
Кыргызстандагы кооз жерлер, айыл, район, шаар ж.б. Сүрөттөр же жөн гана баяндоолор
#181 12 Май 2013 - 01:49

#182 12 Май 2013 - 09:35

Көрбөйт деп уурулук кылба.
#183 12 Май 2013 - 11:11
Шанкол илгери СЬЕЗД деп аталган.. Кийин Шанкол деп атап калышкан... Уламыштар бойунча бул жерде кытайлар жашаган экен илгери... ШАНКОЛ кытайлардын ШАНХАЙ дегенине окшоштуруп койулган дешет...
Шанкол айылы жонундо кыргыз тилчи мугалимибиз АСАН КАРИМОВ агайыбыздын чыгарган обондуу ыры бар ошону жаза кетсем...
Ата журтум он колум,
Атын сонун Шанколум.
Алпештеп бизди остургон
Затын сонун Шанколум.
Аркар, кулжа, теке ойноп
Аскан сонун Шанколум
жыт анкыган жылгада
Арчан сонун шанколум.
Дагы уландысы бар....
Анан айта кетуучу нерсе РЕСПУБЛИКА саясий партиясынын лидери Сулайманов Алтынбек да биздин айылдан!
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#184 13 Май 2013 - 10:28
Анан Нарын,Талас, Баткен жактагы айыл,район, шаарлар жонундо да билгим келет да.
сражайтесь с женщинами.
И победа, и поражение будут
для вас позором.
#185 13 Май 2013 - 11:22
/Ноокатым менин ооматым... /
Райондун түзүлгөн жылы-1928
Жеринин аянты-4044кв/км
Жалпы калкынын саны-210139
Айыл өкмөтү-15; 1 шаар тибиндеги Найман посёлогу бар.
Областтык борборго чейин-40км
Жакынкы аэропортко чейин-46км
Темир жол станцияга чейин-45км
Областагы административдик аймактык бирдик 1928-ж түзүлгөн. 2003-ж шаар деген статусун алган. Батыштан-Баткен обл. Кызыл-Кыя шаары,түштүгүнөн- Алай району,чыгышынан- Кара-Суу району,түндүгүнөн- Араван району, түнд-батышынан Өзбекстан Респ. менен чектешкен. Борбору-Ноокат шаары.
Табияты: Райондун рельефинде адырдуу тоо этектери басымдуу. Аймагында Ноокат өрөөнү(деңиз дегээлинен бийиктиги 1200-1700м),ага туташ адырлар Кичи-Алай кырка тоосу(4454м),Караван, Көк-Жар түздүгү жатат.
Райондун аймагынан Кыргыз-Ата, Абшыр-Сай суулары башталып,агып өтөт. Суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу үчүн Найман суу сактагычы курулган. Каралжын,боз, күрөң,кара-күрөң топурактары басымдуу.
Түздүктөрдө(деңиз деңг. 1200м бий.чейин) эрмен,шыбак, адырларда(1200- 1500м) чекенди,андан жогору(1500-2200м) бетеге, буудайык,тулам, үлпүлдөк,тобулгу, бөрү карагат,ит мурун ж.б. өсөт. 2000-2800м бийиктикте арча токою,андан жогору 3400м шалбалуу талаа глациялдык ландшафт алкактар ээлейт. Кемирүүчүлөр, токой чычканы,арс, суусар,түлкү, карышкыр,тоо эчки,сары чычкан, доңуз,кашкулак, илбирс,аркар, кекилик,кыргый, улар,бүркүт, сууларында сазан ж.б. бар.
Көмүр,сурьма, вольфрам кендери,курулуш материалдары бар.
Климаты континенттүү. Ноокат өрөөнүндө январдын орточо температурасы -2.6* С, июлда +24,4* С. Жылдык орточо жаан-чачын 270-300мм...
#186 13 Май 2013 - 12:02
#187 13 Май 2013 - 12:32
#188 13 Май 2013 - 12:42
Ноокатым оомат,оомат жалпы калкка,
Ноокатым койну толо атак-даңкка. ..
#189 13 Май 2013 - 13:10
1918-ж. Ноокат болуштугунда 'Аим-Арал' коммунасы түзүлгөн.
1928- Меркит-Муркут айыл совети түзүлгөн.
1928- Ноокат району түзүлгөн.
1928- 'Россия' колхозу уюштурулган(азыркы Зулпуев).
1929- Тельман колхозу түз.(аз. Кыргыз-Ата)
1930- Эски-Ноокат айылында алгачкы оорукана ачылган.
1934-ж 19-июлда 'Кызыл Ноокат' гезитинин 1-саны жарык көргөн(аз. 'Ноокат таңы'гезити)
1934- Салиева колхозу түз.(аз. Төөлөс)
1934- алгачкы китепкана ач-н(аз. райондук-борбордук кит.на)
1940- Ноокат каналы курула баштаган.
1964- чек аралары ажыратылып, кайрадан түзүлгөн.
1964- райондук оорукана ач-н.
1965- Найман посёлогу негиз-н.
1972- 'Улуу-Тоо' кинотетры ачылган.
1977- райондук тарыхый музей түзүлгөн.
1994- алгачкы мам.эмес уюм түз-н.
1996-Эски-Ноокатта ОшМУнун окуу борбору ач-н.
2003-ж 8-сентябрында Ноокат 'шаар' статусун алган.
.........
#190 13 Май 2013 - 13:38
kokjar92 (13 Май 2013 - 11:22) жазган:
1. Бел айыл өкмөтү (борбору- Бел айылы)
2. Гулистан(Фрунзе)
3. Жаңы-Ноокат(Жаңы- Ноокат)
4. Исанов(Жаңы- Базар)
5. Караташ(Караташ)
6. Кеңеш(Куу-Майдан)
7. Көк-Бел(Көк- Бел)
8. Кулатов(Кожо- Арык)
9. Көк-Жар(Көк- Жар)
10. Кыргыз-Ата(Көтөрмө)
11. Мирмахмудов(Чапаев)
12. Он эки-Бел( Он эки-Бел)
13. Зулпуев (Үчбай)
14. Төөлөс(Муркут)
15. Ынтымак(Ынтымак)
16. Найман посёлогу...
#191 13 Май 2013 - 14:27
Эми өзүмдүн кичи мекеним, киндик кан тамган жерим менен тааныштыра кетейин!
Көк-Жар жөнүндө жогорудагыдай статистика боюнча маалымат билбегеним аябай өкүндүрдү.

Ошентседа,өз билгендеримди жаза кетейин:
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн курамында 6 айыл бар:
1. Көк-Жар
2. Маданият
3. Алашан
4. Борбаш
5. Каранай
6. Жийде
Борбору- Көк-Жар айылы.
Көк-Жар деп аталып калганы боюнча уламыш-болмуштар:
1. Илгери көөөп жар болгон имиш, көп жар,көп жар деп жүрүп Көк-Жар деген атка ыңгайлашып калыптыр.
2. Илгери карышкыр көп болуп,аны көк жал деп да аташчу экен. Көк жал деп жүрүп Көк-Жар деп аталып калган имиш деген...ж.б.көптөгөн уламыштар эл оозунда айтылып келүүдө...
Ар түрдүү турак-жай,мекемелер жайгашкан:бала бакча,мектеп, оорукана,башкармалык, милиция,спорт мекемеси,маданият үйү,көптөгөн дүкөндөр жана Көк-Жар кичи базары,Жеңиш паркы,Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына эстелик монументи,банктар, ар түрдүү тейлөөчү борборлор ж.б.

Эли аябай мээнеткеч,мал чарбачылык, багбан,дыйканчылык менен алектенет. Айыл чарбасын негизин тамеки,жүгөрү, буудай,картошка, пияз,помидор ж.б.түзөт. Мал чарбасын мал жандыктары түзөт. Мөмө жемиштин түрү өстүрүлөт...
Кышы жылуу, жайы салкын келет...
#192 13 Май 2013 - 14:38
Береке,ыйманы мол НООКАТКЕНДЕ!
Ооматтан кечикпейли дегениңер,
Куш келгиле дос,туугандар биздин элге!
Билдирүүнү түзөткөн: kokjar92: 13 Май 2013 - 14:50
#193 13 Май 2013 - 14:48
Билдирүүнү түзөткөн: Umnitsa: 13 Май 2013 - 14:49
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#194 13 Май 2013 - 15:07
Ушул жерде токтойун,калганын башка форумчулар улап кетээр деген ойдомун!

Көңүл бурганыңыздар үчүн чоооң рахмат!

Jack.a (13 Май 2013 - 12:02) жазган:
Менимче 80 км дей жолго, Апшырдан Ошко чейин...
Бул жөнүндө менден да мыкты билген достор бар,(кимдим огородуна таш ыргытып жатканымды түшүндүңөр да э

#195 14 Май 2013 - 20:01
Шаңкол жайлоору көз уялтатко
чиркин, өзү Кыргызстан эң сулуу.
Аял алсан ноокаттан кыйналбайсын оокаттан деп бекеринен айтпайтда хе хе
#196 14 Май 2013 - 20:04
#197 15 Май 2013 - 14:14
#198 15 Май 2013 - 15:25
#199 15 Май 2013 - 17:06
Мисалы:Ноокат базарын,Тунку Ноокат шаарын,Абшыра- Ата шаркыратмасын ж.б кооз жерлердин суротторун илген адам жокбу...
сражайтесь с женщинами.
И победа, и поражение будут
для вас позором.
#200 15 Май 2013 - 17:48
Кайран омур эскирер