Урматуу форумчулар сиздердин талкууңуздарга "динчилдердин жана динден алыс адамдын кылган иштери" тууралуу теманы ачуу туура көрдүм. Бул теманы ачууга көптөн бери мен байкап жүргөн бир көрүнүш түрткү болду. Жеке автоунаам жок болгондуктан коомдук транспорт менен көп жүрөм жана андагы мени тема ачууга түрткөн көрүнүштү айтып сөзүмдү баштасам. Акыркы жылдары бети, башын чүмбөттөп, жапондордун нинзяларындай болгон кыздар пайда болууда. Бүгүн эртең менен адаттагыдай маршруттук такси менен жолдо келаткам. Бир аялдамага жеткенде чүмбөт жамынган жашы 20-25тердеги кыз маршрутканын ичине түштү. Алды жактагы орундукта отуруп бараткан жашы андан улуураак бир жигит ал кызга орун бошотуп берди. Кыз отурду. Жол уланып, кийинки аялдамага жеткенибизде 3-4 адам дагы түштү, алардын иченде 2 пенсия жашындагы кыргыз апалар бар экен. Маршрутканын ичиндеги орундардын алды жагында көбүнчө карыялар отургандыктан алар орун бошоткон жок. Ал эми тиги чүмбөттөлгөн кыз болсо мелтиреп, көзүнө эч нерсе көрүнбөгөн сокурдай болуп былтыйып отурат. Эми уялаар деп унчукпай кетип бараттым. Жок, эки бетин табактай чыгарып башын ороп алган кыздын бетинен уят эмес, башкасы да көрүнбөйт. Ушунчалык жиним келип баштан ары барсеткам менен бир койгум келип жатты. Аңгычакты болбой эле маршрутканын ичиндегилер да байкаса керек, мындай ачык эле кийинген бир жаш эле кыз: "чоң кыз орун бошотуп берип койсоңуз боло, апаңыздай болгон кишиге" деп кайрылды. Араң эле турган апаларда күбүрөнүп, шыбыранып "азыркы жаштарда уят деген калбай калды" деген сөздөрүн жаадырышты.
Чүмбөтчөн динчил кыз тиги кызды жаман көзү менен жеп ийчүдөй карап, анан гана орун бошотту. Мына ушундай кыздарды сыртынан карасаң дин жолунда жүргөн ыймандуу деп ойлойсуң. Бирок, коомдук транспортто кетип баратканда улууларга көпчүлүгү орун бошотуп бербейт. Менин күбө болгон учурларымдан чүмбөт жамынган 10 кыздын 1-2 сү гана ордунан туруп улууларга орун бошотот. Калган учурда болсо, атасындайбы,
апасындайбы же чоң атасы, чоң апасындай киши майдайында турабы көчүгүн көтөрүп орун берип коеюн дебей мелтиреп гана отура берет го чиркин. Аларга караганда ачык кийнсе да, жыртык кийинсе да башка жаштар төрдө отурса да тура калып, келиңиз байке,эже, ата, апа отуруп алыңыз деп тура калышат. Ушундан улам бул динчилдер сүйлөсө асманды сүйлөп, анан коомдогу мындай иштерине караганда тиги жыртык, тешик кийип жүргөн динден алыс кыздарыбыздын иши түбөлүк өйдө жана динчилдер айткан соопту көбүрөөк табышса керек. Же динде кыз киши башка өзүнөн башка эч кимге сыйлабасын деп айтылганбы?
Сиздерде кандай ой бул тууралуу?
Чүмбөттөлгөн кызга караганда жыртык кийген кыздын иши түбөлүк өйдө Динчил кыз менен динден алыс кыздын кылган иши тууралуу кеп.
#2 15 May 2013 - 18:29
Беш кол тен эмес. Баардык ХИДЖАП кийип жургон кыздар бирдей эмес экенин озунуз деле байкаган экенсиз.
Сизге суроом:
кайсы динди тутунасыз?
Сизге суроом:
кайсы динди тутунасыз?
КОЛ ТИЙБЕГЕН КЫЗ КААЛАСАН;
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
#3 15 May 2013 - 18:32
Ушундан улам бул динчилдер сүйлөсө асманды сүйлөп, анан коомдогу мындай иштерине караганда тиги жыртык, тешик кийип жүргөн динден алыс кыздарыбыздын иши түбөлүк өйдө жана динчилдер айткан соопту көбүрөөк табышса керек.
Сиздерде кандай ой бул тууралуу?
Сиздерде кандай ой бул тууралуу?
Коп тапса коп тапкандыр, может аз тапкандыр, менин оюм деле жок аларга. Эмне кылса да оздору учун, алардын пайда-зыяны мага тие элек. Бирок кокурок-кочукторун бир аз жаап жашырып журушсо кыргыз менталитетине кобуроок туура келет да, туурабы Куба? А маршруткадагы орун бошотуу проблемасын озунчо бир тема кылса болчудай, озунун остановкасына жеткичекти уктап калып, анан жеткенде ойгонуп кеткендер канча дейсин. Кыз болсо гоо мейли дейсин, аттын бутундай кучу бар эркектер да ошентип уктап калса башына биир тееп айнектен ары кулата койгун келип кетет да ))
Наарындан жазган сааалам кааат
#4 15 May 2013 - 18:40
Бул эми бир жеңден чыккан колдогу сөөмөйдөн бармак кыска жана семизирээк болгонундай эле го... Кеп кийимде эмес го, менимче, кеп жүрөктө, тарбияда... Анан өзүбүздүн менталитетти,
каада-салтты унутпасак го.......
Учурда бул эки нерсе (эмне дешимди билбей жатам, динге берилүү менен чыгышты тууроо) тең жарышып бара жатат го. Бардык нерсени чеги менен, чени менен өздөштүрсөк жакшы болмок... Баарынын тең пайдалуу жагын алып дегендей...

#5 15 May 2013 - 19:01
Менимче, теманын автору динге берилген адамдарга ашыкча көңүл бурган адам окшойт.
Дин бул - жоопкерчилик. Аны кабыл алгандын ар бири жок эле дегенде, өзүнүн формасы менен коомчулуктун алдында күзгү да, шылдың да, ачууну келтирген бирөөгө айланышы мүмкүн. Биз оронуп алган кыздардын, же капкара халатты кийген чиркөө кызматкерлеринин баарын периштедей элестетебиз, бирок ошол арзыбаган, элдин баары кеп кылган чүпүрөктүн артында кадимки биздей эле адам турат.
Анан да окуяда сүрөттөлгөндөй окуяга мен да көп учурайм, алардын ушунчалык тез-тез кайталанганынан булар атайын динди маскаралоого жалдагандарды деп да ойлоп кетем. Мисалы, АКШнын укмуштай таасирдүү террорчулук кампаниясынын айынан, мен арсыздан сакалчандардан корко баштагам бир кезде...))) Же болбосо, айылга барсаң аксакал кишилерибиз толтура да, бирок анын сүрөтү интернет желесине илинсе, Америка же Европада жашаган бирөө катардагы афган жанкечтиден айырмалай албайт, туурабы?
Ошондуктан, аныгын билбей туруп, көө чаптагандан алыс болсок... Эгерде ачык-чачык менен жабынып жүргөн кыздар болсо сөз төркүнү, мен баары бир жамынган кыздарды тандайм. Ал эми орун бошотууну жок дегенде, ошол коомдук транспортко түшкөн эл тарбиялап алар...

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#6 15 May 2013 - 19:04
Беш кол тен эмес. Баардык ХИДЖАП кийип жургон кыздар бирдей эмес экенин озунуз деле байкаган экенсиз.
Сизге суроом:
кайсы динди тутунасыз?
Сизге суроом:
кайсы динди тутунасыз?
Эмнегедир мен көргөн чүмбөтчөн кыздардын дээрлик 70-80 пайызы ушундай. Демек, чүмбөттөнүп жүргөн жөн эле мода десек болот окшойт. Бирок антейин десем, кээде 2-3өө кетип бараканда дин жөнүндө тим эле узун сөзгө кирип алышат быдылдап.
Ал эми мен кайсы бир динди тутунбайм. Дин тутунуп, чокунуп, мазарга барып, кара ташты айланып, күндү, сууну ыйык тутуп сыйынып, кир дамбал кийип, көлөш сүйрөп, көрүнгөндүн эшигин каккылап дин жөнүндө сүйлөп, элдин башын айланткандардан эмесмин. Жаратканга түз ишенем. Эч кандай диний жөрлгөлөрдү жасабайм. Болгону адамдык абийирди таза сактап, уурулук кылбай, бирөөнүн эмгегин жеп албай, бирөөнө кастык кылбай, кыздарды бузуп, сойкуканаларда түнөп калбай түз жүргөнгө аракет кылам. Себеби, мен бирөөнүн айтканын кылып, анын саясатын ишке ашырууга күчүмдү жумшаган эрксиз болгум келбейт.
Гуд бай, форумчулар!
!!
#7 15 May 2013 - 19:38
Оронгон кыздарга эчтеке дей албайсын,Бирнерсе айтайын десен,же туура эмес кылган ишин айтсан,олдун да кандай,жаман,
жакшы соз болсо баарын айтып ыйлаткыдай болушат.
Кафеге бир келин куйосу м-н келди,дайымкы клиент экен,Оромо алып жургон экен,кыздар алып чыгышты,карап турсам,бир убакытта эле фанарниги м-н,пакетти текшерип оромону корсотуп, айкырып чыктыы кыздарга...оронгон 25жаштагы абжебиз.Эмнеге мени алдап жатасын,кичинекейго оромонор,шылдындаганынарбы, деп пакеттеги оромону столдун устуно ыргытып салды.Кыздар тушунтуруп атат,отказ кыла албайсыз,ысытып койдук ала берин эже десе да,колунда акча турса да кайсы акчама деп жегидей болуп кол которуп суйлоп жатаат,тооба деп жакамды кармап калдым.Куйосу койчу эми бугункусундо кичинекей жасаптыр да,оромону ала бер десе да,жок албайм чакыр башчынар ким деп болбой калды.Кыздар чыдабай кетти окшойт,анан, эжоо.. сизге мындай корунуш,суйлогон, эч жарашпайт экен кичине озунузду карамнчы деди,жанагы келин очту.Куйосу урушкан бойдон алып кетти аялын.Эми мен деле кутпогом ошо 4шт оромо учун,элдин баарын каратып,озуну оронгон аял корсотот деп,ээхх... билбейм,чындыгында, киймине эмес,алган тарбиясына карап болунот окшойт адамдар.

Я живу, как умею. Ни о чем не жалею. Нахожу и теряю. И с нуля начинаю. Я бы Вам рассказала.
Да меня не спросили. Как порой предавали, даже те, кто любили. Только я не сдавалась. Я сквозь слезы смеялась. И чтоб там не случилось. Я собой оставалась
#8 15 May 2013 - 20:08
Чынын айтайын,бул темадагы бир да билдирүүнү окуган жокмун. Хиджаб кийинген кыздар эмне максат менен хиджаб кийинишет түшүнбөйм!
Мындай кийинген кыздарды өтө ыймандуу,улууну урматтаган,
кичүүнү ызаттаган кыздар десеңер өтө чоң жаңылышасыңар!
Эми баары эмес,бар арасында жакшылары. Маршруткалардын ичинде ошондой кыздар болуп калса өлүп баратса да инвалиди кирдиби,кары адамы кирдиби,балалуу аял,боюнда бар аял кирдиби оорун бошотуп бергенди билишпейт!
Өздөрүн кудай сезип тим эле мизилдеп отура беришет! Айтыша көрбө алар менен ӨЛДҮҢ!!!
Тилдеринин узунун сурабай эле кой. Бирок мен чыдабай алар менен урушуп кетем,мен да түзүк эле тилдүүмүн!
Кирээрге жер таппай калышат! Бараар жерине жетпей жарым жолдон эле түшүп калышат. Мындайда мындай нерселерди да айтып уяткарып коюш керек да,туура түшүнгүлө. Даагы бир мисал: Менден бир кабат ылдый жашаган кошунам көзүнөн башка жерин бүт жаап,чүмкөнүп жүрөт,эч ким менен сүйлөшпөйт,
сүйлөшкөндү койсун башын ийкеп эле учурашып койгонду да билбейт! Түнт! Бир күнү балкондо турсам,ал балконуна чыгып алып тамекини буркуратып тартып жатыптыр!
Көргөн көзүмө ишенбей даагы жакшылап карап койдум,ӨЗҮ!
Ассстаффралллаааа!
!! деп эле койдум... Иши кылып АМАН ЭЛЕ БОЛУШСУН ошол хиджаб кийингендер!
!!
Тээ илгери "Хиджаб кийген кыз-келиндер" деген темага ыраматылык Zamira деген нигим менен оронуп-чулганган кыздардын кылган жооругуна күбө болгонумду мен да кур калбай шилтеп жазып кеткен элем... Кеп чүпүрөк-сапыракта эмес,чүмкөнүп оронуп-чулганып же киндигин,жоон санын көрсөтүп кийинип алганында эмес,ар бир адамдын дээринен. Ар жагы көңдөй,тарбиясы тайкы болсо "чүмкөнбөй гана жерге кир!" деп кана тилдеп салыш керек! Жетсе жетти,жетпесе өлүпаааам кетсин!
Женщина - как эхо. Как к ней обратишься,
так она и отзовется.
#9 15 May 2013 - 20:12
оронуп алып иттин кылыгын жасагыча жыланач журуп адамдык касиеттен чыкпай жургон он
Бул - кундор да отот
#10 15 May 2013 - 20:20
оронуп алып иттин кылыгын жасагыча жыланач журуп адамдык касиеттен чыкпай жургон он
Ошо да... Туура айтасың.
Женщина - как эхо. Как к ней обратишься,
так она и отзовется.
#11 15 May 2013 - 20:37
Билбейм, билбейм. Эмне кийсе да айым озу билет го, бирок менин оюм боюнча, аял затынын айым болуп жургону жагат
демек, кийингенге келгенде тор колготки, бир карыш мини да эмес, чумботтолгон кара булут да эмес, озуно жарашыктуу,
таза, айланадагы адамдарга ынгайсыздык жаратпагандай кийинсе болгону. Жеке чумботтолгондорго келсем, биз менен жашаган бир кыз атасы откондон кийин намаз окуганга бел байлаган эле. Бул албетте, жакшы жанылык, бирок, даарат алганда ашканада идиш жууган, момо-жемиш чайкаган жерге бутунан бери чайып, ашкананын полун чалпылдата суулап кетчу. Намаз 5 маал окулса, элестеткиле.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#12 15 May 2013 - 20:46
оронуп алып иттин кылыгын жасагыча жыланач журуп адамдык касиеттен чыкпай жургон он
Жыланач журуп иттин кылыгын кылып,калашынча тыйрандап,тунку клубдарда журушунчо журуп,адамдык касиет деген нерседен айрылып,же эрге тийбей,же жерге кирбей калган кезде(куйого чыгуу амалын издеп) мусулманчылыкты жабынып алып.Маршруткаларда чумконгон элдин козуно 2 метр тилин корсотуп оздорун ыймандуу ай сезишкен кыздар жанды кашайтып жатышат...
Айтарым дегеним "чумконгон кыздар" деп жалпылап айтып жамандаш туура эмес.Чыныгы таза ниет менен хиджап кийип жургон кыздар жана ошондой эле ичи таза,дили таза кыска кийбесе да заманбап кийинип жургон кыздарды ыймандуу деп айтса болот.
Мужчины,
никогда не
сражайтесь с женщинами.
И победа, и поражение будут
для вас позором.
сражайтесь с женщинами.
И победа, и поражение будут
для вас позором.
#13 15 May 2013 - 20:50
Жыланач журуп иттин кылыгын кылып,калашынча тыйрандап,тунку клубдарда журушунчо журуп,адамдык касиет деген нерседен айрылып,же эрге тийбей,же жерге кирбей калган кезде(куйого чыгуу амалын издеп) мусулманчылыкты жабынып алып.Маршруткаларда чумконгон элдин козуно 2 метр тилин корсотуп оздорун ыймандуу ай сезишкен кыздар жанды кашайтып жатышат...
Айтарым дегеним "чумконгон кыздар" деп жалпылап айтып жамандаш туура эмес.Чыныгы таза ниет менен хиджап кийип жургон кыздар жана ошондой эле ичи таза,дили таза кыска кийбесе да заманбап кийинип жургон кыздарды ыймандуу деп айтса болот.
Айтарым дегеним "чумконгон кыздар" деп жалпылап айтып жамандаш туура эмес.Чыныгы таза ниет менен хиджап кийип жургон кыздар жана ошондой эле ичи таза,дили таза кыска кийбесе да заманбап кийинип жургон кыздарды ыймандуу деп айтса болот.
эми мен коргон билгенимди биерге жазып отурууну озумо эп билбедим себеби мен коргондор баарыле чумконуп алып жыттантып жургондор экен кыскасы ар бир адамдын оз абийиринде
Бул - кундор да отот
#14 15 May 2013 - 21:08
Парката,эки кыз,ушинтип сиздер жазып кеткендей-Чумботчонгон,
отурушат экен,анан экоо бир бири менен суйлошуп жатышып,элдер бизди дин жолунда жургон кыздардан деп эсептешет,а биз болсо эмне кылып,ким менен кандай жатып турганыбызды билишпейтта деп хахахихи кылып,шыбырашып жаткандарын угуп калат,арт жакта отурган бир эжекем.
Анан ушундай кыздардын баары эле ошондой экен деп чечим чыгарган болбойтко деймин.Арасында копчулугу ушундай ыймандуу кыздарга жаман ойлор пайда болсун деп,момынтип атайын жаман иштерди жасашып,жаман ойго салышат.

#15 15 May 2013 - 21:11
Анан менин жеке оюм,эгер кыз эки жагын жамынып кийинсе,эркектердин шайтаны козубай,бизда куноого батпай,ушундай ачылып чачылып кийинген албастылардан коздорубузду алып качып,бир азга болсода ак адамга айланмакпызбы деймин.
Ананда,зордук зомбулуктарда азаймак.Хиджап кийинген кызды коргондо,ага жаман ой пайда болмок турсун,аны караштан уяласын.

#16 15 May 2013 - 21:21
ЧУМБОТТОЛГОН КЫЗ--- корсок кыялыбызда аял затынын эн аруусу,эн бир тазасыдай сезилет.Бирок да беш кол тен эмес дегендей ошого окшогон терс корунушторго жолугуп калабыз.да жибкирип калабыз.Бирок да кочолордон кыргыз арламентин салынган койнок кийген кыздарды корсок суктануу менен карайбыз козубузго алдемедей ширин корунот бирок да хиджап кийген кыздардай сезим келбейт го дейм неге?Ыйман ынсап деген оронуп алса эле ошондо деп ойлойбуз.Оронгону деле оронбогону деле озубуздун кыргыздын кыздары го.Оронгон кыздарды корсом уян тартынчактай сезиле берет.чынында андай эмес экенин билип турсам да ошондой сезилет.Кече келиним арламент салынган койнок,пиджак кийип келиптир козумо сонун корунду.Узун бойлоруна жарашып,ачык айрым,шайдооткорунду.
Биздин кийимибиз адамдын коркун ачып,жузун ачып,шайыр корсотот экен.Жени узун,астында узун кеткен арламент,жендеринде арламент,кадимки эле хиджаптын койногу тура бир аз кыскараак.Эмнеге кыздарыбыз озубуздун улуттук кийимибизди кийишпейт.акыры биз кыргыз элибиз го.Хиджап менен улуттук кийимдин баасы бирдей эле го.
#17 15 May 2013 - 21:40
"хиджап кийгендер"
деп, хиджапчан баардык кыздарга чечим чыгарып койгондорго жол болсун. Беш кол тен эмес го деп ойлоп койдум.
Кой мен коп быдылдай берсем мени урушуп ийишчиле.
Кыскасы, хиджапта эч кемчилдик жок. Кемчилдик ошол хиджап кийген кызда. ошол кыздын Исламды терен тушунбогон акылында кемчилдик барда.

#18 15 May 2013 - 23:41
Кемчилдик хиджапта эмес, пендеде экендигине мейли дейли, бирок эмнеге эле кынтыксыз ислам копчулук (!) мусулмандар тарабынан туура эмес тушунулуп калып жатат? Ар бир пенденин катасы озунон болгону менен, кандайдыр бир баарына тиешелуу да себеп болсо керек?
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#19 16 May 2013 - 08:20
Урматуу форумчулар сиздердин талкууңуздарга "динчилдердин жана динден алыс адамдын кылган иштери" тууралуу теманы ачуу туура көрдүм. Бул теманы ачууга көптөн бери мен байкап жүргөн бир көрүнүш түрткү болду. Жеке автоунаам жок болгондуктан коомдук транспорт менен көп жүрөм жана андагы мени тема ачууга түрткөн көрүнүштү айтып сөзүмдү баштасам. Акыркы жылдары бети, башын чүмбөттөп, жапондордун нинзяларындай болгон кыздар пайда болууда. Бүгүн эртең менен адаттагыдай маршруттук такси менен жолдо келаткам. Бир аялдамага жеткенде чүмбөт жамынган жашы 20-25тердеги кыз маршрутканын ичине түштү. Алды жактагы орундукта отуруп бараткан жашы андан улуураак бир жигит ал кызга орун бошотуп берди. Кыз отурду. Жол уланып, кийинки аялдамага жеткенибизде 3-4 адам дагы түштү, алардын иченде 2 пенсия жашындагы кыргыз апалар бар экен. Маршрутканын ичиндеги орундардын алды жагында көбүнчө карыялар отургандыктан алар орун бошоткон жок. Ал эми тиги чүмбөттөлгөн кыз болсо мелтиреп, көзүнө эч нерсе көрүнбөгөн сокурдай болуп былтыйып отурат. Эми уялаар деп унчукпай кетип бараттым. Жок, эки бетин табактай чыгарып башын ороп алган кыздын бетинен уят эмес, башкасы да көрүнбөйт. Ушунчалык жиним келип баштан ары барсеткам менен бир койгум келип жатты. Аңгычакты болбой эле маршрутканын ичиндегилер да байкаса керек, мындай ачык эле кийинген бир жаш эле кыз: "чоң кыз орун бошотуп берип койсоңуз боло, апаңыздай болгон кишиге" деп кайрылды. Араң эле турган апаларда күбүрөнүп, шыбыранып "азыркы жаштарда уят деген калбай калды" деген сөздөрүн жаадырышты.
Чүмбөтчөн динчил кыз тиги кызды жаман көзү менен жеп ийчүдөй карап, анан гана орун бошотту. Мына ушундай кыздарды сыртынан карасаң дин жолунда жүргөн ыймандуу деп ойлойсуң. Бирок, коомдук транспортто кетип баратканда улууларга көпчүлүгү орун бошотуп бербейт. Менин күбө болгон учурларымдан чүмбөт жамынган 10 кыздын 1-2 сү гана ордунан туруп улууларга орун бошотот. Калган учурда болсо, атасындайбы,
апасындайбы же чоң атасы, чоң апасындай киши майдайында турабы көчүгүн көтөрүп орун берип коеюн дебей мелтиреп гана отура берет го чиркин. Аларга караганда ачык кийнсе да, жыртык кийинсе да башка жаштар төрдө отурса да тура калып, келиңиз байке,эже, ата, апа отуруп алыңыз деп тура калышат. Ушундан улам бул динчилдер сүйлөсө асманды сүйлөп, анан коомдогу мындай иштерине караганда тиги жыртык, тешик кийип жүргөн динден алыс кыздарыбыздын иши түбөлүк өйдө жана динчилдер айткан соопту көбүрөөк табышса керек. Же динде кыз киши башка өзүнөн башка эч кимге сыйлабасын деп айтылганбы?
Сиздерде кандай ой бул тууралуу?
Сиздерде кандай ой бул тууралуу?
Сиз, кыздын орун бошотуп бербей койгонунан эле ал кызды ушунча түшүрүп, жаман сөздөрдү жазыпсыз. Кыздын ички сезимдерин, ойлорун сиз кайдан билесиз? Балким ал кыз ойлонуп, балким алаксып башкага көңүл бурбай бараткандыр. Сиз ойлонуп кетип аялдамадан узап кеткен, ойлонуп отуруп кимдин келип-кеткенин, эмне деп айтканын байкабай калган учурларыңыз болгон эмеспи? Эгерде хижап кийинген кыз арак ичти, тамеки чекти десеңиз ал башка сөз. Ал эми сиздин билдирүүңүздү ИСламга тиш кайрап, мусулмандарды жаманатты кылуу деп түшүнөм. Бул менин, сиздин кичине нерсеге анализ кылып (балким анализ кылынбай турган) чооң сөздөрдү айтып жатканыңызга жооп. Ал эми 5 кол тең эмес дегенге кошулам.
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.

Супер-Инфо
super.kg
видео