Махабат-
бул...
Сүйүү-бул сүйгөнүңдүн шартына көнүү...
Поэзия баракчасы... (Исмаилова Умиданын сезим тамчылары...)
#21 14 May 2013 - 00:25
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#22 14 May 2013 - 00:36
(Жалаң гана махабат жөнүндө...)
Махабат теңсиз дүйнө ырлары бар,
Ырларын камтып бүткүс сырлары бар.
Махабат жар күлкүсүн жалгыз жүктөп,
Жашоону ачык кылган сырлары бар.
Ашыкпа сүйүү болот убагында,
Кулпунуп өскөн он сегиз жаш курагыңда.
Андыктан терең ойлоп,терең түшүн,
Сүйүүнүн жакшынакай сырларына...
Махабат теңсиз дүйнө ырлары бар,
Ырларын камтып бүткүс сырлары бар.
Махабат жар күлкүсүн жалгыз жүктөп,
Жашоону ачык кылган сырлары бар.
Ашыкпа сүйүү болот убагында,
Кулпунуп өскөн он сегиз жаш курагыңда.
Андыктан терең ойлоп,терең түшүн,
Сүйүүнүн жакшынакай сырларына...
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#23 14 May 2013 - 00:45
Сагыныч
Алыссыз,жете албастан сагынамын,
Айласыз аралыкка багынамын.
Агамды аман кой деп эл ичинде,
Ар дайым Жаратканга жалынамын.
Сиз дагы биз тарапты эстейсизби?
Сагынуу кандайлыгын сезбейсизби?
Таркатып көптөн күткөн сагынычты,
Бир келип жолугушуп кетпейсизби?
Кай жерде жашабаңыз эсен жүрүң,
Кайгырбай ар убакта шаттуу күлүң.
Ылайым узун болсун өмүрүңүз,
Жашоодо эң бактылуу өмүр сүрүң...
Алыссыз,жете албастан сагынамын,
Айласыз аралыкка багынамын.
Агамды аман кой деп эл ичинде,
Ар дайым Жаратканга жалынамын.
Сиз дагы биз тарапты эстейсизби?
Сагынуу кандайлыгын сезбейсизби?
Таркатып көптөн күткөн сагынычты,
Бир келип жолугушуп кетпейсизби?
Кай жерде жашабаңыз эсен жүрүң,
Кайгырбай ар убакта шаттуу күлүң.
Ылайым узун болсун өмүрүңүз,
Жашоодо эң бактылуу өмүр сүрүң...
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#24 14 May 2013 - 01:01
Жүрөктөр ыйлайт
Көздөрүң оттой болуп жанып турса,
Сөздөрүң мени өзүңө тартып алса.
Жүрөгүм жалгыз гана сен деп урса,
Акым барбы мен сени унутууга.
Күндө көрөм,бирок менден алыстасын,
Сүйөрүмдү бир өзүңө айталбаймын.
Көздөрүң жалдырап карап турса,
Анан кантип эзилип ыйлабайын.
Ардагым ар дайым жытың искейм,
Сендейди таба аламбы муну билбейм.
Айласыздан жароокерим жолугаар деп,
Көпчүлүктүн арасынан сени издейм.
Уктасам, түн уйкумдан ойготоорсун,
Ойлонсом, санаам болуп чөмүлөсүн.
Эгерде жол жүргөндө сени эстесем,
Жалооруп жолоочудай көрүнөсүн.
Көздөрүң оттой болуп жанып турса,
Сөздөрүң мени өзүңө тартып алса.
Жүрөгүм жалгыз гана сен деп урса,
Акым барбы мен сени унутууга.
Күндө көрөм,бирок менден алыстасын,
Сүйөрүмдү бир өзүңө айталбаймын.
Көздөрүң жалдырап карап турса,
Анан кантип эзилип ыйлабайын.
Ардагым ар дайым жытың искейм,
Сендейди таба аламбы муну билбейм.
Айласыздан жароокерим жолугаар деп,
Көпчүлүктүн арасынан сени издейм.
Уктасам, түн уйкумдан ойготоорсун,
Ойлонсом, санаам болуп чөмүлөсүн.
Эгерде жол жүргөндө сени эстесем,
Жалооруп жолоочудай көрүнөсүн.
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#25 15 May 2013 - 01:44
Жараланган жүрөк
Кыйнадың го жүрөгүмдү жаралай,
Таштап кеттиң көз жашыма карабай.
Сүйөмүн деп канча мени алдадың,
Башында эле айтпайт белең алдабай.
Жүрөгүм аппак сүттөй таза эле,
Оттой болуп дайым күйүп турар эле.
Көңүлүндө бир кири жок наристе,
Сүйүү эмне,арман эмне билбес эле.
Азаптарга салат деп ойлобогон,
Сени ойлоп түндөрү көп ойгоном.
Ушунчалык ташбоор да болосунбу,
Мен жөнүндө бир да ойлоп койбогон.
Тагдырдан качып эч кутула aлбайм,
Бешенеге жазыптыр,көрөм, чыдайм.
Мен сени бактылуу кыла албадым,
Каалаймын бир өзүңө бакыт-таалай.
Кыйнадың го жүрөгүмдү жаралай,
Таштап кеттиң көз жашыма карабай.
Сүйөмүн деп канча мени алдадың,
Башында эле айтпайт белең алдабай.
Жүрөгүм аппак сүттөй таза эле,
Оттой болуп дайым күйүп турар эле.
Көңүлүндө бир кири жок наристе,
Сүйүү эмне,арман эмне билбес эле.
Азаптарга салат деп ойлобогон,
Сени ойлоп түндөрү көп ойгоном.
Ушунчалык ташбоор да болосунбу,
Мен жөнүндө бир да ойлоп койбогон.
Тагдырдан качып эч кутула aлбайм,
Бешенеге жазыптыр,көрөм, чыдайм.
Мен сени бактылуу кыла албадым,
Каалаймын бир өзүңө бакыт-таалай.
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#26 15 May 2013 - 01:53
Сезим тамчылары
Издебедим капысынан кабылдың,
Эстейинчи,кайдан, качан табылдың.
Табылдың да,жүрөгүмө өрттү коюп,
Таштап койдун арасына жалындын.
Жашаймын арман,кайгы талаасында,
Козгодуң жүрөгүмдүн жарасын да,
Бар бекен мага окшогон таалайсыздар,
Жашап жаткан адамзат арасында.
Жалгызмын мен,жалгызмын бул ааламда,
Анткени өзүң жоксун эч жанымда.
Неге айтчы ара жолго таштап мени,
Калтырдың бул айыкпас оор дартка...
Издебедим капысынан кабылдың,
Эстейинчи,кайдан, качан табылдың.
Табылдың да,жүрөгүмө өрттү коюп,
Таштап койдун арасына жалындын.
Жашаймын арман,кайгы талаасында,
Козгодуң жүрөгүмдүн жарасын да,
Бар бекен мага окшогон таалайсыздар,
Жашап жаткан адамзат арасында.
Жалгызмын мен,жалгызмын бул ааламда,
Анткени өзүң жоксун эч жанымда.
Неге айтчы ара жолго таштап мени,
Калтырдың бул айыкпас оор дартка...
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#27 15 May 2013 - 02:11
Кыздын арманы
Жаңылдым мен түз жолумдан жаңылдым,
Жакын көргөн адамымдан айрылдым.
Кокусунан кез жолугуп тар жолдо,
Тумчуктурдуң бороонуна тагдырдын.
Ал бороонго мен туруштук бере албай,
Аргасыздан жакынымды таштадым.
Унута албай ошол жакын кишимди,
Ыйык атын жүрөгүмө сактадым.
Кокусунан колдон учкан бактымдын,
Биле албадым эмне экенин себебин.
Үмүт үзбөй күтүп жүрдүм,бир күн жашоодо,
Ал бактымдын кайра кайтып келээрин.
Колдон учкан ошондогу бактымды,
Көп издедим,бирок өзүн таппадым.
Бүлө күтүп,ордум таап турмушта,
Жашап жатам жары болуп башканын...
Жаңылдым мен түз жолумдан жаңылдым,
Жакын көргөн адамымдан айрылдым.
Кокусунан кез жолугуп тар жолдо,
Тумчуктурдуң бороонуна тагдырдын.
Ал бороонго мен туруштук бере албай,
Аргасыздан жакынымды таштадым.
Унута албай ошол жакын кишимди,
Ыйык атын жүрөгүмө сактадым.
Кокусунан колдон учкан бактымдын,
Биле албадым эмне экенин себебин.
Үмүт үзбөй күтүп жүрдүм,бир күн жашоодо,
Ал бактымдын кайра кайтып келээрин.
Колдон учкан ошондогу бактымды,
Көп издедим,бирок өзүн таппадым.
Бүлө күтүп,ордум таап турмушта,
Жашап жатам жары болуп башканын...
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#28 11 November 2013 - 17:51
Мугалиммин!
Мен киммин?!
Жөп-жөнөкөй мугалиммин. ..
Билимимди окуучуга арнаган,
Балдарыма бекем тынчтык каалаган,
Жаш муунду алга карай таптаган.
Мен киммин?!
Айлыгы аз мугалиммин. ..
Окуучума кээ учурда энесимин,
Ардактаймын. ..сыймыгымсын кесибим,
Кулу болом керек болсо илимдин
Мен киммин?!
Байлыгы аз мугалиммин,
Эмгегимди мектебиме сиңирген,
Акыл айтып, насаат айтып окуучуга
Жан күйдүрүп мектеп үчүн жашап келем...
__________________________________________
*Кесибим
Кесибимди асмандагы айга теңейм,
Билимимди окуучума талбай берем.
Кошуу, бөлүү, кемитүү амалдарын,
Түшүндүрүп балдарга жеткиремин. ..
(с) И.У.
Мен киммин?!
Жөп-жөнөкөй мугалиммин. ..
Билимимди окуучуга арнаган,
Балдарыма бекем тынчтык каалаган,
Жаш муунду алга карай таптаган.
Мен киммин?!
Айлыгы аз мугалиммин. ..
Окуучума кээ учурда энесимин,
Ардактаймын. ..сыймыгымсын кесибим,
Кулу болом керек болсо илимдин
Мен киммин?!
Байлыгы аз мугалиммин,
Эмгегимди мектебиме сиңирген,
Акыл айтып, насаат айтып окуучуга
Жан күйдүрүп мектеп үчүн жашап келем...
__________________________________________
*Кесибим
Кесибимди асмандагы айга теңейм,
Билимимди окуучума талбай берем.
Кошуу, бөлүү, кемитүү амалдарын,
Түшүндүрүп балдарга жеткиремин. ..
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#29 11 November 2013 - 17:57
Мен аялмын!
Мен аялмын ... жерге тынчтык каалаган,
Мен аялмын.. . бала сүйүп таптаган.
Мен аялмын... жардын болуп жубайы,
Улуулукту, сулуулукту сактаган!
Мен аялмын. .. бала сүйүп эркелеткен,
Мен аялмын... жары менен жетелешкен.
Мен аялмын. .. жумшак таза жүрөгү,
Ачуулансам аягына жетпеген.
(с) И.У.
Мен аялмын ... жерге тынчтык каалаган,
Мен аялмын.. . бала сүйүп таптаган.
Мен аялмын... жардын болуп жубайы,
Улуулукту, сулуулукту сактаган!
Мен аялмын. .. бала сүйүп эркелеткен,
Мен аялмын... жары менен жетелешкен.
Мен аялмын. .. жумшак таза жүрөгү,
Ачуулансам аягына жетпеген.
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#30 11 November 2013 - 18:34
Уулум Жуманурга...
Кичинекей Жуманурум бөжүрөгөн,
Таң нурлары төгүлгөнсүйт жүздөрүңдөн.
Балкып денем элжирейт уккан сайын,
Балдай тамган "апа" деген сөздөрүңдөн.
Эркем менин Жуманурум мөлтүрөгөн,
Күндүн нуру себилет көздөрүңдөн.
Ап-апакай, таптазасын, периштемсин,
Бакыт кушу көрүнгөнсүйт бир өзүңдөн.
Жөжөсүсүң, балапанысын энекеңдин,
Жөлөгүмсүң, өстүрөйүн, эркелейин.
Кереметтүү жашоодо кемибегин,
Кенен болсун таалайлуу келечегиң...
(с) И.У.
Кичинекей Жуманурум бөжүрөгөн,
Таң нурлары төгүлгөнсүйт жүздөрүңдөн.
Балкып денем элжирейт уккан сайын,
Балдай тамган "апа" деген сөздөрүңдөн.
Эркем менин Жуманурум мөлтүрөгөн,
Күндүн нуру себилет көздөрүңдөн.
Ап-апакай, таптазасын, периштемсин,
Бакыт кушу көрүнгөнсүйт бир өзүңдөн.
Жөжөсүсүң, балапанысын энекеңдин,
Жөлөгүмсүң, өстүрөйүн, эркелейин.
Кереметтүү жашоодо кемибегин,
Кенен болсун таалайлуу келечегиң...
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#31 11 November 2013 - 19:41
ЖАШТЫКТЫН ОЙЛОБОГОН КАДАМДАРЫ...
Жашаймын арман кайгы талаасында,
Козгодуң жүрөгүмдүн санаасын да.
Бар бекен мага окшогон бактысыздар,
Жашап жаткан адамзаттын арасында.
Сени деп канча адамды капа кылдым,
Сени ойлоп канча ишти ката кылдым.
А бирок түшүнбөдүң айла канча,
Боздоттуң, мен байкушту акын кылдың...
Айла жок, мен тагдырга таарынбаймын,
Кантейин жаштыкта мен жаңылганмын.
Талаа түздө мен өзүңдү көрчү болсом,
Ары басып карааныңды карабаймын.
Турмуш деген татаал экен кантейин,
Сен мени жактырбасаң нетейин.
Убагында кадырыма жетпедиң,
А бирок таба албайсын мендейин.
Оо, Аллах жетпедим мен тилегиме,
Атыңды сактаймын мен жүрөгүмө.
Сени суйүп жүрбөйт элем эч качан,
Таштап мени кетишиңди билгенимде. ..
(с) И.У.
Жашаймын арман кайгы талаасында,
Козгодуң жүрөгүмдүн санаасын да.
Бар бекен мага окшогон бактысыздар,
Жашап жаткан адамзаттын арасында.
Сени деп канча адамды капа кылдым,
Сени ойлоп канча ишти ката кылдым.
А бирок түшүнбөдүң айла канча,
Боздоттуң, мен байкушту акын кылдың...
Айла жок, мен тагдырга таарынбаймын,
Кантейин жаштыкта мен жаңылганмын.
Талаа түздө мен өзүңдү көрчү болсом,
Ары басып карааныңды карабаймын.
Турмуш деген татаал экен кантейин,
Сен мени жактырбасаң нетейин.
Убагында кадырыма жетпедиң,
А бирок таба албайсын мендейин.
Оо, Аллах жетпедим мен тилегиме,
Атыңды сактаймын мен жүрөгүмө.
Сени суйүп жүрбөйт элем эч качан,
Таштап мени кетишиңди билгенимде. ..
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#32 11 November 2013 - 19:49
Атам, апам...
Атам, апам менин сүйгөн адамым,
Мага үлгү ар бир баскан кадамың.
Ыйыксыздар, улуусуздар мен үчүн,
Атам, апам эң ардактуу адамым.
Акыл айтып, эстүүлүккө үйрөтүп,
Алга бас деп мектебиме жөнөтүп.
Узун өмүр, толгон бакыт тилеген,
Ардагымсыз, урматымсыз ата-энем.
Эсен чоңой, элге тийсин керегиң,
Улууларды сыйлап жүргүн дегениң.
Тарбиялап айткандары ар убак,
Эстен кетпейт атам менен энемдин...
(с) И.У.
Атам, апам менин сүйгөн адамым,
Мага үлгү ар бир баскан кадамың.
Ыйыксыздар, улуусуздар мен үчүн,
Атам, апам эң ардактуу адамым.
Акыл айтып, эстүүлүккө үйрөтүп,
Алга бас деп мектебиме жөнөтүп.
Узун өмүр, толгон бакыт тилеген,
Ардагымсыз, урматымсыз ата-энем.
Эсен чоңой, элге тийсин керегиң,
Улууларды сыйлап жүргүн дегениң.
Тарбиялап айткандары ар убак,
Эстен кетпейт атам менен энемдин...
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#33 09 December 2013 - 23:02
КИМГЕ ПАЙДА?!
Турмуштун сапарында бара жатсам,
Туралбай көп нерсеге аралашам.
А менин адамдыгым кимге пайда?!
Бир байкушту кубантууга жарабасам...
Ичимден жеңил болуп чайпалбасам,
Ырыма мен чындыкты айталбасам,
А менин атуулдугум кимге пайда?!
Мекенимдин арткан жүгүн тарта албасам...
Жолдошумдун арманыны угалбасам,
Же сенин сүйүнүчүңө кубанбасам,
Мен сага дос болгондон эмне пайда?!
Мээримимди бир өзүңө арнай албасам...
'Амансынбы, ата-эне' деп мен бара албасам,
Чоңойттуңуз деп рахматымды айта албасам,
Менин анда кыз болуудан эмне пайда?!
Ата-энемден ширин сөздү мен аясам...
Жаш муунга тарбия бере албасам,
Ыйлап турса көз жашын арталбасам,
А менин мугалим болуумдан эмне пайда?!
Окуучумдан ширин сөздү мен аясам...
Кайын журттун кызматын кылалбасам,
Балдарымды кучагыма кысалбасам,
А менин аялдыгым кимге пайда?!
Жолдошумдун көңүлүн мен алалбасам...
(с) И.У.
Турмуштун сапарында бара жатсам,
Туралбай көп нерсеге аралашам.
А менин адамдыгым кимге пайда?!
Бир байкушту кубантууга жарабасам...
Ичимден жеңил болуп чайпалбасам,
Ырыма мен чындыкты айталбасам,
А менин атуулдугум кимге пайда?!
Мекенимдин арткан жүгүн тарта албасам...
Жолдошумдун арманыны угалбасам,
Же сенин сүйүнүчүңө кубанбасам,
Мен сага дос болгондон эмне пайда?!
Мээримимди бир өзүңө арнай албасам...
'Амансынбы, ата-эне' деп мен бара албасам,
Чоңойттуңуз деп рахматымды айта албасам,
Менин анда кыз болуудан эмне пайда?!
Ата-энемден ширин сөздү мен аясам...
Жаш муунга тарбия бере албасам,
Ыйлап турса көз жашын арталбасам,
А менин мугалим болуумдан эмне пайда?!
Окуучумдан ширин сөздү мен аясам...
Кайын журттун кызматын кылалбасам,
Балдарымды кучагыма кысалбасам,
А менин аялдыгым кимге пайда?!
Жолдошумдун көңүлүн мен алалбасам...
(с) И.У.
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#34 09 December 2013 - 23:19
Күйөө балдарыма..)
Урматтуу күйөө балдарым,
Уурдап алып кеттиңер.
Эркелеп баккан сиңдилеримди,
Байлап алып кеттиңер.
Ээрчитип баккан сиңдилеримди,
Орусияга алып кеттиңер.
Көтөрүп баккан сиңдилеримди,
Көрсөтпөй алып кеттиңер.
Тамаша кылып балдарга,
Тарбия берген жардамым.
Бактылуу жар болгула,
Сиңдилеримди силерге арнадым.
Кол кармашып жүргүлө,
Ынтымак өмүр сүргүлө.
Жашоонун көрүп жыргалын,
Үлпөттүү жашап жүргүлө.
Кайын эжеңерди унутпастан,
Телефон кылып тургула.
Көзүңөрдөн жаш төгүлбөй,
Күлүп жайнап жүргүлө...
(с) И.У.
Урматтуу күйөө балдарым,
Уурдап алып кеттиңер.
Эркелеп баккан сиңдилеримди,
Байлап алып кеттиңер.
Ээрчитип баккан сиңдилеримди,
Орусияга алып кеттиңер.
Көтөрүп баккан сиңдилеримди,
Көрсөтпөй алып кеттиңер.
Тамаша кылып балдарга,
Тарбия берген жардамым.
Бактылуу жар болгула,
Сиңдилеримди силерге арнадым.
Кол кармашып жүргүлө,
Ынтымак өмүр сүргүлө.
Жашоонун көрүп жыргалын,
Үлпөттүү жашап жүргүлө.
Кайын эжеңерди унутпастан,
Телефон кылып тургула.
Көзүңөрдөн жаш төгүлбөй,
Күлүп жайнап жүргүлө...
(с) И.У.
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#35 10 December 2013 - 01:28
***
Тил жөнүндө...
Кыргызбы,же кыргыз тилин билбесе,
Кыргыз тилин тепсеп,тентип, тилдесе.
Кыргыз тили бир күн өлүп жок болот,
Ата сүйлөп баласына бербесе.
Карап көрчү жакын турган Ташкентти,
Арданышпайт өз тилдерин билгенге.
Орус,татар,казак, кыргыз баары бар,
Сүйлөп турат келиңиз деп өзбекче.
Мейли дечи,тил көпүрө илим менен билимге,
Ашык дөөлөт жарбайт дейм,канча тилди билгенге.
Бирөөн дагы бурмалоого акым жок,
Сүйлөй берсин кыргыз болуп орус,кытай,немисче.
Эң негизги кайнап жатат көөдөндө,
Папа деген кыргыз уулун көргөндө.
Үй-бүлөдө кыргыз тилин укпаса,
Үйрөнөбү кыргыз тилин өлгөндө.
Ойлоп
көрсөм үч сөз улуу кыргызда,
Ата-бабам сүйлөп келген кылымдардан- кылымга.
Эч болбосо үч сөзүңдү үйрөнгүн,
Ата,апа,мекен дегенди кыргызча.
/> © /И.У./
Тил жөнүндө...
Кыргызбы,же кыргыз тилин билбесе,
Кыргыз тилин тепсеп,тентип, тилдесе.
Кыргыз тили бир күн өлүп жок болот,
Ата сүйлөп баласына бербесе.
Карап көрчү жакын турган Ташкентти,
Арданышпайт өз тилдерин билгенге.
Орус,татар,казак, кыргыз баары бар,
Сүйлөп турат келиңиз деп өзбекче.
Мейли дечи,тил көпүрө илим менен билимге,
Ашык дөөлөт жарбайт дейм,канча тилди билгенге.
Бирөөн дагы бурмалоого акым жок,
Сүйлөй берсин кыргыз болуп орус,кытай,немисче.
Эң негизги кайнап жатат көөдөндө,
Папа деген кыргыз уулун көргөндө.
Үй-бүлөдө кыргыз тилин укпаса,
Үйрөнөбү кыргыз тилин өлгөндө.
Ойлоп
көрсөм үч сөз улуу кыргызда,
Ата-бабам сүйлөп келген кылымдардан- кылымга.
Эч болбосо үч сөзүңдү үйрөнгүн,
Ата,апа,мекен дегенди кыргызча.
6-бекен же 7-классымдабы, кыргыз тилинен дил баян жазып калдым. Ошондо ушул ырды кайсы жактан тапканымды билбейм, иши кылып, ушул ырдын негизинде дил баян жазганым эсимде. Ырдын маанисинин терендигине танданып, авторун таба албай убара болгон элем...
Эженизге таазим! Калеми курчуй берсин. Дагы да ырларынан илип турунуз...)
В каждой шутке есть доля правды...
#37 06 January 2014 - 20:34
Жок жерден, тапкан сүйүү
Бар жерден, качкан сүйүү
Жонуңдан чапкан сүйүү
Жаныңдан аткан сүйүү
Тузаксыз капкан сүйүү
Туяксыз баскан суйуу
Булаксыз аккан сүйүү
Бурмалап жаткан сүйүү
Жүрөккө жаккан сүйүү
Жүдөтүп баккан сүйүү
Таштардай каткан сүйүү
Таанышты саткан сүйүү
Күбүлтүп каккан сүйүү
Күн болуп баткан сүйүү
Чачындан тарткан сүйүү
Чаладан арткан сүйүү
Башы ооп баскан сүйүү
Башкага шашкан сүйүү
Чеги жок асман сүйүү
Ченелгис дастан сүйү
Бар жерден, качкан сүйүү
Жонуңдан чапкан сүйүү
Жаныңдан аткан сүйүү
Тузаксыз капкан сүйүү
Туяксыз баскан суйуу
Булаксыз аккан сүйүү
Бурмалап жаткан сүйүү
Жүрөккө жаккан сүйүү
Жүдөтүп баккан сүйүү
Таштардай каткан сүйүү
Таанышты саткан сүйүү
Күбүлтүп каккан сүйүү
Күн болуп баткан сүйүү
Чачындан тарткан сүйүү
Чаладан арткан сүйүү
Башы ооп баскан сүйүү
Башкага шашкан сүйүү
Чеги жок асман сүйүү
Ченелгис дастан сүйү
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#38 06 January 2014 - 20:36
Өмүр бат сүйсөң мени,
От болуп күйсөң деги,
Орун бар жүрөгүмдө,
Сен үчүн бир мендеги,
Сүйөм сени…
Түбөлүк сүйсөң мени,
Туурага күйсөң деги,
Туурум бар жүрөгүмдө,
Ачкычы ал сендеги,
Сүйөм сени…
Жаныңдай сүйсөң мени,
Жалындай күйсөң деги,
Жашоо бар жүрөгүмдө,
Жашасаң эрк сендеги,
Сүйөмм сени…
Апамдай сүйсөң мени,
Атамдай күйсөң деги,
Ак сүйүү жүрөгүмдө,
Аяр эрк ал сендеги,
Сүйөм сени…
От болуп күйсөң деги,
Орун бар жүрөгүмдө,
Сен үчүн бир мендеги,
Сүйөм сени…
Түбөлүк сүйсөң мени,
Туурага күйсөң деги,
Туурум бар жүрөгүмдө,
Ачкычы ал сендеги,
Сүйөм сени…
Жаныңдай сүйсөң мени,
Жалындай күйсөң деги,
Жашоо бар жүрөгүмдө,
Жашасаң эрк сендеги,
Сүйөмм сени…
Апамдай сүйсөң мени,
Атамдай күйсөң деги,
Ак сүйүү жүрөгүмдө,
Аяр эрк ал сендеги,
Сүйөм сени…
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#39 06 January 2014 - 20:39
Жүрөгүмө кирип алып кыйнадың,
Жүрөгүмдүн тынч согушун бузганың,
Жүрөгүмдөн ээлеп алдың орунду,
Жүрөк эми бир сени деп согуп калды. Жүрөгүм сени сүйөт ардайым,
Жүрөгүм издейт сени кайдасың,
Жүрөгүмдү кыйнабастан келчи эми,
Жүрөгүмдү жалгыз сага арнайын.
Сүйүү бул кыйын экен сүйүү деген,
Баркына жеткендерге сүйүү экен,
Өзүңдү ала качсаң ал сүйүүдөн,
Жүрөгүңдөн кетпейт экен сүйүү деген. Ыйлатып нечен түндөр уйку бербей,
Сыздатып жүрөгүмдү эзе берди,
Жаш жүрөгүм чыдай албай катуу согуп,
Кыйналып чыдай албай ыйлай бердим. Сезимдерим толкуп-ташкан дайрадай,
Сездирбеймин божурап жаш баладай.
Бирок билгин сүйгүм келет өзүңдү,
Бир жүрөктү эки адамга арнабай.
Күйүп-жанып, турсул кагып жүрөгүм,
Ушул күндү мен сагынып күткөмүн.
Айтпай аны, суусар сындуу кулпуруп,
Араңарда турат менин сүйгөнүм.
Жүрөгүмдүн тынч согушун бузганың,
Жүрөгүмдөн ээлеп алдың орунду,
Жүрөк эми бир сени деп согуп калды. Жүрөгүм сени сүйөт ардайым,
Жүрөгүм издейт сени кайдасың,
Жүрөгүмдү кыйнабастан келчи эми,
Жүрөгүмдү жалгыз сага арнайын.
Сүйүү бул кыйын экен сүйүү деген,
Баркына жеткендерге сүйүү экен,
Өзүңдү ала качсаң ал сүйүүдөн,
Жүрөгүңдөн кетпейт экен сүйүү деген. Ыйлатып нечен түндөр уйку бербей,
Сыздатып жүрөгүмдү эзе берди,
Жаш жүрөгүм чыдай албай катуу согуп,
Кыйналып чыдай албай ыйлай бердим. Сезимдерим толкуп-ташкан дайрадай,
Сездирбеймин божурап жаш баладай.
Бирок билгин сүйгүм келет өзүңдү,
Бир жүрөктү эки адамга арнабай.
Күйүп-жанып, турсул кагып жүрөгүм,
Ушул күндү мен сагынып күткөмүн.
Айтпай аны, суусар сындуу кулпуруп,
Араңарда турат менин сүйгөнүм.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#40 06 January 2014 - 20:40
Ачык сүйүү бар сүйүү,
Болчу мага чын сүйүү,
Жүрөгүмдү ойнотбой,
Келчи мага ак сүйүү.
Азабы бар чын сүйүү,
Оюн эмес бул сүйүү,
Жалгыз бирди сүйгөн соң,
Ошол сага чын сүйүү.
Чындап сүйгөн сүйүү бар,
Анын баркын билген бар,
Сүйүп жүрүп түбөлүк,
Өз сүйүүсүн тапкан бар.
Болчу мага чын сүйүү,
Жүрөгүмдү ойнотбой,
Келчи мага ак сүйүү.
Азабы бар чын сүйүү,
Оюн эмес бул сүйүү,
Жалгыз бирди сүйгөн соң,
Ошол сага чын сүйүү.
Чындап сүйгөн сүйүү бар,
Анын баркын билген бар,
Сүйүп жүрүп түбөлүк,
Өз сүйүүсүн тапкан бар.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!

Супер-Инфо
super.kg
видео











