Суперстан: Сынак учун монолог. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Сынак учун монолог.

#21 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   19 Май 2013 - 20:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Жолдо жаткан жарты нан.

Эх ! Адамдар биз эмне болуп бартабыз ? Бул нан кандай жол менен колунарга тушоорун билбейсинерби ? Эмнеге ысырап кылып кочого таштайсынар ? Бир дан кандай гана азап , мандай тер , эмгек менен он данга айланаарын жок дегенде бир жолу ойлоп кордунор беле ? Кайдаан , бул жонундо ойлонуп да корбогонсунор !?Дыйкан байкуш жаз келгенде эки чоон канистр соляркасын алып , кун - тун дебей кезек кутуп , кун тободон тийген чак тушто , жаздын суук тундорундо , адыр донду карабай жерин айдатып алуу учун трактор артынан жугурот . Тоо жакта болсо байкуш аттын шору , атка кош тарттырып , бир баласын жанына алып , жерди кош менен айдай баштайт . Жерин эптеп айдатып алгандан кийин , кыштан илен - салан чыккан , эптеп кургак чоп берип , жемдеп багып жаткан атына мала кошуп топурагын майдалатат . Уйдо отурган катын баласы атайы даярдалган уроонду тазалап , бирден данды уйлоп аяр кармап , этият мамиле жасап , кастарлап чакага салышат . Уроонду эптеп жер алдына тушургондон кийин , буудайды сугарып , маал маалы менен коз салып , зыяндуу отоо чоптордон , сойлок , кара соя , чырмоок деген душмандарынан арылтып турат . Буудай бышкан маалда жыйноо керек . Туз жерде болсо даяр техника менен эптеп ордуруп алат , а тоого кайдагы комбайн бармак эле ? Дыйкан байкуш колуна орок алып , огоосун койнуна салып , ичкенине жармадан , жегенине кара нандан алып , буудайды оруп колу менен байлай баштайт . Машине болсо кана , жок дегенде араба барсачы ал жака ! " Адамдан амал качып кутулбайт " , эптеп кошуналары сурай берип арыктатып , жоор болуп кеткен эшегине чий кошуп , бооланган буудайдын бир данын жерге тушургусу келбей , бир дан болсо да балдарымдын ырыскысы деп карбаластайт . Буудай уйго келгенде сабагынан ажыратыш керек . Токмоктоп буудайды сабагынан ажыратат . Буудайды кургатып , тазалап , жууп , куржундун эки козуно салып , атка артып тегирмен коздой жонойт . Тегирмен да болунот суу тегирмен , электр кубаты менен иштеген болуп . Суу тегирмен аты айтып тургандай суу менен иштейт , бул нерсе да туболуктуу эмес суу азайса тегирмен ишин токтотот . Кутууго туура келет . Электр кубаты менен иштеген тегирменге кезеке туруп буудайды тарттырат . Тегирмен ээси жон калбай озунун акысын алат , акча берсе албайм деп тартылган ундан кала алып калат . Унду уйго алып келгенден кийинки жумуш аялзатына тийешелуу . Сууга ундан салып , ачыткыдан чалып , туздан бир - эки чымчым кошуп камыр жууруйт, жуурулган камырды жылуулап жаны бобоктой кылып ороп коюшат, анысы батыраак ачысын дегени . Тандырга от коюп , табына келтирет . Ачыган камырдан нан жасап , чогу даяр тандырга жабыштырат . Нандар биринен бири отуп кызара баштаганда , женче менен тандырдагы кыпкызыл , жыты буркураган , жашообузга куч берген нандарды узо баштайт ...
Адамдар нанды ысырап кылбагылачы ! Дыйкандын мандай терин сыйлагылачы ! Кандай гана эмгек менен нан жасалаарын унутпагылачы !....

Билдирүүнү түзөткөн: ayildik_kiz: 19 Май 2013 - 20:26

Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Atabaevtalantbek   19 Май 2013 - 20:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 000
  • Катталган: 15 Июнь 12
  • Соңку аракети: 30 Мар 2017 22:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Берметти Жаңы Жылдын астынан кайра көрдүм. Баягыдай эле жылдыздуу экен. Кичинекей бир кафеге кирип 3-4 саат олтурдук. Сөзүбүз жалаң сен жөнүндө болду досум. Сени дагын эле унутпаптыр. Такыр унута албайм дейт. Турмушка чыгып бир уул бир кыздуу болуптур. Уулуга сенин ысымыңа Кул дегенди кошуп Кулмырза деп коюптур. Бирок такыр толук атынан эмес сенин атындан Мырза деп чакырам деди. Бул нерсени уккан менин канчалык кубанганымды айтпа досум. Жыл сайын 11-март күнү сенин туулган күнүңдү белгилеймин, бирок 63 күндөн кийин мындайча айтканда 14- май күнү сен ааламдан өткөн күнүңө багыштап куран окуйт тура. Анткени сени катуу сүйөрүн айтты.

Мырза досум. Булуттай болгон адамзаттын тунук бир асылы элең. Жамандык жакшылыкта дайым бирге болчубуз. Жаштыктын доорун сүрөбүз деп акыркы кезде көп ичүүчү болуп кеттик. Ошол жаштык келбей эле койсо экен деп канча тагдырга нараазычылыгымды айтып жүрдүм. Себеби сен арактын артынан шейит кеттиң. Бир классташ жигитибиз уулдуу болуп ошол аяш уулубуз туулганын жууп 4 жигит болуп майрамдапсыңар. Жаңы туулган баланын атасы кубанычтан уламбы же аракты жакшы көтөрө албаганыбы, иши кылса рульда экенине карабай көп ичип машинесин зуулдатып айдап жөнөйт. Силер да акырын айда дегендин ордуна болгону ушунча эле ылдамдыкта айдай аласыңбы деп шылдың катары сүйлөп баратыпсыңар. Бул сөзүңөргө чечеркиген айдоочу биротоло акылын жоготуп андан да катуу күчөтүп айдап жөнөйт. Силерге мактангысы келдиби же мендей кимиңер айдай аласыңар дедиби айтор, колун рульдан бошотуп ширеңке менен тамекисин тутандырат. Ошол кезде Улук жолуңду кара! Деп сен кыйкырган үндөн жаныңдагы 3 өө тең чочуп кетиптир. Бирок сен ошол кыйкырыгың менен жаныңдагы чогуу майрамдаган досторду ата энесине, бала чакасына тирүү кайтып келүүсүнө себепкер болдуң. Анткени тамекиге алаксыган досубуз, жолдон чыгып столбону көздөй баратканын байкаган эмес тура. Ал эки колу менен рульду кучактап күчүнүн барынча чочуганынан солго карай бурууга аракет жасайт. Бирок аябай жакын калган экен. Машиненин арты көтөрүлүп барып, арткы эшик менен столбону сүзүп токтойт. Ошол эшик тарапта сен олтуруптурсуң. Эшиктин кармагычы эки кабыргаңды сындырып өпкөңө сайылып калганы аныкталды. Айдоочунун жанындагы орундукта олтурган дос баланын колу кесилип кетиптир. Ал эми сенин жаныңда олтурган дос бала башы ачылып калыптыр. Бирок Кудайга шүгүр ичер суу көрөр күнү бар экен. Көпкө чейин дарыланды. Толук айыга албай койду. Күн катуурак суутса же ысып кетсе ооруусу кармап калып тилин чайнап салат. Катуураак кубанса же кайгырса ыйлап, үйдөгү көзүнө көрүнгөн нерсенин баарын талкалап салчу талмасы кармап калат. Түн уйкусу да бузулуп бакырып сөгүнүп ыйлап чыгат экен. Айдоочу болсо эч нерсе болбоптур. Же бир мурду канаган эмес тура. Машиненин соо жери калган эмес экен. Барып көрдүм өз көзүм менен. Салонунда бир топ кан катып калган болчу. Машиненин үстү сынып силердин башыңарга тийип өтүптүр. Ошондон улам сенин кара куш мээңден аккан кан кабырга коюп жатканыбызда да кургай элек болчу. Айыл башчыдан досторуң кырсыкка учураптыр баары өлгөн окшойт деген кабарды угарым менен ишенбей ооруканага жөнөдүм. Жолдо сага жеткенче ылайым тирүү болчу доске деп тилеп ыйлап Жаратканга жалбарып бардым. Бирок тилекке каршы андай болгон жок. Эшиктен киргенде калчылдап сенин жаныңда олтуруп башынан жаракат алган дос операцияга даярданып жатыптыр. Аны ойготконго аракеттенип булкулдатып аттым сени сурап... Бир кезде бир ак халатчан жаш эле келин келип эмне кылып жатасың көрбөй турасыңбы чала жан болуп жатканын деп урушуп кирди. Бирок анын сөздөрүн уга турган абалда эмес болчумун. Бир кезде артымдан менибирөө чакырганынан улам карай калдым... сен экен деп. Жок сен эмессиң. Айдоочунун жанындагы дос экен. Колун байлатып эми эле чыгыптыр.чуркап бардым да сени сурадым. Башын жерге салып, айрылып калдык деп ыйлап жиберди. Андан ары эмне болуп атканын өзүм билген жокмун. Башым айланып өзүмдү жоготуп коюптурмун. Көзүмдү ачсам бир палатада экенмин. Бирөөнү жаңы эле операция кылган окшойт. Медициналык ар кандай аспаптар кан боюнча чачылып жатыптыр. Четте бети жабылган абалда жаткан адамды көрдүм. Жалгыз болгонума байланыштуу акырын бардым да жабылган шейшепти ачтым. Бирок ким экенин тааный албадым. Себеби көздөрү кадимкидей куюлуп калыптыр. Ылдыйыраак ачсам курсагын чоң-чоң кылып эми эле тигип коюшуптур. Керектүү же жарактуу органдарын алышкан окшойт. Ошол кезде сырттан бир врач кирип келип ии ичкиликтин арты сага жактыбы? Ушинтип жатканды каалайсыңбы сен да деп сурап калды. Жок дегенсип баш булгадым. Мына ушул жигитти издедиң беле, аз ган чыдап тур кечиреек алып кетесин деген сөздү айтса да түшүнбөптүрмүн. Бул ким десем ошол машинеде кырсык болгондордун бирөөсү деди. Кайра шейшепти ачтым да жаткан адамдын эрдинин ачып кыйкырып жибердим. Себеби ошол адам сен экенсиң доскем...

Сүйгөнүң Бермет 11-классты аяктап жаткан болчу. Сенден айрылганына чыдабай канчалык кайгырып азап жегенин билдиң бекен? 11 күндөн кийин 25-май күнү Берметтин классташтары акыркы коңгуроону майрамдашып мектеп менен коштошту. Бирок бул кече Берметсиз өттү. Анткени ал сени сүйгөнү үчүн аза көйнөгү менен үйүндө калган эле.
Кандай гана бактылуу жаштар элеңер. Бирок узакка созулбады. Жаткан жериң Жаннат, топурагың торко болсун досум. Түбөлүккө биз менен жашай бересиң... Тынч укта досум.
Кыргыздын уулу,
Чынгыздын журту,
Манастын урук-тукуму. дегендей бололу калайык!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   BORN.kg   20 Май 2013 - 12:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 655
  • Катталган: 10 Февраль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2016 11:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кадамжай

Эссиз эне
Ал учур коктом эле,
дарактар ачкан жаны жалбырагын.
Жанымда турган кыздын созун угуп,
тобомдон ток ургандай шалдырадым.
Бироого айтып жаткан телефондон:
"баламды боюмдагы алдырамын! "

Талкуулап жыйынтыка келишкенде,
тагдырын ымыркайдын чечишкенде,
торолбой тупсуздуко сине турган,
туура келди наристени эшиткенге:

-Акылым жетпейт апа,
алдырам деген сенин чечимине.
Акылын жыйынтыкта,
азыр кеч боло электе кел эсине!
Алгачкы кадамынды таштабычы,
акырет тозогундун эшигине.
Ал жолдон сакта озунду,
алдейлеп болоп мени бешигине!

Бириккен киндигибиз,
бут сенин ойлорунду сезип турам.
Бул ишин абийир жапкан,
буюктурду дуйномду каптап туман!
Баягы ак халатчан,
балдарды олтурууну кесип кылган.
Бычагын кармап турат,
буйругун угар замат кесип тынган.

Койгойго салган сени,
кеп кылган элдин айын ушактарын.
Калкалап, талкалайын,
калтырбай балталайын, бутактайын.
Бут кайгын коз ирмемде унут болот,
бооруна басып мени кучактагын.
Бир тамчы мээриминди аябачы,
боору таш болбочу апа суранамын?!

Асылым, асылым ай,
апаке айланайын, жалынайын.
Ажалдан алып калчы,
алтындан иймек тагып асырайын.
Ападан омур таппай, олум тапкап,
айбанда кылчу иш эмес кагылайын!

Жашагым келип сиздей,
жарыкты коксоп коздон учат жалын.
Журоктун ушун алат,
'жан алгыч' жаландаткан бычактарын.
Жаралбай жан чыгуучу,
жардам бер, куткар апа, тузактамын. ..
Жашоодо бала бакыт,
жарпынды жазып мени кучактагын.
Жазып кал жарпынды апа,
кучакта, кучактап кал, кучактагын! !!

А бирок наристе унун,
ал жерде угуп койгон чыкпады жан.
Болмодон чыгып кетти,
баягы ак халатчан, колдору кан.
Элирген эссиз эне,
олтуртуп оз баласын эрки менен.
ээ болду ушул атка,
"элирген, эссиз, акмак, жесир!" -деген.

Билдирүүнү түзөткөн: BORN.kg: 20 Май 2013 - 20:51

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Жолоочу_Kosmopolitka_* 20 Май 2013 - 16:53

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Сени кутуп жол караган таштак жолдор...
Бугун да адаттагыдгыдай жаны танды,жаркыраган кунду,куугум кечти тосуп алуу менен жаратканга шугурчулук келтирдим... Анткени асманым чайыттай ачык болуп ,кун нурунан куч кубат алып,козду кубантырган керемет тустордон куралган кок койногумду кийдим да,кайратынан тайбаган бийигим аска-зоолорум, ташкындап аккан тунук булактарым, кун нуруна чагылышып,коз уялткан мемиреген колдорум менен дагы бир ирет жуз корушуп турганыма абдан кубандым. Андан сон,тан менен кошо ойгонгон кулундарым, перидей суйкайган перилерим,деги эле бут уул-кыздарыма жылмайып гана салам айттым. Боорумда жашоо менен тентайлаша чуркаган балдарымды акырын гана кузотуп,ойлорго чомулдум. Менден бир топ эле алыс жерлерде жургон,балдарымды аярлуу,сагынуу менен эске алдым. Аларга болгон озгочо ата-энелик мээримим,коодонумдо болгон кусалыгым кучоду. Билем,алардын да коздорунон учаарымды,журокторундо жашаарымды сезем...Канткен кундо да,алыста жургон уул-кыздарым, алардын ар бири мен учун кымбат экенин билишсе,эн оболу аман болушса экен. Качандыр бир кун ,жылуу койнума кайтып келээрин чын журоктон тилек кылам...
Эч качан бара албайм дебе,сен келе абасан балдарын келээр...мендей киндик кан тамган жеринди унутпай,балдарына, неберелерине, жада калса чеберелерине создоп беришинди каалар элем...
Канча убакыт зымырап учпасын,сенин жолунду карап кутуучу Ата-мекенин, Эне жерин,Кыргызстан деген уян бар экенин унутпа?!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   sonka89.   20 Май 2013 - 18:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 972
  • Катталган: 27 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 27 Авг 2019 02:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Марс

Сагыныч
Баягы балалык кездегидей талаада ойноп журобуз,созуно туруп кайтып келген экенсин деп ойлодум.Бактылуулугумда чек жок болчу,ушул убакка чейин кайда журдун сени сагындым,апам да сени эстеп коп ыйлайт оорукчан да
болуп калды.Мына сен келдин эми баарын баштагыдай соонун болот,мурункудай чогулабыз сен мени велесипедине учкаштырып алып ойнотосун... Санжар да эми мени капа кыла албайт,айылдагы шок жигиттер мени мыскылдап сумкамды алып качышпайт.Апам, апам эми оорубайт сен келдин баары баштагыдай болот..Ойгонуп кетсем тушум экен,аттин дагы тушум экен...
Тун жамынып жылдыздар жымындайт,сагынычым кусалыгым журокко толот.Сен бизди таштап кеткенине коп жылдар болсо деле унута албадым.Канаты сынган куштай болуп жашап келем.Журогумдогу сенин ордунду эч ким эч нерсе баса албады,аралыгыбыз эки жаш болгону учунбу сени аке эмес сен деп суйлочуумун. Эгиз козуудай болуп чонойдук,сени менен эрчишип эч айрылчуу эмеспиз.
Акыркы убактарда башын ооруганын,кудум ичине чычкан кирип жугуруп жургондой туюлат деп коп айтчуусун.Сени шаардагы больницага коргозуп келишип,уйдогу мал жандыктын баарын сатып,апам атам сен болуп борборго жоноп калдынар...Ошондо мен да силер менен бирге барам деп ыйлаганымды айт...Мени эмес сени алып борборго кетишкенине сага ичим да таарып капа да болуп журдум.Кайра келгенинерде, баягы менин жузунон кулку кетпеген менин алтын акем жок,башынын баары ак бинт менен байланган ,козуноно нуру очуп бараткан адам келди.Апамдын умутту сенин акыркы демине чейин очподу.
-Койчу доктурларын кудай беле,эртен эле уулум аттай болуп айыгып кетет деп озун озун сооротчу эле.
Уйдо он кундой жаттын,жашагын келчуу!Ооба сен абдан жашагын келчу.Сен олор кунундо,болмоно кирсем уктап жатыпсын,ыйладым жанына олтуруп алып оксуп ыйладым.Башыман сылап мен кетсем ыйлаба эстуу кыз бол,бир кун келет баарыбыз чогулуп бейиштин бактарында
бирге болобуз дегенсин.Мен балалык кыялымда сен кетип качандыр бир куну кайтып кайра келет деп кутчуумун...
Азыр бир туугандар чогулганда сени дайым эскеребиз.Азыр арабызда болсон чон ийгиликтерге жетишмексин боорукер жакшы ата болмоксун.Бирок шум ажал мунун баарын сага ыраа корбоду.
Мен балалыгыма экообуз эрчишип откоргон омурго кайткым келди!
Я тебя не нравлюсь,ЗАСТРЕЛИСЬ я не исправлюсь! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Orbit_bezsahara   20 Май 2013 - 22:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 338
  • Катталган: 23 Январь 13
  • Соңку аракети: 04 Июл 2025 17:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:OSH

"СҮЙҮҮ"

Менин түшүнүгүм боюнча сүйүү-бул адамзатты азгырган ыйык сезим. Бир адамдан экинчи адамга көз караш болуп берген көпүрө. Көпүрөнүн бекемдөөчүсү жүрөк. Ошол аркылуу бакытка карай биргелешкен ыйык сезимдер. Сезим жүрөктүн таза уясы. Уядан жагымдуу ыр санаттар жаралат. Ошол ыр санаттар менен чыныгы сүйүүсүн даңктай алышат -деп ойлойм.
Мына ушундай сүйүүдөн мен да кем эмесмин. Бул сапар мен бактылуумун! Ооба бактылуумун.
"Менин сүйүүм менин бактым" кандай гана керемет жана жагымдуу сөздөр. Ар күн сайын "кутмандуу таңың менен сүйүктүүм! , мен сени сүйөм!" мына ушул сөздөрдү угуп турсам, менден бактылуу адам жоктой сезилет. Ким билет балким бул сөздөргө татыксыз да адамдар болоор. Анткени мына ушул ыйык сүйүү сезимин жер менен жексен кылып, ойногондор жок эмес. Сүйүүдөн көңүл калып, боздогондор жок эмес. А бирок бул сөздөрдү сен экөөбүзгө айтуу адилетсиздик! Себеби биздин сүйүү туруктуу! Аны билем!

Кээде сенин капаланып, санаа тартканыңды көрүп, жүрөгүм ооруп, ичимден тынчызданам. Бул менин сага деген сүйүүм, ыйык сезимдеримдин белгиси -деп билем. Мына ошол сүйүүмдү, сезимдеримди алпештеп, асырап алуу жалгыз сага таандык!
Сөз байлыгым жок, а бирок сага деген чын жүрөктөн арнаган сөздөрүм көп. Сүйүүмдү кооздоп айтып бергенге дарааметим жетээр.

Биз жолугушканга чейин, сени гана күтүп, жашап келгемин. Себеби жашоомду гүлгө ороп, кирип келериңди сезчүүмүн. Асылым менин! Ар бир мүнөт сайын сени эстебей койуу мүмкүн эмес! Ойлосом оюмдасың, күлсөм күлкүмдөсүң, жылмайсам жүзүмдөсүң сүйөм сени! Сен бар мага аалам гүлстан!

Эх сүйүү кандай гана керемет! Көздөрүңдө жанган махабатың бир гана мен үчүн экенин билем, сезем, байкайм. Сени менен олтурганда ар бир мүнөт, секунд мен үчүн эң кымбат! Күлүмсүрөп карап турганың, жагымдуу ар бир сөздөрүң мен үчүн тоодой бакыт!
Билесиңби, назданып жаныңдан чыккым келбейт. Махаббаттым бир гана сен үчүн деп кайталоодон тажабайм. Билесиңби, мына ошол махаббатымды далилдеп, ак жоолукчан жубайың болгум келет.
Билесиңби, биздин ак сүйүүбүздүн мөмөсү болгон балапандарыбызга мээримдүү эне болуп, тарбия берип, жакшы адамдарга кошкум келет.
Билесиңби, сени менен бүт өмүрүмдө бирге болуп, келин алып- кербен шаар болуп, бактылуу өмүр сүрсөм дейм. Сүйүктүүм менин!

Бак-Таалай алыстыкка карабастыр,
Басынткан адамзатты жарабастыр.
Жароокер жар болом деп эсептейм,
Жан дүйнөмө ыйманыңды аралаштыр.

Ыймандуу жар боломбу атаганат,
Жүрөгүм жалгыз сен деп күйүп жанат.
Бир гана өзүң деп өмүр сүрө аламбы?
Жашооңдо талыбаган болуп канат!
Мен дүйнөгө ибадатка келгемин,
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   elif   21 Май 2013 - 05:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 021
  • Катталган: 01 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 21 Янв 2019 03:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Туркия

Туюм.

Мен aны биринчи суротунон кордум,токтоо жaнa ойлуу кaрaгaн коздору мени озуно бaйлaп aлды.Озумо озум тaн кaлдым,чын aты жонуну билбесем,aты дa мейличи,кaндaй aдaм экенин,кaяктык экенин билбесем эмнеге aгa мынчaлык бaйлaндым деп,эн кызыгы дa суроттогу бaлa aл болбосо эмне кылaм деп коркчумун,бaягы бир кинодогудaй болуп суротту aлып aлып издеп журомбу?
Кун сaйын aны ойлойм,электрондук почтaсынaн суротун aлып чыгaртып aлгaмын,aны тез тез кaрaп турбaсaм кунум отбойт.Aр дaйым бaштыгымa сaлып журом,aл мaгa ишеним жaнa куч берчудой туюлaт.Иштен чыгып уйго жеткенче шaшaм,уйдо мени жол кaрaп бироо кутуп aткaндaй болот.Aны менен интернеттен суйлошконумдо озумо келем,сaaртaн кечке чейинки чaрчaгaнымды сезбей кaлaм,aл мaгa aкылдуу создору менен куч берет,кубaныч берет,стрессимди aзaйтaт,aты aйтып тургaндaй мaгa Кубaт берчу.
Бир куну иштен кечирээк келип эле компьютерди жaндырып кaрaсaм бир кaнчa жолу сaлaм жолдоптур,aндaн кийин видеочaлуу дa жолдогонун кордум,озумо ишене aлбaй суйунгонумдон тaк секирдим,aнaн кеч келгеним учун кaпa болдум.Кaнтип суйунбойун, кун эсептеп жети aй он уч кундон бери aны жaндуу коргонго ээлигип журом.Суйуунун дa эн aзaптуусу бир жaктуу суйуу эмесби?Мен ошо бир жaктуу суйуудон коркуп журуп,коркконум бaшымa келгенин ойлоп кыйнaлып журчумун.Эми жок дегенде жaндуу корсом, козунон aз дa болсо мaгa aрнaгaн бир сезими бaрбы,жокбу бaйкaмaкмын.Ошонтип aнын 'жaшыл жaнуусун' кутуп отурдум,эч ким менен жaзышбaй.Бир убaктa 'жaшыл жaнды' деп суйунгонумо болбой aндaн видеочaлуу келип кaлды,дaяр тургaн мен дaроо жооп бердим,ошонтип суроттогу суйгонумду кaмерaдaн кордум.Сурот озунун суроту болгону учун суйунгонумду aйтбa,кaмерaдaн бaйкaтбaй экрaндa aнын бетини сылaп aттым,суйлоп aткaндa толкундaнып кaнчa жолу созумдон aдaшсaм дa кулбой токтоо гaнa жылмaйып койгону aнсaйын мени озуно тaртты.Биз aл корушмодон кийин дaлaй жолу кaмерaдaн суйлоштук,сырдaштык, дaрттaштык,' суйом-куйом' бaaрын суйлошсок дa aл мен куткон созду aйтбaй журду.'Жолугaлы. ..' бир соз...бир соз дa aдaмды кaрытaт экен,aнын ушул созун кутом,ойлоном, озум биринчи aйтaйын дейм,нaмысым жол бербейт.Ушул бир созду кутуп чыныгы жaшоодон aйрылдым,жaкын досторум,туугaн- урук,эже-синди бaaрынaн aлыстaдым,aны менен суйлошкум келет, 'жолугaлы' деп aйтып кaлaбы деп кутом,сaнaaгa бaтaм.
Ошол тaттуу жaнa мунaйымдуу кундордо ооруп оорукaнaгa бaрдым,докторго дaры жaздырып чыккaнымдa коридордун бaшындa бир жaш жигиттин инвaлид aрaбaсын суйроп келе aткaнын козум чaлды,жaнындa дa мээрбaн aйым кaгaзды корсотуп бир нерлерди aйтып келе aтaт.Aлгaч aны Кубaткa окшоттум,бирок aрaбa жaкындaп кaлгaндa aндa отургaн жигитке козум тушту,жылa aлбaй ордумдa туруп кaлдым,корккон жокмун бирок,жон гaнa чоочудум,туюмдaрымдын чын болушу мени чоочутту,aл инвaлид aрaбaсындa отургaн бaлa Кубaт болчу,мен aны бaштaтaн бери коруп билип жургондой болдум.Aлaр жaнымдaн отуп кетип aткaндa жон гaнa жол бошотуп кaлa бердим.Aл эми Кубaт болсо мени доктордун болмосунон чыккaнымдa эле коргон белем,кечирим сурaгaндaй aянычтуу коздору менин денеме жылуулук бергендей болду,мен дa aгa aянычтуу кaрaп кaлa бердим.Ошол кундон кийин Кубaт почтaсын aчкaн жок,мени менен суйлошкон жок,мен болсо дaле aнын бутунун шaл болгонун билсем дa,суйуум очбой aнсaйын aны корбогонго кaбaтыр болуп,сaгынычтaн aлоолонуп журдум.Aкыры чыдaй aлбaй Кубaттын почтaсынa кирип, оорукaнaдa коргон укесинин почтa aдресинен кaбaрлaшып тaaныштым,туз эле aкесини коргону келе aткaнымды жaнa aгa суйлобошуну, сюрпризимди бузбaшыны отундум.Ал дa мaкул болду,мени тосуп aлaaрын aйтып,aкесинин конулу которулсо aл дa бaктылуу болушун aйтып коштошту.Эртеси куну ишимден уруксaт сурaп,нaмыс эмес,суйуумо кaлыс болоюн деп бaшкa шaaргa,Кубaттын уйун коздой жонодум,aл мени кaбыл aлсa aны менен бaктылуу омур сурушумо козум жетип турду.

все что ни делается все к лучшему :(
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   fanatkg   21 Май 2013 - 11:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 698
  • Катталган: 24 Август 12
  • Соңку аракети: 30 Авг 2019 04:39
  • Жынысы:Эркек

Баласынан айрылган АТАнын арманы...
Жашоо-турмуштун жетишсиздигинен талаалап Орусяга иштегени кеттим.
Эптеп үй салып, бала багам деген жакшы үмүттөрүм бар эле...
Бирок, ал үмүттөрүм, мен ойлогондой болбоду...
Келдим... Бирок сени көрө албай калдым. Неге, турмуш мынчалык ташбоор... Мынчалык катаал...
Алигиче сенин жалооруган көздөрүң, быйтыйган назик колдоруң, эркелеген үнүң кулагымда, көргөн түштөй болуп өттү.
Аттиң... Ошол күнүм, ошол түнүм кайра кайталанбайт, кайра келбейт.
"Көйнөгү бүтүн көп,
Көкүрөгү бүтүн жок"-дегендей менин бөксөө сезимим түбөлүккө толбой кала береби?
Аттиң, арман...
Укпайт деп ушак айтпа,
Көрбөйт деп уурулук кылба.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   aijan   21 Май 2013 - 16:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Менин апам.

Апам жонундо жазгым келди. Менин апам...
Эмнеден баштаарымды билбей турам. Пафос менен айга, кунго тенесемби? Бирок ай деген ай, кун деген кун, ал эми апам болсо журогумдо таптакыр башка орунду ээлейт. Алтын, кумуш, бермет жонундо кеп козгогум деле келбейт. Качан эле муздак металл, шурулар жылуу эне мээримин тогуптур?.. Анан да апам жонокойлукту жактырган инсан.

Менин чорт кыялымдын, оор мунозумдун ашыкча жугу апамдын далай киши суктанган олон чачын кобуроок, эртерээк агартты корунот. Жаш кезимде бизден жашырып коздорунон аккан жаштын жолдорун шашыла аарчып калганын коп байкап калчумун. Аттин, менин эркелигим! Синдимден да коп эркелеп жибердим окшойт, бетине тушкон бырыштар менин 'жетишкендиктеримдин' бири бейм. Ичимден эзилип жатсам да сыртыма ошо сезимдеримди чыгара албаган мелтеймелигимди жое албай келем. Ичимен мин кечирим сураганым менен, сыртыман 'бурк' этчу адатым канча жолу апамдын журогун тилди, билбейм.

Дале атам экоо суйушуп журуп, уйбуло куруп, анан ажырашып кетишкенине тушунбой келем. 'Уул торободун' деген жуйоолуу себеп эмес да, же себеппи? Мурда конокко келгендер, же бизди кочодо коруп учурашкандар: "Атасына куюп койгондой... "- деп баштаганда эле аларды жек коруп, жиним кайнап чыкчу. Аябай апама окшогум келчу. Бирок чонойгон сайын атамды тартып, узаргандан узардым. Онум да окшошуп, атамдын кочурмосу болдум да калдым. Бара-бара окшоштугум жонундогу создорго конулкош гана, журокко тийгизбей кулактын сыртынан откорчу адат таптым. Атамды да чоочун бироону ойлогондой эле эстеп койбосом, ага болгон таарынычым да, жек коруум да калбады. Мээримин салбаган киши чоочун болот тура. Апам аны кайдан билсин. "Аталууларды коргондо оксуйт" деген ой да коодонун кыйнаган оор жук болду го. "Эт тырмактан ажырабайт кызым, чонойдунар, катышкыла" деген созун кыя ото албай, катышып кордум. Бирок эскилиги жетип, чирип буткон болбогон былжырак кептерди атам тараптагы туугандардын оозунан чыдап угуп отурууга дарманым жетпеди. Ошого биз чонойгондо, уятына чыдабай ичип келип "жарашам, жашайм" деген атама узулуп тушо албадым окшойт.

"Ушуларды кем-карчысыз бага алдымбы? Элден кем кылбадымбы? " деген суроо апамдын журогун ойугон маселе экенин дайыма туйчумун. Ойлоп корсом, ошо маалда турдуу-тумон сынактарга катышып, алга жулунганым, жакшы окуганым, деги баары, баары апамды суйунтойун деген олдоксон далалатым, "Апа, биз сизге ыраазыбыз" деген жообум, кечирим сураганым экен.

Апамды мен совет кишиси дейм. Минткенимдин себеби, ошо кездеги тарбия, бардык жумуштарды эч кандай шалаакылыкты жолотпой, майын чыгара аткаруу, эмгекчилдик, тактык, чынчылдыктын баары апамда бар. Сыртка чыгып эркектин, уйго кирип аялдын жумушун катыра аткарат. Аябай дарак кыйыштырганды, гул отургузганды суйгон багбан. Кайда барбасын, жаны жаккан гулдун кочотун которо келет, коргонубузда эмнелер гана жок. Алма-оругун айтпаганда деле озу данегинен остургон таттуу курмасы мактоого арзыйт. "Бейиш эненин таман астында" деген соз туура бейм, Аравия чолкомунон ажылык сапар менен апкелинип таркатылган финиктердин апам эккен данектеринен кочоттору онуп чыкты. Бул да болсо апамдын колунан тогулгон жылуу мээриминин жышааны деп билем.

Коллективинин сыймыгы, биздин таянар жологубуз, тун уул небересинин таенеси, менин апамдын денсоолугу бекем болушун дайыма сурап келем. Кыйын маал отуп, эмгегинин узурун корчуу маал келди. Бизге дем, куч берип, аман болсун апакем.

Деги апалар аман болсо экен. Кайсы бир ырда уккан элем: "Апасы бар адамдар эч качан картайбайт" дегенди. Бул калетсиз чындык.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Umnitsa   21 Май 2013 - 18:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 588
  • Катталган: 16 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 07 Фев 2020 23:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Суперстан олкосу)

...кимдир бироо ата-энеге жетпей арман кылса, дагы бироо ата энесин капа кылат. Кимдир бироо балага зар болуп жашаса, дагы бироо баласын балдар уйуно тируулой жетим кылып таштап кетет...

Ошол балдар уйуно ташталган балдарды корсом журогум сыздайт. Эмне учун алар ата энесиз осуш керек? Кайсы кылган куноосу учун ата эненин мээримин корбой осушу керек? Деги ошол адамдар оз канынан чыккан баласын таштап жатып баласы жонундо ойлонушаар бекен? Учурда балдар уйу кобойуп барууда. Буга ким куноолуу. Эчкандай жамандык жасай элек наристе куноолуубу же ким? Ал наристелерди коруп журогун эзилсе, дагы ошол наристеге жетпей жургон адамдарды коруп журогун эзилет. Эхх! Аллахым эмне учун балага зарлар учун бала бербей, баланы кор кыла тургандарга ыраа корду экен.?
Канчалаган адамдар балдар уйунон бала багып алышат. кээбирлери мээримин тогуп багышы мумкун, бирок ошол балдар уйунон алган баласын уйундо "кул" катары иштеткендер канча. Булардын эмнеге журогу мынча таш болуп калган? Же бул адамдар Аллахтан коркушпай ушул ишти жасап жатышабы? Тагдырдын мынчалык татаалдыгына башын жетпейт. Дуйнодо канчалаган жаш балдар бар. Бирок аларды коргоого алгандар аз болуп жатпайбы. Дагы балдар биздин келечегибиз деп коюшат. Оз балдарын балдар уйуно таштап кетсе кайдагы келечек.

Ал бала оз ата энеси жонундо созсуз ойлойт. Бирок сагынбайт. Анткени мындай жек корууго татыктуу болгон адамды ким сагынмак эле. Ал болгону "эмне учун мени бул жакка таштап кетти?" деп ойлойт. Эмне себептен мындай жашоого мажбур кылганынын себебин билгиси келет...

Жек кором сабыр кылбас адамдарды.
жек кором бала суйбос жамандарды.
оз баласын бооруна албаган,
мээримсиз, айбан сымал аялдарды!

Билдирүүнү түзөткөн: Umnitsa: 21 Май 2013 - 19:17

Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Narynbek   21 Май 2013 - 21:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

Баланын арманы.

Кичинекей кезимден эле ага-женемдин колунда остум.Ата-энем бир жашарымда эле таштап,Россияга иштегени кеткен.Бир жылда бир келишет.Эс тартканы ага-жененин кагуусун угуп чонойдум.Тошокко башымды катып алып,силерди сагынып ыйлачымун.Улутунуп, чон кишидей ушкургонум, саргайып жол караганым конумуш адатка айланып калды.Мени да кошо ала кетсенер болбойбу ата-апа?Бул суроого жооп таба албай кыйналчумун. Алар иштейт да,жумуштан колу бошобойт деп озумду озум алдачумун.Ошентип сагынып саргайып журуп,ойноо бала кезим кандай отконун да билбей калдым.Ата-энеме болгон сагынычым да тарап,азыр аларды тап-такыр чоочун адамдай карап калдым.Бала тапкандыкы эмес,баккандыкы деген соз чын белем.Ата-энеме азыр эч кооша албай кыйналам.Ушунча жыл саргайып кутуп журуп журогум муздап калганбы деп да ойлоп кетем.Эшиктен кирип келсенер мойнунарга асылып,эркелегим келчу.Ата-энелерин тоскон балдарды коруп,улутунуп ушкуруп алчумун.Мээрим того эркелетсенер кана деп эрееркеп ыйлагым келчу.Кыргызстанда эле иштесенер болбойт беле?-деп ыйлагым келчу.Аттин андай болушу мумкун эместей туюлчу.Силерден конулум калганбы же журогум муздап калганбы?мени ата-энем баккан эмес,Россияда эле иштеп журушкон дейм сурагандарга. Азыр озум кыялданам.Уйлонуп бала-чакалуу болсом,аларды таштап бир кадам да жылбайм деп.Бул созумо турам деп ойлойм.Анткени балдарым бактылуу балалыктын даамын,ачуу сагыныч менен кутууго алмаштырбасын дейм.


Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Lui   22 Май 2013 - 14:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Адамдык сапат...
Күндүн, Айдын нуру жер жүзүнө, элди ылгабай түшүп турса, үстүбүздө бир асман, астыбызда баарыбызга ыйык болгон жер турса, анда адам баласы көргөн азап, кайгы- муң, жамандык кайдан, кантип, ким тараптан келет?

Жараткан адамга бир гана өмүр тартуулайт эмеспи. Ошол бир келген өмүрдүн жаманын азайтып, жакшысын көбөйтүп жашаган колубуздан келээр бекен? Эмне себептен айрым элдер, мамлекеттер теңчиликте, бейпилчиликте, токчулукта, өсүп-өнүгүүнүн үстүндө болушса, көпчүлүгу жоготууларга дуушар болуп, жакырчылыктан чыга албай, азап менен арманга белинен батып, башын көтөрө албай жатышат? Мүмкүн, мунун баары коомдон оорун алган саясий тузулушко байланыштуубу? Же мамлекетибиздеги эл башчыларына байланыштуубу? А бирок, эл башчылары, саясатчы, илимдүү-билимдүүлөр асмандан тушпөйт, сырттан келбейт. Алар деле элдин арасынан өсүп-өнүгүп, тарбия-тажрыйба алып, жараткандын буйругу менен көч башына келишет. Демек, коомдогу көптөгөн чечилбеген чырлар, адилетсиздик, теңсиздик, татаал маселелер мамлекет тараптан эмес, адамдардын бири-бирине болгон мамилелерине, ыймандуулугуна, адамгерчилигине жараша болоору талашсыз. Бири-бирибизге болгон көрө албастык, ичи тардык, эки жүздүүлүк, бут тосуулар деги айта берсе кө-өп толгон сапаттардын, иш аракеттердин аркасында, өзүбүздүн да, коомчулуктун да жашоосун уулантып, тозокко айлантат экенбиз. Ар кимибиз суйлогон созубуз, кылган ишибиз дененин, көбүнчө кекиртектин суроо-талабын, муктаждыгын аткарууга, кийим-кече, тамак- аш, буюм алууга умтулабыз. Ушулар менен алек болуп журуп, өмүрүбүздүн өтүп кеткенин да байкабай калабыз. Ал эми жан дүйнөбүзгө керек болгон руханий байлык,адептүүлүк, ыйман жөнүндө ойлонууга аракет да кылбагандайбыз. ..Бирок, ойдун баары эле акыл болот дегенден алысмын. Ошондой эле билимдүүлөрдүн баары акылдуу боло бербейт...

Эгер ар бир адам баласынын ыйманы таза, тилеги ак, адал болуп, акылы менен журөгү абийирин угуп иш кылса, анда жашообуз тазарып, ырыс, ынтымак, ийгилик, кубаныч Кун нурундай кундө баарыбызга тие бермек эле.


Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   AtankulovaB   22 Май 2013 - 22:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 399
  • Катталган: 29 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 29 Июл 2013 19:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Мекеним Кыргызстан

"ТИЛЕГИМ АТАКЕМ!"

Менин он тилегимден бир тилегим бул менин суйуктуу атакем атаке сизсиз! Атаке, жалгыз сиз менин таянарымсыз, мен сиз менен сыймыктанам. Атакем менин гана атакем! Атакем деп эркелоо ар бир пендеге насип этпейт. Аллага чексиз шугурлор болсун, апакем болбосо дагы атаке сиз барсыз, сиздин баарынызга кубанам. "Эне сыйлаган эле жагат, Ата сыйлаган абийир табат" деген макалды кооп карманам. Сизди урматап-кадырлап, сыйлайм. Атаке, менин атакем сиз бар мен дагы бармын. Сиз бар чон даражаларга жетишип журом, жо-ок атаке сиздин бизге берген катуу кол болгон тарбияныз бизди чон даражаларга жеткирип жатат. Атаке, сиздин мага болгон ишенчиниз, мени чыйралтып алга карап умтулушума чон куч кубат берет. Сиздин мага болгон умут, ишенчинизди актоо менин бирден бир тилегим. Атаке менин сизге болгон тилектерим кооп. Эжемдер сыяктуу эл караган жузунузду жер каратпайм, сызган сызыгыныздан чыкпай мага болгон умут, ишенчинизди актасам деген чон тилегим бар. Сизди уят кылбайм. Ардагым атакем сиздин ак эмгенинизди барктайм. Ыссык-суук дебей, элден кем кылбай, озунуз жебей бизге жедирип, озунуз кийбей бизге кийдирип, чын суйлотуп чынчылдыкка ундодунуз, ак эмгек менен адал нан таап жегенди уйроттунуз, окутуп адам катарына коштунуз. Эл керегине жараган инсан болуп жетилишибизге чон турку бердиниз. Бизден мээриминизди аябай, баарынан бизди жогору коюп келдиниз. Сиздин бизге кылган ак эмгегинизди олгондо дагы актай албайбыз. Аны танбайм, чанбайм дагы. Ардагым атакем, сиз сыймактанган кыз болуп жетилдим мына атаке!

Бирок атаке, гор тируулук тируулой горго алып барчуудай, гор тируулуктун айынан сизден канча алыстап кеттим. Корсо атаке мен уулгайыпмын. "Уулгайып калсанда эркелей бересин" десениз кадимкидей таарынчуумун. "Сизге эркелебей кимге эркелейм" деп. Антсем конулумду четке какпай, бой жетилип калганыма карабай мурдумдан чымчып кичине кечимде эркелеткендей, эркетайм, комузчум. "Кайда комузун тынгыр-тынгыр этип, Ай комузчу, комузчу чертип койчу комузуду, деп комузунду чертип ырдап койбойсунбу бир эээ кызым" деп тамашалап уйду шанга болоп, бизге кубаныч тартуулаган кундорунузду эч такыр унутпайм атаке. Арадан билинбестен эки жыл отуп кетиптир. Ата-энендин кадыр-баркын алардан алыстаганында билесин деген тура! Сиздерден алыстап гана кадырынызды- баркынызды билдим атаке. Сиздин бурул тарткан жузунузду корбогонумо эки жыл болуптур тобо! Эки эле жылдын ичинде жузунуз бат бурул тарканын билбепмин. Чачынызды дагы ак басып аралап калыптыр. Ооба ак чачтар бизди деп ак басканы анык. Эх.... оору деген балекет барбы. Тик турган адамды дагы тошокко мыктап койгон. Кудайдын буйругу экен да, бизди деп оору менен тен алышып, алда-кайда алдан тайыпсыз. Оору деген балакет сизден ары коздой айланып кетсинчи, оору сизге жакын жолобосунчу. Атаке, жан атаке сиз оорубан суранам, жок дегенде сиз бизди таштабан. Апамды алып кеткени аз келгенсип сизди дагы алып кеткиси бар. Жо-ок, жок атаке мен ага жол бербейм. Ушул оору деген баленин айынан апамдан айрылдык, оорунун айынан сизден да айрылып калуну каалабайм, ал азапка чыдабайм! Сиз оорубай мен ооруюн атаке! Оо кудай ай ал азапты коргозбо, атакемден бизди айрыба. Оо жараткан озун жалгыз кудуретуу ыйык затсын. Озун бизге омур берип, озуно кайра кайтарып ала тургансын. Жаратканым озун жараткан пендене озун жардам коргозо кор. Атакем азыр жаш, дагы узак жашашын каалайм. Анткени атакем жалгыз мага эле эмес баарына керек, апакем корбогонду атам корсунчу кудайым. Билем сенин нейматтарын чексиз, бизге эмне керек болсо аны чексиз кенен жараткансын, ошондой экен кудайым бизди ата мээриминен айрыба. Атасыз зар какшата корбо. Чон сыноо узатып апамдан айрыдын, атакемдин жардамы менен татаал турмушка тик карадык. Ал азапка дагы чыдадык, апа мээриминен ажыраттын бирок, ээ кудайым атакемден ата мээриминен айрыбачы бизди. Оо кудайым сен бизге парз кылып калтырган, ар бир парзынды так жана дайым аткарам, сага тизе бугуп жалынып, тилек кыламын. Суранам атакемден айырба, атакемдин жанын алгынчек менин жанымды ал. Атама чын ден-солук, узаак омур бер. Атакем жок мага да жашоо жок. Атакемсиз жарык дуйно мага карангы.

Атаке билем кооп кыйналдыныз, апамдын коз жумганы бизге эн чон соку болсо, сизге тозоктой болду го чиркин. Кудай бар экен чон шугур, жаштын тилегин берет деген туура экен атаке. Менин тилектерим кудайга жетип, оору сизден алыстады, кудайым озу сизге шыпа берди, бутка туруп бизди абдан кубантыныз. Айдын он беши жарык, он беши карангы деген ушул экен да атаке, бизге кайра он беш жарык кун тийди го аллага шугур. Ардагым атакем, уул-кыздарындын оозурун коруп, неберелериниздин жыттын искеп, биздин мандайыбызда ак дастаркон устундо, уйубуздун торундо отуруп, ак батанызды берип бактыбызга бар болуп, сый устундо журо бериниз. Жан атакем, менин гана атакем, менин дагы бирден бир тилегим эжемдер катарында оз колунуз менен бел боомду озунуз байлап, ак батанызды берип куйого узатып. Менин тойюмду жана неберелериниздин таяталап айткан таттуу созун, тамтун этип басканын коруу, оз апамдай болуп калган экинчи апам экоонуздорго насип этсин жаратканым. Билем башка апа мага оз апамдай болбо албайт, бирок апам жок деп айткандан коро апам ордунда коруп кадырлап сыйлоону туура деп билем. Оз балдарындай коруп мээримин аябай берген апакемда мен учун кымбат! Алла шугур кудайым бар экен оз апамдай мээрим токкон апаны бизге тартуу кылганына шугур кыламын. Ардагым атакем, апам экоонуздор эч оорубай узаак омур сурунуздор. Алтын башыныздар аман болсун! Ушуларды жараткандан жалынып, жалбарып тилек кылып каламын. Оо кудай тилегимди орундата кор.
"Сен таза болсон мен таза болсом, коом дагы таза болот."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   kgman92   22 Май 2013 - 23:51

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 133
  • Катталган: 13 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 18 Авг 2025 22:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ысык Көл

Айтылбай калган ыр сабы




-Ээ мына эми кашайып ыр чыгарайын десем,башыма эч нерсе келбей атканын карачы!Тим эле соз тугонуп калгандай.Ары ойлонсом да,бери ойлонсом да башыма эч нерсе келбей турат.Ушу сулуу кызга ушундай бир ыр саптарын куюлтуп бир океандай толкуюн дедим эле,океан эмес,анын тамчысы да жок.Ой демейде создор ушундай шагырап ойго келет,кайсы бирин жазарын билбей каласын.Мм де!Жанагы илхом деген неме келбей атат да.Силерде да ушундай болсо керек?Мына бу татына кызга торт сап айтып,тамашалашып таанышып алайын деген эле ой да.Эми мына.Тууй ата мен не эле болуп атам.Болду озунду карма.Болгон оюнду жыйна.Эмнесинен баштасам.Мм! Чачынан баштайынчы, анан козун,оозун ырга кошоюн.
Чачыныз узун жибектей..... .
-Жоок.Карап туруп толкунданганымдан ырымды унутуп калып атам.Тескери карап биринчи ыр чыгарып алайынчы.
Ты ты ты ,ны ны ны анан оозун айтам.Ии бол эми кайрыл да айт Айбек тартынба!
Чон кыз чачыныз укмуш керемет,
Коргон жанды эргитет.
Себинген атырыныз адамды,
Кумарлантып сергитет.
Оозунуз сонун оймоктой..... ..
-Не болду иним?
Ооой кечиктим.Мен ыр чыгарганча тиги сулуу пери кетип калган турбайбы.Таз таранганча, той тараптыр деген ушул да.Мынтип суйкайган сулууну коë берип ийдим.Анан да досторум акын десе кудундап суйунуп калам.Илхом деген ушу турбайбы

Билдирүүнү түзөткөн: kgman92: 22 Май 2013 - 23:56

Тан атаар да кеч кирер,
Кайран омур эскирер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   XuLiGaNkA   23 Май 2013 - 04:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 670
  • Катталган: 08 Август 12
  • Соңку аракети: 24 Ноя 2023 20:49
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:"Анын" жүрөгү

Коз жаш.

Мезгил отуп мен бой жеткенче, апам атам жонундо эч бир нерсе айткан эмес болчу. Мен 8 - класска окуп калган кезде, чон энемдин, айтканы мындай болду. Кызым атан бул дуйнодон коз жумганын билбейсин да кызым деп айтты. Мен болсо эмне экенине тушунбой, ордумдан туруп барып.
- Атамдын терезеде турган суротуно карадым, атам эмне бизди таштап кетти беле апа дегенимде. Чон энем, карегине толо жаш алып, мага карай басты да.

- Ооба кызым ооба, атан эмнеден жанылды экен? Бир жакшына жургон бойдон, бул жарык менен кош айтышып кете берди, чыраактай кезинде. Бизден алыстап кетти, алда балам ай сени эркелетип мандайында олтурса кана деп айтты да, чон энем оор ушкурунуп алды.
- Эми апандын мындан ары, конулун орутпа кызым. Апан да озу, бир сени ойлоп бир атанды ойлоп кыжаалатта журот, апакенди кыйнаба балам деп айткан болчу.
- Азыр мунун баарын эстеп. Апамдын кыйналганын, мен деп жалгыз бой жашап калганын тушундум. Билесизби апа, мен сизди сагынганымды, анда сиз москвада болчунуз. Май айын этектеп, мекенге келем дебединз беле, азыр кайдан? Ал кунду кутомун качан апам келет деп, бирок сиз келбейсиз. Мен болсо куто берем, сизди келет деп жол карап. Ошондо апрел айы эле, уйдо эл кобойду мен эч нерсени тушунбойм. Баары мага карашат, мени унулоо тиктешет мен эч нерседен кабарым жок. Алардан сурайм эмне болду бул жерде адам коп го деп. Адамдар жооп бербей, жон эле кызым мейманчылап эле келдик деп айтып жатышты. Мен кайдан билейин, мен учун ошол куну жер усту, астын-устун болуп антарылаарын. Апакемин акыркы куну, ошол кун эле, ошол саат ошл минут мен учун унутулгус кунго айланды. Ал кун менин журогумо очпос кылып так салды. Алда байкуш апам ай деп, жер муштап кана кала бердим, ошондогу кызындын чыркырап ыйлап жатканын туйбасан да укпасан да керек. Эми силер учун жашайм, силер учун бул жашоодон умут кылам Атаке Апаке. Силердин аткарылбай калган умут тилегинерди, аткаруу учун жалгыз кызынар озуно дайым соз берип келет. Ата Апа силердин изинерди очурбос учун. Бул кыйынчылык жашоодо силер учун жашаганга мен дайым даярмын.

Билдирүүнү түзөткөн: XuLiGaNkA: 23 Май 2013 - 04:31

Сени менен бактылуумун)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Altyshok   23 Май 2013 - 09:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 748
  • Катталган: 28 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2021 15:43
  • Жынысы:Эркек

Бүгүн менин акыркы күнүм.

Эмнелерди гана көрбөдүм... Мен көрбөгөн нерсе саналуу гана калса керек. Эмнелер гана башымдан өтпөдү...Жашоомдогу бардык нерсени көз алдымдан өткөрүп жаткан учурум.Бул жашоодо бардык жаратылгандардын башы жана аягы болот эмеспи. Мен дагы бир кезде бул дүйнөгө келгем. Азыр болсо минтип артымды карап өзүмө эсеп берүүдөмүн. Бүгүн менин акыркы күнүм.

Ооба,чындыгында көптү көрдүм. Алгач, ээн талааны, ал жердеги жан-жаныбарларды карай турган болсом, кийин кыштакчаны, ар-кандай элдерди, азыр болсо маңдайымда чоң шаар, ызы-чуу болгон шаардык жашоо, машинесинен эли көп болгон, элиненен машинеси көп болгон чоң көчө. Канча жолу бүрдөп, жалбырак байлап, канча жолу кыштын кыраан чилдесин тоздум экен?. Чыпалактай талдан төрт кулач тереке айландым. “Жашоо бул – жашаган күндөрүң эмес, эсте калаарлык күндөрүң” деп айтылганды эстеп, чындыгында эле жакшы жашоо өткөргөн экем деп калам. Жаан-чачындан корголоп алдымда турган адамдар, бири-бирин жактырып бүтө албай кучакташып жөлөнгөн сүйүшкөндөр, гүлүн кармап оң-солду карап түгөйүн күткөн жаштар...Ушулардын баары эсимде. Анткени ушунун баардыгы менин алдымда, менин көзүмчө болоор эле. Жана да ушул көз ирмемдер мага жагымдуу.

Өзгөчө эсте калганы, жайдын ысык аптабында балта-араасын кармап келген улгайыңкы адамдын иши болду. Алгач бул адамдан чочулоосом, соң ага ыраазы болдум. Көтөрүп келген аспаптары менен жалпак тактайлардан жөнөкөй бир отургуч жасап, ал жерде өзүнө да, мага да ыраазы боло көлөкөмдө чалкалап отурганы мен үчүн чоң сүйүнүч эле. Мына ушул күндөн баштап алдыма келип эс алуучу адамдар, тегерене ойногон жаш наристелер көбөйдү. Ары-бери баскан адамдар отургучту көрө коюп, салкын тарткан көлөкөмдө бир топко отурат да, мага баштан аяк көз салып карап чыккан соң жолун улантышчу. Айрымдардын, ушул жерден канча өтсөм да бул теректи капарыма албаган экем деп таңыркап, менин боюма, турпатыма карап таанышып кетээр эле. Ал отургуч азыр деле бар.

Мага окшогон шыңга бойлуу, апакай келген теректер айланабызда көп боло турган. Бирде жашыл, бирде сары болуп шаарды көрккө бөлөгөн ушул теректер эле. Кийинчереек, ал узун теректердин ордуна имараттар, үйлөр пайда болду. Элге пайдалуу болгон мектеп, оорукана сыяктуу имараттар менен катар пайдасыз да курулуштар көбөйдү. Баарыбыздан жаш, сулуу, ушунчабыздын ичинен көзгө өзгөчө учураган бала теректи кыйып, ордуна 2 метр бийиктиктеги дубал курулганда баарыбыздын кабыргабыз кайышкан. Арга канча? Убакыт өтүп, тегерегимдеги бир тууган теректерден айрылган соң, менин да күнүмдүн бүтөөрүн билип жашап келем. Ага дагы даярмын. Бир гана түйшөлткөн маселе, менин ордумда эмне курулаар экен?Чындап эле элге кызмат кылган пайдалуу нерсеби, же дагы бир байдын бассейниби?

Эки-үчк үндөн бери айланамдын баардыгы адам. Бирок, көлөкөмдө эс алуучу, мени карап мени менен сүйлөшүүчү адамдар эмес. Болочоктогу курулуштун жерин өлчөп, мени кандайча, кайсыл жака жыгуу керектигин баамдап жүргөн адамдар. Бул жактагы кайнаган ишти көрүп жөнөкөй адамдар дагы жакындоодон качышат. Мен болсо акыркы ирет ушул бийиктиктен айланага көз жүгүртөм. Бүгүн менин акыркы күнүм. Менин жана жанымдагы олтургучтун.











Билдирүүнү түзөткөн: Altyshok: 23 Май 2013 - 10:17

Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   ROUSE   23 Май 2013 - 10:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

ыйлабачы курбум, ыйлаба!! ! козум менен корбосом да,
журогум менен туюп турам абалынды... тогуз ай азабын тартып жарык дуйного алып келген периштен торт ай жашап, торт ай оорунун азабын тартып, акыры ата-энеге каран кун тушуруп туболук уйкуга кетти...
ыйлабачы курбум, ыйлаба! оз колумдан учурган периштем деп сыздабачы... коп баламдын бири деп, кое берчи чурпону! аттин ай, арманын тоо которгус сезип турам алтыным. не кылайын, конул айтып, кайгынды болушкондон башка, айтчы курбум? аттин ай, кандай умут тилектер бар эле! экообуз кудалашып, тамашалашып: кызымды кайын эне болуп кыйнаба десен, мен уулумду дайны жок айдаба деп. арман ай ошол умут тилектерди шум ажал талкалап кетти, кайрылгыс кылып алып кетти бул жалган дуйнодон, артын арман менен кайгыга толтуруп кетти...
неге мындай кылбадым, неге аны жасабадым деп оксубочу. кайрат кыл курбум, кайрат кыл!
оо шум ажал сен таш боорсун! жада калса ушу наристеге жашооону ыраа корбодун! карыны аласын, жашты аласын ушул наристеге тийбей койсон болбойбу?!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Altyshok   23 Май 2013 - 11:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 748
  • Катталган: 28 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2021 15:43
  • Жынысы:Эркек

Эгер биз оңолсок Кыргызстан да оңолот

Мамлекетине кайдыгер карабаган адам сыяктуу мен дагы Кыргызстаным тууралуу көп ойлоном . Эмне үчүн Кыргызстан бутуна тура албай келет ? деген суроого жооп издеген көпчүлүктүн катарында мен да бармын . Бул суроого кимдер гана жоопиздешпеди, узунан да туурасынан да изилдешпеди, азырынча, жообу табылса дакүйүттүү сөз, айтылган ой катары гана калат. Менин да ой-изилдөөлөрүм алардынбири.

Эң алгач Кыргызстан тууралуу сөз козгологондо анын кедейлиги айтылат . Казынада акча аз , мамлекет алсыз деген сыяктуу сөздөрдү уга берип кулакка синген . Ал эми менин баамымда Кыргызстан кедейэмес. Жок! Таптакыр кедей эмес.Байлык бул – казынадагы акча эмей эле такырбашка экенин түшүнсөңүз сиз дагы сөзүмө кошулаарсыз. Байлык бул – кенбайлыктарыбыз дагы эмес. Байлык бул – суктанбаган суктанчу жаратылышыбыз дагы эмес

Мамлекеттин эң биринчи байлыгы бул – эл. Эли жок мамлекетболбоорун айтпасак деле түшүнүктүү. Демек, эл кандай болсо мамлекет дагы ошондойболот. Эл бай болсо мамлекет дагы бай. Ал эми кыргыз калкын кедей деп атооготил барбайт.Эл баардык жагынан күчтүү болуп, бири-бирин багып кетүүгө кудуретижетет. Бири нан жасайт, бири машине оңдойт, дагы бири бала окутат. Бири жумушберет, бири жумушка орношот. Кыскасы, азыр ушул система менен кыргыз эли өзжанын гана бакпастан мамлекетти дагы багууда. “Эли бай бирок мамлекети жарды,же тескерисинче, эли жарды бирок, мамлекети бай” деген сыяктуу сөздөрдү угупкалам. Менимче Кыргызстан айтылгандын биринчисине дал келсе керек. Мамлекетбашындагылар болгону жогорудагы бирин-бири багуу системасын өнүктүрсө.Тагыраагы, бизнес ачканга жардам берип ар тараптан колдоо көрсөтүп турса - бирканча адамга жумуш бергени

Бул жерден эл тууралуу да сөз козгоону туура көрдүм.Жогорудагы айтканыбыздай эл кандай болсо мамлекет дагы ошондой болот. Кыргызстаныбыздын өнүгүшү да элибиздентүздөн- түз көзкаранды. Азыркыдай терс сапаттарыбыз менен бийктикти багындыраалбасак керек. Эгер,маданиятыбыз, түшүнүгүбүз, адеп-ахлак – ыйманыбыз жогоруболсо, биримдиктүү, ынтымактуу эл болсок, элди, жерди ойлогон калк болсок,мамлекетибиздин өнүккөнү ошол. Качан гана биримдиктүү, ынтымактуу болуп,ойлогон ой-ниеттерибиз, каалоолорубуз дал келгенде гана өнүгүүнү карай беталган болобуз. Далил катары жапон элин мисалга алгым келет. Канчалаганжаратылыш кырсыктарынан баштап атом бомбасынын алдында калууга чейинки оорсыноолорду тартышпады. Бирок, канчалык оор сыноо, чоң жоготуулар болбосун,кыйынчылыкты тез жеңип, өнүгүүсүн тездетип,кыска убакыттын ичинде эч нерсеболбогондой, мурдакыдан да жакшы абалга жете алышат.“Мунун сыры эмнеде?” дегенсуроого жооп издеп көрө турган болсок, жапон элинин сабырдуулугуна, ынтымактуулугуна, бир максатты көздөп, бир иш кылгандыгына такалабыз. Өлкөдегенде тикесинен тик туруп, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну парз катары санап,дем алыш күндөрү да иш бөлмөсүндө күн өткөрөөрү биз үчүн таң калыштуу. Эгер экикол эки буту бар биз сыяктуу адамдардын колунан түзүгүрөөк жери жок, же кымбатбаалуу кени жок өлкөнү баш айланткан бийиктикке жеткире алышса, анда бейиштинтөрүндөй болгон жери бар кыргыздар кантип өнүктүрө албайбыз. Көрсө, өнүгүү үчүнкен байлыкка, суу-ташка бай жердин эмес,маданиятка, адеп-ахлак, ыйманга байэлдин болуусу шарт тура. “Мамлекеттин байлыгы – эл”деген сөз ушундан калган көрүнөт.

Кыскасы , өлкөнүн өнүгүшүнө биринчи орунда миллиондогон долларлар , чет элдик инвесторлор эмес , калктын жогорку маданияттуулугу , мекенди сүйгөндүгү , өнүгүүүчүн колдон келген аракети керек экенин айткым келди . Бул жерден жыйынтык : Эгербиз оңолсок анда Кыргызстан да оңолот . Мына ушундай оп - оңой стратегия


Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   23 Май 2013 - 12:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Жашагым келет ..

Ак барак менен калем сапты колго албаганыма коп болду . Кокурогумдогу кайгыны , суйунучту , бороон чапкын сезимдеримди , жакындарыма болгон таарынычты , сагынычты тапкан байлыгымды , журогумдун элегинен откон создорумду , ушул сырдашым болгон ак барака жазаар элем . Жазууга алым жок болсо да , калтыраган колдорумду кучко салып ,акыркы ирет калем менен коштошуп алууну чечтим . Бугундон баштап мен учун ар бир дем алуум оорлой баштады . Жашоо учун канчалык курошпойун майнап чыкпачуудай ! Бул жайга келгениме жыл айланып барат . Ооруну женем , балдарымдын кашына барып бешенесинен сылап , эч кимге кор кылбайм деген умутум акталбады ! Эмне кылмак элем , бешенеге жазганы , тагдырдын буйругу экен . Жарыкчылык менен коштошуу кыйынга тураарын башыма келгенде гана билип отурам . Артка кылчайып алгылыктуу иш жасабаганыма окуном . Озум туптогон балдар уйундо коздорунон умуттун шооласы чачыраган , келген адамдардын арасынан ата - энесин издеген шоордуу балдарымды кимге ишенип таштайм !? Байкуш балапандарыма ким жолок болот ? Алдуу кучтуу кезимде мынтип бироонун жардамын муктаж болуп , оз алдымча бир чыны суу иче албай калаарымы билсем гана ! Картайганда балпайган байбиче болом деп кыялдануучу элем , азыр болгону 30 жаштамын . Бул омурдон эрте кетип жатам , бутпой калган жумуштарымдын аягына ким чыгат ? Баарын кагазга тушуруп койууну ойлодум эле .Колума калем сап кармоого болгон далалатым ишке ашпады . Ойлорум ичимде калды ! Алдан тайып барам ! Оорукананын даары жыттанган , жашоо учун аракеттенген тыбыраган таракандарынан , эскилиги жетип тамтыгы чыккан, жамалган полдорунан , сырдала берип кочо баштаган дубалдарынан , кундун нурун аран откоргон , жаракасы бар терезелеринен , озум жаткан 5 палатадан тажадым ! Таза абага чыккым келет ! Акыркы жолу дем алуума уруксат бергилечи , алдагы кислороддун пайдасы жок эми , апаратка убара болбогула , салбагылачы мага уколду ......

Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Жолоочу_Kosmopolitka_* 23 Май 2013 - 18:04

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

"Инсан..."
Бул жашоонун озу сырдуу,табышмактуу. .. А биз жашоо учун курошкон жандарбыз. Жашоо канчалык татаал болбосун сынбай,кайра алдыга гана кадам шилтеп аткан периште сымал инсандарга абдан суктанам. "Инсан" ким озу?кандай ойлойсуз?менби? сизби? жазуучубу?актербу? же мамлекетти кыл устундо аран сактаган президенттерибизби? Албетте жок!
Арабызда жашап жаткан периштелерди байкап кордунуз беле? Аларды да бир гана жаратканым жараткан...
Коздуу болуп туруп кормоксон,угуу мумкунчулугу болуп керен,кокурогундо муштумдай эт журогу бар туруп,сокур, жада калса мээрим,жакшы соз арнай албаган алты саны аман адамдардан коро,ушундай периште адамдарды баалай билип,аларга моралдык жактан колдосок эч кем болбойт элек. Билем,азыр "Заманын бору болсо бору,тулку болсо тулку бол" деген принципти карманып жашаган заманда жашап жатабыз. Бирок,адамдардын кылган кээ бир туура эмес иштерине абдан кыжырданам, абдан... Ушунчалык томон кеткен,кокурок каккылап,пайдасы тийбеген,кайдагы кунумдук болгон материялдык дуйнонун,байлыктын кесепетинен сокур журокко айланган адамдарга абдан ачынам,же колдорунан жакшы иштер келсечи... Булар эптей албаганды эптеп,жашоонун сыноосуна сынбай,кайра жаратканга шугурчулук келтирип жашаган,жан дуйносундо руханий казынага толгон таза ойлоруна эмне дейсиз... Ооба,ушундай адамдар бар. Алар ким дээрсиз? Алар,бизди курчаган керемет ааламды,жарык шоола чачкан кун нурун эч болбосо аз гана убакытка корууго,айланада таншыган укмуш ундорду угууга зар,коргон,уккан жан дуйносун толкуткан сезимдери дилинен ушунчалык создору тогулгусу келсе да,тили менен жеткире албаган ундобос адамдар эле... Ушундай жаралган адамдардын жан дуйносуно унулуп карап коргон адам,андагы терен катылган сырлардын,жашоого болгон умуттун учкунуна,керемет дуйносуно кубо болот. А биз алардын керемет дуйносуну курууга жардам береличи,мейли бул да болбосо кемсинтип,шылдындап ушактагандан, соз кылгандан алыс болуп,мээримге муктаж коздорун жалдыратпайлычы, садака суратып жол боюна отургузбайлычы замандаш...?!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Авг 2025 08:56

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: