Бул темада мен кичине өзүм Ислам дини кыргызга кандай таасир эткени тууралуу ойлорумду бөлүшө кетейин
Бир жолу бусик менен келе жаткам бир топ эжелерге кошулуп алып, анан эле менин сакалым тууралуу сөз башталды, сен азыр жашсын, татынакай эле баласын, анан түрүндү бузбай эле сакалынды алып салып кийин карыганда эле койбойсунбу деген мааниде
Дегиле ушул сакал койуп жүргөн отө оор, сакалды биз кылаарга иш таппай калганыбыздан эмес , Пайгамбарыбыз буйруганынан койуп жатканыбызды көп киши баамдабайт.
Сакал койгондо эле, 70 жыл каапырлыктын идеалогиясы менен сугарылып калган, түшүнбөстүк кылып ата энен баштайт, аларга түшундүрүп Кудайдан жардам болуп алар тынчып калат, анан кошуна колон баштайт жапжаш болуп туруп эмне койдун деп анан аларга тушундүрмөй,
бирөөсү түшүнсө бирөөсү түшүнбөй дегендей, анан бир тууган эже - агаларын баштайт, жезде_женелер да аларга кошулуп, аларга түшүндүрмөй,
анан чогүү иштеген жердегилер баштайт сакалынды ал деп анан аларга тушүндүрмөй,
анысы аз келгенсип көчөдөн милиция кызматкерлери токтотот сен хизбисинби эмнеге сакал өстүрүп алгансын деп, анан аларга түшүндүрмөй хизбилер тескеринче сакал өстурбөйт деп, анан эзели тааныбаган эмелер баштайт сакал койуп алып деп, анан аларга түшундүүрөсүн кээ бирөөнө, кээ бирөөнө убакыт тартыш болгонунан унчукпай кете бересин
Анан ушинтип сакал тууралуу сөз болуп, эжелер ал деп, мен ала албайм деп суйлөшүп келе жаттык, ошондо бир эже шоопур Рустам байкеден, Рустам айтып койчу жапжаш туруп бул сакал койгону туура эмес деп суроо узатып калды, анда Рустам авам мен ойлогондой сакалды алып сал дебестен, мен буга окшогон жигиттерге эч нерсе дей албайм, койсо койо берсин, эмне киши өлтүрүп жатты беле десе болобу, мен кудундай эле түштүм. Анан сөзун улап мен эмне себептен мындай кишилерге эч нерсе дей албайм деп жатканымды айтайынбы деп калды
Мен ооба ава айта бериниз деп калдым
Менин жалгыз иним бар, анан мындан бир нече жыл мурун ал иним көчө таптап арака өтө берилип кетти, арака берилгени аз келгенсип, өзү күрсүйгөн эме чон муштум болуп мушташтын үстүндө эле жүрөт, бирөөнүн башын жарып, бирөөнүн колун сындырып жана башкасын көзун көгөртүп. Эртеси эле үйдө ошол жабырлангандардын тууган туушканы тиги больницада жатат, даарысына акча бер, соттотом акча бер деп, анан апам ыйлайт, аны көрүп айла жок акча бересин больницага,
алдына түшкөнүм деп. Апам күндө ыйлайт балам койгун деп, мен күндө сабайм жиним менен, тигиге баары бир сымапдай болуп бир жерден чыгып алып көчөгө жөнөйт, анан эле апам сарсанаа тартып баштайт, менде уйку жок. бишкеке диспансерге алып бардык, көзү ачыктарга алып бардык баары бир, бир эки жумадан кийин эле байагы таз кейпин кийип, арака кирет, анысы аз келгенсип, сабайт көрүнгөндү.
Акыркы убакта бирөө жарым үйгө келе жатса эле кимди сабап салды, эми канча сурайт деп жүрөк шуу дейт, анан ушунчалык тажагандыктан Кудай кечирсин, ушу иним өлүп калса бир жылкы сойуп көөмүп салып тынчыйт элек деген ойлор келди, ушунтип жашап калгам, менин сабаганым, урушканым, апамдын сыздап ыйлаганы эч таасир этпеди ага, анан ошондой ойлор келип, андан тажап жашап калдым
Ошондой жашап жатып бир күнү рейстен келсем кечинде, эски костюмун кийип алып бутун кийип жатыптыр, жиним менен кайда деп бир тийдим, дагы досторуна жөнөдүнбү деп
Антсем иним күйгүзүп мечитке деп жатпайбы, эй акмак, Кудайдан коркпогон, ичкени баратсан ичкени баратам дебейсинби,
мечитке деп Кудайдан коркпой кантип айтып жатасын, билем сенин мечитинди, карангыда бутуна турбай келесинда деп бакырып баштадым, иним унчукпай, бутун кийип алып кетип калды, Карангыда мас болуп кел анан көрсөтөм сага мечитти деп артына кыйкырдым
Энем келип, тиги Саке келип жатты эле, ошо менен мечитке кетти окшойт деди, мен ой эне боорду эзбегилечи,
кайдагы мечит, кетти тиги клуб жакка, бөтөлкөлөш досторуна деп жаттым, энем үмүтүн үзбөй, тиги Саке деле жарым жыл болду арагын таштап мечитте жүрөт, ичпей эле жүрбөйбү деп жатты. Мен болсо жиним менен Ой бунун арагын ыйлап сыздап таштаттыра албай жатсак ошо алкаш Саке тыштатып коймок беле, азыр келет темселеп, анан көрсөтөм мечитти деп, телевизор карап инимди күтүп жаттым.
Бир кезде эшик ачылганын угуп үргүлөп бара жаткан жаным кухняны коздөй жөнөдүм, тиги мас болуп келди азыр көрсөтөм ага мечитти деген ой менен, кирип барсам эле иним сопсоо, ой тобоо, ушунчалык тан калдым. Шек алдырбай суу ичимиш болуп барып жатып калдым, чын эле мечитке бардыбы деп, кайра туруп барсам апам келип тамак берип жатыптыр, отуруп аны менен тамак ичтим ушунча убактан бери, тынч отуруп тамак ичтик, ии мечитке бардынбы, кандай экен десем, ооба тиги Саке менен бардым, анан ал жерден байан айттышты, анан намаз окуп келдик деп калды.
Ушунча убактан бери ошо күнү абдан тынч уктадым, анан күндө кечинде мечитке кетет, бирок ээ бирде болбосо бирде ичип алат болуш керек деп, күндө ага ишенбей, кечинде келгенде аны байкап койом маспы же сообу деп, ошентип күндөр өтүп, анын арак ичпей калганына да көнө туштүм, бирок баары бир ай ушу көпкө эмеско , баары бир ичип алат ко деген ойлор кээде пайда болот, Кудай ушу арагын тыштаса экен деп кайра тиленип койом, ошентип жүргөн күндөрү келип ава карызга акча берип тургулачы дааватка чыгып келейин, адал акча менен чыккыла деп жатышат, берип турунузчу келгенде иштеп таап берем деп калды, ой сен эч нерсе билбесен кайдагы даават десем, ава ал жерден көп нерсе уйрөнөсүн деп жатышат, барып келейинчи деп болбой жатты. Анан эй тиги жабыркаган адамдарга деле акча төлөчу эмес белем, берсе берейин, барса барып келсин деп, акча бердим. Кетти дааватка, ал жерден келгенден кийин деле ишенбей ичип алат болуш керек деп жүрдүм, бирок күндөр өтө берди ал болсо мечитке барганы барган, ошентип жүрүп анын арак ичпегенине да көнө баштадым.
Анан бир жерге жумушка кирип иштей баштады, акчаны жакшы таап уйгө береке кирип, бир жерден участка алып ал жерге үй салдырып баштады, бачым эле машина алып, жумушу илгерлеп, ава эмне болуп жатасыз, иштериниз кандай деп мага жардам бере баштады, ошентип азыр менин арка жөлөгүм болду, азыр Кудайдан ошол иним өлбөсө экен деп тиленем десе бусиктеги күлбөгөн эл жок. Ошол себеп буга окшогон жигиттерге унчуга албайм, ата-энесинин алы кебей койгон, бир туугандарынын алы келбей койгондо, милициянын алы келбей койгондо ушуга окшогон Саке деген мурун алкаш болуп жүрүп намаз окуп, мусулман болгон бир жигит биздин сообубузга калган деп айтканы бар. Анынайтканын угуп бусиктегилермага асылганын ташташты
- (2 )
-
- 1
- 2
Ислам дининин кыргызга тийгизген таасири
#2 16 May 2013 - 01:33
Бир жолу бир тааныш авам менен бир криминалдык авторитетти динге чакырганы үйунө барып калдык
Авам тиги менен жаш кезинде чогу "кыймылдап" калган тааныштыгы бар экен, саламдашкандан кийин, ал жайды сурашып, авам тигинин атын айтып, ушундай Кудайдын соту бар экен, Кудайдын алдында баарыбыз кылган ар бир иш үчүн жооп берерибиз анык экен, ошол себеп Аллага кулчулук кылып, кыл дегенин кылып, кылба дегенинен токтошубуз керек деп жатса тиги авторитет
Ээ братан уксан, мен мужикмин да, Кудайдын алдына барганда мужиктердей эле жооп берем деп калды, келип алып мага кайдагы болбогон эмелерди айтып жатат деген манызда
ошондо жини келе тушкөн абам
Эй укчу мени, биз экөөбүз биринчи соттолуп жатканда билесинби, сени адам соттогон, Кудай эмес, адам. Ошол адам сага 3 жыл эркинен ажыратылсын деп өкүм чыгарганда сен шымынды булгап койо жаздабадын беле, билесинби? Анан кайсы арына мен мужикмин, мен өзүм эле жооп берем деп кыйын болуп жатасын, ал жерден сенин мужик мужик эмесине карабайт, ал жерден мусулмансынбы, мусулман эмессинби ошого карайт, мусулманмын дегенден кийин, аны иш менен далилдеш керек. Намаз окуп, орозо кармап дегендей. Анан Аллахтын өкүмүн аткарбай туруп, мен мужикмин дегенин ал жерден эч мааниси жок деп катту тийсе, тиги авторитет
Брат, болду брат, окуйун деп жатам намаз, окуйм Кудай буйурса деп аран токтоткон тиги авамды
Буну неге жаздым? Кыргыз "по понятиям" жашап, рекет, криминалдык романтика күч алып турган мезгилде, ушундай терс, Кудайга жакпаган нерселерге бирден бир эффективдүү башка ишеним алып келип кыргызга бере алган Ислам ишеними болду десем жанылбайм го дейм. ошол "по понятиям" мыйзамдарына караганда, андан бир нече ирээт жогору, чексиз улук Аллахтын мыйзамдары бар экенин жана ал менен жашасан бактылуулука жетеринди маалымдап, "по понятиям" мыйзамын биздин ан сезимден сүрүп чыкканга чоң салымын кошту десем жанылбайм го

"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#3 16 May 2013 - 01:55
Кызыктуу экен... Мага оң таасирин эле берди.
Женщина - как эхо. Как к ней обратишься,
так она и отзовется.
#4 16 May 2013 - 01:59
Бир бурадар түрмөдөн жаны чыгып келип жүрүп калды, анан ага балдар барып Ислам динин жеткиришип,
ал мечитке келип намаз окуп калды. Күндөр өтүп, кышында ал бурадар, кочегар болуп иштеп калды, мечке көмүр ыргытып, билсениздер керек андай жумушта иштеген адамдар кандай кирдээрин, кечинде ага барып калдым, кышында куптан намазы эртээрек окулат эмеспи. Аны менен дин туралуу сүйлошүп, ал чай койуп, чай ичип отурганбыз.
Ошо маалда бир мерседес машина келди, ичинен эки бала түшүп тиги бурадар менен арыраак барып суйлөшүп отуруп калышты, бир аз суйлөшкөндөн кийин эле " Мерседес тепкен сен да өтөсүн, эшек минген мен да өтөм" деп тиги балдарды узатып жиберди. Булар ким эмнеге келиптир десем, бир авторитеттин атын айтып, ошонун балдары мени кошулбайсынбы деп чакыртып ийиптир.
Братан сен минтип карала болуп комүр жагып жүргүчө, мындай машина тээп, достойно жүргөнгө татыктуусун дейт, анан мен жок тынч эле жашай берейин, намаз окуп, мечитке барып жатам деп жанагы сөздөрдү айтым деген эле
Ислам дини кара суу ичип, адал эмгек менен жашап Кудайдын алдына барганын, бул жашоодо арам иш менен, көрүнгөндү сыздатып, "жыргап" жашап, Аллахтын алдына күнөөкөр болуп барганынан артык деген ишенимди киргизе алып, көптөгөн кыргызды ак эмгек , мандай тер менен оокат кылганга тарбиялай алды десем жанылбайм го

#5 16 May 2013 - 02:12
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#6 16 May 2013 - 02:53
Бир жолу мечитке тунөп калдым кыштын күнү болсо керек, уктап жатып бирөө эртен мене мечитке келгенин баамдап калдым, саат 5.30 чамасы болсо керек. кирген киши светти жандырбастан,
мечиттин торүнө өтүп, намаз окуп баштады, менин бар экенимди баамдабай. Бир аздан кийин, намазын окуп бүтүп, дуба кылып баштаганда,
мага ыйлап жаткансыгандай туюлду, уйку соонун ортосунда угулуп жатабы деп тыншасам, чын эле ыйлап Кудайдан тиленип жатыптыр, анын минтип тиленип жатканын укканда жүрөк калчылдай түштү, бир кызыктай боло түшөт го жүрогүн ошондой болуп. Анан ал киши турду да акырын мечиттен чыгып кетти, ал кеткенден кийин, туруп, даарат алып, баамдат намазынын камын корө баштадым. Анан жааматагы кишилер келип башташты, ошол маалда Абдукарим деген бир жаны динди кабыл алып, беш маал намаз окуп баштаган бурадар келгенде, жанагы келип ыйлап Кудайдан тиленип кеткен адам ошо экенин баамдап койдум.
Ал бурадар арака берилип кеткенде, анын айалы бала бакырасын алыб алып, төркүнүнө кетип калган. Себеби, Абдукарим аркаты ичип алып кечинде үйүнө келип, бала бакырасына тынчтык бербей, айалын уур токмокко алып тажатып ийген. Көрунгөн бөтөлкөлөш досторун алып келип, аларга жакшы мамиле кылбайсын, аларды сыйлабайсын жана ушу сыяктуу болбогон шылтоолорду айтып. Анан ал ичип эле, көрунгөндөн таяк жеп эле көчөдө калган, айалы кеткен сон.
Кудайдан болуп, Кудай насип этип, Ислам динине келди. Арагын тыштады, оокат кылып базарга чыгып жашылча сатып баштады, 5 маал намазды азыркыга чейин үзбөй окуп келет, мурун сакалы жок, европа көйнөгүн кийип алып, арактын кулу болуп, аракты Кудай кылып алып, ошого күнү-түнү жалынып келген адам, Аллахка кулчулук кылып баштады. Анан бир жылдан кийин эле айалы келип, бала бакырасы менен, татынакай өмур сүрүп калышты, башында алкаш эле, ушуну ушундай болот деп ким ойлоптур дегендер, азыр унчукпай деле калышты, ушундай болот экен деп ишенип калышса керек.
Ошондо ал бурадар эмнени тилек кылып, Кудайдан, ыйлаганын билбейм, бирок чон кишинин ушунчаалык ыйлап тилек кылып жатканын ошондо өмүрүмдө биринчи көрүшүм. Ушинтип арактын кулу болуп, аракка кана ибадат кылып калган, арак үчүн баарынан кечкен эчен деген кыргызды, арактын кулчулугунан чыгарды десем жанылбайм го, Ислам дини

#7 16 May 2013 - 09:43
Юсуфмуслим, сизге 5. Аллахым сиздин даражанызды башкалардыкынан 5 эсе жогору кылсын! Дагы жазып турасыз деген ниеттемин.
#8 16 May 2013 - 10:36
Юсуфмуслим,
сизге 5. Аллахым сиздин даражанызды башкалардыкынан 5 эсе жогору кылсын! Дагы жазып турасыз деген ниеттемин.
Сиз мага эмне кааласаныз Алаах сизге да аны насип этсин, Кудай насип этсе жазып турганга аракет кылам
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#9 16 May 2013 - 11:15
азаматсыз!
жогоруда айткан бусиктеги эжелеринизге айтбайсбы."
каарылыка эмес 5 минутадан кийин эмне болоорун кудай билет,..акыретке,
олумго даяр жургон пенде кандай бактылуу адам болот,сакалымы алып сулууланбай,
журогуму ыйманга толтуруп сулууланайын"
-деп?
#10 16 May 2013 - 11:19
А бир жолу бир шаардан бир айылга Ислам динин жеткирели деген ой менен 8 киши барып калдык, алтообуз күпүлдөгөн жаш балдар, арабызда Ислам динине жаны келген, ошо шаардын күнү-түнү спорт менен машыгып жүргөн жана ошонун кесепетинен муштумуна айабай ишенген балдар да бар эле. Тиги айылга барып ал айылдын имамы менен участковыйынан уруксат алыш керек деп аларды издеп журүп калдык айылды кыдырып, биз ошентип жүргөндө кечкурун боло баштады. Бир маалда эле силер кимсинер, неге келдинер бул жакка деп эле атчан жети-сегиз бала келип бизди такып калды, көбунчөсү мас экен, биз ушинтип элди Исламга чакырып келдик эле деп түшүндүрө баштаганда эле, силер эмне дерзкийсинерби,
эмне мени атып ийчидей карайсын деп эле бирөөсү колундагы камчы менен жанымдагы баланы тартып ийди, ошону эле күтүп тургансып, жанындагылары да бизди уур токмоко алып ийишти, ошондо биздин балдар колундагы баштыктарды ыргытып, тигилер менен мушташууга камдана баштаганда,
жаныбыздагы авалар: "Аллахтын ыраазычылыгы үчүн чыдагыла, мушташпагыла,
сабыр эткиле, бул да Аллахтын сыноосу" деп бизди токтотуп салышты. Мурун кийин минтип туруп берип эч кимден тайак жебеген балдар, ошондо туруп беришти, баштарын калкалап, тайак жеп жатканына канчалык намыстанса да, бирок Аллахтын атын укканда, Алаахтын ыраазычылыгы жөнүндө кеп укканда ага моюн сунуп кол кайтарбай туруп беришти.
Тиги атчандар оо кыйраттык деп кеттишти, алар кетип баратса тайак жегенине жана аларга кол кайтарып жооп бере албай калганына абдан нааразы болгон го бир балабыз: "Шашпагыла 3 күн даават бүтсүн, анан көрсөтөм силерге тепкилегенди" деп жатпайбы ызырынып, ошол жерде турган баарыбыз анын бул сөздөрүнө күлүп баштадык, бир чети ызаабызды күлку менен чыгарганга аракет кылдыкпы же эмнеси экенин билбейм, ошондо баарыбыз боорубуз эзилгенче күлдүк, кээ бирибиздин көзүбүздөн жаш да чыкты, ызаанын көз жашыбы же Аллахтын ыраазычылыгы үчүн кылган ишибизге кубануу көз жашыбы билбейм, бирок ошондо ал баланын сөзу бизге ушунчаалык күлкүмүштүдөй сезилди.
Ушинтип билегин күчтүү болсо баарын жайлайсын, күчтү болсон сен туура болосун, алсыздарды жыга чаап өз үстөмдүгүндү орнотуп алсан болот, аларга налог салып күнү-түнү чардап жашасан болот деген ан сезим менен жашап келген балдарды, бул иштер менен Аллахтын каарына каласын, Аллахтын алдында күч эч кандай мааниси жок, Аллахтын алдында ыймандын кана мааниси бар экенин айгинелеп, аларды уур токмогун тыштатып керек болсо өзүнөн алсыздарды урматтоо сезимин алып келип далай кыргыз баласынын чоң муштумун тыйды десем жанылбайм го

#11 16 May 2013 - 11:33
азаматсыз!
жогоруда айткан бусиктеги эжелеринизге айтбайсбы."
каарылыка эмес 5 минутадан кийин эмне болоорун кудай билет,..акыретке,
олумго даяр жургон пенде кандай бактылуу адам болот,сакалымы алып сулууланбай,
журогуму ыйманга толтуруп сулууланайын"
-деп?
Баардык мактоолор Аллахка гана болсун, азыр көбун эсе менин сакалыма көнул бурбай деле калды, бирок дагы ошондой сөз болсо сиздин жазганынызды айтууга аракет кылайын
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#13 16 May 2013 - 16:32
Албетте он таасирин берди ыйманынды жогорулагышна дагы чон туртку берет, Аллах сизден ыраазы болсун!
"Сен таза болсон, мен таза болсом коом да таза болот."
#14 16 May 2013 - 16:37
Скал боюнча айта кетчъ бир жагдай бар эле кошупчалап коёюнчу. Сакалды ким коёт? Динде бардык балакаттан өтүп сакалы чыккан экркек коет экен. Ал эми жогоруда 70 жыл бою деп СССРдин саясаты белгилениптир.
Жок бул туура эмес. СССРдин саясаты боюнча алсак, жашы келип калган аксакалдарыбыз да жаш баладай болуп кырынып алышчу. Ал эми кыргызда болсо, жаш адам эч качан сакал койгон эмес. Сакалды төмөнкү учурда гана коюшкан кыргыздын эркектери:
-Өз алдынча үйбүлө куруп, бала-чакалуу болуп ата деген жарага жеткенден тартып сакал коюуга мүмкүн болгон. Ал эми аксакал куракка жеткенде сакалын эч качан алып салган эмес. Сакал койбогон аксакал уят болгон.
-Атасынын көзү өтүп кеткен үй-бүлөнүн улуу баласы, ал үй-бүлөнүн багуучусу, башчысы катары деп таанылып сакал коюуга уруксат болгон. Эгер атасынын көзү тирүүсүндө сакал коюп алса, ал жигиттин атасы каза болуп калган деп түшүнүшкөн.
Андыктан атаңардын көзү тирүүсүндө өлүк катары санабайын десеңер чычайган сакалыңарды алып турууга аракет кылгыла. Мен өзүм түктүүмүн жана сакал-мурутум тез өсөт. Эртең менен кырынсам, кечинде сакал-мурутум өсүп калат. Колумдан келишинче күнүгө кырынганга аракет кылам. Бирок убакыттын тартыштыгынан кээ бир учурларда эки-үч күн сакалымды кырбай жүрүп калам. Ал учурда жакындарыма көрүнбөгөнгө аракет кылам.

Гуд бай, форумчулар!
!!
#15 16 May 2013 - 16:49
Сакалың болсо эле тирүү атаңды өлүк катары көргөзөсүң деген кызыктай ачылыш жасап салыпсыз. 
Анда 80деги атасы бар 60 тагы чал сакалы жок жүрүш керек экен да э.
Сөздөрүңүз бири-бирине дал келбей калыптыр

-Өз алдынча үйбүлө куруп, бала-чакалуу болуп ата деген жарага жеткенден тартып сакал коюуга мүмкүн болгон.
Андыктан атаңардын көзү тирүүсүндө өлүк катары санабайын десеңер чычайган сакалыңарды алып турууга аракет кылгыла.
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#16 16 May 2013 - 16:51
Бир нерсени кошумчалап койойун, ошо кыргыздар канча жашында үйлөнүп, канча жашында ата болуп калчуу эле кошумчалай кетсенер жакшы болмок го дейм
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#17 16 May 2013 - 17:21
Азыркы кундору, кыргыздын копчулук жаштары мусулманчылыкты,
исламды модага айландырып алгандай сезилет. Даватты шылтоо кылып копчулугу уй булоосун карабай койгон учурларды коп эле какшап айтып атышты.
Дааватчыларга нааразы болгон жерим:
1) Кайдагы Пакистандардын койногун самсаалатып кийип алышат, анысы да кир сасып. Кадимкидей эле кийинишпейби? Кыргыздын улуттук кийимин эмнеге кийбейт?
2) Дават кылганда, силерге элдер кайра келип баянынарды уга тургандай кылып айтпайсынар. Бир жолу келген адам, силерден кача турган кыласынар. Эч ким куноосуз эмес, бирок ошентсе да адамдарды кайра ознорго тарта турган усул м-н жеткирсенер болот. Силерди укканда озунон озу кемсинбегендей болушу керек. Мен да бир нече жолу даваттчылардын баянын уккамын. Азыр аларга симпатия эмес, антипатия. Башкаларга акыл уйрото бербестен, озунордун да устунордон иштегиле бир аз, туугандар.
Ислам тазалыкты жакшы коргон дин. Мен да мусулманмын, бирок сакал койбойм. Суннот деп эле сакал коюп алып, жоотордукундой кылып апсайтып кое бербестен, аны да карап, кыскартып, тарап, тазалап туруу керек. Болбосо, башкалардын конулун иренжитпей, алып сал.
Ошондуктан озунордун журум-турумунар м-н, суйлогон созунор м-н, кылган ишинер м-н башкаларды исламдан алыстатпагыла. Даватчыларды коргондо, элдер качпасан кайра тартылуусу керек.
РАХМАТ !

#18 16 May 2013 - 17:33

Мен Жаамат Таблигге кирбейм (дааватчылыр жааматына), аларды мен жөн кана бир туугандарым деп билгенден, алардын таламын талашып келем.
ушуну белгилеп кетейин
Ал эми кыргыздын кийими деген сиздин түшунүгүнүз боюнча кандай?
Даават кылганда менин темаларымды карасаныз, элди тартканга эле аракет кылып келем, бирок элдин баарына жагып, элдин баарын кызыктыргандай кылуу адамга мүмкүн эмес го? Бирөөнө жаксан бирөөнө сөссүз жакпай каласыз да
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#19 16 May 2013 - 17:37
Бир жолу мечитке тунөп калдым кыштын күнү болсо керек, уктап жатып бирөө эртен мене мечитке келгенин баамдап калдым, саат 5.30 чамасы болсо керек. кирген киши светти жандырбастан,
мечиттин торүнө өтүп, намаз окуп баштады, менин бар экенимди баамдабай. Бир аздан кийин, намазын окуп бүтүп, дуба кылып баштаганда,
мага ыйлап жаткансыгандай туюлду, уйку соонун ортосунда угулуп жатабы деп тыншасам, чын эле ыйлап Кудайдан тиленип жатыптыр, анын минтип тиленип жатканын укканда жүрөк калчылдай түштү, бир кызыктай боло түшөт го жүрогүн ошондой болуп. Анан ал киши турду да акырын мечиттен чыгып кетти, ал кеткенден кийин, туруп, даарат алып, баамдат намазынын камын корө баштадым. Анан жааматагы кишилер келип башташты, ошол маалда Абдукарим деген бир жаны динди кабыл алып, беш маал намаз окуп баштаган бурадар келгенде, жанагы келип ыйлап Кудайдан тиленип кеткен адам ошо экенин баамдап койдум.
Ал бурадар арака берилип кеткенде, анын айалы бала бакырасын алыб алып, төркүнүнө кетип калган. Себеби, Абдукарим аркаты ичип алып кечинде үйүнө келип, бала бакырасына тынчтык бербей, айалын уур токмокко алып тажатып ийген. Көрунгөн бөтөлкөлөш досторун алып келип, аларга жакшы мамиле кылбайсын, аларды сыйлабайсын жана ушу сыяктуу болбогон шылтоолорду айтып. Анан ал ичип эле, көрунгөндөн таяк жеп эле көчөдө калган, айалы кеткен сон.
Кудайдан болуп, Кудай насип этип, Ислам динине келди. Арагын тыштады, оокат кылып базарга чыгып жашылча сатып баштады, 5 маал намазды азыркыга чейин үзбөй окуп келет, мурун сакалы жок, европа көйнөгүн кийип алып, арактын кулу болуп, аракты Кудай кылып алып, ошого күнү-түнү жалынып келген адам, Аллахка кулчулук кылып баштады. Анан бир жылдан кийин эле айалы келип, бала бакырасы менен, татынакай өмур сүрүп калышты, башында алкаш эле, ушуну ушундай болот деп ким ойлоптур дегендер, азыр унчукпай деле калышты, ушундай болот экен деп ишенип калышса керек.
Ошондо ал бурадар эмнени тилек кылып, Кудайдан, ыйлаганын билбейм, бирок чон кишинин ушунчаалык ыйлап тилек кылып жатканын ошондо өмүрүмдө биринчи көрүшүм. Ушинтип арактын кулу болуп, аракка кана ибадат кылып калган, арак үчүн баарынан кечкен эчен деген кыргызды, арактын кулчулугунан чыгарды десем жанылбайм го, Ислам дини
Ал бурадар арака берилип кеткенде, анын айалы бала бакырасын алыб алып, төркүнүнө кетип калган. Себеби, Абдукарим аркаты ичип алып кечинде үйүнө келип, бала бакырасына тынчтык бербей, айалын уур токмокко алып тажатып ийген. Көрунгөн бөтөлкөлөш досторун алып келип, аларга жакшы мамиле кылбайсын, аларды сыйлабайсын жана ушу сыяктуу болбогон шылтоолорду айтып. Анан ал ичип эле, көрунгөндөн таяк жеп эле көчөдө калган, айалы кеткен сон.
Кудайдан болуп, Кудай насип этип, Ислам динине келди. Арагын тыштады, оокат кылып базарга чыгып жашылча сатып баштады, 5 маал намазды азыркыга чейин үзбөй окуп келет, мурун сакалы жок, европа көйнөгүн кийип алып, арактын кулу болуп, аракты Кудай кылып алып, ошого күнү-түнү жалынып келген адам, Аллахка кулчулук кылып баштады. Анан бир жылдан кийин эле айалы келип, бала бакырасы менен, татынакай өмур сүрүп калышты, башында алкаш эле, ушуну ушундай болот деп ким ойлоптур дегендер, азыр унчукпай деле калышты, ушундай болот экен деп ишенип калышса керек.
Ошондо ал бурадар эмнени тилек кылып, Кудайдан, ыйлаганын билбейм, бирок чон кишинин ушунчаалык ыйлап тилек кылып жатканын ошондо өмүрүмдө биринчи көрүшүм. Ушинтип арактын кулу болуп, аракка кана ибадат кылып калган, арак үчүн баарынан кечкен эчен деген кыргызды, арактын кулчулугунан чыгарды десем жанылбайм го, Ислам дини
Ооба,туура Ислам дининде айып жок.
Женщина - как эхо. Как к ней обратишься,
так она и отзовется.
#20 16 May 2013 - 17:47
Азыркы кундору, кыргыздын копчулук жаштары мусулманчылыкты,
исламды модага айландырып алгандай сезилет. Даватты шылтоо кылып копчулугу уй булоосун карабай койгон учурларды коп эле какшап айтып атышты.
Дааватчыларга нааразы болгон жерим:
1) Кайдагы Пакистандардын койногун самсаалатып кийип алышат, анысы да кир сасып. Кадимкидей эле кийинишпейби? Кыргыздын улуттук кийимин эмнеге кийбейт?
2) Дават кылганда, силерге элдер кайра келип баянынарды уга тургандай кылып айтпайсынар. Бир жолу келген адам, силерден кача турган кыласынар. Эч ким куноосуз эмес, бирок ошентсе да адамдарды кайра ознорго тарта турган усул м-н жеткирсенер болот. Силерди укканда озунон озу кемсинбегендей болушу керек. Мен да бир нече жолу даваттчылардын баянын уккамын. Азыр аларга симпатия эмес, антипатия. Башкаларга акыл уйрото бербестен, озунордун да устунордон иштегиле бир аз, туугандар.
Ислам тазалыкты жакшы коргон дин. Мен да мусулманмын, бирок сакал койбойм. Суннот деп эле сакал коюп алып, жоотордукундой кылып апсайтып кое бербестен, аны да карап, кыскартып, тарап, тазалап туруу керек. Болбосо, башкалардын конулун иренжитпей, алып сал.
Ошондуктан озунордун журум-турумунар м-н, суйлогон созунор м-н, кылган ишинер м-н башкаларды исламдан алыстатпагыла. Даватчыларды коргондо, элдер качпасан кайра тартылуусу керек.
РАХМАТ !
Дааватчыларга нааразы болгон жерим:
1) Кайдагы Пакистандардын койногун самсаалатып кийип алышат, анысы да кир сасып. Кадимкидей эле кийинишпейби? Кыргыздын улуттук кийимин эмнеге кийбейт?
2) Дават кылганда, силерге элдер кайра келип баянынарды уга тургандай кылып айтпайсынар. Бир жолу келген адам, силерден кача турган кыласынар. Эч ким куноосуз эмес, бирок ошентсе да адамдарды кайра ознорго тарта турган усул м-н жеткирсенер болот. Силерди укканда озунон озу кемсинбегендей болушу керек. Мен да бир нече жолу даваттчылардын баянын уккамын. Азыр аларга симпатия эмес, антипатия. Башкаларга акыл уйрото бербестен, озунордун да устунордон иштегиле бир аз, туугандар.
Ислам тазалыкты жакшы коргон дин. Мен да мусулманмын, бирок сакал койбойм. Суннот деп эле сакал коюп алып, жоотордукундой кылып апсайтып кое бербестен, аны да карап, кыскартып, тарап, тазалап туруу керек. Болбосо, башкалардын конулун иренжитпей, алып сал.
Ошондуктан озунордун журум-турумунар м-н, суйлогон созунор м-н, кылган ишинер м-н башкаларды исламдан алыстатпагыла. Даватчыларды коргондо, элдер качпасан кайра тартылуусу керек.
РАХМАТ !
Сакал тууралуу, Пайгамбарыбыздын хадис маанисинде, сакалынарды өстүрүп, мурутунарды кыскарткыла деген хадис мааниси бар, ал сакалынарды өстүрсөнөр жакшы болот деген эмес, өстүргүлө деген. Ушу себеп биздин мазхабдын окуумуштулары сакал кыруу, арамга жакын макрүх деген, бул болсо, сакалынардй кырбай койгонунар өтө дурус дегени
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео