Негизи эркек адам аялынын каякта жургонун билбегени уят иш албетте. Бирок бул деген аялы кимдер менен эмне жонундо суйлошкон болсо ошол нерселердин баарын куйоосуно айтышы керек деген соз эмес. Болгону аял кайсы бир жака бараткан убакта куйоосуно айтып, андан уруксат алуусу керек.
А куйоосу уруксат алууга милдеттуу болбосо да уйго кеч кайта турган болсо аялына эскертип койгону жакшы. Болбосо аялы сарсанаа болушу мумкун.
А кошуналарга бир деме беруу урп-адатка жараша боло берет. Адатта аялдар гана колдонгон ийне, жип, кайчы, идиш-табак сыяктуу нерселерди аялы куйоосунун уруксатысыз эле берсе болот. Ал эми эркектин буюмдары деп эсептелген орок, балта, балка ж.б. буюмдарды созсуз куйоосунун уруксаты менен гана беруусу керек.
Жубайлардын сырлары кимге керек?
#22 17 February 2013 - 22:24
Туура айтасын мен кошулам . Эркек айтыш керек аялына себеби ал балдарынын апасы. Айтпай уйго келгенде да суйлобой кою бул адамдык сапат эмес. Мен ошону айына ажыраштым эрими м.и менен суйлошуп сырдашпаганынан эчтеке айтпаганынан.
#23 18 February 2013 - 17:22
Мен эмне кылгандарымды сурабаса деле айта берем, кайда баратканымды албетте айтып уруксат сурап кетем. Ал эми жолдошум бардык нерсени айта бербейт, жумушунда же башка жагдайларда кыйынчылык болсо таакыр айтпайт. Ашыкча ойлондургусу келбесе керек..
#24 22 February 2013 - 15:47
эркектердин баары еле ошондой болсо к.к. Менин деле жолдошум коп нерсени айта бербейт,бирок мага ушундай эркектер жагат. Эркек болгондон кийин ушундайы еле жакшы го....
#25 27 February 2013 - 14:44
Турмуштагы болгон окуя.Жаш кезимде татар кошунабыз боло турган дайыма бактарга суу куйат озу экинчи этажда жашайт озумчо тан калам.Бир куну Маша апа сиз эмнеге эле кыйналасыз,
озунуз экинчи этажда болсонуз,семиз да болсонуз дедим.Аа кызым бакка суу куйган ото сооп иш,кунолорун жуулат жаш кезде мен да жанылгамын да деди.Мен ичиме батпай аны жолдошума айтып койдум.Жылдар отту биз да жаны уй алдык бак тиктик озубуз бешинчи этажда жашайбыз.Бир жылы бир бак озунчо эле куурап баратат боорум ачыды да кундо бешинчи этаждан суу которуп чыгып куйуп койом.Бир куну атабыз астыман чыкты ии каяка деди мен бак куурап баратканын ошого кундо эки челек суу куйуп атканымды божурап айтып калдым.Аа Маша апанын жаш кезиндеги куноосуно суу куйуп жургон,сен кайсыл куноон учун сууну бештен которуп куйуп журосун десе .Не дешимди билбей калдым ал болсо каткырып кулгон бойунча уйго кирип кетти.Тамаша болсо да каттуу тийди,созго сындым.
#26 28 February 2013 - 00:45
Менин куйом да коп нерсени айта бербейт.Бирок ичиндеги болгон сырын мага айтышын каалайм.Бардыгын сурай берем.Мени менен отуруп кенешуусун,
каалайм.
#27 01 March 2013 - 01:01
#28 02 March 2013 - 05:05
Менин жеке ойум ар бир адамда озуно жараша эч кимге айтпаган сыры болот.
Асылым апакем сиз бар бул аалам керемет!
#30 09 March 2013 - 23:23
Жакшы тема экен ,кобу куйоосуно айтышканы жаман экен,мен келин болуп барганда кайненем эки токоч кылсан бироон корсотуп берсен бироон бекитип кой деп айткан эле анда мен апа бироон кайда бекитип койойун деп айткам.Корсо эки соз уксан бироон айт бироон айтпа дегени экен.Ошон учун менкуйоомо тиешелуу гана создорду айтам быкы чыкы оччот бербейм.Эркекти казан аякка аралаштырыштын кереги жокко уйдо проблема болсо экоолоп чечкенге аракет кылабыз.
#31 19 March 2013 - 03:50
Бир жаздыкка башын жолоп жатсан да жубайындан жашырган сырын болбой коюшу мумкун эмес. Сыр сактабасак анда уруш болуп кетет да. Мисалы, кызганычтын айынан...
Мен тандаган мени тандаса экен...
#32 21 March 2013 - 18:30
#34 27 April 2013 - 19:03
билбейм биздин бири бирибизге болгон сырыбыз барбы жокпу ,бирок мен куйоомон бир жерге барып келейин деп чыгам анан эле жарым саат отпой -келинби ? -каерге жеттин, качан келесин ,? деп чала баштайт ,Анан ойлонуп калам айтып кетсемби же,,,,депчи
#35 02 May 2013 - 11:22
Жаны турмушка чыкканда божурап эле айта берчуумун,жадакалса туалетке канча жолу каттаганыма чейин ,шефине отчет берген катчыдай болуп
Бирок байкасам,ошол айткандарыман кийин озумеле кобуроок жабыркайт экем,Ошон учун анча -мынчаны айтпай коюш керек деген ойго келгем.Антейин десен, кедээ бир нерсени айтпай калсам,нак балээге кабылам.Менден жашырып иш тута баштадынбы?
деп,Ошондуктан сырдын пайдасыда бар,зыяны да бар деп ойлойм,Айтчу жерде айтып,айтпай турганын ичке сактап дегендей.Ал эми соц сеттерге киргенимди,
форумга катталганымды билет,бирок кимдер менен эмне деп суйлошкондорумдун баарынеле айта бербейм,Жанжалдын болушун каалабайм,албетте виртуалдуу жашоого озумдун реалдуу турмушумду эч качан алмаштырбайм,
Мен омурлук жолдошум бар учун,озумду бактылуу жана ошол адамга керек экенимди сезип жашайм
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#36 03 May 2013 - 16:41
ар кимде ар кандай. мен ойлойм куйоомдун мага айтпаган сырлары болуш керек деп. а меники жок. эми бар, просто ал сырлар менин туугандарым менен байланыштуу болушум мумкун. эгер андай секреттер уй-булонун ажырашына себеп болууга жарабаса, анда эч нерсе болбойт.
#37 23 May 2013 - 13:49
Козуно чоп салуу эмес, жон гана кунумдук турмушта болчу маселелерле алдай аласызбы? Менин журогум чыдабайт эч эле. Калп айта албай эле жудой берем. Силерчи?
#39 23 May 2013 - 15:10
#40 23 May 2013 - 15:20

Супер-Инфо
super.kg
видео
















