Суперстан: Кыргызстандагы кооз жерлер, айыл, район, шаар ж.б. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (31 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыргызстандагы кооз жерлер, айыл, район, шаар ж.б. Сүрөттөр же жөн гана баяндоолор

#181 Пользователь офлайн   kokjar92   12 Май 2013 - 01:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 256
  • Катталган: 25 Июль 12
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2020 21:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Aaламга жол айылдан башталат... :)

:tongue: Вай,тамашалашып эле жазган элем жана,эми чындап маалымат таап келет окшойм... Сөздөн жаңылган турбайт болбой! Макул аракет кылайын...
Эл бар бекен Көк-Жардай, жигиттери Көк жалдай?! Күлүп койсо кыздары, электр шамы жангандай... )))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#182 Пользователь офлайн   fanatkg   12 Май 2013 - 09:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 698
  • Катталган: 24 Август 12
  • Соңку аракети: 30 Авг 2019 04:39
  • Жынысы:Эркек

Ноокаттагы Кара-Кой жана Шаңкол жайлоору көз уялтатко чиркин, өзү Кыргызстан эң сулуу. :)
Укпайт деп ушак айтпа,
Көрбөйт деп уурулук кылба.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#183 Пользователь офлайн   Umnitsa   12 Май 2013 - 11:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 588
  • Катталган: 16 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 07 Фев 2020 23:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Суперстан олкосу)

Мен Ноокат районунун Шанкол айылынан болом...

Шанкол илгери СЬЕЗД деп аталган.. Кийин Шанкол деп атап калышкан... Уламыштар бойунча бул жерде кытайлар жашаган экен илгери... ШАНКОЛ кытайлардын ШАНХАЙ дегенине окшоштуруп койулган дешет...


Шанкол айылы жонундо кыргыз тилчи мугалимибиз АСАН КАРИМОВ агайыбыздын чыгарган обондуу ыры бар ошону жаза кетсем...


Ата журтум он колум,
Атын сонун Шанколум.
Алпештеп бизди остургон
Затын сонун Шанколум.

Аркар, кулжа, теке ойноп
Аскан сонун Шанколум
жыт анкыган жылгада
Арчан сонун шанколум.


Дагы уландысы бар....



Анан айта кетуучу нерсе РЕСПУБЛИКА саясий партиясынын лидери Сулайманов Алтынбек да биздин айылдан!
Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#184 Пользователь офлайн   lime_boy   13 Май 2013 - 10:28

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 638
  • Катталган: 17 Апрель 12
  • Соңку аракети: 26 Дек 2013 00:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:АЛАЙ

Азаматсынар Ноокаттыктар. ..Ушул жума силердики,фото баян кылсанар да болот...

Анан Нарын,Талас, Баткен жактагы айыл,район, шаарлар жонундо да билгим келет да.

Мужчины, никогда не
сражайтесь с женщинами.
И победа, и поражение будут
для вас позором.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#185 Пользователь офлайн   kokjar92   13 Май 2013 - 11:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 256
  • Катталган: 25 Июль 12
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2020 21:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Aaламга жол айылдан башталат... :)

НООКАТ району тууралуу


/Ноокатым менин ооматым... /


Райондун түзүлгөн жылы-1928
Жеринин аянты-4044кв/км
Жалпы калкынын саны-210139
Айыл өкмөтү-15; 1 шаар тибиндеги Найман посёлогу бар.
Областтык борборго чейин-40км
Жакынкы аэропортко чейин-46км
Темир жол станцияга чейин-45км

Областагы административдик аймактык бирдик 1928-ж түзүлгөн. 2003-ж шаар деген статусун алган. Батыштан-Баткен обл. Кызыл-Кыя шаары,түштүгүнөн- Алай району,чыгышынан- Кара-Суу району,түндүгүнөн- Араван району, түнд-батышынан Өзбекстан Респ. менен чектешкен. Борбору-Ноокат шаары.

Табияты: Райондун рельефинде адырдуу тоо этектери басымдуу. Аймагында Ноокат өрөөнү(деңиз дегээлинен бийиктиги 1200-1700м),ага туташ адырлар Кичи-Алай кырка тоосу(4454м),Караван, Көк-Жар түздүгү жатат.

Райондун аймагынан Кыргыз-Ата, Абшыр-Сай суулары башталып,агып өтөт. Суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу үчүн Найман суу сактагычы курулган. Каралжын,боз, күрөң,кара-күрөң топурактары басымдуу.
Түздүктөрдө(деңиз деңг. 1200м бий.чейин) эрмен,шыбак, адырларда(1200- 1500м) чекенди,андан жогору(1500-2200м) бетеге, буудайык,тулам, үлпүлдөк,тобулгу, бөрү карагат,ит мурун ж.б. өсөт. 2000-2800м бийиктикте арча токою,андан жогору 3400м шалбалуу талаа глациялдык ландшафт алкактар ээлейт. Кемирүүчүлөр, токой чычканы,арс, суусар,түлкү, карышкыр,тоо эчки,сары чычкан, доңуз,кашкулак, илбирс,аркар, кекилик,кыргый, улар,бүркүт, сууларында сазан ж.б. бар.
Көмүр,сурьма, вольфрам кендери,курулуш материалдары бар.
Климаты континенттүү. Ноокат өрөөнүндө январдын орточо температурасы -2.6* С, июлда +24,4* С. Жылдык орточо жаан-чачын 270-300мм...
Эл бар бекен Көк-Жардай, жигиттери Көк жалдай?! Күлүп койсо кыздары, электр шамы жангандай... )))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#186 Пользователь офлайн   Jack.a   13 Май 2013 - 12:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 70
  • Катталган: 07 Апрель 13
  • Соңку аракети: 14 Янв 2018 13:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Тибет

Апшырата беле жанагы тоонун борун тешип чыккан суу? Ошону кайсы айылдан тапсак болот? Ошко жакын элеби?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#187 Пользователь офлайн   Zakat   13 Май 2013 - 12:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 168
  • Катталган: 01 Февраль 13
  • Соңку аракети: 02 Мар 2014 00:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения Jack.a (13 Май 2013 - 09:02) жазган:

Апшырата беле жанагы тоонун борун тешип чыккан суу? Ошону кайсы айылдан тапсак болот? Ошко жакын элеби?


Оа Абшыр-Ата ошо Караван Кок-Жар айылынын туштук болугундо жайгашкан жакын эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#188 Пользователь офлайн   kokjar92   13 Май 2013 - 12:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 256
  • Катталган: 25 Июль 12
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2020 21:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Aaламга жол айылдан башталат... :)

(...анда мен уланта берсем!)


Ноокатым оомат,оомат жалпы калкка,
Ноокатым койну толо атак-даңкка. ..

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 2.png
  • Прикрепленное изображение: DSC00119.JPG
  • Прикрепленное изображение: 3.jpg
  • Прикрепленное изображение: 4.jpg

Эл бар бекен Көк-Жардай, жигиттери Көк жалдай?! Күлүп койсо кыздары, электр шамы жангандай... )))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#189 Пользователь офлайн   kokjar92   13 Май 2013 - 13:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 256
  • Катталган: 25 Июль 12
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2020 21:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Aaламга жол айылдан башталат... :)

Ноокат районунун белгилүү даталары:

1918-ж. Ноокат болуштугунда 'Аим-Арал' коммунасы түзүлгөн.
1928- Меркит-Муркут айыл совети түзүлгөн.
1928- Ноокат району түзүлгөн.
1928- 'Россия' колхозу уюштурулган(азыркы Зулпуев).
1929- Тельман колхозу түз.(аз. Кыргыз-Ата)
1930- Эски-Ноокат айылында алгачкы оорукана ачылган.
1934-ж 19-июлда 'Кызыл Ноокат' гезитинин 1-саны жарык көргөн(аз. 'Ноокат таңы'гезити)
1934- Салиева колхозу түз.(аз. Төөлөс)
1934- алгачкы китепкана ач-н(аз. райондук-борбордук кит.на)
1940- Ноокат каналы курула баштаган.
1964- чек аралары ажыратылып, кайрадан түзүлгөн.
1964- райондук оорукана ач-н.
1965- Найман посёлогу негиз-н.
1972- 'Улуу-Тоо' кинотетры ачылган.
1977- райондук тарыхый музей түзүлгөн.
1994- алгачкы мам.эмес уюм түз-н.
1996-Эски-Ноокатта ОшМУнун окуу борбору ач-н.
2003-ж 8-сентябрында Ноокат 'шаар' статусун алган.
.........
Эл бар бекен Көк-Жардай, жигиттери Көк жалдай?! Күлүп койсо кыздары, электр шамы жангандай... )))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#190 Пользователь офлайн   kokjar92   13 Май 2013 - 13:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 256
  • Катталган: 25 Июль 12
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2020 21:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Aaламга жол айылдан башталат... :)

Просмотр сообщения kokjar92 (13 Май 2013 - 11:22) жазган:

Айыл өкмөтү-15; 1 шаар тибиндеги Найман посёлогу бар.

1. Бел айыл өкмөтү (борбору- Бел айылы)
2. Гулистан(Фрунзе)
3. Жаңы-Ноокат(Жаңы- Ноокат)
4. Исанов(Жаңы- Базар)
5. Караташ(Караташ)
6. Кеңеш(Куу-Майдан)
7. Көк-Бел(Көк- Бел)
8. Кулатов(Кожо- Арык)
9. Көк-Жар(Көк- Жар)
10. Кыргыз-Ата(Көтөрмө)
11. Мирмахмудов(Чапаев)
12. Он эки-Бел( Он эки-Бел)
13. Зулпуев (Үчбай)
14. Төөлөс(Муркут)
15. Ынтымак(Ынтымак)

16. Найман посёлогу...
Эл бар бекен Көк-Жардай, жигиттери Көк жалдай?! Күлүп койсо кыздары, электр шамы жангандай... )))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#191 Пользователь офлайн   kokjar92   13 Май 2013 - 14:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 256
  • Катталган: 25 Июль 12
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2020 21:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Aaламга жол айылдан башталат... :)

Мына Ноокат району боюнча бир аз маалымат алдыңыздар болуш керек....

Эми өзүмдүн кичи мекеним, киндик кан тамган жерим менен тааныштыра кетейин!
Көк-Жар жөнүндө жогорудагыдай статистика боюнча маалымат билбегеним аябай өкүндүрдү. :(
Ошентседа,өз билгендеримди жаза кетейин:

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн курамында 6 айыл бар:
1. Көк-Жар
2. Маданият
3. Алашан
4. Борбаш
5. Каранай
6. Жийде
Борбору- Көк-Жар айылы.

Көк-Жар деп аталып калганы боюнча уламыш-болмуштар:
1. Илгери көөөп жар болгон имиш, көп жар,көп жар деп жүрүп Көк-Жар деген атка ыңгайлашып калыптыр.
2. Илгери карышкыр көп болуп,аны көк жал деп да аташчу экен. Көк жал деп жүрүп Көк-Жар деп аталып калган имиш деген...ж.б.көптөгөн уламыштар эл оозунда айтылып келүүдө...

Ар түрдүү турак-жай,мекемелер жайгашкан:бала бакча,мектеп, оорукана,башкармалык, милиция,спорт мекемеси,маданият үйү,көптөгөн дүкөндөр жана Көк-Жар кичи базары,Жеңиш паркы,Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына эстелик монументи,банктар, ар түрдүү тейлөөчү борборлор ж.б. :)

Эли аябай мээнеткеч,мал чарбачылык, багбан,дыйканчылык менен алектенет. Айыл чарбасын негизин тамеки,жүгөрү, буудай,картошка, пияз,помидор ж.б.түзөт. Мал чарбасын мал жандыктары түзөт. Мөмө жемиштин түрү өстүрүлөт...

Кышы жылуу, жайы салкын келет...

Эл бар бекен Көк-Жардай, жигиттери Көк жалдай?! Күлүп койсо кыздары, электр шамы жангандай... )))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#192 Пользователь офлайн   kokjar92   13 Май 2013 - 14:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 256
  • Катталган: 25 Июль 12
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2020 21:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Aaламга жол айылдан башталат... :)

Күч кубаттуу КӨК-ЖАР деген ыйык жерде,
Береке,ыйманы мол НООКАТКЕНДЕ!
Ооматтан кечикпейли дегениңер,
Куш келгиле дос,туугандар биздин элге!

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1к.JPG
  • Прикрепленное изображение: 2к.JPG
  • Прикрепленное изображение: 5к.JPG
  • Прикрепленное изображение: 3к.JPG
  • Прикрепленное изображение: 4к.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: kokjar92: 13 Май 2013 - 14:50

Эл бар бекен Көк-Жардай, жигиттери Көк жалдай?! Күлүп койсо кыздары, электр шамы жангандай... )))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#193 Пользователь офлайн   Umnitsa   13 Май 2013 - 14:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 588
  • Катталган: 16 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 07 Фев 2020 23:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Суперстан олкосу)

kokjar92 кичи мекенибиз жонундо ушунча маалыматка ээ кылганыныз учун ар бир билдируунузго менден +

Билдирүүнү түзөткөн: Umnitsa: 13 Май 2013 - 14:49

Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#194 Пользователь офлайн   kokjar92   13 Май 2013 - 15:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 256
  • Катталган: 25 Июль 12
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2020 21:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Aaламга жол айылдан башталат... :)

Эх,мекенибиз жөнүндө канча сөз кылсак да түгөбөйт тура...
Ушул жерде токтойун,калганын башка форумчулар улап кетээр деген ойдомун! :кош бол:
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоооң рахмат! :)

Просмотр сообщенияJack.a (13 Май 2013 - 12:02) жазган:

Апшырата беле жанагы тоонун борун тешип чыккан суу? Ошону кайсы айылдан тапсак болот? Ошко жакын элеби?


Менимче 80 км дей жолго, Апшырдан Ошко чейин...:oilonup:
Бул жөнүндө менден да мыкты билген достор бар,(кимдим огородуна таш ыргытып жатканымды түшүндүңөр да э :достор: )алар сөз кылаар деген ишеничтемин!
Эл бар бекен Көк-Жардай, жигиттери Көк жалдай?! Күлүп койсо кыздары, электр шамы жангандай... )))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#195 Пользователь офлайн   eldiyarmacho   14 Май 2013 - 20:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 725
  • Катталган: 21 Апрель 13
  • Соңку аракети: 30 Апр 2023 19:33
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Обл, Жалалабад р, Базар-Коргон с, Таш-Булак

fanat.kg 12 Май 2013 - 16:35 Ноокаттагы Кара-Кой жана
Шаңкол жайлоору көз уялтатко
чиркин, өзү Кыргызстан эң сулуу.
Аял алсан ноокаттан кыйналбайсын оокаттан деп бекеринен айтпайтда хе хе
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#196 Пользователь офлайн   eldiyarmacho   14 Май 2013 - 20:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 725
  • Катталган: 21 Апрель 13
  • Соңку аракети: 30 Апр 2023 19:33
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Обл, Жалалабад р, Базар-Коргон с, Таш-Булак

жалал абаддагы ташбулак айлы.менин алтынга алмаштыргыс туулган жерим да
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#197 Пользователь офлайн   KARL.MARKS   15 Май 2013 - 14:14

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 454
  • Катталган: 13 Март 13
  • Соңку аракети: 16 Июн 2014 13:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ак Буура

Кыргызстандын бардык айыл, район, шаарлары кооз... биринен бири өтөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#198 Пользователь офлайн   Rinatik94   15 Май 2013 - 15:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23 006
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2019 23:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:instagram шаары) @rinat_imankulov

Кокжар 92 менден да бир плюстар.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#199 Пользователь офлайн   lime_boy   15 Май 2013 - 17:06

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 638
  • Катталган: 17 Апрель 12
  • Соңку аракети: 26 Дек 2013 00:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:АЛАЙ

Ноокатда ушундай жазуулар,мал баскан кочолор,карагай жана тоолор башка эч нерсе жокбу?
Мисалы:Ноокат базарын,Тунку Ноокат шаарын,Абшыра- Ата шаркыратмасын ж.б кооз жерлердин суротторун илген адам жокбу...

Мужчины, никогда не
сражайтесь с женщинами.
И победа, и поражение будут
для вас позором.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#200 Пользователь офлайн   kgman92   15 Май 2013 - 17:48

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 133
  • Катталган: 13 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Авг 2025 21:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ысык Көл

Аял алсан Ноокаттан
Кыйналбайсын оокаттан! деп койчу беле Сүрөт
Тан атаар да кеч кирер,
Кайран омур эскирер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

  • (31 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 17 Авг 2025 10:38

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: