Суперстан: "Бриллиант жылан" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Бриллиант жылан" Чолпонбек Абыке уулу

#141 Пользователь офлайн   ROUSE   28 Март 2013 - 04:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

ххх
Фаризат Шаанын адамдан өзгөчө жоруктарына таңданчу болду. Баягы түндө бүт өмүрүн айтканда "Бриллиант жылан" анын укмуштай өзгөчөлүгү, баалуулугу жөнүндө да айтып, керек болсо жанагы "чоң кожоюн" издеген тоого катылган наркотовардан да бир нече эсе кымбат болушу керек. Муну эч ким билбей, түшүнбөй жатышат. Эгер билсе ошол жыланды издешмек эле" - деген. Шаа үн деген эмес. Бир күнү "Бриллиант жыланга" барып көрүп келбейлиби, ордунда жатты бекен? Балким, алып келербиз" десе, кайдыгер гана "Аны эмне кыласың Фаризат? Өз ордунда жата берсин. Колдон келсе андай жыланды ошондой үңкүрдөн козгобогон оң. Ал эми өзүң болсо ал жылан жөнүндө унут да экинчи эч жерде кеп кылба. Эч кимге оозуңдан чыгарба" деп койду.
Сыртынан сыр бербеген менен Шаанын ичинде эмне деген улуу күрөш жүрүп жатканын түшүнүүгө Фаризаттын даремети жетмек эмес. Өзүндөгү сырдын четин ачууга да Шаа акысыз. Ошондуктан кайдыгер көрүнгөн менен "Бриллиант жылан" кайда катылганын Фаризат айтып атканда ою менен ээрчип отуруп так билип алган. Эгер кааласа азыр өзү барып деле таап алууга кудурети жетет. Маселе "Бриллиант жыланды" колго кармашта эмес. Анын сыры өтө тереңде, түпкүрдө жатат. Фаризат жыландын кайсыл жерде катылганын айтып атканда Шаа жаткан ордунан каалгый, астынан кол өткүдөй көтөрүлүп барып кайра түшкөнүн Шаа
туйганы менен Фаризат туйган эмес. Бул эбегейсиз күч болчу. Шаанын жүрөгү кысылып барып араң оңолгон. "Бриллиант жылан" азыр өзүнүн таасирине өткөнүн толук туйган. Эми аны Шаадан ажыратып кетишке Теңир өзү гана башка бир тең тайлашаарлык кудуреттүү күч жибербесе, өзүнөн өзү Азияттан Фаризатка өткөндөй опоңой башкага өтө алмак эмес. Так ошол Фаризат сырды чечкен түнү "Бриллиант жылан" жаткан үңкүрдөн күңүрт добуш угулуп, үңкүрдүн оозу "күр- р" деп урап түшүп бүтөлүп калды. Муну Шаа туйду. Кайгырган жок. Кубанды. Эки ташты жылдырып ачыш чоң эмгекти талап кылбайт да. Хан-Теңирдин чокусуна жакын ак мөңгүлүү тоолордун ортосундагы кайнаган Ысык-Көлчөнүн ортосунан ошол түнү оргуган ысык фонтан атырылып, ысык буу бүрктү эле ал ак булутка айланып, буладай созулуп Хан-Теңир чокусун көздөй шамал менен учту. Кочкордогу "Ара-Көл" термелип, көл жээктей боздоп чуркаган ак тайлакты айрымдар көрүштү.Бул эмне аян ким түшүнмөк.

