Тууганчылдык албетте, жакшы. Бирок анын чектен ашкан жайы да бар.
Менин кызыкканым,
сиз канчалык тууганчылсыз?
Сизге кимдер тууган? Өлүм-житим менен түрдүү тойлордо туугандын алыстык-жакындыгына карайсызбы?
Мисалы, мен үчүн апам менен атамдын бир туугандары гана тууган, андан аркы муун мени кызыктырбайт.
Сылык түрдө учурашып турам, бирок ар кандай иш-чараларына катышпайм. А апам менен атам болсо, ашыкча тууганчыл. Мисалы, бирөө жарым кайтыш болуп кетсе, ал ким деп сурасам, баланчамдын түкүнчөсүнүн баланчасы деп түшүндүрүшү мүмкүн. Баш чирийт! Алар үчүн туулган айылы эле эмес, бүтүндөй ошол өрөөндүн жарымы тууган. Эми иликтеп отурса, адамзаттын баары бир тууган болуп чыгышы мүмкүн да. Бирок мен мындайга чыдабайм.
Азыркы муун кандай карайт ушуга? Сиз не дейсиз?
Канчалык тууганчылсыз?
#2 08 May 2013 - 12:44
Менин да анча мынча нервимди алган тема го. Мага деле апамдын бир туугандары тууган, азыр куйоомдуку кошулду тооолтура, алардын мамилесине жараша тууганчыл болгонго аракет кылып атам, анан экинчи апашкамдын тууганчылдыгына соз жок, кыскасы жашаган айылынындагынын баары биздин тайкебиз, тайжебиз , анан ошонун баарын тааныганына тан калам ,тиги тайжемдин кызынын баласынын кызынын кызы дегенде
.... Канча айтса дагы илгерки адамдар да, бизге караганда намысты, достукту, бир тууган эмне экенин билишет.
Пы Сы : Каршылыгым жок деле, кээде жумушу тушкондо тигинин тигинисинин тигиниси дегенде , аа билбейт экем деп эле кутулам.Мумкун башка олкодо жолугушуп калсак мен да тууганчыл болуп чыга келем ким билет...
Пы Сы : Каршылыгым жок деле, кээде жумушу тушкондо тигинин тигинисинин тигиниси дегенде , аа билбейт экем деп эле кутулам.Мумкун башка олкодо жолугушуп калсак мен да тууганчыл болуп чыга келем ким билет...
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#3 08 May 2013 - 12:44
Тууган-
туушкандардын кадыры, көмөгү чоң жакшылык менен жамандыкта билинсе керек. Ата-энем "тууганчылдардын"
катарын толуктайт деп ойлоп кеттим. Себеби үйдө кичи чогулуш деле "Көкөтөйдүн ашы" болуп кетет).. Анан да бир туугандарым көп, апам ошол тууганы көп болсо экен деп бизди көөп кылып Кудайдан белекке алган экен. Андыктан апамын каалоосуна жараша туугандарды сыйлап өтөөрмүн деген ниеттемин. Деген менен туугандарды кууп эле "эжеМ, таякеМ, жеңеМ, бөлөМ" деп атай бербейм. Ата-энеме көчөдөн туугандарды көрүп калып салам айтпай өткөнүмдү алар арызданып калышса кадимкидей капа болуп кетишет. "Тиги тууганыңыз"
деп койчу болсом андан бетер таарынып. Айтор аракет кылам кандайдыр алардын көнүлу менен болгону.
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
#4 08 May 2013 - 14:33
Тууганчылдык албетте, жакшы. Бирок анын чектен ашкан жайы да бар.
Менин кызыкканым, сиз канчалык тууганчылсыз? Сизге кимдер тууган? Өлүм-житим менен түрдүү тойлордо туугандын алыстык-жакындыгына карайсызбы?
...
Азыркы муун кандай карайт ушуга? Сиз не дейсиз?
Менин кызыкканым, сиз канчалык тууганчылсыз? Сизге кимдер тууган? Өлүм-житим менен түрдүү тойлордо туугандын алыстык-жакындыгына карайсызбы?
...
Азыркы муун кандай карайт ушуга? Сиз не дейсиз?
Мен такыр тууганчыл эмесмин. Өзү адамдарга жакшы деле ачыла бербегеним үчүн, тууган болобу, башка болобу, адамдар менен көңүлүмө туура келсе жакшы көрүп, ачылып сүйлөп, мамиле кылам.
Өзүң бол
#6 09 May 2013 - 01:35
ммм жок мен тууганчыл эмесмин....Анан саламга анча жоктугуманбы анча-мынчада туугандарды коргондо кормоксон болуп отуп кетем....
Сени менен бактылуумун)
#7 09 May 2013 - 01:38
#8 09 May 2013 - 13:30
мен да анча тууганчыл эмесмин, атам жак нормально эле, апам жактар менен анча эмес, негизи туугандарым алыс жакынына эмес мамилебизге жараша мамиле кылам,..
Журоктор ыйманга толсун.
#9 09 May 2013 - 13:41
Мен да тууганчылыкка жокмун. Бирок жардам керек болуп, менин колуман келсе, аябайм. Көрүшкөндө саламдашам.
Анан суроо бере бербейм, кызыкпайм алардын жашоосуна деле. Өзүлөрү айтып берсе, угуп коем.
#10 09 May 2013 - 14:17
Мен жалгыз иниме тууганчылмын,
Бул иема жаккан жок 0%
"""Мына ушинтип эгемендуу Кыргызстаным гулдосун"""
#11 09 May 2013 - 17:35
Тууганчыл эмесмин.Апам жак менен,атам жак менен жакшы суйлошом.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#12 10 May 2013 - 11:07
Мен ото эле тууганчылмын!
Апам жакка сый элемин, бирок атамдын тууганды ай-ий аябай кооп, кээ бирлери атамдын атын деле билишпейт,бирок апамды таанышып келинбиз деп тойго чакыра беришет. Куздо ата-энем уйдо турушпайт, кундо тойдо, чакыруу барактарда "аке жана паланча жене"- деп келет кобунчо! Алдыман чыкканын барып салам бере берем,ойлоп корсом жакшы эле,бирок менин кемчилигим экен,эми озулору учурашпаса учурашпайм деп чечтим! Бирок, ишенем кийин кайын журтумду аябай жакшы кором деп! Тойдо билинет экен, энем эчким менен катташпайт эле, эжем тийгенде тойго аз эле адам келди, а биз кудай кылсак деле, соорун беребиз!
#13 11 May 2013 - 20:59
Апам жактагылар менен жакшымын.Атам жактагылардын кобун тааныбаймын,
ошондуктан ишим деле жок экен.Азыыр эмии секинден тааныштыра баштады бул мындай,тиги тигиндейин болот дешип.Анткени туугандардын баары бул жакта Москвада экен,айрыкча Атам жактагылар коп экен,ушинтип аттарын айтып койушат,менда аа деп койомун.Озум бир эки Эжемдер менен эле суйлошом калганы менен ишим деле жок.
#14 17 May 2013 - 22:05
Мен тууганчыл эле окшойм...
Женщина - как эхо. Как к ней обратишься,
так она и отзовется.
#15 17 May 2013 - 22:16
Это не я плохой, это вы, играя на публику, сильно правильных строите из себя!
#16 17 May 2013 - 23:16
адам ал деп бекеринен айтышпаса керек. тууганчыл элемин. бир айылдын жарымы тайекелер тайенемдин туугандары,
экинчи жарымы тайатамдын туугандары.
анан апамдын атамдын, кайын журт айтор коп эле. баары менен учурашам, жароокерленип 5 мин убактымды болуп коем. колдон келген жардамымды аябайм, алар да талаада калтырбай колдоп турушат. туугандар менен аралашып оскондуку болуш керек.
#17 17 May 2013 - 23:37
Тууганчыл окшойм . Туугандарым аябай коп . Атам менен апамын туугандарынан башка дагы чон апамын бир туугандары ( чон тайке , чон тайежелерим) , чон энемин бир туугандары , ( чоооон тайке , чоооон тайжелерим ) алардын балдары .... Чон атамын карындашынын балдары менин жээндерим болуп калат го , чон атамын атасынын карындашынын балдары неберелери менен , кайтыш болуп кеткен омуру корбогон чон чон атамын биринчи аялы чон чон энемин бир туугандарынын балдары неберелери менен катташабыз.
..Охууу жаман коп болуп кетти го туугандар . Негизи уйдогулор ашыкча тууганчыл келишет , туугандардыкына бараарда улуусу деп мени коп ээрчитип алышат ( озум да конуп калгам ) . За то менин туугандарым кооп , апам менен атам тааныбаган туугандарды мен тааныйм ...
Атын барда жер таны
Атан барда эл таны ...( ушул макал мага дал келет экен )
Атын барда жер таны
Атан барда эл таны ...( ушул макал мага дал келет экен )
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#19 23 May 2013 - 03:03
Тууганчыл окшоймго. Атам жактагылар менен мамилем аябай жакшы. Апам жактагылар менен ишим деле жок, абжелеримдин кыздарынын бөлөлөрүмдүн аттарын толук билбейм. Алар эжемдин жалгыз кызы деп мага күйүнүшөт,чогулушса апам сөзсүз алып барат мен баары бир кошула албайм да. Атамдын тагаларын өзүмдүн тагамдардай мамиле жасайм,апамдын ага инилериден качам.
Смысл жизни улыбка мамы.
.
Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
#20 23 May 2013 - 15:18
Тууганчыл окшоймго. Атам жактагылар менен мамилем аябай жакшы. Апам жактагылар менен ишим деле жок, абжелеримдин кыздарынын бөлөлөрүмдүн аттарын толук билбейм. Алар эжемдин жалгыз кызы деп мага күйүнүшөт,чогулушса апам сөзсүз алып барат мен баары бир кошула албайм да. Атамдын тагаларын өзүмдүн тагамдардай мамиле жасайм,апамдын ага инилериден качам.
a men na oborot apamyn birtugandary menen jakshymyn atamyn bir tuugandarynyn baldarynyn ancha mynchasanyn attaryn bilbeym . Anan jen el bolboyt degenge ech iwenbeym

Супер-Инфо
super.kg
видео






















