Спирттик ичимдиктери азыркы мезгилдеги көйгөйлүү маселелердин бири болуп эсептелет. Спирт ичимдиктери бир гана ичкен адамга эле эмес, айлана-чөйрөдөгү бардык адамдарга зыянын тийгизүүдө.
Кылмыш жана бузукулук иштердин көпчүлүгү мына ушул ичкиликке байланыштуу экени баарыбызга маалым. Ичкилик ден-соолукка зыян келтирүү менен гана чектелбестен,
ар кандай кылмыштардын,
жол кырсыктарынын негизги себептеринин бири. Үй-бүлөдө ынтымактын кетишинин, ажырашуулардын башкы себепкери да ичкилик. Спирт ичимдиктери жөнүндө Пайгамбарыбыз мындай деген: "Ичкилик - бардык жамандыктардын башаты".
Чынында эле күн өткөн сайын бул сөздүн акыйкат экендигин көрүүдөбүз.
Ыйык китебибиз Куранда мындай деп айтылат: "Эй Мусулмандар!
Ичкилик, кумар, табынып сыйыныш үчүн орнотулган таштар жана таякчалар - шайтандын ыплас иштери. Булардан сактанып алыс болсоңор, бакыт-таалайга жетесиңер"
.
Маалым болгондой, динибиз жаралып, ичкиликке ичууго тыюу салынган кезде, алкоголдун зыянын толук ачып корсото турган бугункудой техникалык мумкунчулуктор жок болчу. Ошого карабастан адамды кереметтүү антиквардык саат сыяктуу жараткан Алла Таала өзүнүн чексиз илиминин кудурети менен алкоголдун адам баласынын ден-соолугуна тийгизе турган зыяндарын аныктап, алкоголдуу ичимдиктерге тыюу салган. Биз, адам баласы, муну түшүнсөк да, түшүнбөгөндөй мамиле кылабыз. Кээ бир адамдар дайыма аз-аздан ичип турса, дары болот деп ойлошот. Бул туура эмес түшүнүк. Аз да болсо ичкилик ичкендерде боордун цирроз оорусунан өлгөндөрдүн саны көбөйүүдө. 15-20 жаштар арасындагы улан-кыздарга карата жүргүзүлгөн иликтөөлөр боюнча, бул курактагы жаштарда өзүн-өзү өлтүрүү, тез ачуулануу көп кездешет. Ошондой эле ар бир чөйчөк спирттик ичимдик 2000ге чейинки нерв клеткаларынын иштен чыгуусуна жол ачат.
Алкогол канга тез аранын ичинде аралашып кетет. Ичкиликке толтурулган ашказандагы алкоголдун 90%ы бир саат ичинде канга аралашат. Жүз триллиондоп саналган тулку-бойдогу клеткалардын бирин койбой, бир-бирден айланып чыгат. Демек, бир чөйчөк арак ичкен кишинин дене боюндагы бардык клеткалар жабыр тартат. Кандагы алкоголдун катышы 0,5% же андан көп болсо, алкогол мээнин иштешине таасир кылат. Дем алуу органдары шал болуп, жүрөк токтойт. Кандагы 0,05% катышындагы алкогол канда ач карын ичкен эки шише пиводон деле пайда болушу мүмкүн. Анда ал адегенде эле адамга гана мүнөздүү, дүйнөнү чагылдыруунун эң жогорку формасы болуп саналган акыл-эстин иштешине зыян келтирет.
Аракты көп ичүүнүн ден-соолукка зыяндуу экендигин кабыл албаган киши жок. Ошого карабай айрым адамдар: "Туура, ичкилик ичүүнүн зыяндуу экендиги талашсыз. Бирок аны абдан көп ичпеш керек. Аз ичсе, зыян жок",- дешет. Бул сөздөр менен алар өздөрүн гана алдашы мүмкүн. Анткени, ичкилик аз ичкенде да, ден-соолукка өтө чоң зыян келтире турганын көрсөткөн далилдер бүгүн толтура. Мээнин клеткаларынын жабыркоосу алгачкы чөйчөктү ичкенде эле башталат. Алкогол жогоруда сөз болгон оорулардагыдай эле капиллярларда,
башкача айтканда, майда кан тамырчалардын бүтөлүшүнө апкелет. Ошондон улам кычкылтексиз калган клеткалардын өлүмүнө жол ачат.
Адатта адамдын мээсинде миллиарддаган нерв клеткалары болот. Бул клеткалардын бир өзгөчөлүгү - туулганадан баштап өлгөнгө чейин санынын өзгөрбөгөндүгү.
Башкача айтканда, нерв клеткалары туулгандан кийин сан жагынан көбөйбөйт. Мына ошентип жогоруда белгиленгендей,
алкогол көздөгү кан тамырларды,
клеткалардын өлүмүнө себеп болгондой эле, мээде да ошондой эле тарс таасирлерге себеп болот. Биринчи чөйчөктү ичкенде эле алкогол адамдын мээсиндеги айрым кан тамырларды бүтөп, ошону менен аба жетишсиздигинен бир нече миң нерв клеткаланрынын өлүшүнө жол ачат. Эгерде адам арак ичүүнү токтотпосо,
мээде кайра тирилиши таптакыр мүмкүн болбогон миллиондогон нерв клеткаларынын өлүмү улана берет.
Мээде «нейрон» деп аталган нерв клеткаларынын башка нейрондорду коргоп, колдоп жана азыктандырып турган глия клеткалары деп аталган экинчи клеткалар тобу бар. Алкогол ичкен кишиде нерв клеткалары менен бирге колдоочу, азыктандыруучу клеткалар да өлөт. Адамдын денесинде өзүн-өзү коргоо системасы бар. Бул коргоонуу системасы организмге түшкөн микропторду жок кылат. Ичимдикти көп ичкен адамдын мына ушул коргонуу системасы начарлайт. Ошондуктан адам ар кандай оорулар менен көп ооруйт жана бат ачуулана турган болуп калат.
Адамдардын көңүлү чөгүңкү, бирөө менен урушуп кеткенде, карызга батса, же кандайдыр бир көйгөйлөр башка түшкөндө ичип жибермей адаты бар. Арак көйгөйлөрүбүздү жок кылбайт. Тескерисинче,
көйгөйлөрдү ырбатат, көптөгөн терс көрүнүштөргө жол ачат, балээнин баарын башка үйөт. Ошондуктан,
көйгөйлөрүм аз болуп, ыпыластыктан узак болоюн десениздер,
балээлердин башаты болгон ичкиликти таштап, туура жол менен бактылуу жашоого бет алуу зарыл.
Спирттик ичимдиктердин зыяны
#2 11 January 2011 - 23:41
Акырына чейин окугуча зеригип кеттим! Кыскасы менин оюм, спирт ичимдиктердин пайдасынан зыяны коп болуш керек, так что ичпей койгон жакшы. Эгерде медициналык тараптан атайын ичкенге сунуш кылынса гана кичине кичине ичсе болот болуш керек! Болбосо, организмге тийгизген таасири толтура болуш керек деп ойлойм. Коп семьялар ушунун айынан да бузулуп жатат!
Сабырдуулук берсин баарыбызга Аллахым!
#3 04 April 2011 - 02:27
I4kilik baardik jaktan jaman boluw kerek,i4kendin ozunun ikmasi bar misali evropaliktar i4kendi biliwet,bizge okwop oonagi4a je e4teke bilbei kalgi4a i4peit,jana da kubalap i4iwpeit,oz kozun menen korgondo aitat ekensin maktagandik emes bul jaman oilobonuzdar,ozunuzdor dele saliwtirip korsonuzdor,biz orustardaibiz.
#4 08 May 2013 - 17:42
Ichimdik ichip paida kordunorbu? Ichimdik ichkenche tazaa suu ichip algan jakshy
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#5 11 May 2013 - 20:15
Азыр той-топурлардын баары спирт ичимдиктерисиз отпой калды.Арак-тыюу салынган ичимдик болсода билип туруп ичишет.Ал акыл-эсти алып коëт,ошондой эле адамды кылмыштарды жасоого туртот.Жаратканды эске алуудан алыстатат жана ден-соолукка да зор зыян тийгизет.
#6 11 May 2013 - 21:25
Спирт ичимдиктер бардык куноолордун тамыры...
Баарыбыз бактылуу болгонго акылуубуз.
#7 11 May 2013 - 22:02
Алкагольдун пайдасынан зыяны коп! мен билгенден 30 жылдан бери ичип келе жаткан адам бар. узгултуксуз ичет! куну туну.
/>
/>
/>
КОЛ ТИЙБЕГЕН КЫЗ КААЛАСАН;
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
#8 18 May 2013 - 22:34
Мумкун сиздерге катуу тиет, бирок, менин оюмча, шарият боюнча ичимдик ичууго тыюу салышкан, бирок, себеби так тушундурулгон эмес. Ошондон улам ойлоп атам, кээ бир адамдар ичип мас болсо-жаман иш жасап алышы мумкун, ошол нерседен алыс болуу учун гана тыйылса керек, бирок, дагы бирлери бар да мас болбойт, болсо да озунун эмне кылып жатканын билгендер, аларга ичсе боло берет го дейм... Анан да, спирт организмди тазалоочу да сапаты бар, озгочо мага б.а. уранды, радиациядан ички организмди талайт.
Ар бир пенде адашуучу
#10 19 May 2013 - 04:10
Мумкун сиздерге катуу тиет, бирок, менин оюмча, шарият боюнча ичимдик ичууго тыюу салышкан, бирок, себеби так тушундурулгон эмес. Ошондон улам ойлоп атам, кээ бир адамдар ичип мас болсо-жаман иш жасап алышы мумкун, ошол нерседен алыс болуу учун гана тыйылса керек, бирок, дагы бирлери бар да мас болбойт, болсо да озунун эмне кылып жатканын билгендер, аларга ичсе боло берет го дейм... Анан да, спирт организмди тазалоочу да сапаты бар, озгочо мага б.а. уранды, радиациядан ички организмди талайт.
Спирт ичимдиктери мас кылабы же кылбайбы айырмасы жок, бардык мусулмандар учун арам деп эсептелет. Мас кылбаса болот деген мыйзам шариатта жок. Анан бул маселеге оз алдынча философиялык ой жугуртуунун кереги жок. Эгер мас болбой турган адамдарга ичууго уруксат берилсе ал да айтылмак. Тескерисинче шариатыбызда кобу мас кылган нерсенин азы да (бир тамчысы да) арам деп айтылат.
Аллах арам деп айткан нерсенин ар жак бер жагынан айланып, адал кылууга аракет кылуу туура эмес.
Анан да мусулман адам учун Аллахтын тыюуусунун озу жетиштуу болушу керек. Ар бир буйрук же тыюуунун себебин билиши шарт эмес. Аллах кааласа кадимки эле буудайдан жасалган нанды жегенге деле тыюу салып коймок. Ошондо да мусулмандар бул буйрукту аткаруулары керек болот эле.
Ал эми оорулуу адам учун башка эффективдуу даары жок болсо (бар болсо болбойт) жана муну тажрыйбалуу врачтар (жонокой адамдар эмес) тастыкташса, анда ошол врачтар корсоткон олчомдо ичууго уруксат берилет. Шариатыбызда, тыюу салынган нерселерге зарылчылык болгон учурларда уруксат берилет.
#11 19 May 2013 - 05:05
Ичип, оздорун эле жабырлантса го мейли, болочок тороло турган балдардын майып болуусуна озунун олчойгон салымын кошуп жаткандардын бири - бул спирт ичимдиктери.
Энеси эле эмес, атасы которуп ийген 100 грамм да кооптуу. Кыйналбайын,
айыпсыз чурполорумду кыйнабайын десенер, оозунарга албагыла деп сунуштамакчымын.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#12 19 May 2013 - 05:13
Бишкекте досторум менен пиво коп иччумун.
Азыр досторум менен тренировкага барам.
Даже пиво ичпейм, арак эмес. Отстой экен. Убакыт кетет, ден-соолук кетет.
Мээге допаминди башка жолдор менен алыш керек. Now fuck that shit!
Азыр досторум менен тренировкага барам.
Даже пиво ичпейм, арак эмес. Отстой экен. Убакыт кетет, ден-соолук кетет.
Мээге допаминди башка жолдор менен алыш керек. Now fuck that shit!
#13 19 May 2013 - 12:07
Ооба бир стакан арак мээнин 1000,2000 клеткаларын жок кылат экен.Ал клеткалар кайра восстанов.болбойт экен.
#14 19 May 2013 - 15:24
Нурсайкал ичип жургон кыз экен деп атсаныздар керек, мага врачтар айтышты, организминди тазалап тур, радиацияда жашап атасын деп, бирок, ичип коро элекмин, актанганым эмес, эскертуум.
...
...
Ар бир пенде адашуучу
#15 19 May 2013 - 22:11
Ооба бир стакан арак мээнин 1000,2000 клеткаларын жок кылат экен.Ал клеткалар кайра восстанов.болбойт экен.
Эн акыркы изилдоолор жаны нерв клеткалары пайда болоорун далилдеп чыгышты. Бирок алардын саны олгондорго караганда ото эле аз санда.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

Супер-Инфо
super.kg
видео


















