Суперстан: Атеистминби ..... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (13 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Атеистминби ..... жардам керек

#21 Пользователь офлайн   Likvidator   14 Апрель 2012 - 21:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Бир нерсе деп айтуу абдан кыйын , Мен да кудайга ишенем дегеним менен мусулманчылыктагы парздарды аткара элекмин.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Адам   20 Май 2013 - 20:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 31 Май 2024 03:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

Суперчилер, достор, жалпы эле калайык!

Бул жөнүндө жазсамбы же жазбасамбы деп кыйла ойлондум да, жаза берейин деп чечтим.

Маселем мындайча:

Азыр 25 жаштамын, улгайып картайып калган жерим деле жок. Ушул жашка келгенче өскөн чөлкөмүмдө билинген диндерди тутунуп жүргөндөй болдум. Азыр ал диндерге ишенбегениме караганда, ооба, тутунуп, ишенимиш болуп жүргөн окшоймун...(1)

Учурда мен өзүмө таандык «бир дүйнө» сүрөттөп алдым, ошого жараша дүйнө таанымым дагы калыптанды.

«Менин дүйнөмдө» Жаратканга орун бар - бул менин диний жашоомдун негизин түзөт. Мен «өз ишенимимди» башкалардай болуп эч кимге таңуулабайт экемин. Сөз келип калса, суроосуна жооп иретинде гана диний көз карашым жөнүндө айтып беришим мүмкүн.

«Ишенимим» менден талап кылган баалуулуктар - булар
-адамгерчилик,
-туура сүйлөө (алдабоо),
-айлана- чөйрөдөгүлөрдүн коопсуздугуна кандайдыр жол менен болсо да зыян келтирбөө жана эң башкысы
-Жаратканымды эч качан унутпай, кандай гана формада болбосун Ага сыйынуу.

Диндерди эл башкаруу үчүн башчылардын/ жетекчилердин куралы катары кабыл алып калдым. Туура бул материалисттик көз караш. Бирок мен материалист эмесмин. Мен жогоруда айтканымдай, Кудайга ишенем, болгону белгилүү бир формада эмес. Менден ишенимим талап кылганы да ушул.

Азыр жашообуздагы кайсы бир динди алып карабайлы, кимдир бирөө ал динди кайсы бир доордо өз коомуна алып келген. Коому жаңы дин алып келүүчүгө ишенген эмес. Алардын ошол убаккаче ата-энеси тутунуп жүргөн, өздөрү карманган диндери болгон себеби. Ишенген диндеринен баш тарта алышкан эмес, ал кыйынга турган. А көбүнчөсү жаңы дин алып келгендерге ал өлгөдөн кийин тарапташтар/ тилектештер пайда болуп көбөйө баштаган.

Дин тутунгандарга көз карашым мындай болуп калды. Эгер бир кыргыз индуизм дини басымдуулук кылган чөйрөдө төрөлүп, өсүп калса, анда өмүрүнүн аягыначе индуист болуп өтүүсү 95% түзөт.

Эгер ошол эле кыргыз буддисттердин ичинде төрөлүп чоңойсо деле эч кандай айырма жок, ал буддистче жашайт. Себеби дүйнөнү ошол көз караш, каада-салт менен тааный баштайт. Мунун баарын өзүнө сиңирип алат, жашоосун соңуначе ошентип өткөрөт.

Негизиле бир адамдын диндар же динсиз болушу анын чөйрөсүнөн көз каранды деген көз караштамын.

Силерге берчү суроолорум:
1. Диний окуулар мага таасир бере албады, бул үчүн аларды алсыз дебейм. Бирок билгим келгени, силерди диниңерге байлап турган эмне?
2. Өзүңөрдү эч кайсы бир динди тутунбаган абалда элестете аласыңарбы?

Ачык-айрым жоопторду жана конструктивдүү пикирлерди күтөм.
Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   20 Май 2013 - 21:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Адам (20 Май 2013 - 20:46) жазган:

1. Ишеним
2. Эч бир адам динсиз (ишенимсиз) жашабайт, атеистер атеизмге ишенет, сизге окшогондор өз бирдемесин ойлоп таап ошону тутунат
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   shokkyz   20 Май 2013 - 21:05

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 27
  • Катталган: 01 Май 13
  • Соңку аракети: 28 Мар 2016 14:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жараткан насипкылган шаарда.

Дин тутунгандарга көз карашым мындай болуп калды. Эгер бир кыргыз индуизм дини басымдуулук кылган чөйрөдө төрөлүп, өсүп калса, анда өмүрүнүн аягыначе индуист болуп өтүүсү 95% түзөт.

Эгер ошол эле кыргыз буддисттердин ичинде төрөлүп чоңойсо деле эч кандай айырма жок, ал буддистче жашайт. Себеби дүйнөнү ошол көз караш, каада-салт менен тааный баштайт. Мунун баарын өзүнө сиңирип алат, жашоосун соңуначе ошентип өткөрөт.

Ушул создорунузго 100%кошулам,Чындап коз караш башкача болуп калат экен,мен озумун элеу укам жонундо мисал кылсам ,канча ара кет кылбадым барибир озунун тушунугуно алып, мага эмне ? мен озумун жашоом менен жашап жатам деп кана жооп берет. Кээде биздин кыргыз менталитетине жатпаган кылыктарын айтсан ,(не вмешивай мою личный жизнь)деп кана кутулат ошол туура эмес кылыгын ондогусу келбейт жана тушунгусуу да жок .(бир адамдын диндар же динсиз болушу анын чөйрөсүнөн көз каранды) туура окшойт ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   asan91   20 Май 2013 - 21:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 067
  • Катталган: 30 Январь 13
  • Соңку аракети: 07 Янв 2017 14:02
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:bishkek

менин жообум мындай-мен ислам динин тутунам жана да мени ички туюмум ишендирип турат а ислам динсиз озумду элестете албайм андан АЛЛАХ озу сактасын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   aijan   20 Май 2013 - 21:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Мен деле ушинтип жургом :) анан инетти тытмай, тинтмей башталган. Ошондо канча психологиялык тесттен отпойун, 'скорее всего, вы мусульманка' (65 % ойдо) деген жооптор чыкчу. Бул эми чойронун таасириби, же жан дуйномдун оздук тандоосубу, айырмалай албадым, менимче, экоо тен окшойт. Ошого азыр чала мусулманмын :)
Чала дегеним, хиджап кийбегеним, намаз окубаганым. Мендейлер олкобуздо коп десем жанылышпайм го.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   asan91   20 Май 2013 - 21:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 067
  • Катталган: 30 Январь 13
  • Соңку аракети: 07 Янв 2017 14:02
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:bishkek

урматтуу автор сиз куранды бир окуп чыгып анан озунузго суроо берип корунузчу анан жыйынтык чыгарып аласыз ошо жактан баардык суроолорунузга жооп аласыз себеби КУРАНДА 18000 аалам жонундо жазылган
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   mayoral   20 Май 2013 - 21:45

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 938
  • Катталган: 05 Май 13
  • Соңку аракети: 07 Июн 2014 04:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Россия):(

Курандын кыргызчасы чыкканбы? Тема боюнча. мен сизди динсиздердин катарына кошмокмун.

КОЛ ТИЙБЕГЕН КЫЗ КААЛАСАН;

КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Debi   20 Май 2013 - 21:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

1. Диний окуулар мага таасир бере албады, бул үчүн аларды алсыз дебейм. Бирок билгим келгени, силерди диниңерге байлап турган эмне?
2. Өзүңөрдү эч кайсы бир динди тутунбаган абалда элестете аласыңарбы?

1. Мен дин тутунбайм, Ыйса Машайакка ишенем. Анын өлүп тирилгени шектенүүлөрдүн бардыгын тып-тыйпыл кыла алат.
2. Мен азыр эч бир динди тутунбаган абалдамын.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Yuusuf   20 Май 2013 - 22:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 83
  • Катталган: 31 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 14 Авг 2013 14:59
  • Жынысы:Эркек

Темаңдын аталышы кызык экен. Себеби, "ишеним" , "диндин" ичине камтылган. А сенин "Мой Мир"иңде жаратканга орун бар. Демек ишенесиң. Ал эми "кайсыл дин туура же туура эмес" деген талаш өтө узун болгондуктан мен кыска эле жазып өттүм.. ал жакка кирбей эле койолу. Сырттан карап туруп комментарий берейин.
Имам Газали да сага окшоп... ой... сен да ага окшоп ойлонуптурсуң. :-) Ал да ушундай ой менен башка диндерди изилдеп чыгып, кайра Ислам менен жашап өткөн. Анын жазган чыгармалары тууралуу кабарың болсо керек. Мындан шегим жок.
Эми өзүмдүн да оюмду ортого таштай кетейин. Ушул жерде кашаанын ичинде айтыла турган нерсе, көпчүлүк адамдар дин менен учурдагы жашоосун айырмалап карайт. Дин жалаң гана ибадат же майрам менен эле чектелип калгандай. Менин көз карашым андай эмес. Дин - бул менин жашоомдун өзөгү. Себеби, кайсы дин болбосун, анын өзүнө жараша принциптери бар. Кайсы бир динди тутунган адам, ошол диндин принциптерин өзүнө принцип кылып алат. Ошол диндин пайгамбары (Чыгыш диндеринде куруучулары же негиздеген адамы) идеал катары кабыл алынат. Мында, чыныгы диндин негиздери жана анын шарттарын кабыл алып, ибадатын аткарып келаткан адам тууралуу айтып жатам. А жанагы мен христианмын, мусулманмын же будистмин деп, бирок, каалаганындай жашагандар тууралуу эмес.
Корутундулап айтканда, диндин жашообуздагы ролу өтө чоң. Жашоодогу максатыңды тапканга жардам берет. Шамалда ары-бери учкан жалбырак болгондон көрө бир нукта, бир максатты көздөй кеткен туурадай болуп турат. Согушка бараткан аскердин максаты душманды жеңип өлкөсүн жана анда жашап аткан үй-бүлөсүн сактап калып тынчтык орнотуу болгондой эле менин да максатым өзүмдү туура тарбиялап, ата-энени урматтап, колу-коңшу менен тынч жашап, бул дүйнөнүн кыйынчылыктарын жеңип, мага берилген аз гана өмүрдү жалкоолонбой мыкты жашап өтүү. Бул үчүн албетте бир куратор жана белгилүү дицсиплин керек. Мен ушул эки нерсени Исламда таптым.
Дагы көп нерсе улап жаза берсе болот. Азырынча ойума келгендери ушулар. Эми мындан ары Евровижн да бүттү ушундан сөз кылат окшойбуз, сен айтмакчы... :-)

Билдирүүнү түзөткөн: Yuusuf: 20 Май 2013 - 22:10

Чөйрөң кандай бурадар?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   mayoral   20 Май 2013 - 22:12

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 938
  • Катталган: 05 Май 13
  • Соңку аракети: 07 Июн 2014 04:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Россия):(

Ислам дини эн таза дин!

КОЛ ТИЙБЕГЕН КЫЗ КААЛАСАН;

КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   asan91   20 Май 2013 - 23:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 067
  • Катталган: 30 Январь 13
  • Соңку аракети: 07 Янв 2017 14:02
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:bishkek

негизи баардык адамдар мусулман болуп торолот бирок айлана-чойросуно карап башка динде да,каапыр да болуп калышы мумкун деп укканым бар, эми бул нерсеге таянсак сиз мусулман болуп торолгонс демек мусулман бойдон калуунуз зарыл азырынча сизде болгону дин боюнча жеткиликтуу маалыматыныз жок эки дуйно тен бактылуук ислам дининде гана болгондуктан мен сизди мусулман болуп журуунузду сунуштайм
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Kg.lady   21 Май 2013 - 00:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Мени кудайым жараткан,жана мен ага кулдук уруп баш ийем.Кудайды дин аркылуу тааныйбыз... ..Демек бир эле кудайга ар ким арбашка жол менен сыйынат,тоюс ар башка дин аркылуу.Сиз ошол диндердин ортосунда адашып журосузбу деймда, кайсы дин менен кантип сыйынам деп.А бирок кокурогунуздо кудайга болгон ишеним бар,эн негизгиси ошол.ишеним очпосун!! !

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Debi   21 Май 2013 - 01:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения SubAz (21 Май 2013 - 00:23) жазган:

Debi бир жакка, калганынар башка жакка вербовать этейин деп атасынар анан бечара Адамды %)

))) Пикир күткөн кишиге пикирди жөнөтүш керек да өзү )))
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Altyshok   21 Май 2013 - 08:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 748
  • Катталган: 28 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2021 15:43
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения mayoral (20 Май 2013 - 21:45) жазган:

Курандын кыргызчасы чыкканбы? Тема боюнча. мен сизди динсиздердин катарына кошмокмун.

Курандын кыргызчасы чыккан эмес, Куран кыргызчага которулган. Кыргызчасын Куран деп айта албайбыз, Курандын кыргызча мааниси десек туурараак болот, анткени которулганда адамдын сөзү менен, түшүнүгү менен которулат.

Адам, Курандын кыргызча маанисине көз жүгүртүп көрүңүз.

Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   adalsvards   21 Май 2013 - 11:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Просмотр сообщения Адам (20 Май 2013 - 20:46) жазган:

Силерге берчү суроолорум:
1. Диний окуулар мага таасир бере албады, бул үчүн аларды алсыз дебейм. Бирок билгим келгени, силерди диниңерге байлап турган эмне?
2. Өзүңөрдү эч кайсы бир динди тутунбаган абалда элестете аласыңарбы?

Ачык-айрым жоопторду жана конструктивдүү пикирлерди күтөм.

1. Диний окуу дебейм, бирок бул тармакты тааныта ала турган китептерди окугам. Ушуну карап чыксаң деген адамдарым, түшүнбөгөн жерлеримди айтып берчүлөр деле бар болчу. Кайсы бир мезгилде аны өзүмө ылайык да көрүп жүргөм. Бирок убакыт өткөн сайын өзүмдөн пайда болгон айрым суроолорго жооп таба албай калдым, жообун айтышса да, канааттанбай, ага макул болгум келбеди. Конфликт жаралды, компромисс табылбады. Мына ошондо, башка диндер боюнча маалымдар боло баштадым. Эгерде жалпылап алсак, анын баары эле баш ийүүгө үгүттөйт, эми бул бардык диндин бирден бир куралы болсо керек. Түшүнүгүмдө, ар бир диндин жаралышы өзүндөй адамдардын катарын көбөйтүүдөн улам чыккан эмеспи. Азыркы партиялардай эле да...)))

Динге байлап турган нерсеге келсек, өзүмдү ушул күндө динсизмин деп келем. Бирок бул адамзаттан жогору турган улуу күч жок дегенди билдирбейт. Антпесе ушул күнгө чейин илим түшүндүрө албай калган учурлар чечмеленип калмак да. Эң жөнөкөй мисал, кылмыш кылган адамдын бул дүйнөдө эле жазасын алган көрүнүштөр, аны ким кантип түшүндүрүп бере алат?

Өмүр берилсе, карылыкка баш сунганда, балким, дагы бир ирет диний китептерге жакшылап ыкласымды берет чыгармын. Ага чейин өз ишенимим, өз эрежелерим, өз мыйзамым менен эле жашагым келет.

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Kubanychbekkagan   21 Май 2013 - 13:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 737
  • Катталган: 01 Июнь 07
  • Соңку аракети: 11 Апр 2014 14:09
  • Жынысы:Эркек

Теманын автору абдан туура багытты тандаптырсың. Дин бул жөн гана саясый курал. Мен да ушул себептен улам бир дагы динди кабыл албоо чечимине келгем. Себеби мен кайсыл бир күчтүн камчысына айланган маңкурт болгум келбейт. Убагында атеист делген Карл Маркс дин тууралуу: "Бир кудайды бөлүшө албай, ар бир дин өз жолун туура дейт" деп таамай айткан. Мунун артында түшүнүгү жеткен адамга дүйнөдөгү элдердин диндерге бөлүнүп, өз динин жактап бири-бирине зомбулук көрсөтүүсү сүрөттөлөт. Мен да 4-классымдан тарта арабдардын тамгасын таанып, исламга сүңгүгөм. Убакыт өтүп 19 жашка келгенде динди таштоого туура келди. Себеби диндин арты кан жыттанып тураарына күбө болдум. Ал эми менин көз карашымда бардык адамды жараткан өзү жараткандан кийин анын алдында баарыбыз бирдейбиз жана бири-бирибизге зулумдук, зөөкүрдүк кылууга акыбыз жок. Ошондуктан мен адамгерчиликти сактап адам бойдон калайын деп чечкем. Жаратканга кандайдыр бир дин аркылуу эмес, жүрөгүм менен ишенип, тирүүлүктө жаман иштерден оолак болуу менен өзүмдү диндерден алыс кармап келем.

Гуд бай, форумчулар! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Nursaikal   21 Май 2013 - 13:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 693
  • Катталган: 29 Июль 11
  • Соңку аракети: 07 Окт 2019 10:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Кызык, бул жалган дуйнодон козу откон жакындарынызга эмне деп дуба кыласыз? Жок дегенде курандын "ихлас" суроосун окубайсызбы?
Ар бир пенде адашуучу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   21 Май 2013 - 13:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Kubanychbekkagan (21 Май 2013 - 13:03) жазган:

Теманын автору абдан туура багытты тандаптырсың. Дин бул жөн гана саясый курал. Мен да ушул себептен улам бир дагы динди кабыл албоо чечимине келгем. Себеби мен кайсыл бир күчтүн камчысына айланган маңкурт болгум келбейт. Убагында атеист делген Карл Маркс дин тууралуу: "Бир кудайды бөлүшө албай, ар бир дин өз жолун туура дейт" деп таамай айткан. Мунун артында түшүнүгү жеткен адамга дүйнөдөгү элдердин диндерге бөлүнүп, өз динин жактап бири-бирине зомбулук көрсөтүүсү сүрөттөлөт. Мен да 4-классымдан тарта арабдардын тамгасын таанып, исламга сүңгүгөм. Убакыт өтүп 19 жашка келгенде динди таштоого туура келди. Себеби диндин арты кан жыттанып тураарына күбө болдум. Ал эми менин көз карашымда бардык адамды жараткан өзү жараткандан кийин анын алдында баарыбыз бирдейбиз жана бири-бирибизге зулумдук, зөөкүрдүк кылууга акыбыз жок. Ошондуктан мен адамгерчиликти сактап адам бойдон калайын деп чечкем. Жаратканга кандайдыр бир дин аркылуу эмес, жүрөгүм менен ишенип, тирүүлүктө жаман иштерден оолак болуу менен өзүмдү диндерден алыс кармап келем.

ал эми атеизм (кудайга ишенбеген) деген ссср убагында оз идеалогиясын тануулап, сиз сөз кылган Маркс менен Энгельсти "Кудайдын" мугалими кылып, ал эми Ленинди "Кудай" кылып жашашкан атеистер суудан таза болушкан да? өз динин коргоо максатында колуна курал алып согушкан биздин ата бабаларыбызды "басмач" деп кырбай жашап келген да ээ атеистер?

Билдирүүнү түзөткөн: Yusufmuslim: 21 Май 2013 - 13:12

"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   Kubanychbekkagan   21 Май 2013 - 13:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 737
  • Катталган: 01 Июнь 07
  • Соңку аракети: 11 Апр 2014 14:09
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Yusufmuslim (21 Май 2013 - 13:11) жазган:

ал эми атеизм (кудайга ишенбеген) деген ссср убагында оз идеалогиясын тануулап, сиз сөз кылган Маркс менен Энгельсти "Кудайдын" мугалими кылып, ал эми Ленинди "Кудай" кылып жашашкан атеистер суудан таза болушкан да? өз динин коргоо максатында колуна курал алып согушкан биздин ата бабаларыбызды "басмач" деп кырбай жашап келген да ээ атеистер?

Ал атеист делген Карл Марксты жактаган жерим жок. Болгону таамай айткан сөзүнө токтолдум. Дагы бир ирет кайталап койсом туура болот окшойт. Мен атеисттерди да динчилдерди да жактабайм. Менин көз карашым алардыкына туура келбейт. Мага бир гана бул дүйнөдө адамдардын бири-бирине жакшы мамиле жасап, согушпай тынч жашоосу кызыктырат.

Гуд бай, форумчулар! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (13 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июн 2025 16:15

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: