Саламатсызбы,
кандайсыз, ден соолугуңуз жакшыбы?
1)Дагы өзүңүз жөнүндө кичине маалымат берип кетпейспи, канчанчы жылы, каерде төрөлгөнсүз?
2) Эмнеге кызыгасыз?
3) Аскерге баргансызбы?
4) Жашоонун маңызы сиз үчүн?
Рахмат алдын ала жоопторго. Ишиңизге ийгилик.
1)Дагы өзүңүз жөнүндө кичине маалымат берип кетпейспи, канчанчы жылы, каерде төрөлгөнсүз?
2) Эмнеге кызыгасыз?
3) Аскерге баргансызбы?
4) Жашоонун маңызы сиз үчүн?
Рахмат алдын ала жоопторго. Ишиңизге ийгилик.
Саламатчылык Шази! Рахмат, буюрса баары жакшы. Сизде да баары жакшы деген үмүттөмүн.
1) Өзүм жөнүндө толугураак маалымат бере кетсем, кичи мекеним Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Көк-Жар деген айылынан болом. 1988-жылдын экинчи айынын 4-күнү жарык дүйнөгө келгем.
2) Жаңы дүйнө, жаңы коом түзүүгө кызыгам. Ошол жөнүндө көп ойлоном.
3) Тилекке каршы аскерге барган эмесмин. Аскердик билетим да жок. Дезертирмин
4) Адам дүйнөгө жаралат, ал өмүр сүрөт жана ажалы жеткен күнү өлүмгө баш ийет. Жашоонун негизги маңызы мен үчүн: "Бул дүйнөгө жаралган соң, биринчиден бул жарыкка алып келген ата-эненин кулу болуу, экинчиден Жер бетиндеги жашоону жакшыртуу жана келечек муунга бүлдүрбөстөн мурас кылып калтыруу. Соңунда ажал жеткен күнү ысымың булганбагыдай татыктуу өлүү".
Кызыктуу суроолоруңуз үчүн сизге да ыраазычылык жана ишиңиз илгерилей берсин!

Супер-Инфо
super.kg
видео