Билдирүүнү түзөткөн: ROUSE: 29 Март 2013 - 01:13

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#142 Пользователь офлайн   ROUSE   28 Март 2013 - 04:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Бул сырдын бир эле түйүнү. Астыда канчасы турат. Суроо сансыз. Жооп жок. Он сегиз миң аалам эмне деген кеңдик. Сырды ачуучу Шаанын орду кайда? Бул улуу сыр, улуу ачкыч, түбү кайыптан бүткөн элимдики экен деп элине берсе көтөрөөрү барбы? Пенденин ичиндеги акыл эс, бийлик, байлык үчөө миллиондогон жылдардан бери биринен бири өйдөсүнүп, көкүрөк тиреп күрөшүп келатышат. Бирде акыл- эс жогору чыгып, бейпилдик келип жалпы пенде тынчтыкта өсүп-өнүп жашай баштаса аны көпкө узартпай бийлик кызыкчылыгы талкалап, тарпын ташына чыгарып акыл эс тепсендиде калып, кирди-чыкты эси бар дардаңдар бийлеп сайрандайт. Андай сайран да көпкө узабай байлык өз чалмасын ыргытып жыландай сойлоп, ичтен да кирип, сырттан да кирип, азезилдей азгырып барып кучагына тартып, сыйкырлап ач көздүктүн, эки жүздүүлүктүн, арам оокаттын ашына жылма сүйлөп тойгузуп утурумдук кара курсак үчүн бийлигиңди да, акыл эсиңди да кара баткакка оонаткандай оонатып, шалтактата булгап шылдыңдайт. Байлык астында бүжүрөтөт. Көрсө, Пенде тирешкени ушул үчөөнүн тең чексиз экенин түшүнбөйт окшобойбу. Акыл эсте чек барбы? Байлыкта чек барбы? Бийликте чек барбы? Мен чегине жеттим деген барбы? Бул үчөө бирикпейт. Бириксе адам пендеси кайрадан бейиштеги жашоосуна өтөт. Кичинекей тоголок баштын ааламга батпаган түйшүгү ушунда окшобойбу? Шаа баарын бышырып даярдап апкелип, мына ушул үчөөнүн кимисине кул болуп жүргөндүн колуна улуу ачылышты салып бермек. Эмнеси болсо да китепти бириктирип Хан- Теңирдин койнундагы сырдын жолун ачайын да, калганын бара көрөйүн" деп бир дүйнөсү жулунса, бири "токто- токто, алгач жүрөгүңдөгү санаанын жообун тап"- дейт... Тагдырдын кайчылаш жолунда акылдаш болоор кими бар? Чиркин ай, мынчалык мөгдүп туюка камалган эместир. Өзү да эки эмес үчкө бөлүнүп, үч бөлүгү тең эмне кыларын биле алышпай ар жерде соксоюп отуруп калышкансыйт. Ичтеги баягы тирешип талашуу да жок.
ххх
- Шаа... Шаа биздин Мырза тымпыйып жүрүп эң бай адамдардан окшойт, -деп Фаризат көңүлдүү кыйкыра жүгүрүп кирип келди. Шаа ойго чөгүп жаткан. Фаризат колуна кандайдыр бир кагаздарды көтөрүп алыптыр. Аркасынан кошо кирген Мырза Шааны карап ийинин күйшөп койду. Ордунан турган Шаа;
- Түшүндүрчү. ..- деди.
- Түшүндүрсөм мындай, Мырзаны бир атактуу араб байы мураскор катары тандап, өзүнүн бүт байлыгын буга калтырыптыр. Интернет менен текшерсем чын эле ал адам дүйнөдөгү саналуу байлардын
катарындагылардан экен. Эми бизге Лондонго учуп барып бул кагаздар аркылуу Мырзага бүт байлыкты которуп, каттатып коюу гана калды, - деди күлмүңдөй. Шаа кагаздарды колуна алып карап койгон менен англис тилин түшүнбөгөндүктөн окуй алган жок. Мырза өзү бул кагаздарды жанынан чыгарбай катып жүргөнү болбосо, маани-маңызына тиши өтчү эмес. Кандайдыр бир байлыкка ээ боло коөруна деле ишенбөөчү. Фаризат экөө англисче сүйлөшүп отуруп "Момундай кагазды түшүнүп окуй аласызбы?" - деп көрсөтө койгон. Фаризат болсо мындай иш кагаздарын чемичкедей чагарын кайдан билди. Шаа кубанган экөөнү карап туруп "Үстүңөрдөгү кара булут тарап кетиптир. Кейпи, чоң кожоюн силерди унутса керек" деп койду. Тигилер Лондондогу байлыкка жүрөктөрү дүкүлдөп жаткандыктан Шаанын сөзүнүн маанисине көңүл деле бөлүшпөдү. Шаа ичинен " Теңир жолунун бузулбаганын кара.
"Бриллиант жыландын" байлыгы жетиштүүлөрдүн колуна тийчү кылымдардан келаткан шарты бар эмес беле. Көрсө, сыры бул жакта тура",- деди да, Балким, көкүрөгүн өйүгөн жообу чечилбеген түйшүктүү суроолордун жообун
табуунун мезгили келгиче Фаризат менен Мырза айткан күнүмдүк көрпенделик менен
алектене турганым оңдур" деп ойлоду. Адам баласы үчүн аягы белгисиз улуу
ачылышты ачууга саналуу кадам турган менен эгер касиеттүү Улуу Теңир өзү жар болбосо бир да кыймыл жасай албай турган сызыкка жеткен. Муну жүрөгү менен туйду. Эч нерсе менен иши жок тигил экөө азыр эле жолго чыккылары келип жээлигип турушкан. Көрсө, тирүүлүктө көрпенделиктин рахаты да, түйшүгү да бүтпөйт тура.
Аягы. Бишкек-2001

Билдирүүнү түзөткөн: ROUSE: 29 Март 2013 - 01:08

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#143 Пользователь офлайн   Venus_22_02_86   28 Март 2013 - 14:30

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 40
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 14 Фев 2022 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Мен да толук окуп чыккам элем жумуш кылбастан уй тапшырманы да аткарбай жатып.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#144 Пользователь офлайн   saltanat.   05 Май 2013 - 18:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Ой аягы ошо менен буттубу?
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#145 Пользователь офлайн   ROUSE   05 Май 2013 - 22:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения saltanat. (05 Май 2013 - 18:26) жазган:

Ой аягы ошо менен буттубу?

ии Салтушка ушуну менен бутот аягы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#146 Пользователь офлайн   Kg_boy3239   06 Май 2013 - 07:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 14 Май 12
  • Соңку аракети: 10 Май 2021 04:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

эми талкуу башталды достор
 Жараткан Аллахка чексиз Мактоолор болсун!!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#147 Пользователь офлайн   suluukuz   07 Май 2013 - 13:43

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 659
  • Катталган: 14 Апрель 13
  • Соңку аракети: 01 Авг 2014 10:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балыкчы - город мой родной....

Ушуну кичинемден окууну энсеп жургом,рахмат сиздерге,ананда жоопсуз суроом калды да бриллиант жылан ошо ункурдо калдыбы? А эки китеп да бирикпей калды,линин кызын таппай калабы ошо боюнча деген суроолор. Дагы уландысы болсо жакшы болмок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#148 Пользователь офлайн   kom   07 Май 2013 - 17:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 373
  • Катталган: 16 Январь 09
  • Соңку аракети: 23 Мар 2021 11:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗ жыттуу айыл

Учоо Лондонго барганда, Мырза менен Шаанын жолу болунот. Кийин Ли менен Мырза биригет. Ли болсо Мырзанын Шаа менен санаалаш экенин билгенде сол бутун айыккыс кылып сындырат, бирок олтургонго чейин Шаа барып калат да Лини олтуруп китепти бириктирет. Айтмакчы 2 уул бир кыздуу болот Шаа менен Фаризат. Мураскору катары кызы калат...

Пы.Сы. Уландысы кытайча жомок болгондуктан, кыскача мааниси ушундай...
СүрөтСүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: kom: 07 Май 2013 - 17:59

Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#149 Пользователь офлайн   suluukuz   08 Май 2013 - 15:29

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 659
  • Катталган: 14 Апрель 13
  • Соңку аракети: 01 Авг 2014 10:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балыкчы - город мой родной....

Апей кыргызчага которулганы жокпу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#150 Пользователь офлайн   teltaeb   23 Май 2013 - 13:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 253
  • Катталган: 21 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 17 Мар 2020 19:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Токтогул шаары

Аягы бир башкача бутуп калды го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#151 Пользователь офлайн   morther   23 Май 2013 - 14:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 273
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2018 21:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыскы кыргыз айылы

Чолпон Абыкеевдин бул чыгармасы адабият дуйносундогу жаныча жанрда келген алгачкы чыгарма десек да болот.Мен да абдан кызыгып окугамын.Дагы ошондой кыргыз детективдери болсо жан дилим менен окуйт элем.Азаматсын, ушундай чыгармаларды таап жарыялап турсан супечилерге жакшы болот эле.
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#152 Пользователь офлайн   saltanat.   24 Май 2013 - 00:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Кытайчадан которулганын жазгылааааачы, суранам аягын
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#153 Пользователь офлайн   teltaeb   03 Июнь 2013 - 00:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 253
  • Катталган: 21 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 17 Мар 2020 19:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Токтогул шаары

Оо айланайын, 4-су барбы озу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#154 Пользователь офлайн   ROUSE   03 Июнь 2013 - 00:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения teltaeb (03 Июнь 2013 - 00:28) жазган:

Оо айланайын, 4-су барбы озу?

кыргызча болсо жазмакмын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#155 Пользователь офлайн   Kg.lady   03 Июнь 2013 - 06:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Окуучу кезимде окуган элем,зерикпей дагы бир жолу окуп койсом болчуудай экен.....Детективдерге кызыгуумду жараткан чыгармалардын бирида.......

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#156 Пользователь офлайн   SubAz   03 Июнь 2013 - 08:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 438
  • Катталган: 13 Март 10
  • Соңку аракети: 01 Май 2021 01:43
  • Жынысы:Белгисиз

Ч.Абыкеевдин бул чыгармасын бир сынчы "Вульгарно жазылган" деген эле. Мен баш ийкегем. Кандай болсо да баары бир Айгул Шаршендин бир окулуп унутулчу чыгармаларына караганда ашка-тойго барарлык.
Contra vim mortis non est medicamen in hortis
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#157 Пользователь офлайн   ROUSE   03 Июнь 2013 - 09:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

))) бала кезде айылдагы чон аталар топтолуп алышып бриллиант жыланды узуун жомок кылып айтышаар эле. ооруданбы же озу ошондойбу тили булдурап тушунуксуз суйлогон ата кобунчо айтып берчу, таятам менен отуруп алып бир созун тушунсом бирин тушунбой кулагымды тикчийтип ойноп кетпей укчу элем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#158 Пользователь офлайн   mayoral   03 Июнь 2013 - 14:40

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 938
  • Катталган: 05 Май 13
  • Соңку аракети: 07 Июн 2014 04:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Россия):(

Аябай кызык китеп экен. Рахмат, автор!
КОЛ ТИЙБЕГЕН КЫЗ КААЛАСАН;

КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#159 Пользователь офлайн   aruuzat88   03 Июнь 2013 - 17:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 472
  • Катталган: 16 Апрель 13
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 22:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйык" Кааба "Медине.

Мен да окуган элем,жакшы чыгарма.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#160 Пользователь офлайн   Basmachy111   04 Июнь 2013 - 02:50

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 922
  • Катталган: 27 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 12 Янв 2014 18:23
  • Жынысы:Эркек

бул китептин автору, Чолпонбек Абыке уулу деп журот. кытайлар кочуруп жазган эмеспи? кытайлардан Чолпон байке кчургонбу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 25 Июн 2025 04:06

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: