөтүп, жумалап түнөп калышса.
Айласы кеткен ишкерден, «отметка» деп алышса.
Көбүрөөк берсең жактырат, көңүлүн ачып каткырат.
Азыраак берсең жактырбай, папкасын улам ачкылап.
Эсиңди алат жүдөтүп, эшикти күндө каккылап.
Канча акча берсең ыраазы, кайырчы мындан жакшыраак.
Бир райондон бир жолу,бир инспектор келди эми.
Беш алтынчы классты, бүткөн окшойт деңгээли.
Издеп жатып ленчилик, иле албай койду чеңгээли.
Бериш «отметка», билесин да сен деди.
Начальник алат жарымын, «нормальныйырак» бер деди.
Начальниги райондун, карап жүрөт эмнени?
Начальниктин кадырын,анча эмнеге кетирди?
Нанга муктаж болгондой, начальник эмне жетимби?
Жетимдер алат жарымын, бер десе каттуу сүйүнөм.
Алдыма салган төшөктү, алып чыгып берем үйүмөн.
Жетекчиси кой дебейт, же берет окшойт чотурду.
Көрмөксөн болуп койобу, же дүлөй, көзү сокурбу?
Кызылдай сокур болсо эгер, кызматка неге отурду?
Автобус аман болсун ден, көздүүдөн койот шопурду.
Мамлекет үчүн берүүнү, биз дагы каалап сүйөбүз.
Өлкөнү сүйүп өлкөдө, өткөрүп өмүр сүрөбүз.
Отметка деген нерсени, айтпаса делең ой билебиз.
Өкмөткө кошуп көк бетти, бакканыбызга күйөбүз.
Тойгонго кылып канагат, торпок да жанын бага алат.
Торпокчо болбой калдыкбы? Тоо таштын баарын паралап.
Беш миллион элдин тагдыры, берилген бизге аманат.
Бек кылып койбойт түбөлүк, бергенин Аллах ала алат.
Өзүмчүлдөр түгөтпөй,өлкөбүз болсун саламат.
Ар бир кыргыз бар болсун, аларга тартып жүрөгүм.
Ар бир кыргыз бай болсун, ал менин сунуш тилегим.
Ар бир жаран өлкөмдүн , байлыгы деп билемин.
Мамлекетиң оңдоочу, «Манасты» күтүп жүрөмүн.
Кечирсин кимдир бирөөнүн, ооруткан болсом жүрөгүн.
Өлкө үчүн кызмат кылганды, өзүмдөн артык сүйөмүн… оой…
Булак менин блогум, жарнама дешпесин деп шилтеме бербей эле койдум.

Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#29 05 May 2013 - 11:30
Оа мааниси терең...тарбиялык жактары да бар...мага да жагат......
Сени менен бактылуумун)
#30 05 May 2013 - 19:15
Эн негизгиси патриот жигит.Эгер бийликте Аалыдан бешоо болгондо жок эле дегенде,олкобуз онугуу жана ыйман жолуна тушмок беле деп кыялданып кетемда......
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#33 26 November 2013 - 14:57
акындардын айтышын бетим менен тушо калып кором. Ишимдин баарын токтотуп бир жыргап алам аларды угуп. Ал эми Аалы тилинен чан чыккан ак тандай акын, созго чебер, башкача айтканда Аалыда соз качып кутула албайт.
#35 10 December 2013 - 07:13
Айтыштарынан ырахат алып кором го,чиркин.Биринчини албай калса кадимкидей кейийм.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#37 29 January 2015 - 18:02
Аалы Тутукчевдин "Жалкоолук"
деген ырынын тексти кимде бар жазып койгулачы.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#38 02 February 2015 - 02:29
Оозун ачса эле ыр төгүлгөн таланттуу адам.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#39 07 February 2015 - 12:15
Ийгилик каалайм.
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)

#40 14 February 2015 - 15:24
Озун адамдан акылдуу сезет.же кебетеси ошондой корунобу? Айтор жакпайт.

Супер-Инфо
super.kg
видео