Суперстан: Үй-бүлө куруунун мазмуну, максаты, милдеттери жана көйгөйлөрү тууралуу - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Үй-бүлө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Үй-бүлө куруунун мазмуну, максаты, милдеттери жана көйгөйлөрү тууралуу Жубайлардын мамилеси

#1 Пользователь офлайн   Janyla   16 Июль 2011 - 08:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

"Уй-було-капкалуу шаар"-дегендей бугунку уй-було жонундо талкуу кылабыз.Уй-булонун коомдо аткарган коп жактуу милдети.КР мыйзамдары, нике жана уй-було тууралуу.Жаштарды уй-булолук турмушта даярдооун зарылдыгы.Уй- було куруунун мазмуну,максаты, милдеттери жана койгойлору тууралуу жазабыз.
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Evelet   16 Июль 2011 - 08:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

jakwy tema eken.
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Strateg   16 Июль 2011 - 11:46

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 003
  • Катталган: 11 Июль 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2014 10:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

gulzat21kg (16 Июль 2011 - 11:14) жазган:

сенденда ушундай маанилуу тема чыгат екен:маскарапоз:
уйбулом жок болгондо айтып берем пока:коңурук:


Үтүр койгула десем маани бербейсиңер, мына эми gulzat21kgни кантип түшүнсөк болот, үй-бүлөөм жок болгондо айтып берем дегенин? :батан: Балким үй-бүлөөм жок, болгондо айтып берем дегендир?
Тема боюнча үй-бүлөөнүн эң негизги максаты, менимче, тукум улоо, жана балдарга жакшы тарбия берүү.

```
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Narynbek   16 Июль 2011 - 23:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

Үй-бүлө бул ыйык нерсе.Бул кичинекей мамлекет.Ошол мамлекетте тынчтык,бейкутчулук болсо ал үй-бүлө элге үлгү болчу үй-бүлөдөн болот.Ал эми жалпы эле адамзаттын парзы бул үй-бүлө куруу,Адам атанын тукумун улоо,балдарга жакшы тарбия берүү.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   SOLITARY   17 Июль 2011 - 22:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 196
  • Катталган: 15 Сентябрь 09
  • Соңку аракети: 20 Июл 2020 09:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жер Планетасы

Менин да азырыкнча үй бүлөлүү эмесмин.Бирок, Кудайым буюрса болот..ошондо айтып берем..хопчик. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Janyla   18 Июль 2011 - 09:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

SOLITARY , gulzat21kg теманын катарында жазылгандай эле УЛАН-КЫЗ ЭРТЕҢКИ ҮЙ-БҮЛӨ ЭЭСИ дегендей,эртеңки үй-бүлөлүк турмушка даярдыдыктар, дегеле ҮЙ-БҮЛӨ силер үчүн мааниси,ошол жөнүндө ой-максатыңарды жаза кетсенер:апчхи:

Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   supeeri   18 Июль 2011 - 11:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 733
  • Катталган: 13 Январь 11
  • Соңку аракети: 24 Ноя 2020 05:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Азыркы уйбуло тынч,ишеништу суйкумду бекемду уйбуло болсо дейм,бирок азыркы жаштар эрте эле уйлонуп алышып атышат  анан тез эле ажырашып уйбуло дегенди оюн кылып алышты ажырашуулар коп.
Я живу, как умею. Ни о чем не жалею. Нахожу и теряю. И с нуля начинаю. Я бы Вам рассказала. Да меня не спросили. Как порой предавали, даже те, кто любили. Только я не сдавалась. Я сквозь слезы смеялась. И чтоб там не случилось. Я собой оставалась
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Janyla   28 Июль 2011 - 13:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

supeeri (18 Июль 2011 - 11:09) жазган:

Азыркы уйбуло тынч,ишеништу суйкумду бекемду уйбуло болсо дейм,бирок азыркы жаштар эрте эле уйлонуп алышып атышат анан тез эле ажырашып уйбуло дегенди оюн кылып алышты ажырашуулар коп.



ооба, supeeri бул аябай өкүнүчтүү:( ...
азыркы үй-бүлөлөрдөгү ажыражуулардын себептери,ажырашуулардын социалдык,психологиялык залакасы,анын алдын алуунун жолдору тууралуу кеңири ой-пикиринерди бөлүшсөңөр форумчулар:good:

Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   zamir_kgz   10 Август 2011 - 18:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 114
  • Катталган: 22 Март 07
  • Соңку аракети: 11 Апр 2025 01:38
  • Телефон:0771467764
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жалалабат

Кудайым жакшы жар, омуру менен ыймандуу бала чака, бак доолот берсе дейм!

