Эне бар үчүн биз барбыз, аалам бар, адам бар, турмуш бар, жашоо бар. Сиз жана биз бир кичинекей тамчы суудан эненин денесинде кыймылга кирип, бир бурдам эттен чоңоюп адам болгонбуз. Бул үчүн энеге карыздарбыз.
Пайгамбарыбыз Мухаммад (алейхис-салам) хадистеринде "Алланын алдында төрөгөн аял төрөбөгөн чырайлуу аялга караганда өйдөрөөктүр"
деп айтат. Дагы бир осуяттарында "Кимге жакшылык кылайын?"
деген сахабанын суроосуна: “Адегенде энеңе, дагы энеңе жана дагы энеңе, анан атаңа жакшылык кыл” деп, үч жолу “энеңе”, анан барып төртүнчүсүндө “атаңа” деген.
Акылман Саади минтип жазат:
«Эненин азада бою, же сүмбүл мүчөсү келишкен бир дарак болсо, перзент ал дарактын сулуулугунан жаралган мөмөсү жана натыйжасы. Эненин көкүрөк тамырлары жүрөк ичинде эмеспи? Акыйкат көзү менен карасак, эне сүтү анын жүрөк каны. Ошон үчүн перзентке эненин мээр-махабаты атаныкына караганда көбүрөөк болот. Айрым перзенттер баарынан ыйык, ары мээрбан эненин кадыр-сыйын билишпейт. Бир жаш жигит энесинин сөзүнө кулак салбады. Кыйкырып-өкүрүп анын дилине азар берди. Мээрман эне уулунун кылыгынан көңүлү сууп, көзүнө жаш алды. Анан уулунун наристе кезинде жаткан бешигин анын алдына алып келип коюп мындай деди:
- Эй, жаштыгын, наристе чагын унуткан уят-сыйытсыз акмак! Мына бул бешикти көрдүңбү!
? Наристе кезиңде сени ушул бешикке бөлөп, кечкисин таң атканча уктабай терметер элем. Адеп ыйлай берсең бешиктен чечип алып, боорума басып сооротор элем. Өтө көптөгөн түйшүктөрдү тартып, машакаттарды көрүп сени тарбияладым.
Сен деп көп кыйынчылыктарды тарттым. Мына эми эр жетип, күч-кубатка толдуң, бирок жаштыгыңды жана наристелик дооруңду унутуп, мээрман энеңе баш ийбейсиң!
Анын көңүлүн жаралап, көз жашын төктүрөсүң.
Андай кылбагын, уулум, эненин махабаты канчалык зор жана чексиз экендигин унутпагын!
Мен дагы, атаң дагы дайыма сенин бактылуу, таалайлуу болушуңду каалайбыз. Бизди капа кылбагын, дилибизди оорутпагын,
айткандарыбызды кабыл тутуп, бизди ыраазы кылып, батабызды алгын!
Энесинин ыйлап айткан сөздөрү жигиттин жүрөгүнө октой кадалды. Ал өзүнүн кылган кылмышына бушайман болду. Энесин бек кучактап алып көзүнөн, бетинен өпкүлөдү, ыйлап кечирим сурады. Эне эмеспи, уулунун күнөөсүн кечирип жүзүнөн өөп, ага ак батасын берди".
Бул байыркы нускада эне-бала мамилесинин бир учуру таамай, таасын чагылдырылат.
Бирок дайым эле энени ушундай абалга жеткирип туруп, анын көз жашын төгүшүбүз керек беле? Эненин көз жашы – сел, эгер ал селди биз – балдары, байкабай агызып ийсек, ал сел баланы да, анын кийинки муундарын да агызып кетет.
Эненин эң улуулугу – бала төрөгөндүгү.
Хадистерде мындай бир кеп айтылат: "Кайсыл аялдын үч перзенти балакатка жетпей учуп кеткен болсо, мына ошолору аны тозоктон куткаруучу бир көшөгө болот". Демек, бала үчүн эненин ушунчалык бир улуулугу, анын ошол жан бирге, боор эт болуп калган баласынан айрылуусу ушунчалык бир оорлукка турарын, ошонусу үчүн Жараткан аны тозок отуна ыраа көрбөстүгү тастыкталат.
"Төрөбөгөн чырайлуу аял ордуна кара болсо да төрөй турган аял алгыла!
Себеби мен (кыямат күнү) диндештер арасында силердин көптүгүңөр менен сыймыктанамын"
,- деп айтылып, дагы бир хадистерде эненин бейнеси бийикке чыгарылуу менен эркектерге төрөгөн аялдарды алып, киши санын көбөйтүүнүн милдети чоң экендиги насаатталат.
"Боюнда бар аялдар, перзент төрөгөндөр,
балдарына мээрман болгондор эгер күйөөлөрүнө кылган бейадепчилиги болбогондо намаз окугандарынын баары түз эле бейишке кирген болор эле,"- делет Пайгамбарыбыздын дагы бир осуятында.
Кеңири таралган уламыш. Кыз сүйөмүн деген жигитине "сен энеңдин жүрөгүн суурап алып, мага алып келсең, мен сага күйөөгө чыгууга макул болом" дейт. Бул кыздын шартын жигит энесине келип айтса, энеси макул болот да, жүрөгүн сууруп берет. Энесинин жүрөгүн алып антаңдап шашып бараткан жигит бир жерге чалынып жыгылат. Ошондо эненин жүрөгү айтат дейт: "Атаны балам ай, абайлап баспайт белең, бир жериң ооруп калган жокпу?"
Эне деген мына ушундай. Энесин ажы кылганы алыс сапарга жонуна көтөрүп барган баланын кызматы анын бир түндүк гана уйкусун бөлгөнүнө татыры айтылат.
Мухаммад Пайгамбарыбыз:
"Эгер атаң да, энең да бирдей чакырса, биринчи кезекте энеңе жооп кыл" дейт. Бул жерде атанын ролун төмөндөтүү эмес, эненин ролун көтөрүү ою уялатылган.
Инсандын кандай инсан экендиги энеге кылган мамиледен билинет. Эне бала үчүн баарына татыйт, баланын бүт жамандык-жакшылыгы эненин жүрөгү аркылуу өтөт, сен ооруп атсаң энең сенден көбүрөөк ооруйт. Ошон үчүн хадистерде айтылат: "Бейиш эненин таман астында" деп.
Ушул сөздөн улам дагы бир окуяны айтпасак болбостур: Чыгыш элинин бир өлкөсүнүн даңазасы таш жарган бир падышасынын жер чеги кеңейип, ал өкүмдардын мамлекеттин бир жагынан экинчи жагына барууга убактысы ушунчалык тар экен. Ошондой тар убактысынан эптеп орун таап, ишсапарларында падыша энесине кирип өтөт. Энеси, албетте, баласынын келгенине жетине албай кубанат, конок камы көрүлөт, а бирок падыша-уулдун убактысы тар, тезирээк эле кетүү керек. Ошондо энесине кантип муну айтарын билбей: “Кел, эне тамыныңдан өбөйүн?” дейт. Энесине ыңгайсыз болот, уулу падыша болсо, анан анын таманын өөп жатса, “Кой, балам, менин таманымдын несин өбөсүң” дейт. Ошондо уулу “Бейиш эненин таман астында дейт, а сиз менин бейишке барышымды каалабайсызбы” деп жарга такайт, энеси аргасыз таманын уулуна тосуп берет, убактысы тар падыша-уул болсо эненин таманын өөп, эненин көңүлүн алып жолго чыгат. Ошон үчүн айтат: “Ата көңүлүн ооруткан эл ичинде кор болот, эне көңүлүн ооруткан сындырым нанга зар болот”.
Кийин ар дайым ары-бери өткөндө убактысынын зык экенинен карабай, энесинин таманынан жыттап-жыттап алып, андан соң сапарын улантчу экен ошол падыша.
Баласын көз карегиндей сактаган эне. Эң мыкты ырлар, дастандар, чыгармалар эне жөнүндө. Эне тууралуу чыгармалар начар жазылууга тийиш эмес, анткени ал бала үчүн эң жакын адамга – энеге арналат.
Дагы бир мындай окуя айтылып келет: Кайсыл бир доолордо кайсыл бир элди жоо басыптыр. Кайсыл доор, кайсыл эл экендигинин бул жерде мааниси анчалык эмес, анткени баардык доордо, баардык элдерде энелер окшош келет эмеспи. Душман журтту кызыл уук кылып кырат. Энеге да кезек келет. Эне болсо жалгыз уулу менен жалгыз кызын бапестеп багып, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай өстүрчү экен.
-Сени эмес, кийин өч алуучу уулуңду өлтүрөбүз!
- дешет душмандар.
-Жок, уулум үчүн мен өлүүгө даярмын! - дейт эне.
-Андай болсо бир уулуң үчүн бир көзүңдү, бир кызың үчүн экинчи көзүңдү оюп алабыз! – дешет.
Эне макул болот. Макул болуп эки көзү оюлуп жатса, балдары тирүү калганга ууртунда жылмаюу пайда болот.
Эне деген ушундай жаралган да. “Ата – билек, эне – жүрөк” деген сөз бекер айтылбайт десеңер.
Эне үчүн бала ар дайым – бала, перзент.
Демек, ата-эне ыраазы болушу керек, ансыз кишинин иши да жүрүшпөйт, иши оңуна кетмек түгүл башка жаза да алат. Ата-эне үчүн да перзенттен ширин нерсе жок.
“Адамзаттын эң биринчи тарбиячылары энелер” (О.Гольдсмит) болсо, адамзаттын тарыхы, басып бараткан келечеги энелерге байланыштуу.
Казактар “энеси бар адамдар эч качан кор болбойт” десе, кыргызда “Эне сүтүн актоо – унутулгус карыз” дешет.
Энеге мамиле
#2 12 January 2011 - 21:46
Эне бар үчүн биз барбыз, аалам бар, адам бар, турмуш бар, жашоо бар.
http://muslim.kg/mai. ..ege-mamile.html
#3 12 January 2011 - 22:42
Жогоруда Dodge корсоткон шилтемeден коптогон кызыктуу маалыматтарды жана жашоодо керектуу улгу,сабактарды алсанар болот.
Dodge
Dodge
#4 13 January 2011 - 11:19
Кандай соонун создор!!
!
Романтик, пайдалуу, жагымдуу ошол эле учурда журокко жеткире кенеш бергенинизге чоон рахмат! Бар болунуз!! !
Мындан бир-эки ай мурун "Эхо жанырыгы" каналында Муфтий Чубак Ажы суроолорго жооб берип аткан эле. Бир убакта мындай суроо келди: "Энесине кол которгон баланын тагдыры кандай болот?" - деп. Анда Чубак Ажы бул суроону окуп, ойлуу карап, мукактана баштады... суроого жооб берейин деген сайын ошол Эне менен баланы коз алдына элестетти корунот, козунон жаш тегерип, ортодо рекламалык тыныгуу деди, (коруп отурган коруучулорду да бул суроо кайдыгер калтырбаса керек, бери жакта отуруп, биздинда козубуз жашылданып, баштан ылдый муздак суу куйгандай эле болду...) Анан мындай деди: "Эгер мумкун болсо ошол баланы атып эле ташташ керек!" -деген жооб узатты!! !
АЛЛАХ сактасын мындай корунуштордон. Жаштарыбызда бекем ыйман болуп, Энелерди урматтай-сыйлай билелик!! !
Бар болушсун биздин кадырлуу, ардактуу, мээримдуу - ЭНЕЛЕРИБИЗ! !!
Романтик, пайдалуу, жагымдуу ошол эле учурда журокко жеткире кенеш бергенинизге чоон рахмат! Бар болунуз!! !
Мындан бир-эки ай мурун "Эхо жанырыгы" каналында Муфтий Чубак Ажы суроолорго жооб берип аткан эле. Бир убакта мындай суроо келди: "Энесине кол которгон баланын тагдыры кандай болот?" - деп. Анда Чубак Ажы бул суроону окуп, ойлуу карап, мукактана баштады... суроого жооб берейин деген сайын ошол Эне менен баланы коз алдына элестетти корунот, козунон жаш тегерип, ортодо рекламалык тыныгуу деди, (коруп отурган коруучулорду да бул суроо кайдыгер калтырбаса керек, бери жакта отуруп, биздинда козубуз жашылданып, баштан ылдый муздак суу куйгандай эле болду...) Анан мындай деди: "Эгер мумкун болсо ошол баланы атып эле ташташ керек!" -деген жооб узатты!! !
АЛЛАХ сактасын мындай корунуштордон. Жаштарыбызда бекем ыйман болуп, Энелерди урматтай-сыйлай билелик!! !
Бар болушсун биздин кадырлуу, ардактуу, мээримдуу - ЭНЕЛЕРИБИЗ! !!
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#6 13 January 2011 - 15:31
Чындап эле энеге кол которгон баланы атыш керек эне эмне аны чонойтуп бакканы учун кордук коруш керекпи?
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#7 14 January 2011 - 18:09
Аябай соонун макала экен Буну окуган ар бир адам таалим тарбия адеп ахлак алат озуно Рахмат сизге Романтик байке
Баары жакшы болот!
#8 06 April 2011 - 12:15
Телефондун будильниги шынгырап калды. Уйкулуу коздору менен телефонду очургончо шашып, жок дегенде беш мунот уктап алайынчы деп, кайра жатып алды. Бир аздан сон - "Саат болуп калды, кечигесин Кызым, тур, тамак ичип анан чык" деди Эне. Ары бери басып даярдангыча сааттын жебеси 6-30 болду. Шашкалактап барып, чай ичип, кетууго камына баштады. Ангыча Эне Озунун бели ооруганына карабай, туруп, чачынан сылап жумушка узатты.
Эч нерсеге маани деле бербей, жумушка келди. Бир аздан сон телефон чалып "Кызым, жакшы жеттинби, кечинде канчаларда келесин?" деп сурады Эне. Анда Кызы - "Жумуш бутоору менен эле барам Апа" -деп ойлуу отуруп калды.
Ары жакта "Энеке" - деген ырларды угуп, козу жашылданды.
Ардагым Апаке, АЛЛАХЫМ Сизге чын ден-соолук берип, эртерээк айыгып кетинизчи! !!
Эч нерсеге маани деле бербей, жумушка келди. Бир аздан сон телефон чалып "Кызым, жакшы жеттинби, кечинде канчаларда келесин?" деп сурады Эне. Анда Кызы - "Жумуш бутоору менен эле барам Апа" -деп ойлуу отуруп калды.
Ары жакта "Энеке" - деген ырларды угуп, козу жашылданды.
Ардагым Апаке, АЛЛАХЫМ Сизге чын ден-соолук берип, эртерээк айыгып кетинизчи! !!
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#9 06 April 2011 - 12:25
Сөзү:
Ж.Жумакадырдыкы
Обону: З.Арыкбаевдики
Ааламга таанытып көзүмдү,
“Апа” деп кубантып өзүмдү.
Ар убак арнадың мен үчүн,
Алтынга алмашкыс кезиңди
Сагынсам, алдыңа барам жай,
Сапардан кайтуучу адамдай.
Санаада жүрөмүн апаке,
Сага арнаар бакытты таба албай.
Күнүмсүң нур чачкан асманда,
Гүлүмсүң кумарым артканга.
Кымбатым тамырым өзүңдө,
Кыйналам сен түйшүк тартканда.
Өкүнбөс өмүрлөр аз экен,
Өзүң бар көңүлдөр жаз экен.
Өткөрүп бактылуу күндөрдү,
Өмүрлүү боло кор апаке.
Обону: З.Арыкбаевдики
Ааламга таанытып көзүмдү,
“Апа” деп кубантып өзүмдү.
Ар убак арнадың мен үчүн,
Алтынга алмашкыс кезиңди
Сагынсам, алдыңа барам жай,
Сапардан кайтуучу адамдай.
Санаада жүрөмүн апаке,
Сага арнаар бакытты таба албай.
Күнүмсүң нур чачкан асманда,
Гүлүмсүң кумарым артканга.
Кымбатым тамырым өзүңдө,
Кыйналам сен түйшүк тартканда.
Өкүнбөс өмүрлөр аз экен,
Өзүң бар көңүлдөр жаз экен.
Өткөрүп бактылуу күндөрдү,
Өмүрлүү боло кор апаке.
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#10 08 May 2013 - 17:40
Ene degen soz ozu ele kandai kooz!
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#11 13 May 2013 - 02:19
Макаланы окуп,коз жашымды тыйа албай бир сыйра ыйлап алдым.себеби апакемди ушунчалык сагындым.Эми сиздин ордунузду эч ким,эч бир жан баса албайт апакем.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#12 13 May 2013 - 02:48
Эшик ачып дуйного жарык берген,
Кучагында термелип сутун эмгем.
Шоола чачып омурго кубат берген,
Кубанычым ырахатым алтын энем.
Кучагында термелип сутун эмгем.
Шоола чачып омурго кубат берген,
Кубанычым ырахатым алтын энем.
#13 13 May 2013 - 06:42
Кеткен болсо эгер ката
Кечиргин мендей уулду жаным апа
Соз беремин экинчи эч качан деп
Маанайызды тушуруп кылбайм капа
Кечиргин мендей уулду жаным апа
Соз беремин экинчи эч качан деп
Маанайызды тушуруп кылбайм капа
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#14 13 May 2013 - 16:52
Мен раазымын Апакеме торогон,
Алдей айтып Ак бешикке бологон.
Азап тартып жыгылайын деседа,
Сен жыгылба балам деген жологон.
Апакебай жарык дуйно озунуз,
Жашоодо сиз жанып турган козубуз,
Айткан созун унутпаймын апаке,
Акылманым даанышманым озунуз!
Ушул саптар жагып калдыда,бул жаккада жазып койдум.
Алдей айтып Ак бешикке бологон.
Азап тартып жыгылайын деседа,
Сен жыгылба балам деген жологон.
Апакебай жарык дуйно озунуз,
Жашоодо сиз жанып турган козубуз,
Айткан созун унутпаймын апаке,
Акылманым даанышманым озунуз!
Ушул саптар жагып калдыда,бул жаккада жазып койдум.
#16 04 June 2013 - 01:59
#17 04 June 2013 - 02:01

Супер-Инфо
super.kg
видео
















