Т.Зулпукаровду ким тыят?
Учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасында айланкөчөктөй чимирилген Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров тууралуу кеңири кеп кылайын дедим бүгүн. Сыртынан сыпаа көрүнүп, намазга жыгылып, беш маал Кудайга жалынган агабыздын Ноокат районунда жана Ошто жасаган бир катар иштери тууралуу өзүмдүн жеке пикиримди коомчулук менен бөлүшөйүн.
Сөзүмдүн алдында тарыхый фактылардан мисал тарта кетейин.
2010-жылдын июнь айындагы коогалаңга бир айдан кийин 3 жыл болот. Көшөгө артында "кө-өп" нерселерди былгытып, эл алдында улуттар аралык ынтымакты, түндүк-түштүк биримдигин оозанган Кыргызстандын трайбалист жетекчилери Ошко барышып, карапайым элди, жакынынан ажырап, ушу күнгө чейин зар какшаган, атүгүл бир тууганын жоготуп, ушу күнгө чейин өлүү-тирүүсү белгисиз жол караган бечараларды далыдан тапташып, шилекей чачыратып, кыйланы убада кылышат. Атүгүл: "Кечиргиле, ошондо биз силерди коргой албай калдык" деп ыйламсырап да коюшат. Бул апаатта 435 адамдын жаны кыйылып, жүздөгөн карапайым адамдар өмүр бою майыпка айланышкан.
Эми суроо салалычы: ошол кандуу калаба эмнеден улам чыкты? Жооп бирөө эле. Мунун баары 2010-жылы түштүк кландын добушун алуу үчүн бийликке умтулган Убактылуу өкмөттүн кылмыштуу, шалаакы саясатынан келип чыкканын ким тана алат?
Учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасында таасирдүү фигурага айланган Төрөбай Зулпукаровдун кичи мекени Ноокат районундагы Кара-Таш айылы. Бул айыл округу Ноокаттагы эң кичине округ болгондуктан, Жогорку Кеңешке, жергиликтүү кеңештерге жана Ноокат районунун акимдигине, Ноокат шаарынын мэрлигине, айыл өкмөттөрдүн башчылыгына шайлоо болгондо КСДПнын саясатын ал жерде толук кандуу жүргүзүү чындап эле оорчулук жаратаары бышык. Албетте, Төрөбай Закирович КСДПнын алдыңкы адамдарынын бири болгондуктан, өзүнүн таасиринен айрылбашы үчүн ал жогорудагыдай шайлоолордо көп улуттуу, 250 миңге чукул калкы бар Ноокатты алаканына мыкчып, өз адамдарын бийлик башына дайындап тургусу келет. Мына ушул "маанилүү" маселени өз пайдасына чечүүнү көздөгөн Төрөбай Зулпукаров учурда Ноокат районундагы таасирдүү өзбек лидерлерин өз карамагына топтоп жаткан чагы. Себеби, өзбектер Ноокаттын 30 пайыздан ашыгын, ал эми райборбор Ноокат шаарынын калкынын 90 пайызын түзүшөт. Ошондуктан, районго таасирин арттыргысы келген Зулпукаров Шавхат Гапаров баштаган өзбек лидерлери менен тыгыз кызматташып, коюн-колтук алышып жаткан учуру. Ошко күн ара каттаган ЖК төрага орун басары Төрөбай Зулпукаровду түштүк борборго барган сайын аэропорттон Шавхат Гапаров өзү тосуп алып турганы эмнени каңкуулайт? Же Төрөбай Зулпукаровду тосуп чыкчу кыргыз калбай калдыбы?
Жакында эле Ноокат РИИБсынын начальниги болуп Мурат Боронов дайындалды. Бул жигит дагы Төрөбай Зулпукаровдун кадры. Учурда Ноокатта кылмыш кылган өзбек улутундагы жарандар эч кыйынчылыксыз тез эле убактылуу кармоочу жайдан бошоп кетип жатканын тастыктап берчү күбөлөр жетиштүү. Анан калса, Төрөбай мырза Ноокаттагы иш-чараларда бир катар жыйналыштарды, өзбектердин таасирдүү лидерлери менен жолугушууларды так ошол Мурат Боронов жетектеген РИИБдин имаратында өткөргөнү дагы көп нерседен кабар берип турбайбы. Булардын иштөө системасы мындай экен: Эгерде өзбек улутундагы адамдардын бири кылмыш жасап, Ноокат РИИБине түшүп калса, алар өздөрүнүн лидерлери Шавхат Гапаровго даттанышат. Шавхат мырза дароо Төрөбай Зулпукаровго телефон чалат. Ал эми Төрөбай мырза Ноокаттагы Кара-Таш айыл кеңешинин депутаты болуп иштеген бир тууган иниси Нурлан Зулпукаровго айтып, Нурлан мырза агасынын "салам-дубайын" РИИБ башчысы Мурат Бороновго жеткирет экен. Мына ушул ыкма менен тез эле кылмыш жоопкерчилигинен бошонуп кетип жатышкан өзбек улутундагылар жергиликтүү кыргыздарга кыр көрсөтүп, баягы 2010-жылдын июнь окуясына чейинкидей "настройго" өтө башташты.
Эсиңиздерде болсо, 2008-жылы "Хизбут Тахрир" партиясынын саясатын жактаган бир катар экстремисттик маанайдагы активисттер Ноокатта тополоң чыгарышып, акырында 32 активист бир канча жылдык узак мөөнөттөргө кесилишкен. Кийин Убактылуу өкмөт бийликке келгенде, алар Бакиев бийлигинин курмандыгы катары эркиндикке кое берилишкен. Мына ошол активисттер дагы Ноокат районундагы улуттар аралык тынчтыкка доо кетирип жатышат (!) деген маалыматтар жергиликтүү калк тарабынан байма-бай айтылып келе жатат.
Төрөбай Зулпукаровдун кийлигишүүсү менен дайындалган Оштогу кадрлардын бири Абдимитал Абдиллахатов. Абдиллахатов учурда КР президентинин түштүк аймагы боюнча коомдук кабылдамасынын башчысы. Бул киши мындайча айтканда, КР президентинин атынан түштүк жергесинде карапайым жарандарды кабыл алат. Абдиллахатов жыл башында Ноокат шаарынын мэрлигине КСДП тарабынан талапкер катары көрсөтүлгөн. Тилекке каршы, шаардык кеңеште бараандуу орду бар "Республика" фракциясынын талабы менен Ноокат шаардык кеңеши таратылып, Абдиллахатов мэрликтен куру калат. Кайра дайындалган шайлоого ылайык, 26-майда Ноокат шаар кеңешине карата шайлоо өтүп, эгерде КСДП жеңишке жетишсе, Абдиллахатов кайрадан Ноокат шаарынын мэрлигин басып жыгылаары бышык. Ал эми Төрөбай Зулпукаровду төрөсүндөй сыйлап, алды-артына түшүп жүргөн Шавхат Гапаров 8-майда өтүүчү Ноокат райакимине шайлоодо КСДПнын атынан акимдин биринчи орун басарлыгына көрсөтүлүп жаткан чагы.
Эмесе, 2010-жылдагы коогалаңдын алдындагы аракеттер тууралуу ошол кездеги Ош облустук ИИБинин башчысы, милициянын отставкадагы полковниги Абдылда Капаровдун "Ачык саясат плюс" гезитинин 26.08.2011-жылдагы №13-санында берген маегинен үзүндү келтирейин. Анда минтип айтылат:
"Азыр баары эле "согушту өзбек сепаратисттери баштаган, Жалалиддин Салахиддинов, Иномжан Абдрасулов күнөөлүү (!) деп кыйкырып атышат. Бул сепаратисттер өз учурунда Сооронбай Жээнбековдун кабинетинен чыкпай, анын иниси Асылбек Жээнбеков менен сыр бөлүшүп турушчу. Мага келген баардык сводкаларды чогултуп, губернатор Сооронбай Жээнбековго айттым: "Сооронбай Шарипович, сизге келген өзбек лидерлери 100-200 кишини чогултуп, жыйын өткөрүп жатышат. Келиңиз, аларды чакырып, тартипке чакырып коёлу" десем, адатынча кол шилтеп, "сен саясатты такыр түшүнбөйсүң, эртеңки парламенттик, президенттик шайлоолордо алар бизге иштешет. Алар менен Асилбек иштешип атат" деди. Эки жүздүүлүк каякта жатканын көрдүңөрбү?
Мен ушунун баарын депутаттык комиссияга айтып берейин (!) дегем, бирок эч ким мени чакырган жок. Азыр болсо Жээнбеков "мунун баарына сепаратисттер күнөөлүү, биз эрдик көрсөттүк " деп жалган айтып атат".
Ошол эле Абдылда Капаров "Алибиге" 2012-жылдын 8-июнунда берген маегинде минтип жатат:
"2010-жылы май айынын орто ченинде азыркы спикер Асилбек Жээнбеков агасы экөө мени чакырып алышып, эч кимге айтпай, менден бир нече курал-жарак сураган. "Бизге курал-жарак, ок-дарысы менен бер. Маанилүү тапшырма бар" дешкенинен бербей койгом.
-Канча курал сурашты эле?
-20 чакты автомат сурашкан. "Ок дарысы менен эч кимге айтпай бер" деп сурашкан. Мен айттым: "Мамлекет мага ишенип берген куралдарды мен эч жерде иштебеген адамга бере албайм" деп.
Бул ошол кездеги Ош облустук ИИБинин башчысынын сөзү. Капаров ошол убактагы коогалаңга чейинки жана андан кийинки кырдаалды өз көзү менен көрүп, күбө болгон адам. Жогорудагы президенттин айланасында жүргөн ага-ини Сооронбай Жээнбеков менен Асилбек Жээнбековдун аракетин ошол эле партиянын түштүктөгү дагы бир таасирдүү өкүлү, учурдагы төрага Асилбек Жээнбековдун орун басары Төрөбай Зулпукаров жазбай кайталап жатпайбы? Учурда Ноокаттагы кыргыздардын ачуусу азуусунун учунда араң эле турганда өзбек лидерлерине таянып, аларга бийлик берип, жергиликтүү кыргыздарды кемсинтүү мамлекетке аброй алып келеби? Буга чейин так ошол өзбек сепаратисттеринин аркасынан тутанган эки жолку коогалаңды кайталатпашка аракет кылгандын ордуна эки элди кайраштырып, бирине артыкчылык берип, экинчисин басынтуу азыркы бийликке аброй алып келеби? Төрөбай Зулпукаров өзүнүн убактылуу бийлигин чыңдоо максатында президент Атамбаевдин түштүктөгү беделине доо кетиргенин башкалар билбей калса дагы, Оштун, анын ичинде Ноокаттын эли жакшы билет. Эгерде кыргыз бийлиги түштүктү дагы бир ирет өзбек лидерлерине таянып, көзөмөлгө алам десе, кыргыз эли буга да өз баасын бере турган убакыт келет. Ойлонгула төбөлдөр, азыр да кеч
эмес…

Супер-Инфо
super.kg
видео










