Бийлегенден тажабаган, ызылдаган жаштардын арасында кулагын жаба, тынч бөлмө издеп жатты. Аракты көп ичип алганы эми кыйнай баштады. Өзүнү
н бөлмөсү
нүн эшигин ачып, кайра шашылыш жаба койду. Кимдир бирөөлө
р кучакташкан абалда жатышат. Кичи залга жетти. Көргөн көзүнө
ишенбейт, бир эмес, үч жуп караңгы бөлмөдө
кучакташып турушат. Дагы бир бөлмөгө
барды, ичинен илинип турат. Демек, бирөө жарым жаман иш кылып жатат. Мейли эми, айла жок чоң залга барат. Эшикти ача койгондо эле, уч-төрт жигит арак куюшуп атышат. Туулган күндүн күнөө
көрүн көрө коюшуп, кызуу чакырышты. “Мен азыр, мага куюп тургула” деди да, сыз этип жөнөдү
. Мындан артык ичсе, дароо өзүн жоготорун сезип калды көрүнө
т. Бир гана тынч жер калды. Шашылгандай жөнөдү
. Ашканага жете, тарс эте эшикти ачты. Идиш-аяк жууп жаткан кыз чочуп кетти да, коркунучтуу көздөрү
менен карап калды. Туш тарабында күзгү турат. Өзүнү
н келбетин карай калды. Ооба, чын эле коркунучтуу көрүнө
т. Кызарган көздөрү
бырышкан жүзүнө
дал келип, кабагын бүркөө
көрсөткө
н калың кашы дал ачка калган карышкырдай көрсөтү
п турат. Мынчалык коркунучтуу көрүнгө
нүнө өзү да ыраазы. Ашуу ашкандай чарчаган буттары чыдатпай, отургучту көргөндө
сүйүнгө
нүнөн отура кетти. Мастыкка салып, андан катуу чочуп карап калган кызга тийишкиси келет. Шилекейин агыза, көздөрү
н ушалай ансайын коркута карайт.
Узун чачтуу, жылдыздуу көздөр,
келишкен жүзү, жана коркуп караганы кызыктырып жатты. Басып жыгылгысы келет. Тоскоол болгон карындашы гана мүмкүнчү
лүк бербейт. Бир гана айла, сөзгө тартыш керек экендигин түшүнү
п турат.
-Мын... Мынча коркосуң
чоң кыз?
Карындашы анын ордуна жооп берди:
-Өзүң
үздүн келбетиң
изди көрсөң
үзчү биринчи, Азиза эмес, мен да коркуп турам.
-Демек, атың Азиза тур-у-байбы ээ? – деп, карындашынын сөзүнө
көңү
л бургусу келген жоктой сөз бурду. Булдуруктап сүйлөп атканын сезе, башын чайкап койду да, “оф-ф” деп терең дем алып, астында турган муздак суудан жутту. -Кандай гана сонун ысым! Меники Болот.
Бир аз жылмайганы менен, дале коркуп турганы байкалат. Анысын жашыргандай,
колундагы идишин ары карай коюп, кайра бурулду да,
-Чынара сизди ичпейт деди эле, жаңылыштык кылып алган жоксузбу? – деп Болотту ыңгайсыз абалга калтырды.
-Мен негизи ичпейм. Бүгүн эле, бир аз ж-жыттамыш этип койдум да. Жыл сайын туула бербейсиң
да чынбы?
-...
Суроосу жоопсуз калды. Кыздын жактырбаганын сезгени менен, дале сөзгө тартсам деген ою турат.
-Алтыным менин, сендей карындаш дүйнөдө
жок!!!
Азамат! –Бул анын сөздү алыстан баштаганы эле. – Курбуң менен тааныштырсаң
боло?
-Мм, бул бизде окуйт. Биринчи курс. Түбү Нарындан болот. Жашы он сегизге жакында чыгат. Менин жакын курбум. –байкесине шыбырай, -Болочок жеңем болот – деди.
-Жакшы экен. Бул Чынаранын байкеси – өзүн көрсөтү
п, – Ош базарында иштейт, жакында үйлөнө
т, жашы жыйырма беште... –Чынарага жооп кылгандай кулагына шыбырай, - Азизанын болочок күйөө
сү – деди. Оюнун бир жерден чыкканына ыраазы болгон Чынара шыңкылдап күлүп алды.
Азиза өзүнү
н жумушу менен алек. Болоттун эмне жөнүндө
сүйлөп атканы, ага кызыксыз болуп жатты. Балким ою Алтынбекте болсо керек. Анын “өчтү
м” дегени негиздүү
болуп жатат окшойт. Эмне болоорун сезсе керек. Туура эмес кылып жатканын ойлоп калды. Чынара күнөлү
үбү? Ооба, ал байкесин ичпейт деген. Мына эмесе, ал гана эмес, тамекисин да түтөтү
п баштады. Жанында тургусу келбей, кылып жаткан жумушун да таштап, Чынаранын бөлмөсү
нө бет алды. Эшикти ичинен илип, ойлуу жумшак диванга кулады. Бир күндөрү
бактылуу күндөр өткөнү
н элестеп атты. Ооба, Алтынбек экөөсү
ысыкка чыдабай, бульвардагы фантандан чыккан сууга жуунуп жатышкан. Алтынбек Азиза байкабай турган убакта, сууну аппак көйнөгү
нө чачып ийген болчу. Суу болгон көйнөгү
денесин ачыкка чыгарып, Алтынбекке таарынганына өкүнү
п атты. Аттиң... Ошол күндөр кайтып келсечи. Алтынбекке таарынмак түгүл,
бекем кучактап, эркелемек!
Ал аз келгенсип, дагы чач дегенсип, эркелей качмак. Бирок, өткөн күндөр кайрылып келбес! Бир келген ыйык сүйүү
сезимине жетпей калганына катуу өкүндү
. Мынчалык тагдырына капа болгон эмес эле. Бул саам, жанында Алтынбек болсо, жыттагылап гана өпкүлө
сө... Убакыт өтөө
р... Бирок, Алтынбек башка кыз менен бактысын таап кетсечи? Көзүнө
башка кыз менен жетелешип кетип бара жатканын элестетип алып, көзүнө
н жаш чыгара ыйламсырай кетти. Жакында туулган күнү. Баардык достору келсе керек. Бирок Алтынбектин келишинен күмөн санайт. Чакыруусуна макул болбой койсо эмне кылат? Курбу кыздары эмне дейт? Мейли, Чынара түшүнсү
н... Жок, Алтынбек айткандай, Чынаранын бир ою барбы? Алтынбек эмнелерди гана айткысы келди эле? Чынара ички-дүйнө
сүнөн кандай адам??? Бирок, бул суроолор жоопсуз калып жатты. Көзү илине кетиптир. Канча уктаганы белгисиз, баятан бери Азиза жөнүндө
план курушуп, көңү
лдүү сүйлөшү
п бүтүп,
Азизаны издеп келди, Болот. Эшикти тыкылдатып жатканынан ойгонуп кетип, көзүн ушалай илгичти ача койду. Мас абалдагы Болотту көрүп,
жүрөгү
оозуна тыгыла калды. Болот карышкырдай болгон келбети менен, коёнду кармагандай кирип келе жатканда, достору аны көрө калышып,
-Болот, кайда жүрөсү
ң? Сени таппай жатпайбызбы – деп, ой-боюна койбой бийге тартышып кетишти. Кудайдын сактаганына тообо келтирип, эшикти кайра ичинен жапты. Бирок, кайра келип калышын билип, Чынаранын жанына барганга умтулду. Жетип эле, ыйлап ийди. Аны соорото, эмне болгонун билсе да сурап атты. Айтып бере албай, шолоктоп ыйлай берди. Мыйыгынан жылмайган Чынара, өз ишин уланта берди. Байкеси ошону менен кайтып келген жок. Түн оокумда баары уктаганга умтулганда,
Болоттун бир бурчта уктап калганын көрдү.
Баракча 1 - 1
Сүйүү арманы Аңгеме
#1 07 Февраль 2009 - 05:12
Киргиз,
суйлоп корчу таза кыргызча,
Ким билет, балким кылбас ашыкча.
Киндик канын тамса Кыргызда,
Кимсин сен, суйлоп жатып орусча?
Ким билет, балким кылбас ашыкча.
Киндик канын тамса Кыргызда,
Кимсин сен, суйлоп жатып орусча?
#3 15 Август 2010 - 02:30
aha, kyzdar 100 zholu ishensener da 1000 zholu tekshergile...
Всем большое спасибо, за проведенное время в супер инфо...я влюбилась в ВРЕМЯ и я не хочу ее больше терять...
#4 18 Август 2010 - 20:16
уландысы барбы же жарым бойдон калабы ?
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#6 22 Апрель 2013 - 13:02
#8 12 Февраль 2016 - 08:47
Каап чала экенин билгенде окумак эмесмин.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
Баракча 1 - 1