Кандай таанышып, кантип, кимдер себеп болуп баш коштунар? Биринчи уруш талаш, чыр чатак эмнеден пайда болот? Эмне себептен ажырашат? Бала -бакыт доолот, Кыз - урмат сый намыс! Балким ырым - жырым кылып баш кошуп же айласыз никелердин кесепети? Албетте бактылуу уй - булолордун сырдуу жашоосу жонундо.

Уй-було кичине мамлекет, анын президенти ким?

Бала чакага кандай тарбия беруу керек, кийинтип ичинтип багуу керек?

Атадан алтоо болсонда жалгыздык мойнунда экени уй - булолуу болгондо билинет.

Сураныч  - Калкыбызда жаш уй булолор кандай шартта жашашып жатат? Жаштар кандай уй було куруш керек? Бири бирибизден жакшы ой пикир болушуп улгу алсак дейм.
Жалгыз гана жаратканга - ар адам ар башкача сыйынышат!:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   kasietka   16 Август 2011 - 10:58

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 19 Июнь 11
  • Соңку аракети: 06 Янв 2015 17:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

zamir_kgz (10 Август 2011 - 18:10) жазган:

Кудайым жакшы жар, омуру менен ыймандуу бала чака, бак доолот берсе дейм!


Алла Таала сиздин ой тилегинизди орозо айында кабыл кылсын! Ар бир атуул ушундай таттуу тилек кылса, ыймандуу уй булоолор коп болот беле!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   bemkabemka   26 Август 2011 - 04:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 480
  • Катталган: 26 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 17 Май 2016 17:05
  • Жынысы:Аялзаты

оз оюмду жаза кетейин,ээ! ?

zamir_kgz (10 Август 2011 - 18:10) жазган:

Кудайым жакшы жар, омуру менен ыймандуу бала чака, бак доолот берсе дейм!


тилегенинизге жетиниз.


zamir_kgz (10 Август 2011 - 18:27) жазган:

Уй-було кичине мамлекет, анын президенти ким?




президент ким деп болгон болбойт го деп ойлойм.
бирок ар бир уй-булоодо ар кандай. смотря на желание дегендей.
бироондо глава семьи деген нерсе жок эле жашашат,
кээ бироондо бироо лидер.
кимге кандай жакса,кандай комфортно болсо болду да урушуп талашпай мен чонумун уй-булоонун дебей.

zamir_kgz (10 Август 2011 - 18:31) жазган:

Бала чакага кандай тарбия беруу керек, кийинтип ичинтип багуу керек?




лично менин оюм: балдарга болгон ата-эненин суйуусун берип,эркелетип ,кучактап,айтып, ооп билдириш керек,бирок ошол эле учурда катуураак кармап, аябай эрке кылып остурбогон он гооо дейм.
балан болгондон кийин кантип кийинтип ичинтпей коёсун!?бирок самостоятельность дегенге да уйротуш керек.

иши кылса баланы тарбиялоо-аябай эле кыйын деп ойлойм.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Likvidator   12 Сентябрь 2011 - 21:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

zamir_kgz (10 Август 2011 - 18:31) жазган:

Бала чакага кандай тарбия беруу керек, кийинтип ичинтип багуу керек?

Баланын мээримдуу болуп чоноюшу учун оз мээриминди аябашын керек . Жакшы , таза адам болуп чоноюшу учун , ак мээнетин менен тапкан таза тамак жедиришин керек . Арам акча таап, ошого баксан арамза болуп калат.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Daud   19 Сентябрь 2011 - 14:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

zamir_kgz (10 Август 2011 - 18:24) жазган:

Кандай таанышып, кантип, кимдер себеп болуп баш коштунар? Биринчи уруш талаш, чыр чатак эмнеден пайда болот? Эмне себептен ажырашат? Бала -бакыт доолот, Кыз - урмат сый намыс! Балким ырым - жырым кылып баш кошуп же айласыз никелердин кесепети? Албетте бактылуу уй - булолордун сырдуу жашоосу жонундо.

Чыр-чатактын чыгуусуна көп эле нерселер себеп болот. Мисалы кечке жумушта отуруп чарчап, кечинде үйгө барсаң келинчегиң сыртка чыгып сейилдеп келүүнү сунуш кылат. Сен ага чарчаганыңды айтасын. Ал таарынат. Же болбосо финансы маселесинен да уруш чыгуусу мумкун. Мисалы ал бир кийимди жактырып аны алгысы келет. А сен квартирага али акча толой элексин. Анан да продукты алышын керек. Андан сырткары дагы башка пландарын болушу мумкун. Ал эми жубайына мурдакы айда эле жаны көйнөк алып бергенсиң. Ал эми ал бул айда жаны туфли алууну каалоосу мумкун. Негизи мындай абалдарда чыр-чатактын чыгуусу же чыкпоосу ошол жубайлардын өзүнөн туздөн түз көз каранды. Эгер алар бири-бирин жакшы тушүнушкөн болсо, анда эч кандай чыр-чатак болбойт.

Ал эми ажырашууга токтоло турган болсок, мен жумушума байланыштуу ажырашкандарды тез-тез көрүп турам. Сураштырсаң көбүнчө эле болоор-болбос себептердин айынан ажырашкан болушат. Муну бири-бирин сүйбөй үйлөнгөндүктөн деп айтуу кыйын. Сүйүшүп-күйүшүп жүрүп үйлөнгөндөр деле ажырашып кетишет. Мунун себеби алар үй-булөлук жашоого даяр болбогондуктарынан деп ойлойм. Жашоо бул балмуздак жеп, селкинчек тубүүдөн эле турбасын билбегендиктеринен. Чогуу жашоонун башында баары жакшы болгону менен кийинчерээк финансылык же башка проблемаларга кабылган убакта алардын арасында түшүнбөөчулүк келип чыгып анын артынан ажырашып кеткендер көп. Көбүнчөсү финансылык проблемалардын айынан тушүнбөөчүлүктөр көп чыгат. Анан кээде жаш келин кайын энеси жана башка күйөөсүнүн туугандары менен тил табыша албагандыктан да ажырашуулар болот.

Бирок эң эле негизги себеп деп мен баланын да кыздын да өз үй-бүлөсүндө жетишээрлик даражада тарбия ала албагандыгында деп ойлоймун.

Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 07 Февраль 2013 - 21:18

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Daud   19 Сентябрь 2011 - 14:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

zamir_kgz (10 Август 2011 - 18:31) жазган:

Бала чакага кандай тарбия беруу керек, кийинтип ичинтип багуу керек?


Балага тарбия берүү жөнүндө кыскача бул нерселерди айтса болчудай. Бул макала толук эмес экен. Ошентсе да пайдалуу деп ойлоймун.


0-36 АЙЛЫК БАЛДАРДЫН ПСИХОЛОГИЯЛЫК ЖАКТАН ЖЕТИЛУУСУ
Бир жарым жашка чейинки балдарда озуно жана башка адамдарга ишенуу сезими пайда болот. Бул убакта алсыз наристе болгондугу үчүн чоң адамдардын жардамына муктаж жана белгилүү убакытка чейин ата-эненин камкордугу менен жашайт. Ошол себептен жасалган мамилеге жараша баланын жеке адамдык сапаттары, мүнөзү калыптанат. Ошондой эле ата-энеси дайыма аны карап, коргой тургандыгына ишенет. Эгер наристе кезинде бала сүйүү, мээрим менен бапестеп багылса (б.а. оз убагында тамактандырып, жуунтуп, куруктап ж.б.),анда баланын башкаларга ишенуу сезими жакшы орчуйт жана чонойгон кезде да ботон кишилер менен мамилесинде он таасирин тийгизет.

Бир Жарым Жаштан Уч Жашка Чейинки Балдарда «Оз Алдынча Болуу» Этабы:
Бул жаштагы балдардын жетилиш озгочолуктору томонкулор:




• Сабырдуулукту уйронуу
• Оз алдынча болуу- ожорлук
• Коомдук жашоонун эрежелерин уйронуу
• Ички-сезимдерин контролдоонуу уйронуу
• Горшоко отурууну уйронуу

САБЫРДУУЛУКТУ УЙРОНУУ

Наристе жаны торолгондон баштап озу басып же болбосо колуна кашык кармап тамакты токпостон оозуна алып барганды уйронгонго чейин дайыма чон кишинин козомолундо болот. Жогоруда айтылгандай бул мөөнөтто жакшы каралган болсо башкаларга ишеними артат. Наристе бул мезгилде «алуучу» ролунда, бир кыйынчылык пайда болсо ошол замат чечилуусун каалайт, кутууго чыдамы жок болот. Баланын каалаган нерсеси ошол замат аткарыла турган болсо, кийин чон болгон мезгилде кыйынчылыктарга чыдамы жок жана сабырсыз болуп калуусу мумкун. Бир жарым жашка чыгып калган бала аз да болсо кээ бир иштерди жасай алгандыктан, кутууну да уйронуусу керек.Эгерде ата-эне кичинекей кезинен жакшы карап ишенимине кирген болсо анда кыска убакытка куттуруп коюу – сабырдуулукту уйронуусуно жардам берет. Бала аларга ишенгендиктен кутуп жаткан убакта ачуусу келип ыйлабастан сабыр кылат.

ОЗ АЛДЫНЧА БОЛУУ

Наристе жашоосунун эн алгачкы айларында ата-энесинен болок жашай албайт жана ата-энеси бобоктун бир органы сыяктуу туюлат. Себеби, каалаган нерсеси ошол замат аткарылгандыктан бобоко озу жасап жаткандай сезилет. Бирок бир жарым жашка келип калган бала дуйного башкача коз караш менен карай баштайт жана ата-энеси жок болсо озу жашай албастыгын тушунот. Бобок дагы эле чон адамдын ажырагыс бир органы сыяктуу, бирок, тилекке каршы, чон адам баланын бир мучосу эмес. Кааласа кетип калат келбей коет. Ушул нерселерди байкаган бала ара жолдо калат.
Орточо бир жарым жашка чыккан балдар жакшы эле баса алат. Туалет муктаждыктарын сезе турган булчундар орчуй баштайт. Балдар бир жарым жаштан баштап 24, 30, 33 жана 36 айлык болгондо жондомдуулуктору артат. Тамагын озу жейт, горшоко отурат, ботинкаларын кийет, ата-энесинен узагыраак жерде оюн ойнойт жана башка балдар менен мамиле курат. Булардын бардыгы баланын «алсыздык» сезимин озгортот. Ошондуктан, «жок», « мен озум жасайм», «аны эмес тигини каалайм» деген сыяктуу создорду жана ушул создордун маанисин берген кыймыл- аракеттерди корсото баштайт. Себеби, ал озунчо адам болуп чондордон ыраак болгусу келет.

Бирок бул иштин экинчи жагы да бар. Бул мезгилде бала мындай нерселерди да ойлонот: « ооба мен эми алсыз эмесмин, ата-эне, чон адамдардан башкачамын. Оз алдынчамын бирок, мындан ары тамакты озу жей алат, ботинкасын кийе алат деп жакындарым мага мурункудай конул бурбай койсочу? Ошондуктан мен эн жакшысы бобок бойдон калайын. Колумдан келсе дагы алар жедирсин, кийгизсин, ошентип дайыма мени менен алектенсин, конул бурсун».
Бул мезгилде балдар ожор болушат. Оздору да жасагысы келет , чондорго да жасаткысы келет. Чон болуу же кичинекей бойдон калуу – экоонун ортосунда калышат. Бул ар бир баланын башына келе турган табигый жетилуу процесси болуп эсептелет. Бул мезгилде чондордун милдети - сабырдуу жана мээримдуу болуу, баланын озунун колунан келе турган иштерде дайыма комок корсотуу. Балдарга дуйнону таанудагы ан-сезимине жараша мамиле жасоо керек. Мисалы, эгер бала кашык кармай алса, анда озу тамак жей алат. Тамакты сиздин жедируунузду кааласа да, чындыгында озу жеген учурда аны мактап, сыйлык беруунузду жакшы корот. Ошондуктан сабырдуу болуу шарт. Ушул моонотто «чонойбостон бобок бойдон калуу»дан баш тартып «чоноюну» тандаган балдар кийинки мезгилдерде дагы кыйынчылыктарга туш келгенде «качуунун» ордуна аны менен «курошууну» тандайт.
Эгерде cиз, балдарга чоноюнун убагы келгендигин, бул сиздин ага болгон мээрим, алаканызды жок кылбай турганын, тескерисинче кубанта турганын озунуздун чечкиндуу журум-турумунуз менен корсото алсаныз, анда балдар чоноюну тандашат.

КООМДУК ЖАШООНУН ЭРЕЖЕЛЕРИН УЙРОНУУ

Оз алдынча адам болуу- коомдук эрежелерге баш ийуу аркылуу гана болот. Ата-эне жана баладан тузулгон кичинекей уй-було- коомдун негизги фундаменти болуп эсептелет. Бул жерде уч кишиден турган коомдук чойро, о.э. коомдук эрежелер бар. Булар:

Уруксат суроо
Балдарга озуно таандык болбогон буюмдарды, ата-энесинин буюмдары болсо дагы уруксат сурагандан кийин алууну уйротушубуз керек.Суйлой албаган балдар колу менен корсотуп, оз каалоосун тушундуро алышат. Суйлоп баштаган балдар кобунчо буйрук ынгайды колдонушат. «Муну бер!», «тигини ал!» ж.б. бирок орточо эки жарым жаштагы балдарга суранууну жана ырахмат айтууну уйротууго болот. Ал учун биринчиден озубуз ушундай создорду колдонуп суйлошубуз керек. «Аны бер» деген балага «апаке берип койчу» десен берем деп созун ондоп, бир нерсе сурагандан кийин ырахмат айтсак жакшы болот. Убакыттын отушу менен башкалардын буюмуна сый корсоткон жана сылык адам болот.

Болушууну уйронуу

Эгер кичинекей балага сабырдуулук уйротулбогон болсо, анда бардык нерсе бир гана озунуку болушун каалайт. Биз аларга каалаган нерсебизге дайыма ээ боло албай тургандыгыбызды жакшылап уйротушубуз зарыл. Уйдо ар турдуу оюндар ойнотсок болот. Мисалы, тууралган алма же мандарини бар тарелканы колуна берип, катары менен атасына, апасына таркатуусун отунсок болот. Уйго келген конокторго кары-жаш дебей бала тарткан суротторду же болбосо оюнчуктарын корсотуп, аларды кармап коруусу учун берип турууга шыктандыруу керек. Булардын бардыгы балага ар дайым буюмдарга ээ боло албастыгын жана башкалар менен болушуунун кубантаарлык иш экенин тушунуусуно жардам берет.

Дасторкон адеби

Ар бир үй-бүлөнун озунун тамактануу убактысы жана тартиби бар. Кечки тамак үй-бүлө мучолорун бир жерге топтогон маанилуу коомдук окуялардан болуп эсептелет. Тамактануу маданияты жалгыз курсак тойгозуу гана эмес, балким башка нарк- доолотторду да оз ичине камтыйт.Бала бир жарым жашынан кийин чон столго отура албаса да ата-энеси менен бир столдо тамак жей алат. Чонураак балдар эч болбогондо туз салынган идищти ташуу менен дасторкон салууга жардам бере алат. Ошондой эле жоопкерчилик алганы учун кубанышат. Эки жарым жаштагы балдар чондор менен бирге тамак жей ала турган денгээлге жеткен. Эгер биз аларга муну сездире алсак, убакыттын отушу менен дасторкон эрежелерин да уйронуп алышат.

Озуно таандык буюмдарды жыйноо

Ар бир баланын озуно таандык буюмдарынын болушу жана бала ошону баамдашы керек. Бир нерсеге ээ болуу- анын жоопкерчилигин алуу дегенди тушундурот. Бир жарым жаш айланасындагы балдар оюнчуктарын жыйнай алат, чонураак корзинканын ичине сала алат. Чонураак балдар кийимдерин буктоп, биринин устуно бирин кое алат. Булардын бардыгын кичинекей кэзде уйронушсо, келечекте да жыйым- теримдуу болушуна жакшы фундамент тузулгон болот. Мындай мисалдарды кобойтууго болот. Бирок алардан чон адамдар сыяктуу жоопкерчилик жана эрежелерге баш ийууну талап кыла албайбыз. Инсан- коомдук чойродо мойнуна жуктолгон милдетти аткарган адам болуп эсептелет. Балдарыбызга аткара ала турган женил иштер , жоопкерчилик беруу жана эн маанилуусу, булардын жыйынтыгында аларга сыйлыктар беруу балдардын озуно ишенимин кучотот.

ИЧКИ-СЕЗИМДЕРИН КОНТРОЛДООНУУ УЙРОНУУ

Ар бир адамдын ичинде энергия бар. Балдарда бул энергия ото коп жана алар энергиясын кантип колдонууну билишпейт. Ошондуктан бир эле убакта бардык нерсени билуу, уйронуу, ээ болуу ж.б. каалашат. Бирок бул мумкун эмес, мумкун кылууга аракеттенуу да туура эмес. Бир нерсеге канчалык коп конул бура алсак, ошол ишке ошончолук коп энергия жумшай алабыз. Башкача айтканда, ички-сезимибизди канчалык контролдой алсак, ошончолук ар бир нерсеге конул бура алабыз. Ойду бир жерге топтоо- уйронуунун негизи болуп эсептелет.
Ошондуктан жаш балдарга ички-сезимдерин контролдоонуу уйротуу керек. Бул болсо сабыр кылуу аркылуу ишке ашат. Бир буюмду колуна алуудан мурун кутууну, стулда эч нерсе жасабастан отурууну, сураган нерсесин кутуп жаткан учурда ыйлабастан, ачууланбастан сабыр кылуусун уйротуу кажет. Бир оюнчукту ойноп жатканда колундагы оюнчукту жакшылап изилдеп чыгышы учун башка оюнчук бербоо керек. Бул ото маанилуу. Бул жерде чон адамдарга жоопкерчилик жуктолот. Балдар оюн учурунда коп нерсе уйронушот. Ата-энеси да бала болуп алар менен кошо оюнчуктарды ойношу керек. Балдар кобунчо оюнчуктарды асманга ыргытып, жерге уруп ойношот. Кайсы оюнчукту кантип ойноо керектигин чондордон коруп уйронот. Ошондуктан бирге оюн ойноо ото маанилуу, руханий кубаныч тартуулайт жана ошол эле убакта коп жондомдуулук уйротууго шарт тузот.

ГОРШОКО ОТУРУУНУ УЙРОНУУ

Бул маселенин физиологиялык жана психологиялык жактары бар. Ошондуктан баланы коп кыйнабай, этияттык менен ошол эле убакта оз эркине таштап койбостон сабырдуулук менен уйротуу керек. Физиологиялык жактан: биринчиден кундузгу убакта 2 саат жана тушку уйкудан кийими кургак бойдон туруусун кутобуз. Бул болсо булчундарды контролдоонун башталганын корсотот. Булчундарды контролдоо 3-4 жаш тегерегинде толугу менен аяктайт. Балдардын оз каалоосу менен горшоко отурушунун тазалыктан башка дагы себептери бар. Оз алдынча жана кучтуу болуу сезимдери менен байланыштуу. Ошондуктан ар дайым балдарга жолок болуп сабырдуулук менен мамиле кылышыбыз керек.
Психологиялык жактан : жогоруда айтып откондой эле бул жерде да мындан кийин бобок болуудан баш тартып «чоноюну» тандоо абалы турат. Эгер бир бала жашы чоноюп калса дагы памперстен чыгууда кыйынчылык жаратып жатса, анда чон болууну каалабай жаткан болушу мумкун. Мындай учурда биринчи, баланы ,озун оз алдынча адам катары сезе ала турган башка жондомдуулукторун толугу менен онуктурушуно шыктандыруу кажет. Мисалы, бут кийимин озу кийбей жатса, тамагын озу жегиси келбесе, каалоолорун куто албай ыйлап жатса, бул маселелерди жакшылап чечип алуу керек. Бала психологиялык жактан баарынан мурда чындыгында колунан келе турган жондомдуулукторго ээ экенин сезиши керек.
Жашоо кээде жогору кээде томон кеткен жол сыяктуу. Кыйынчылыктар дайыма болот, балдарыбызды жашоонун кыйынчылыктарына да даярдашыбыз керек. Ошондуктан оздоруно жана жондомдуулукторуно ишенип чоноюшу ото маанилуу. Алар жакшы менен жаманды бизден уйронгону сыяктуу эле курошууну да бизден уйронот.
Балдарга жондомдуулукторун колдонуу кучун да, колдонуудан коркуу сезимин да биз уйротобуз. Ар бир ата-эне жана тарбиячынын милдети – балдарды физиологиялык, психологиялык жана акыл-эс жактан чын кылып остуруу болуп эсептелет. Ошондуктан, баланын тарбиясы торолбостон 20 жыл мурун баштала турганын унутпашыбыз керек.

Билдирүүнү түзөткөн: AGAT: 19 Сентябрь 2011 - 14:33

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Aydashka   21 Ноябрь 2011 - 21:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

zamir_kgz (10 Август 2011 - 18:10) жазган:

Кудайым жакшы жар, омуру менен ыймандуу бала чака, бак доолот берсе дейм!

Уй-булooнун негизги эрежелеринин бири-сый-урмат.

Сый-урмат , тугoйлoрдун жашоосунда абдан маанилуу. Кандай гана ортодо келишпестиктер, проблемалар, урушуулар болбосун, тугoйлoрдун ортосунда сый-урмат ар дайым сакталып, эч качан бири-бирин кемсинтуулoр, жаман сoздoр айтылбашы керек.

Жубайлардын бири-бирине кол кoтoруусу, сый-урматка жатпайт.

Бири-бирин кемсинтип, ар кандай адамдык кемчиликтердин айыпталышы туура эмес.

Эски жагымсыз окуялар кайрадан козголуп, бири-бирин кунooлoo жакшы жыйынтыкты алып келбейт.
Ар кандай иш-аракеттер кенешилип, ишке ашырылыса, ортодо береке пайда болот.
Суйлoп жатканда сыйлап-урматто менен бирге, суйлoo тонуна, басымдарга кoнул бурулуш керек.
Уй-булooдo кийинки эреже бул- суйуунун сездирилиши.

«Мен суйуумду кoрсoтo албайм» деген сoздун oзу туура эмес. Жолдошунун кoнулунo жараша тартууланган кичинекей бир белек же жылуу бир сoз, суйуунун бар экендигин айтып турат.

Кечиримдуулук:
Тугoйлoрдун бири-бирине кечиримдуу болушу, уй-булooнун бузулбай, сакталып калышына туздoн-туз таасирин тийгизет.

Ата-энелерин барктоо:
Жубайлар oз ата-энелерин кандай сыйлашса, жолдошунун да ата-энесин, туугандарын ошончолук урматтап, эки жакты тен ыраазы кылып, бирдей ала журуштoру керек.


«Биринчи жубайым, андан кийин балдарым»:

Жубайлар биринчи планга балдарын коюп, жолдошун унутуп койбошу керек. Аялына же эркегине болгон суйуу жана сый-урмат ар дайым алдыда келет.

Уй- булooдoгу ата-эненин бири-бири менен болгон ысык мамилеси, балдарынын туура жолдо oсуп жетилуусунo психологиялык жактан туздун-туз он таасирин тийгизерин унутпайлы.


Прикрепленное изображение: flybov34.jpgjpg]Прикрепленное изображение: imgres.jpg
★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Lui   24 Ноябрь 2011 - 16:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

zamir_kgz (10 Август 2011 - 18:27) жазган:

Уй-було кичине мамлекет, анын президенти ким?


"Уй-було озунчо мамлекет" , "Мамлекеттти башкарууга караганда, уй-булоону теске салуу кыйын" дешет. Анткени менен адептуулуктун аркасында бул чакан "мамлекет" жашоодо. Менин баамымда , эркек уйдун ээси аталуучу. ООба, уй ээси , эркек. Ал уйдун пири. Маселе ошол аркылуу чечилет. Жакшы аял анын жарчысы. Ал ага акыл кошот. Озунун назиктиги, эр сыйлоосу, соз тындоосу, балдарынын, элдердин арасында аны сыйлоосу, журуш-турушун ондоп-тузоосу, катарга кошуусу менен ургаачы заты жашоосун жонго салат го деп ойлойм............
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Февраль 2013 - 13:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"Кыз жигит" бөлүмүнөн "Үй-бүлө" бөлүмүнө өттү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Giza   11 Апрель 2013 - 18:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 700
  • Катталган: 20 Июнь 11
  • Соңку аракети: 18 Янв 2025 22:38
  • Жынысы:Аялзаты

Мен учун уй-було ыйык мамлекетСүрөт Келечектеги жубайым сырдашым, таянычым, кенешчим, сойонор тоомСүрөт Анан быйтык быйтык ширин балдар. Менин уй-було тушунугум ушуСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   a_i_sh_e   09 Май 2013 - 19:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 137
  • Катталган: 13 Апрель 12
  • Соңку аракети: 24 Апр 2016 21:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаары

Бактылуу жана бейпил үй-бүлө куруу үчүн эки түгөй тең бири-бирине ачууланбашы жана бакырбашы керек. Кичине эле нерсени өздөрүнө көйгөй кылган жубайлар, бактылуу үй-бүлө кура алышпайт. Бактылуу үй-бүлөнүн сыры адамдан адамга карай өзгөрөт. Бирок дүйнөнүн ар жеринде бүткүл үй-бүлөлүк «бактылуу өмүр сүрүү» деген эрежелер бар. Ар дайым бири-бирине бакырышкан, урушушкан жана бир эле убакта экөө тең бири-бирине ачууланган түгөйлөрдүн үй-бүлөлөрү бактысыз боло тургандыгы баарыбызга аттын кашкасындай белгилүү.

Үй-бүлөдөгү түгөйлөргө кеңештер:

* Эки түгөй эч качан бир убакта экөө тең ачууланбасын.
* Жөн жай эле бири-бириңерге бакырбагыла.
* Түгөйүңө сүйлөгөндө сөзүңдү сүйө тургандай кылып сүйлөгүн.
* Мурда болуп өткөндөрдү эстебей эле коюу дагы жакшыраак.
* Түгөйүңө көп кийлигише бербегин.
* Ар дайым түгөйүңдүн көңүлүн көтөрө турган сөз сүйлө.
* Көйгөйүңөрдү чечпестен ал күндү өткөрбөгүлө.
* Кокусунан ката иш жасап алсаң түгөйүң менен сүйлөш жана андан кечирим сурагын.
* Көйгөйүңөрдөн жалгыз гана түгөйүңдү жооптуу тутпа.
* Ишиңердеги кыйынчылыктарды үйүңөргө айтпагыла.
* Күйөөсү же аялы бир айда бир жолу түгөйүнө белек алсын.


Үй-бүлө куруудагы тирөөч

Ошентип ар бир нерсенин тирөөчү болот. Үй-бүлөнүн тирөөчү такыба мусулман аял, ал бар учурда башка нерсенин кереги жок, а эгер ал жок болсо ансыз эч нерсе татыбайт: Ал жүрөктөрдү бириктирүүчү, мүнөздөрдү тарбиялоочу, напсини тазалоочу, милдеттерди эскертип эске салып туруучу жумуштарды, жеңилдетүүчү жаман иштерди тосуп туруучу жана ал жакшылык иштерге түрткү берүүчү. Мына ошондуктан пайгамбарыбыз (А.С.) айткан «Дин тутканын алганга шашыл» деп. Пайгамбарыбыз саллаллаху алайхи вас саламдын алдына бир киши келип сурады: «Эй Алланын элчиси, мен бир аялды сүйүп калдым. Тек-жайы улук, мансаптуу жана сулуу, бирок төрөбөс экен. Үйлөнөйүнбү? «Жок» деди Алланын элчиси жанагы киши кайра-кайра келип үч ирет сурады. Акырында ага карап: «Силер бала төрөп берчү сүймөнчүктөрүнө үйлөнгүлө! Мен силердин көптүгүңөр менен башка үммөттөрдүн алдында сыймыктанайын! »
(Абу Дауд, Нисаий рибаяты)
Эгерде аялда такыбачылык болсо, ал өзүнүн күйөөсүнүн жана балдарынын милдеттерин билет жана күйөөсүнө дайыма зордоосуз зыйнаттанып турат. Үй-бүлөнүн иштеринде дайыма күйөөсүнө мойун сунат өз күйөөсүнүн алдындагы актыгын күйөөсү бар болсо да жок болсо да сактайт. Анын байлыгына бек болот.
Таза аял - таза үй-бүлө, таза үй-бүлө – таза коом, таза коом – бул бактылуу жашоо.


Muslim.kg сайтынан алынды

Билдирүүнү түзөткөн: a_i_sh_e: 09 Май 2013 - 19:44

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   a_i_sh_e   09 Май 2013 - 19:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 137
  • Катталган: 13 Апрель 12
  • Соңку аракети: 24 Апр 2016 21:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаары

Likvidator (12 Сентябрь 2011 - 21:29) жазган:

Баланын мээримдуу болуп чоноюшу учун оз мээриминди аябашын керек . Жакшы , таза адам болуп чоноюшу учун , ак мээнетин менен тапкан таза тамак жедиришин керек . Арам акча таап, ошого баксан арамза болуп калат.


Туура айтасыз. Балдарга жакшы тарбия берүүдө ата-энеси үлгү болууга тийиш. Ошондуктан ата -энелер кээ бир нерселерге көңүл буруусу керек.
Үй -бүлөдө ата-эне бири-бирине жылуу-жумшак мамиле кылып, сүйүү, урмат-сый, түшүнүүчүлүк жана жардамдашуу аркылуу таалайлуу турмуш куруулары керек. Анткени балдардын руханий жана психологиялык жактан чың болуусу үчүн мына ушундай үй-бүлөгө муктаждык бар. Ошондуктан аял жана эркек экөөсү эки тараптан балдарынын келечегин ойлоп, мындай ийгиликке жетүү үчүн аракеттенүүсү керек. Ал эми дайыма бири-бирине каршы чыгып, урушуп-талашып жүргөн ата эненин балдары болсо, туура ой пикирге жана жакшы адаттарга ээ боло алышпайт. Андыктан ата-эне балдарынын телевизор көрүүсүнөн тартып көчөгө чыгуусу, сабактарына катышуусу, ибадаттарын аткаруусу сыяктуу бардык жүрүм-турумуна көңүл буруусу абзел.
Ата энелер бири-бирине жана балдарына жалган айтуу менен балдарын чынчыл болууга тарбиялай албайт.
Ата-эне бош убактыларын эч нерсе кылбастан өткөрүү менен балдарын аракетчил жана эмгекчил кылып тарбия бере албайт.


Билдирүүнү түзөткөн: a_i_sh_e: 09 Май 2013 - 19:54

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Үй-бүлө
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 01:04

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: