Суперстан: Атеистминби ..... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Атеистминби ..... жардам керек

#61 Пользователь офлайн   Адам   22 Май 2013 - 16:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 31 Май 2024 03:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

Просмотр сообщения zzz (22 Май 2013 - 05:08) жазган:

Эки суроого болгон жообум бири-бирине тыгыз байланыштуу экен, жообум башаламан, аралаш болуп калды:
1. Бүткүл ааламды жараткан, жалгыз Аллахка болгон ишменимим байлап турат. Экинчи пункттагы суроолорума жооп Ислам дининен табылат... Белгилүү бир убакка чейин Кураанды адам өлгөндөй кийин, молдолор "ырдап" коё турган бир текст деп билчүүмүн... Көрсө ал мени ким жана эмне максат менен жаратканын, аягында мен кайда бараарымды, жакшысына (Бейиш) жетүү үчүн жана жаманынан (Тозок) сактануу үчүн эмне кылуумду так түшүндүрө турган "жашоо инструкциясы" экен...

2. Жок. Эгер өзүм Аллахка ишенип, анын өкүмдөрүн аткарбасам, бул дүйнөгө келген айбандардан айырмам эмне болмок деп ойлоном. Ичип-жеп жашап, аягында топуракка айланып кетүү менин логикама сыйбайт. Эгер дин тууралуу маалыматым жок болсо, мен бул суроолорго жооп таппай эсим оомок го деп ойлойм: Мени ким жаратты, эмне үчүн жаратты?.. мейли мен адамгерчиликтүү, айлана-чөйрөгө зыян келтирбей жашайын, а эмне үчүн ушулардын тескерисин кылгандар бар?... Эмне үчүн акылы жок, жаныбарлар "жаныбаркерчилик" мыйзамдарын бузбай сактайт (ата-эне, бала мээрими, бири-бирин өлтүрбөө ж.б.у.с.)... Эмне үчүн акыл-эстүү адам баласы чөйрөгө эң көп зыян келтирген, митаам, эң мыкаачы, эң пайдасыз макулук болуу менен бирге анын толугу менен карама-каршы сапатына ээ болгондору дагы бар?...Эмне үчүн ушунча макулуктардын арасында, адамдын эле акылы бар? Акыл өзүнөн-өзү пайда болот дейин десем, эволюция теориясы, материализмдин "түбөлүктүүлүк" түшүнүгү илим жана техниканын өсүшү менен ойрон болуп жатат... Бизге бул акыл эмне максат менен берилген?...



Просмотр сообщенияaliyana66 (22 Май 2013 - 09:48) жазган:

Мен озумду динсиз пустышка сезем, ишенуу журогумдо бар. Альхамду Лиллах мусулманын, мурун сакалчан кишилерди вахаббист а паранжа кийген кыздардан коркчум. Эмне болуп озгордум тушунбойм бирок мунозум ото оор, озумчул, конулго карабаган кыз болчум,Курандын ар бир аятында тарбия бар эмеспи, анан да тушунуксуз (чудеса деп коеюн) коп боло берди.
Бир куну "э Алла ыйманым алсыз болбоо учун мага ыймандуу досторго жолуктур" деп туну сурангам. Эртеси туруп маршруткага олтурсам, мандайымда оронгон кыз олтуруптур, орустун баары чочулайт, анан метрого тушуп баратсам " чон кыз менин проездноюм безлимит откоруп коем деп артыман келди, ошол бойдон номерибизди берип дос болгонбуз нациясы дагестанка. Бул бир мисал а менде алар коп, намаз окуганда тушунуксуз жагымдуу жыт келет, башкалардан сурасан эч нерсе жыт жок дешет. Мен ишенем , ишеним менен бактылуулук таптым.


Жообуңарга рахмат!
Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   kyrgyzJigit   22 Май 2013 - 17:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 18 Июль 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2019 14:09
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Адам (20 Май 2013 - 20:46) жазган:


Силерге берчү суроолорум:
1. Диний окуулар мага таасир бере албады, бул үчүн аларды алсыз дебейм. Бирок билгим келгени, силерди диниңерге байлап турган эмне?
2. Өзүңөрдү эч кайсы бир динди тутунбаган абалда элестете аласыңарбы?


Ачык-айрым жоопторду жана конструктивдүү пикирлерди күтөм.


Жеке көз карашым, азыркы диндерди адамдар, башка адамдарды башкаруу үчүн ойлоп табышкан деп ойлойм. "Сетевой маркетинг" сыяктуу эле өздөрүнүн ишенимин "товарын" мактай беришет. Ишенген динине "компаниясына" чакыра беришет. Сиз белгилеп кеткен айлана-чөйрөнүн таасири чоң. Бир гана биздин диндики туура деп талашуу бул жөн гана пендечилик. Адамдар жер планетасында пайда болгон мезгилди алып көрсөк, адамдарда азыркы ыйык деген диний китептерди, пайгамбардын жашоолорун окумай турмак, китеп эмне деген түшүнүгү жок болчу. Алар динге бөлүнүп азыркыдай бири-бири менен дин үчүн согушкан эмес. Адам болуп жаралгандан кийин ага ак менен караны өзүнүн акыл эси менен айырмалаганга мүмкүнчүлүк берген. Эгер андай болбосо мусулман , христиан, ж.б. динди тутунбагандар же кат сабаты жоюлбагандар макулук болуп калмак, эгер дин аркылуу гана ак караны ажыратуу мүмкүн болгондо. Же бир динди тутунгандар, зымга тизгендей жакшы жашамак, эгер алардын эле ишенген дини туура адилет болгондо.

Мен өзүмдү атеист же теңирчи деп эсептебейм , бирок азыркы диндердин бирөөсүнө да ишенбейм. Ар бир адамдын кудайы жүрөгүндө болуш керек.Кыргыздардын Тенирчилик философиясы акыркы кезде кызыктырып жүрөт. Азыркы диндерден айырмаланып, көчмөн кыргыз элинин табият менен айкалышкан дүйнө таанымы алда канча таза, адилет экен деген ойго келдим.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Адам   22 Май 2013 - 17:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 31 Май 2024 03:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

Просмотр сообщения kyrgyzJigit (22 Май 2013 - 13:22) жазган:

Жеке көз карашым, азыркы диндерди адамдар, башка адамдарды башкаруу үчүн ойлоп табышкан деп ойлойм. ... Бир гана биздин диндики туура деп талашуу бул жөн гана пендечилик. ... Адам болуп жаралгандан кийин ага ак менен караны өзүнүн акыл эси менен айырмалаганга мүмкүнчүлүк берген.
...
Мен өзүмдү атеист же теңирчи деп эсептебейм , бирок азыркы диндердин бирөөсүнө да ишенбейм. Ар бир адамдын кудайы жүрөгүндө болуш керек. ... Азыркы диндерден айырмаланып, көчмөн кыргыз элинин табият менен айкалышкан дүйнө таанымы алда канча таза, адилет экен деген ойго келдим.



Оюңа толугу менен кошулам. Ар кайсы сөздөр менен бир гана ойду айтып жатабыз деп ойлопатам.

Ошондой эле ушул жерде пикирлештерибиз adalsvards, Kubanychbekkagan дын дагы аттарын кошумчалай кетейин.

Жообуңа рахмат!
Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   BakitAyka   22 Май 2013 - 18:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 173
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2014 16:44

Просмотр сообщения Адам (20 Май 2013 - 20:46) жазган:

Суперчилер, достор, жалпы эле калайык!


Силерге берчү суроолорум:
1. Диний окуулар мага таасир бере албады , бул үчүн аларды алсыз дебейм. Бирок билгим келгени, силерди диниңерге байлап турган эмне?
2. Өзүңөрдү эч кайсы бир динди тутунбаган абалда элестете аласыңарбы?


Ачык-айрым жоопторду жана конструктивдүү пикирлерди күтөм.


Диний окуулар мага таасир бере албады депсиз сизге суроом кандай диний окууларды окудунуз?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   22 Май 2013 - 18:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения kyrgyzJigit (22 Май 2013 - 17:22) жазган:

Жеке көз карашым, азыркы диндерди адамдар, башка адамдарды башкаруу үчүн ойлоп табышкан деп ойлойм. "Сетевой маркетинг" сыяктуу эле өздөрүнүн ишенимин "товарын" мактай беришет. Ишенген динине "компаниясына" чакыра беришет. Сиз белгилеп кеткен айлана-чөйрөнүн таасири чоң. Бир гана биздин диндики туура деп талашуу бул жөн гана пендечилик. Адамдар жер планетасында пайда болгон мезгилди алып көрсөк, адамдарда азыркы ыйык деген диний китептерди, пайгамбардын жашоолорун окумай турмак, китеп эмне деген түшүнүгү жок болчу. Алар динге бөлүнүп азыркыдай бири-бири менен дин үчүн согушкан эмес. Адам болуп жаралгандан кийин ага ак менен караны өзүнүн акыл эси менен айырмалаганга мүмкүнчүлүк берген. Эгер андай болбосо мусулман , христиан, ж.б. динди тутунбагандар же кат сабаты жоюлбагандар макулук болуп калмак, эгер дин аркылуу гана ак караны ажыратуу мүмкүн болгондо. Же бир динди тутунгандар, зымга тизгендей жакшы жашамак, эгер алардын эле ишенген дини туура адилет болгондо.

Мен өзүмдү атеист же теңирчи деп эсептебейм , бирок азыркы диндердин бирөөсүнө да ишенбейм. Ар бир адамдын кудайы жүрөгүндө болуш керек.Кыргыздардын Тенирчилик философиясы акыркы кезде кызыктырып жүрөт. Азыркы диндерден айырмаланып, көчмөн кыргыз элинин табият менен айкалышкан дүйнө таанымы алда канча таза, адилет экен деген ойго келдим.



Ар бир адамдын Кудайы жүрөгүндө болуу керек депсиз, эмне мусулмандардын Кудайы башка жеринде экенин көрүп калдыныз беле же туюп калдыныз беле? Дегеним Пайгамбарыбыздын денеде муштумдай болгон бир эт бар ошо караарса, баардык нерсесин карартат деген маанидеги хадиси бар, сиз ошо Пайгамбарыбыздын эле хадисин кайталап өз сөзүнүз менен айтып жатасыз . Дагыда, маньяктын, кичине кыздарга кол салган, наркомандын, тирандын Гитлерге окшоп миллиондорду кырган, Сталиндин миллион кишинин түбүнө жеткен, кызтекелердин деле жүрөгүндө өз Кудайы бар экенин эсинизден чыгарбасаныз жакшы болот го дейм.
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Адам   22 Май 2013 - 18:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 31 Май 2024 03:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

Просмотр сообщения BakitAyka (22 Май 2013 - 14:06) жазган:

Диний окуулар мага таасир бере албады депсиз сизге суроом кандай диний окууларды окудунуз?


Диндердин атын атап, бул жерде ошол диндин өкүлдөрүнө атака жасагандай болбоюн деп аларды атабадым. Кыргызстанда төрөлүп өстүм. Ошол чөлкөмдөгү диндерди тутунуп көргөмүн.
Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   Адам   22 Май 2013 - 18:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 31 Май 2024 03:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

Просмотр сообщения Yusufmuslim (22 Май 2013 - 14:20) жазган:

Ар бир адамдын Кудайы жүрөгүндө болуу керек депсиз, эмне мусулмандардын Кудайы башка жеринде экенин көрүп калдыныз беле же туюп калдыныз беле? Дегеним Пайгамбарыбыздын денеде муштумдай болгон бир эт бар ошо караарса, баардык нерсесин карартат деген маанидеги хадиси бар, сиз ошо Пайгамбарыбыздын эле хадисин кайталап өз сөзүнүз менен айтып жатасыз...

бул боюнча kyrgyzJigit хадистен алып жазганбы, же жеке жашоосундагы тажрыйбасына таяныппы, өзү жооп берээр.

Айыпка тартпасаңар, муну айтуудан максатың эмне, билгим келип жатат? Эмнени айтайын дегенсиң?

Просмотр сообщенияYusufmuslim (22 Май 2013 - 14:20) жазган:

...Дагыда, маньяктын, кичине кыздарга кол салган, наркомандын, тирандын Гитлерге окшоп миллиондорду кырган, Сталиндин миллион кишинин түбүнө жеткен, кызтекелердин деле жүрөгүндө өз Кудайы бар экенин эсинизден чыгарбасаныз жакшы болот го дейм.

Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   22 Май 2013 - 19:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Адам (22 Май 2013 - 18:40) жазган:

Айыпка тартпасаңар, муну айтуудан максатың эмне, билгим келип жатат? Эмнени айтайын дегенсиң?



Элдин баары эле силерге окшоп (чын элеби калп элеби бир Кудайга маалым) ууру кылбасам болду, киши өлтурбөсөм болду, зордуктабасам болду деп жашабайт, бирөөнүн Кудайы акча, ал Кудайына жетиш үчүн ата-энесин өлтүргөндөн кайра тартпайт жана да өлтүрүп салат, кээ бирисиникиси Кудайы кумар, ал Кудайынын ыраазычылыгын табыш үчүн кичине кыздарды деле зордуктайт, андан арысын жазбай деле койсом болот го, ошондой эле азыр бизге танууланып жаткан демократия деле дин экенин эске алып койосунар деп ойлойм

Дагы кошумчалап койорум, тенирчиликке караганда Ислам дини түзүк экен деп кабылдап жашап келген ата-бабаларыбызды, өзүнөрдөн кемчонтойроок эсептебигилечи деп суранат элем

Билдирүүнү түзөткөн: Yusufmuslim: 22 Май 2013 - 19:05

"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   22 Май 2013 - 19:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Адам (21 Май 2013 - 18:04) жазган:

Чөйрө - бул биринчи кезекте үй бүлө. Анан калган ойго келген чөйрөлөр.

Үй бүлөдө ата-эне балага кандай диний тарбия берсе, бала жашоосунун аягыначе ошол диний тарбия менен жашайт.

Жообуңа чоң рахмат!


Бул нерсениз да ката, айкын мисал Кубанычбек каган, анын ата энеси, бир туугандары бүт мусулман экен, ал эле каапыр атеист болуп алыптыр

Курандын кыргызча маанисинде
Чыгыш да, Батыш да Аллахга таандык, Ал каалаган пендесин Туура Жолго баштайт (Бакара сүрөсү 142 аят)

(О, Мухаммад! ) Сен өзуң сүйгөн адамдарды Туура Жолго баштай албайсың. Бирок, Аллах гана Өзү каалаган адамын Туура Жолго баштайт. ( Касас сурөсү 56 аят).

Билдирүүнү түзөткөн: Yusufmuslim: 22 Май 2013 - 19:28

"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   Адам   22 Май 2013 - 19:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 31 Май 2024 03:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

Просмотр сообщения Yusufmuslim (22 Май 2013 - 15:02) жазган:

Элдин баары эле силерге окшоп (чын элеби калп элеби бир Кудайга маалым) ууру кылбасам болду, киши өлтурбөсөм болду, зордуктабасам болду деп жашабайт, бирөөнүн Кудайы акча, ал Кудайына жетиш үчүн ата-энесин өлтүргөндөн кайра тартпайт жана да өлтүрүп салат, кээ бирисиникиси Кудайы кумар, ал Кудайынын ыраазычылыгын табыш үчүн кичине кыздарды деле зордуктайт, андан арысын жазбай деле койсом болот го, ошондой эле азыр бизге танууланып жаткан демократия деле дин экенин эске алып койосунар деп ойлойм

Дагы кошумчалап койорум, тенирчиликке караганда Ислам дини түзүк экен деп кабылдап жашап келген ата-бабаларыбызды, өзүнөрдөн кемчонтойроок эсептебигилечи деп суранат элем


Туура маселеге токтолгонсуң, ушул жерден өз оюмду дагы да ачыгыраак айтууга мүмкүнчүлүк түзүлдү окшойт.

1. «Ишенимим» менден талап кылган баалуулуктар - булар
-адамгерчилик,
-туура сүйлөө (алдабоо),
-айлана- чөйрөдөгүлөрдүн коопсуздугуна кандайдыр жол менен болсо да зыян келтирбөө жана эң башкысы

-Жаратканымды эч качан унутпай, кандай гана формада болбосун Ага сыйынуу.

Жеке мен жогоруда принциптерге туура келбеген кыймыл-аракеттерди жээрийм. Анткени ишенимим менден ошону талап кылат.

Эгер ар ким өз билемдикке барып, ишенимин шылтоолоп, айлана-чөйрөгө, коомго, эң негизгиси үй бүлөсүнө зыян келтирчү болсо - бул адамдыкка жатпайт. Мындай ишенимдин барынан жогу.

Өзү идеалда - дүйнөдө жалгыз эле өзү жашап жаткандай болуп, өтүктү төргө илип жашаган болбойт. Жер жүзүндө канча адам болсо, ошончо пикир жашайт. Каалайбы же жокпу алар менен бирге, алардын укуктарына сый-урмат кылып жашоодон башка варианты жок болуш керек.

2. Ата-бабаларыбызга эч кандай дооматым жок, аларды эч качан кемчонтой деп эсептеген эмесмин.
Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   22 Май 2013 - 19:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Адам (22 Май 2013 - 19:32) жазган:

Туура маселеге токтолгонсуң, ушул жерден өз оюмду дагы да ачыгыраак айтууга мүмкүнчүлүк түзүлдү окшойт.

1. «Ишенимим» менден талап кылган баалуулуктар - булар
-адамгерчилик,
-туура сүйлөө (алдабоо),
-айлана- чөйрөдөгүлөрдүн коопсуздугуна кандайдыр жол менен болсо да зыян келтирбөө жана эң башкысы

-Жаратканымды эч качан унутпай, кандай гана формада болбосун Ага сыйынуу.

Жеке мен жогоруда принциптерге туура келбеген кыймыл-аракеттерди жээрийм. Анткени ишенимим менден ошону талап кылат.

Эгер ар ким өз билемдикке барып, ишенимин шылтоолоп, айлана-чөйрөгө, коомго, эң негизгиси үй бүлөсүнө зыян келтирчү болсо - бул адамдыкка жатпайт. Мындай ишенимдин барынан жогу.

Өзү идеалда - дүйнөдө жалгыз эле өзү жашап жаткандай болуп, өтүктү төргө илип жашаган болбойт. Жер жүзүндө канча адам болсо, ошончо пикир жашайт. Каалайбы же жокпу алар менен бирге, алардын укуктарына сый-урмат кылып жашоодон башка варианты жок болуш керек.

2. Ата-бабаларыбызга эч кандай дооматым жок, аларды эч качан кемчонтой деп эсептеген эмесмин.


бул сиздин ойунуз, ал эми башка нерселерди Кудай кылып алып аларга кулчулук кылып жаткан пенделерге кандай чара көрөсүз деп жатам, мисалы Ислам дини андайларга кандай чара көрүү керектигинин толук комплексин берген, сиз эч кимге зыян кылбай жүрөсүз, анан Кудай анын бетин аары кылсын бирөө келип карындашынызды зордуктайын деп аракет кылып жатат мисалга, анан сиз турасыз мен айлана чөйрөгө жамандык кылбайм деп
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   Адам   22 Май 2013 - 19:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 31 Май 2024 03:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

Просмотр сообщения Yusufmuslim (22 Май 2013 - 15:15) жазган:

Бул нерсениз да ката, айкын мисал Кубанычбек каган, анын ата энеси, бир туугандары бүт мусулман экен, ал эле каапыр атеист болуп алыптыр


1. Кубанычбек каган дин менен алгачкы жолу 4-классында тааныша баштаптыр. Эгерде ал динди катуу карманган бир үй бүлөдө төрөлгөндө, сөзсүз 4-класска чейин динден кабары болот эле. Үй бүлөдөн алган диний тарбиясы менен андан ары диндар болуп жашамак деп ойлопатам.

Просмотр сообщенияKubanychbekkagan (21 Май 2013 - 09:03) жазган:

...Мен да 4-классымдан тарта арабдардын тамгасын таанып, исламга сүңгүгөм. Убакыт өтүп 19 жашка келгенде динди таштоого туура келди. ...


2. Кубанычбек каган атеист же каапыр эмес.

Просмотр сообщенияKubanychbekkagan (21 Май 2013 - 09:03) жазган:

...Ал эми менин көз карашымда бардык адамды жараткан өзү жараткандан кийин анын алдында баарыбыз бирдейбиз жана бири-бирибизге зулумдук, зөөкүрдүк кылууга акыбыз жок. Ошондуктан мен адамгерчиликти сактап адам бойдон калайын деп чечкем. Жаратканга кандайдыр бир дин аркылуу эмес, жүрөгүм менен ишенип, тирүүлүктө жаман иштерден оолак болуу менен өзүмдү диндерден алыс кармап келем.

Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   22 Май 2013 - 19:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Мисалы Курандын кыргызча маанисинде Аллах уурулардын жазасын мындай деген


38.Уурулук кылган эркек жана аялды, кылмышына жараша Аллах тарабынан (белгиленген) азап-жаза болуу үчүн колдорун кескиле! Аллах - Женүүчү, Даанышман.

39.Ал эми, ким заалымдыгынан (уурулугунан) кийин тооба кылып, (өзүн) ондосо, Аллах анын тообасын кабыл алат. Албетте, Аллах Кечиримдүү, Ырайымдуу. (Маида сүрөсү)


Ал эми киши олтургондөр тууралуу


178. Эй, момундар! Силерге өлтүрүлгөндөр үчүн өч алуу милдет кылынды: азатка -азат, кулга - кул, аялга - аял өлтүрүлөт. Ал эми, кылмышкерди маркумдун тугандары кечирсе - ага адеп менен моюн сунуу жана ага татыктуу кун төлөө милдет. Бул – силерге Раббыңардын жеңилдиги жана ырайымы. Ким эми чектен чыкса, ага жан кыйноочу азап бар. (Бакара сүрөсү)
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   22 Май 2013 - 19:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Адам (22 Май 2013 - 19:47) жазган:

1. Кубанычбек каган дин менен алгачкы жолу 4-классында тааныша баштаптыр. Эгерде ал динди катуу карманган бир үй бүлөдө төрөлгөндө, сөзсүз 4-класска чейин динден кабары болот эле. Үй бүлөдөн алган диний тарбиясы менен андан ары диндар болуп жашамак деп ойлопатам.


2. Кубанычбек каган атеист же каапыр эмес.



Бунун баары жөн кана сөз, мен бир да динди кармабайм дегени менен улутчул Гитлердин, атеист Маркстын диндеши экени көрүнүп эле турат ко?

Ал эми анын уй бүлөсу тууралуу сөз кылсак алар азыркыга чейин намаз окуу деп тарбиия берип жатса тигинтип Гитлер менен Маркстын идеологиясын (ишенимин) өзүнө синирип алып , алардын камчысын чаап жүрөт же анын үй бүлөсү аны ушинтип жүр деп тарбиялаган деп жатасызбы, бир жерде болсо орун бошотуп бербей койгон үчүн хижаб кийген кыздарды ушунчалык кыжырланып сабап салгысы келиптир, бул эмнени айгинелеп турат?
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   Адам   22 Май 2013 - 19:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 31 Май 2024 03:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

Просмотр сообщения Yusufmuslim (22 Май 2013 - 15:38) жазган:

бул сиздин ойунуз, ал эми башка нерселерди Кудай кылып алып аларга кулчулук кылып жаткан пенделерге кандай чара көрөсүз деп жатам(2), мисалы Ислам дини андайларга кандай чара көрүү керектигинин толук комплексин берген(1), сиз эч кимге зыян кылбай жүрөсүз, анан Кудай анын бетин аары кылсын бирөө келип карындашынызды зордуктайын деп аракет кылып жатат мисалга, анан сиз турасыз мен айлана чөйрөгө жамандык кылбайм деп


Мен дагы өз ойумду жазайын, эми ачыгыраак.

(1)Дин - бул жөн гана пенде менен Жараткандын ортосундагы мамиле болуш керек.

(2)Адамдар эмнени кааласа ошону кылууга акылуу деп ойлойм.

Карындаш маселесине келсек, ал жерде адамгерчиликке жатпаган иш-аракет болуп жатканы үчүн барып токтотом.
Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   22 Май 2013 - 20:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Адам (22 Май 2013 - 19:58) жазган:

Мен дагы өз ойумду жазайын, эми ачыгыраак.

(1)Дин - бул жөн гана пенде менен Жараткандын ортосундагы мамиле болуш керек.

(2)Адамдар эмнени кааласа ошону кылууга акылуу деп ойлойм.

Карындаш маселесине келсек, ал жерде адамгерчиликке жатпаган иш-аракет болуп жатканы үчүн барып токтотом.


Эмнеге токтотосуз өзүнүз эле минтип жапайсызбы

(2)Адамдар эмнени кааласа ошону кылууга акылуу деп ойлойм

ал дагы адам ал ошону кылгысы келди , демек ал акылуу
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Адам   22 Май 2013 - 20:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 31 Май 2024 03:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

Просмотр сообщения Yusufmuslim (22 Май 2013 - 15:57) жазган:

Бунун баары жөн кана сөз, мен бир да динди кармабайм дегени менен улутчул Гитлердин, атеист Маркстын диндеши экени көрүнүп эле турат ко?

Ал эми анын уй бүлөсу тууралуу сөз кылсак алар азыркыга чейин намаз окуу деп тарбиия берип жатса тигинтип Гитлер менен Маркстын идеологиясын (ишенимин) өзүнө синирип алып , алардын камчысын чаап жүрөт же анын үй бүлөсү аны ушинтип жүр деп тарбиялаган деп жатасызбы, бир жерде болсо орун бошотуп бербей койгон үчүн хижаб кийген кыздарды ушунчалык кыжырланып сабап салгысы келиптир, бул эмнени айгинелеп турат?


Кубанычбек каган эң негизгиси Кудайдын бар экенине ишенет, болгону өзү тандап алган жол менен.

Анын үй бүлөсү жана жакын санаалаштары намаз окуган адамдар экен. Санаалаштары намаз оку деп жатыптыр. Бирок анын дин тутунганга көңүлү жок, биз билген диндерден эч бирин тутунбайт экен.

Кыжырданганы боюнча өзү жооп берээр.
Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   Адам   22 Май 2013 - 20:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 31 Май 2024 03:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

Просмотр сообщения Yusufmuslim (22 Май 2013 - 16:05) жазган:

Эмнеге токтотосуз өзүнүз эле минтип жапайсызбы

(2)Адамдар эмнени кааласа ошону кылууга акылуу деп ойлойм

ал дагы адам ал ошону кылгысы келди , демек ал акылуу

Антип жазганым жогоруда сенин пикириңе карата эле. Неси болсо да аны көз карандысыз жаңы суроо катары кабыл алып жооп берейин.

«Менин ишенимим» талап кылган баалуулуктар - булар
-адамгерчилик,
-туура сүйлөө (алдабоо),
-айлана- чөйрөдөгүлөрдүн коопсуздугуна кандайдыр жол менен болсо да зыян келтирбөө жана эң башкысы

-Жаратканымды эч качан унутпай, кандай гана формада болбосун Ага сыйынуу.

Ушул төрт негизги принциптин чегинен чыкпай бир адам эмнени кааласа ошону кылууга акылуу деп ойлопатам. Эмне үчүн бул чектер бар. Себеби бул дүйнөдө ал адам өзү жалгыз эле жашабайт. Жер жүзүн башка адамдар менен бөлүшүп жашашка мажбур. Эгерде бул чектен чыгып кетсе, анда адамдык касиетин жоготот, ага ишеним азаят, мамиле үзүлөт...
Эгерде бир адам башка бир адамды зордуктоого аракет кылса - бул адамгерчиликке жатпаган көрүнүш болуп саналат. Мындай абалды көргөндө барып токтотушубуз керек.
Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   22 Май 2013 - 20:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Адам (22 Май 2013 - 20:11) жазган:

Кубанычбек каган эң негизгиси Кудайдын бар экенине ишенет, болгону өзү тандап алган жол менен.

Анын үй бүлөсү жана жакын санаалаштары намаз окуган адамдар экен. Санаалаштары намаз оку деп жатыптыр. Бирок анын дин тутунганга көңүлү жок, биз билген диндерден эч бирин тутунбайт экен.

Кыжырданганы боюнча өзү жооп берээр.


ии ошо, анан үй бүлөнун таасири кандай экенин баамдап алсаныз болот, өзүнүн энеси намаз окууса демек хижабчан болсо керек, ага карабай хижабчан кыздарды башка көзгө койгулап сабагысы келип жаткан эменин ушундай бол деп ким таасир этти? үй бүлөсүбү?

Билдирүүнү түзөткөн: Yusufmuslim: 22 Май 2013 - 20:38

"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   22 Май 2013 - 20:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Адам (22 Май 2013 - 20:28) жазган:

Антип жазганым жогоруда сенин пикириңе карата эле. Неси болсо да аны көз карандысыз жаңы суроо катары кабыл алып жооп берейин.

«Менин ишенимим» талап кылган баалуулуктар - булар
-адамгерчилик,
-туура сүйлөө (алдабоо),
-айлана- чөйрөдөгүлөрдүн коопсуздугуна кандайдыр жол менен болсо да зыян келтирбөө жана эң башкысы

-Жаратканымды эч качан унутпай, кандай гана формада болбосун Ага сыйынуу.

Ушул төрт негизги принциптин чегинен чыкпай бир адам эмнени кааласа ошону кылууга акылуу деп ойлопатам. Эмне үчүн бул чектер бар. Себеби бул дүйнөдө ал адам өзү жалгыз эле жашабайт. Жер жүзүн башка адамдар менен бөлүшүп жашашка мажбур. Эгерде бул чектен чыгып кетсе, анда адамдык касиетин жоготот, ага ишеним азаят, мамиле үзүлөт...
Эгерде бир адам башка бир адамды зордуктоого аракет кылса - бул адамгерчиликке жатпаган көрүнүш болуп саналат. Мындай абалды көргөндө барып токтотушубуз керек.


мисалы африкадагы кээ бир элдерге жанында жүргөн адамды жеп салуу адамгерчиликке жатат, анан биз да ошентип баштайлыбы, ошол сиз кабылдабай жаткан Ислам дини эмне адемгерчилик эмне акмакчылык экенин андап берген, а сиз адамгерчилик деген эмне экенин кайсы эталон боюнча андап билесиз, себеби сиздей болуп жашаса ар бир адамдын адамгерчилик тууралуу ойу ар башка болот да?
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июн 2025 04:15

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: