Суперстан: Сынак учун монолог. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Сынак учун монолог.

#41 Пользователь офлайн   Spartak0001   23 Май 2013 - 23:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 407
  • Катталган: 03 Август 12
  • Соңку аракети: 07 Июн 2019 12:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Улуу Кыргыз Державасы

Ээ-э, Спартак0001,
Кандайсың?
Амансыңбы?
Жакшыбы, жамансыңбы?
Бугун мен сени менен чер жазыша,
Сырдашкым келип турат,
Айтчы сен сырдашууну каалайсыңбы?

Мынакей, бир жыл болду шаарга келип,
"Шаардык" болгонуңа.
Бир жыл болду,
Күйүп шаардын ысыгына,
Суугуна тоңгонуңа.
Бат-баттан өтүп кеткен,
Байкалбай көчүп кеткен,
Турасың жолдо мына.
Кайрылып бир көз салчы,
Шашпастан, артта калган жолдоруңа.

Жакшысы унчукпагын,
Өзүм айтам!
Сөз айт деп сага берсем,
Сен дагы адатыңча актанасың,
Сен дагы адатыңча мактанасың,
Кейиген жериңди айтып даттанасың.


Апкаардың анча-мынча аз ооматка,
А бирок, терс жагыңды байкабадың.
Томкоруп тоону келген киши сымак,
Кай бирде кайкаладың.
Арттагы күндөрүңө,
Сарасеп салып, баалап,
Бир гана мен - жан дүйнөң
айта аламын.

Сүрү көп аким болбой,
Сыны жок акын болдуң.
Башкага жакын болбой,
Жаман-жуман,
Ырыңа башың койдуң.

Саксаңдап сайдагы бир сагызганча,
Сайраса кээ ырларың жаны тынбай.
Өзүңчө өзгөрүлүп кетесиң ээ,
Өзүңдү сезип алып Алыкулдай.

Көп ойлоп, баласы үчүн күйүп турган,
Уулум деп сүйүп турган,
Ал эссиз уулунан келечекте,
Көп нерсе үмүт кылган.
Алыста ата-энең бар.

"Бере көр тилегимди сен Эгем" деп,
"Берекем, эсен жүрсүн неберем" деп.
Беш убак намазында тилеп жүргөн
Айылда чоң энең бар.

Жол болбой аргымакка, күлүктөргө,
Зар болуп элин сатпас жигиттерге.
Дартымды билер менин эрлер болсо,
"Токтолбой чыкмакмын" деп бийиктерге,
Артыңда мекениң бар.


"Жашаймын эл-жеримди сүйүп" дедиң,
А бирок, алар үчүн күйүкпөдүң.
Айтсаңчы анан кантип актамаксың,
Ата-эне, мекениңдин үмүттөрүн?

Тагдырдан тайгалансаң капысынан,
Тааныштар турбайт дайым башты жөлөп.
Иштетиш керек экен башты демек!
Эскертип айтам сага,
Эртерээк жолуңду тап,
Эх-х, бакуш "Социолог"!...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   Mondur   27 Июнь 2013 - 13:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 244
  • Катталган: 19 Январь 12
  • Соңку аракети: 02 Мар 2020 12:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалган дүйнө...

"Суперстандын таланттуулар супер-сынагы" аттуу сынак аягына чыкканына байланыштуу 1-турдагы "Сынак үчүн монолог" темасы архивге жылдырылды!
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Авг 2025 08:56

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: