Миллиондогон күйөрмандардын арасында мен да өз купулума толгон, ички дүйнөмө жакын анан белгисиз себептерден өзүнөн өзү эле жагып калган ырларды кубатап келем. "Ушул ырчы жеңип калса экен, жеңишке бул өлө татыктуу эле..." дегендей.
Быйылкы ыр сынак Щвециянын Малмө шаарында 14-16-18-майда өтөт. Азыртадан билеттер сатылып бүткөн деген сөздөр бар.
Сынактын расмий желе барагында (сайт) катталып, өзүнүн эң мыкты 10дугун (ТОП 10) сунуштаган колдонуучулар оголе арбын. Менин мыкты ондугум азырынча жок, мыкты бештигим менен аста тааныштырып баштайын:
1. Emmelie de Forest (Эммили де Форест). 19 жашта. Даниялык. Ыры Only Teardrops.
2. Farid Mammadov (Фарид Маммадов). 21 жашар, азербайжандык. Аткарчу ыры Hold me.

3. Margaret Berger (Маргарет Бергер) 27 жаштагы норвегиялык ырчы. Ырынын аты I feed you my love.

4. Еврокароо сынагында үй кожоюндук кылган Robin Stjernberg (Робин Шернберг) 22 жашта жана элдин назарына сунган ыры You.

5. Takasa (Такаса) тобу быйылкы ыр сынакта өзгөчөлөнгөн топ. Топтун эң жаш мүчөсү 22 жашар, эң улгайган мүчөсүнүн жаш курагы 95ти түзөт.

Силердин мыкты бештигиңер кандай? Же менин мыкты бештигиме кошуласыңарбы? Ким жеңүүчү болот?

Супер-Инфо
super.kg
видео













