Бул кинонун чыканына коп болду, бирок оз популярдуулугун бугунку кунго чейин жоготпой келуудо.
Корбогондорго кинонун мазмунун жазып болушуу оюма келди.
Сюжет: </b>
Хьюго Оливерага же Ачеге, өзүн өзү атагандай, түрмө камагына түшүү коркунучу бар, себеби ал кишиге кол салуу жана ырайымсыздык менен сабаганы үчүн шартту соттолгон. Анын жашоосу бүтүндөй тура эмес багытта кетүүдө, бирок кокустан тыгылышта Баби аттуу кызды көрөт жана аны тамашалап, "түрү суук" (fea) деп чакырат («солдат» орусча официалдык чектөөдө). Өзүнө кылынган мындай "назарды" Баби баалабайт-ошону менен жаңжал бүтөт.<br style="font-family: sans-serif; font-style: normal; font-variant: normal; font-weight: normal; letter-spacing: normal; line-height: 19.1875px; text-align: start; text-indent: 0px; text-transform: none; white-space: normal; word-spacing: 0px; background-color: rgb(255, 255, 255);">Аче өзүнүн мотоциклдер, жарыштар, кыздар, ичимдиктер жана жаштык козголоңчулук менен толгон жашоосуна кайтат. Аче достору менен кечки зооко чакыруусуз келет, ал жерден ал кайра Бабини көрөт. Ошо жерден сөз менен уруш чыгат, натыйжада ызы-чуу болуп, кожоюндардын үйү талкаланат. Бабинин мурунку жигити аны үйүнө жеткизип баратканда, байкерлер тобу-Аченин достору, аларга кол салышат. Аягы мурунку жигити качып кетет, Баби болсо, жагымсыз Аче менен үйүнө кайтышка аргасыз болот. Бабинин дос кызы-Катина Аченин эң жакын Поло аттуу досу менен суйлошуп калат. Ошондон улам Баби өзүнүн башынан өткөрбөгөн кырдаалдарда так Аче менен бирге болот-көчө жарыштары, полиция кызматкерлеринен качуу. Бара-бара Бабини багындыруу Аче үчүн кызыктуу оюн болуп, өзүн сүйдүргөнгө аракет жазап атып, ал өзү да ага сүйүү сезимдерин сезе баштайт.<br style="font-family: sans-serif; font-style: normal; font-variant: normal; font-weight: normal; letter-spacing: normal; line-height: 19.1875px; text-align: start; text-indent: 0px; text-transform: none; white-space: normal; word-spacing: 0px; background-color: rgb(255, 255, 255);">Кечирээк анын каршылыгынын жана козголоңчулугунун себеби-Аченин апасынын бейопалыгы жана анын үй-бүлөдөн кетүүсү, анын ойношун сабагандыгы үчүн ал соттолгондугу билинет.<br style="font-family: sans-serif; font-style: normal; font-variant: normal; font-weight: normal; letter-spacing: normal; line-height: 19.1875px; text-align: start; text-indent: 0px; text-transform: none; white-space: normal; word-spacing: 0px; background-color: rgb(255, 255, 255);">Бабини апасы ар түрдүү жол менен өзүнүн кызын оңбогон баладан коруйт, бирок жаштардын сезимдери күн сайын өсөт. Баби так Ачени өзүнүн биринчи жигити кылаарын чечет, алар чогу романтикалык түн өткөрүшөт. Так ошондон кийин Аче көксөгөн сөздөрдү, ал бактылуу экенин "А мен андан бетер бактылуумун. ..асман деңгээлинен да үч метрге бийигирээк" деп айтат. Бирок мунун баары Аченин достору Бабинин үйүнө дуулдап кирпи барышканда, мурунку сүйлөшкөн кызы үй-бүлөлүк жасалганы уурдап алганда, дагы Баби Аче анын мугалимин коркутканын билгенде кыйрайт. Баби алар убактылуу кезикпей турушаарын чечет.<br style="font-family: sans-serif; font-style: normal; font-variant: normal; font-weight: normal; letter-spacing: normal; line-height: 19.1875px; text-align: start; text-indent: 0px; text-transform: none; white-space: normal; word-spacing: 0px; background-color: rgb(255, 255, 255);">Бабинин 18-жаштыгына, Аче бүт шектерин четке кагып, анын туулган күнүнө ресторанга келет. Бул жомок да Бабинин кошунасы анын көйнөгүнө вино төгүп алганда, Аче аны менен согуша кеткенде, Катинанын чалуусу бузат.<br style="font-family: sans-serif; font-style: normal; font-variant: normal; font-weight: normal; letter-spacing: normal; line-height: 19.1875px; text-align: start; text-indent: 0px; text-transform: none; white-space: normal; word-spacing: 0px; background-color: rgb(255, 255, 255);">Поло, ошол эле убакта болуп аткан жарышта каза болот. Аченин жашоосу ачуулукка, сыздоого, канга толгон, анын баарын Баби көргүсү келбей калгандыктан, Баби Аче менен мамилесин үзүүнү чечет.<br style="font-family: sans-serif; font-style: normal; font-variant: normal; font-weight: normal; letter-spacing: normal; line-height: 19.1875px; text-align: start; text-indent: 0px; text-transform: none; white-space: normal; word-spacing: 0px; background-color: rgb(255, 255, 255);">Баби апасынын сунушу боюнча кошунасы менен жолуга баштайт. Аче досунун жоктугуна кайгырып, сүйүктүүсү менен мамилесин кайра калыбына келтирүү аракетин көрөт, бирок аны бөлөк менен көрүп, ал эми эчнерсени кайтара албайт экенин түшүнөт. Аче өзүнүн Алекс аттуу байкесине чет өлкөгө барып иштээрин айтат. Баби экөө бактылуу болгон кумжээкте, Аче бала кездеринде экөө ушу эле кумжээкте жолуккандарын эстейт. Аягында биз Аченин үнүн угабыз :«Сен эч качан өткөндү кайтара албайсың, өкүнүчтүү, кээбир нерселер өмүрүңдө бир эле жолу болот экен. Сен канча аркет кылбасан да, сен ошо сезимдерди кайра сезе албайсың, сен эч качан кайра асман деңгээлинен үч метрге бийигирээк көтөрүлө албайсың... »
<b> Силерге бул кино кандай таасир берди? Жеке мен бул кинодон кийин жашоомдо ондолбой турган ката жазаганымды билдим.
</b>

Супер-Инфо
super.kg
видео






















