Суперстан: Библияга (Християндарга) суроом бар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 66
  • 67
  • 68
  • 69
  • 70
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Библияга (Християндарга) суроом бар

#1341 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   20 Май 2013 - 22:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Debi (20 Май 2013 - 16:05) жазган:

Суроо боюнча Инжилдеги эркектин бир гана аялы болушу керектигин осуят кылган көрсөтмө: Жыйын башчысы болуп дайындала турган адам кемчиликсиз, бир эле жолу үйлөнгөн адам болсун. Анын балдары жаман жолго түшүп же ээнбаштык кылып жаманатты болбогон, Теңирге ишенген балдар болушу керек. Жыйын жетекчиси Кудайдын Жыйынын башкаруучу катары кемчиликсиз болушу керек. Ал өзүнүкүн бербеген, ачуулуу, ичимдикке жакын, мушташты сүйгөн, дүнүйөкор адам болбошу керек. Тескерисинче, меймандос, жакшылыкты сүйүүчү, адеп-ахлактуу, адилеттүү, такыбаа, өзүн өзү кармай билген, туура окутууга үйрөтө билиши үчүн жана каршы чыккандардын айыбын ача билиши үчүн, окутууга ылайык келген чындык сөзүн карманган адам болушу керек. Тит.1,6-9.


бул жерде жыйын башчысы тууралуу соз болуп жатат
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1342 Пользователь офлайн   Debi   20 Май 2013 - 23:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Силер бир кезде караңгы элеңер, бирок азыр Теңир аркылуу жарык болдуңар, жарыктын балдары катары жашагыла.
9 Анткени жарыктын жемиши: боорукердик, адилдик, чындык.
10 Кудайга эмне жагарын ажырата билгиле.
11 Караңгылыктын жемишсиз иштерине аралашпагыла, тескерисинче, аларды ашкере кылгыла,
12 анткени алардын жашыруун кылып жаткандарын айтканга ооз да барбайт.
13 Анткени ашкереленген нерсенин баары жарык аркылуу ашкереленет, ачыкка чыккан нерсенин баары – жарык.
14 Ошондуктан Ыйык Жазууда: «Уктап жаткан өлүк адам, ойгон, тирил, Машайак сени жарык кылат», – деп айтылган.Эфес. 5,8-14

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1343 Пользователь офлайн   Debi   22 Май 2013 - 22:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Жашыруун нерселер Кудай-Теңирибизге таандык. Ушул мыйзамдын бардык сөздөрүн аткарышыбыз үчүн, ачык нерселер түбөлүккө бизге жана биздин балдарыбызга таандык.Мыйз. кайт.29,29
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1344 Пользователь офлайн   aliyana66   23 Май 2013 - 21:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 260
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 17 Сен 2013 15:06
  • Жынысы:Белгисиз

Как вы можете опустить Бога на уровень человека?
Почему у вас богов продают?Как вы можете имея человеческий разум считать посланника самим Богом?
Вам не кажется что поклонения к тем вещям что находится в церкви это язычество?
Почему Евангелия а не Тора или еще другое ведь есть сорок авторов?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1345 Пользователь офлайн   Debi   24 Май 2013 - 00:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Как вы можете опустить Бога на уровень человека?

Кудайдын деңгээлин эч ким эч качанда түшүрө албайт. Кудайды таанып билүүң өсүшүн каалайм.

Почему у вас богов продают?

Жаңылдыңыз, мындайды уккан да көргөн да эмесмин. Уккан ушагыңызга ишенип жаткан болсоңуз, көргөнсүп сурардан мурда (акылга сыйбай, ишенүүгө мүмкүн эмес болуп турса дагы) ошол чын экенине өзүңүз ынануу үчүн чын-төгүнүн ырастап алышыңыз керек эле. Деги эле, сөз эмне тууралуу болуп жатканы түшүнүксүз.

Как вы можете имея человеческий разум считать посланника самим Богом?

Акыл-эске ээмин деп эле эсептеген адам ушундай суроолорду узатып турганы мени да таң калтырып келет.

Вам не кажется что поклонения к тем вещям что находится в церкви это язычество?

Кудайдан башка бардыгына табынуу - бутпарастык (язычество).

Почему Евангелия а не Тора или еще другое ведь есть сорок авторов?

Тоорат, Инжил, Забур ж.б. пайгамбарлардын Китептери биригип Библияны түзөт.

Анан орусча жазып эмне күч келибатат, же кыргыз эмессизби

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1346 Пользователь офлайн   aliyana66   24 Май 2013 - 20:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 260
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 17 Сен 2013 15:06
  • Жынысы:Белгисиз

Рахмат жообунузга бирок мен жазгандарды тушунот деп ойлогом. Кудайды сатып аласынар дегеним сиздер ортомчу бир предмет менен кудайга кайрыласынар Икона мисалга.
Сиздер билесиздер да Ыйса кудай эмес экенин, апостол Петр айтат ко" Сего Иисуса Бог воскресил" ( деяния 2:32) анан да " Не моя воля , но твоя да будет" ( Луки 22:42) тушунукту болуп турат ко Иисусту кудай тирилткен деп анан эмнеге сиздер аны кудай деп сыйынасыздар? Андан мурун да кудай деп сыйынышкан го?
Анан Библиянын научный ошибкаларына кандай карайсыздар?
Кечирим сурайм эгер сиздин диний сезиминизге шек келтирсем. Акыркы суроом эмне учун Ислам эмес Христянство?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1347 Пользователь офлайн   Debi   24 Май 2013 - 22:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Кудайды сатып аласынар дегеним сиздер ортомчу бир предмет менен кудайга кайрыласынар Икона

Ушундай экенин ырастап туруп анан айтыбатасызбы? Жеке менин икона менен эч кандай ишим жок. Бул тууралуу буга чейин да жазылды эле.

Сиздер билесиздер да Ыйса кудай эмес экенин

Так ошол Кудай экенин билебиз.

апостол Петр айтат ко" Сего Иисуса Бог воскресил

Ишенимдин сыры улуу экендиги шексиз: Кудай адам болуп келди, Анын адил экендиги Рух аркылуу далилденди, Ал периштелерге көрүндү, элдер арасында жар салынды, дүйнөдө ишеним аркылуу кабыл алынды, даңк менен жогору көтөрүлдү
Ыйса да Ата деп Кудайга сыйынган. Сыр деген купуялыгы менен сыр болот. Инжилде Ыйса Адам Уулу деп жазылган, Кудайдын Уулу деп жазылган, Кудай деп да жазылган. Мен муну ишеним менен кабыл алам, Кудай кааласа ошондой боло алат. Ыйсанын Уул болуп келгенинин сыры бар болчу. Анын Адам Уулу аталышынын сыры бар болчу. Ал сыр Анын Кудай экендиги болчу.

Анан Библиянын научный ошибкаларына кандай карайсыздар?

Илимий жактан Библиянын Кудай Сөзү экенин тастыктаган далилдер, илимий ката дегендерге караганда алда канча жүйөлүү. Илимий ката деп да атоого болбойт. Жылнаама жана Падышалар (Шемуел) китептериндеги жазылган айрым сандарда айырма бар. Кудайды Библиядан да терең тааныта ала турган башка Китеп бар болсо, мен ишенмекмин.

Кечирим сурайм эгер сиздин диний сезиминизге шек келтирсем. Акыркы суроом эмне учун Ислам эмес Христянство?

Сиздин баалаган диниңизге шек келтирсем да кечирим сурайм. Ислам - дин. Машайакчылык - түбөлүктө Кудайга алып бара турган ишеним жолу.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1348 Пользователь офлайн   Kubanychbekkagan   28 Май 2013 - 12:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 737
  • Катталган: 01 Июнь 07
  • Соңку аракети: 11 Апр 2014 14:09
  • Жынысы:Эркек

Исаны эмне үчүн кудай дейсиздер? Ал кадимки эле жерде жүргөн адам го? Кудайга теңегидей кандай иштерди кылды эле? Аалам жаралгандан кийин пайда болгон биз сыяктуу эле адам го ал Иса деле?
Гуд бай, форумчулар! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1349 Пользователь офлайн   aliyana66   28 Май 2013 - 13:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 260
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 17 Сен 2013 15:06
  • Жынысы:Белгисиз

Сизге дагы бир суроо. Эмне учун священник, Иероманахтар Исламга отушуудо?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1350 Пользователь офлайн   Debi   28 Май 2013 - 19:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Kubanychbekkagan (28 Май 2013 - 12:53) жазган:

Исаны эмне үчүн кудай дейсиздер? Ал кадимки эле жерде жүргөн адам го? Кудайга теңегидей кандай иштерди кылды эле? Аалам жаралгандан кийин пайда болгон биз сыяктуу эле адам го ал Иса деле?

Кадимки адам эмес эле. Эң башкысы ал өлүп, кайра тирилген. Өлгөндөрдү тирилткен, ооруларды, тубаса майыптарды айыктырган, сокурлардын көзүн ачкан ж.б. толтура кереметтерди кылган. Ачтарды тоюнткан, кемсингендерге, жерилгендерге кол сунган.

Ал мындай деген: Мага ишенгиле: Мен Атамдын ичиндемин, Атам Менин ичимде. Сөзүмө ишенбесеңер да, кылып жаткан иштеримди көрүп, Мага ишенгиле. Жкн.14,11
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1351 Пользователь офлайн   Debi   28 Май 2013 - 19:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения aliyana66 (28 Май 2013 - 13:55) жазган:

Сизге дагы бир суроо. Эмне учун священник, Иероманахтар Исламга отушуудо?

Бирөөлөр үчүн жооп бере албайм. Бир гана нерсени айта алам, Ыйса Машайакты туура тааныган адам эч качан Андан башка жакка кетпейт. Мен машайакчымын дегендин баары эле чыныгы машайакчылар эмес. Жеке мен кайсы бир жолду башка бирөө тандаган үчүн эмес, өзүм чындык экенине көзүм жеткени үчүн тандамакмын. Ошондуктан кайсы бир жолду башка бирөөлөр тандаганын айтуу мен үчүн ынандыруу жолу эмес. Анткени бардык жолдо аны жактагандар, аны тандагандар жана жактабагандар, аны тандабагандар бар.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1352 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   28 Май 2013 - 19:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Debi (28 Май 2013 - 19:42) жазган:

Кадимки адам эмес эле. Эң башкысы ал өлүп, кайра тирилген. Өлгөндөрдү тирилткен, ооруларды, тубаса майыптарды айыктырган, сокурлардын көзүн ачкан ж.б. толтура кереметтерди кылган. Ачтарды тоюнткан, кемсингендерге, жерилгендерге кол сунган.

Ал мындай деген: Мага ишенгиле: Мен Атамдын ичиндемин, Атам Менин ичимде. Сөзүмө ишенбесеңер да, кылып жаткан иштеримди көрүп, Мага ишенгиле. Жкн.14,11


мен Атамдын ичимдемин ( мен Аллахтын дининин ичиндемин) , Атам менин ичимде ( Аллахтын дини менин ичимде), бул нерсе баардык пайгамбарга тиешелүү болгон
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1353 Пользователь офлайн   Ala-archa   28 Май 2013 - 19:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 483
  • Катталган: 17 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 19 Апр 2016 14:03
  • Жынысы:Белгисиз

Ыйсага ишенгендердин дарегинекарата айтылып жүргөн ар кандай ушак айыңдар бар эмеспи. «Алар адам жейт экен…акчагасатылып кетишти…түнкүсүн чогулуп алышып…ж.б…» деген сөздөрдү бары эле угупжүрүшөт. Бир жагынан караганда мындай ушак сөздөр модадан деле калды окшойтдейин десең, дагы эле кимдир бирөөлөр тарабынан машайакчылар жөнүндө көбүртүпайтылган сөздөр ыргып келет.. Бул теманы ачышыма мына ушундай сөздөр түрткүболду. Ыйсага ишенип калган адамдардын жашоосун окуп, өзүңүз баа берип талдапкөрүңүз.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1354 Пользователь офлайн   Debi   28 Май 2013 - 19:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Ыйса дагы мындай деген: Мен адамдардын өмүргө, ашып-ташыган өмүргө ээ болушу үчүн келдим. Мен жакшы Кайтаруучумун. Жакшы кайтаруучу койлору үчүн өз жанын берет.Жкн.10, 10-11
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1355 Пользователь офлайн   Ala-archa   28 Май 2013 - 19:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 483
  • Катталган: 17 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 19 Апр 2016 14:03
  • Жынысы:Белгисиз

Менин чоң-атам биз жашаган аймактын молдосуболгондуктан, биз исламдын бардык парздарын аткарышыбыз керек болчу.Ошондуктан, мен исламдын шарттарын өзүмдүн бир-туугандарым жана башкатуугандарым менен бирге аткарчым. Чындыгында ушундай болчу, анткени бизде башкатандоо жок болчу. Бул биздин динибиз болгон жана биз аны кабыл алып жашапкалганбыз. Өспүрүм кезимде ата-энеме жана ислам динине тил-алчаак болушум керекэле. Рамазан айын эстейм, мен үчүн бул сонун убакыт болчу. Биз орозо кармап,Рамазан айында толук исламдын 5 парзын аткарчубуз, бирок мен али жашболгондуктан Хаджга барчу эмесмин. Аллах бардыгынан улуу Кудай экенине жанажашоодо керек бардык нерселер Аллахтан келерине мен ишенчимин. Менин оюмча бизүчүн жана элибизге Аллах – эң негизги нерсе болчу, анткени мен Ыйса Куткаруучуже андан башка диндер бар экендиги тууралуу оюма да келген эмес. Мен үчүн исламжашоомдо эң негизги нерсе болчу. Мен мусулман болгондугума абдан сыймыктанчум. Эмне үчүн сыймыктанчум, анткени мен ата-бабаларымдын жолун жолдоп, бактылуу болгумкелчү. Ошондуктан, исламдан башка жолго түшүү жөнүндө ойлонууга да менде“кайраттуулук” жок болчу. Исламдан башка диндер жөнүндө ойлонууга да өзүмө жолбербегенге аракет кылдым. Мен Куран, Хадисти окудум жана бул нерсе ошол убактамен үчүн абдан маанилүү болчу. Ошондуктан, мусулман болгондугума абдансыймыктанчум.

Менин биринчи жумушумда, мен Ыйсага ишенгенадамдын жанында иштеп калдым. Ал адам дайыма мага Ыйса Куткаруучу жөнүндө ЖакшыКабарды айтканга аракет кылчу. Мен болсо дайыма аны шылдыңдап койчум. Мен ага –“Сен билесиңби Машаякчылык бул туура эмес дин!” – деп, жана ал адамдыкритикалап басынтканга аракет кылчум. Мен эч качан аны укканды жакшы көрчүэмесмин, анткени ал мага бир нерсе саткысы келип жаткандай ойдо болчумун.Бирок, бир жолу эс алып жаткан убакта, Август айында төмөнкүдөй окуя болду: -Ыйса Машаякка ишенген адамдар биздин айылга келип, чатырда чогулуштардыөткөрүштү. Чоң чатырда мен курактуу көптөгөн жаштар куурчак театрдын,гитаралардын, музыка жана ырлардын коштоосунда кызыктуу чогулуш болчу. Мен алжерге барып билинбей жаштардын арасында болдум. Ата-энемдин буйругу боюнчаменин ал жерге баруума тыюуу салынган, бирок билгизбей бардым жана эң биринчижолу башка дин “Ыйса Машаякчылык” жөнүндө билдим. Ыйса жөнүндө насаат айтыпжаткан адамды биринчи жолу укканым дагы эле эсимде. Мен Ыйса кантип сокур,дудук адамдарды айыктыргандыгын жана элдерге жакшылык кылганы жөнүндө окуяуккам. Ыйсанын кийин эмне болгону тууралуу менин жүрөгүм ооруган. Чогулуштанкийин үйүмө барып, эч нерсе болбогондой түр көрсөтүп койдум. Ыйсагаишенгендердин чогулушуна барганымды ата-энеме билгизе алган жокмун. Ошолубактан бери качан мен Ыйсага ишенген адамдарды көргөнүмдө, мага башка-бирбелгисиз бир нерсе алардын жакшы адамдар экенин айтып, аларды биз сыйлоо керктигинэскертет.

Болуп өткөн окуядан кийин гана, жумушумда магаЫйса жөнүндө айткан адамдын тартуулаган китептерин алып окуюн деп чечтим. Кээдемен аларды окуп ага кайтарып берчүм, же үйүмдөгү китеп койгон жерге сактапкойчум. Мен Ыйсаны Куткаруучум катары кабыл алам деп эч качан ойлогон эмесмин,анткени мага бул мүмкүн эмес болчу. Биздин үй-бүлөдө бул кадамды жасаган менбиринчи болуп калмакмын, ошондуктан мен мунун ишке ашуусун каалаган жокмун. Менүй-бүлөмдү уятка калтырып же маскара болушун каалаган жокмун. Эгерде менинЫйсага ишенгеним элге билинип калса, анда үй-бүлөм бир нерсе жоготуп алгандайболот болчу. Мени үй-бүлөмдөн ажыратып, ата-бабаларымдын санжырасынан да алыпкоюшмак. Алар менин бутагымды санжырадан кыйып салышмак жана мен жерге жыгылганбойдон калмакмын. Ыйса Машаяк жөнүндө окуя менин жүрөгүмдү ээлеп алса да, агакарабай Исламдын парздарын аткарууну уланта бердим.

Мен жашаган мамлекетте экономикалык кыйынчылыктарболуп жаткандыктан, көптөгөн жаштардын башка мамлекетке барып иштөөсү күчөп бараткан.Мен да Тринидад деп аталган аралга иштеш үчүн көчүп бардым. Кийинчерээк менаялымды ал жерге чакырдым, ал келип ал жерде экөөбүз чогуу жашап калдык. Мурунбиз экөөбүз тең Исламдын парздарын аткарчубуз. Эми болсо биз башка мамлекеттеөз алдыбызча, ал жана мен. Башка бир үй-бүлө дайыма бизге кызыккандай сезилчү.Аялыма кандайдыр себептер менен ал үй-бүлө жакчу. “Эгерде ушул адамдардыкөчөдөн көрүп калсаң, көрүнбөй үйгө кирип кет” – деп айттым. Аялым үйдүнсыртында туруп алып, алар менен сүйлөшүп калбасын деп ойлогом. Аялым болсо -“эмне үчүн?, мен аларды конок сыяктуу үйгө киргизгим келет” деди. “Жок, андайкылбагын” – деп айттым мен. Бир күнү кечинде биз үйдүн короосунда жүргөнбүз,алар болсо сейилдеп келе жатышкан экен. Мен аларды көрөөр замат үйгө кирипкетүүгө мүмкүн болбой калды, аялым болсо дарбазанын эшигин ачып: “ичке кириңиз”деп чакырды. Ошентип аялым аларды үйгө киргизип чай берди. Мен да алар мененчогуу болдум, күйөөсүнүн аты Пол Жонсон экен. Аны менен сүйлөшүүдө, ал магаабдан жакшы адам сыяктуу сезилди. Биринчи жолу мен ушундай адамкерчиликтүү, боорукер жана түшүнүктүү жакшы адам менен сүйлөштүм. Алар кетишкенден кийин менал адам жана анын айткан сөздөрү тууралуу ойлондум. Ал мага Ыйса Машаяккаишенээри жөнүндө айткан жок. Мен ал Ыйса Машаякчы, же Мусулман же башка экенинбилген жокмун, ал кадимкидей эле адам сыяктуу сезилди. Үчүнчү жолу жолуккандагана, ал мага өзүнүн миссионер экендигин айтты. Ошондон кийин, мен аялыма: -“Укчу, биз алар менен сүйлөшкөнүбүздү токтотолу, балким алар биздинишенимибизди өзгөрткүсү келип жатат – деп айттым. Бул мүмкүн эмес, биз булкадамга бара албайбыз! ”. Бирок, аялым мени укпастан алар менен дайыма достукмамиледе болуп жүрдү. Бир жолу алар бизди үйүнө конокко чакырышты. Мен баруугамакул болдум.

Биз конокко барган убакытты сонун өткөрдүк. Алмага эмнеге ишенээри жөнүндө айтып берди, мен ага Мусулман катары эмнегеишенээримди айтып бердим. Кийин ал бизди чатырда өтчү Ыйсага ишенгендердинчогулушуна чакырды. Кээде силер муну чатырдагы Жакшы Кабар таратуу депатайсыңар, азыр туура кандай аталат так билбейм. Ошентип, мен аялым менен жанадосторубуз менен бирге ал чогулушка бардык. Таң калыштуусу, мен бир нече жылмурун Ыйсага ишенгендердин чатырдагы чогулушуна баргандай эле адамдар болдужана менде да мурункудай сезимдер болду. Жүрөгүмдө да мурункудай сезимдер пайдаболду. Ал жерде жарыктын ар-кандай түрлөрү, куурчак театры, бактылуу адамдардынсаламдашуусу, жылмаюуулар, гитаранын коштоосунда ырдоо болду. Анан насаат сөзбашталды. Насаатчы адам: “Теңир сизди бул жерге жакшы нерсе үчүн алып келди.Сиз бул жерге капысынан эле келип калган жоксуз. Кудай сизди чакырып жатат. Сизкөптөн бери ойлонуп жүрөсүз, Кудай сизди чакырып жатат жана мен да сиздерденөтүнөмүн. Эгерде Кудай чындыгында сиздин жүрөгүңүзгө сүйлөп жатса, анда магажакын келип жашооңузду Кудайдын колуна тапшырыңыз. ” Ошол убакта алар “КереметЫрайым” деген ырды ырдап жатышты. Бардык эл ордунан туруп турду. Мен болсоакыркы орунда болчум, аялым менин сол жагымда турган. Аялым: - “Жүрү барыпөмүрүбүздү Теңирге тапшырабыз” – деп айтты. Мен болсо: “Ким, менби? жок” –дедим. Аялым: “Мен болсо барам” – деди. Мен аны бутум менен ушинтип тоткотконгоаракет кылдым, бирок ал ага карабай насаатчыны көздөй барды, мен ордумда эчнерсе кыла албай калып калдым. Мен аялым ал жерден эмне кылат экен депойлондум. “Ал чынында эле бул кадамды жасаган жатабы... жок андай болбойт!” –деп ойлондум. Ошентип, чогулуш аяктады, биз үйүбүзгө келдик. Мен аялыма: - “Сенэмне кылып жатканыңды түшүнүп жатасыңбы? Биздин үй-бүлөбүз үчүн бул кылыгыңканчалык мааниге ээ экендигин түшүнөсүңбү? Эгерде сен Ыйсага ишенип калсаң, менкандай шылдың болорумду билесиңби?”. Ошол кечте аялыма мындан башка эч нерсеайткан жокмун. Түнү бою ойлонуп жаттым. Жаш бала кезимден беркини жана азыркыубакытка чейинкини эскердим, Ыйсага ишенген адамдар менен болгон сүйлөшүүлөр, окуялар, жүрөгүмдү

ээлеген нерсе жана аялымдын мени ушул багыттыкөздөй шыктандыруусу, .... Кудай мага чындыгында бир нерсе айткысы келипжаткандай сезилди. Ушунун баарын таразалап чыгуу, мага эртеси күнкү кечтегичогулушка барып Ыйсаны кабыл алып тобо кылууга жардам берди. Мен түз эле алдыгабасып бардым. Ал жерден ыйлап жаттым, күнөөлөрүм үчүн кечирим сурап жаттым,“Теңир, чынында бул кадамды жасаганга көпкө чейин ойлондум” жана “Көптөн бериушул кадамды жасоону каалагам”. Эң биринчи жолу чогулушка баргандагы сезимдеркайра келди, өзүм чыныгы жашоо менен жашап жаткандай болдум.

Библия бул чынында Кудайдын Сөзү жана Ыйса өзүнким деп атаса ал чындык. Мен Библиядан үйрөнгөнүм бул, биз Кудайдын Өзүнүнбейнесине окшош жаратылганбыз. Библия бизге мындай деп айтат: Кудайдын бейнесибул – Сүйүү жана баалоо жана түшүнүү аракети. Сиздин да Теңир менен өзүңүздүэлдештиргенге эң жакшы мүмкүнчүлүгүңүз бар. Чоң сураныч, жүрөгүңүздүкатуулантпаңыз. Эгерде Кудай сизге Ыйсага ишенген досторду алып келсе, эшиктиачыңыз. Аларды жакшы тосуп алгыла. Суроолоруңарды бериңиз. Сиз үчүн Кудайдынчоң пландары бар, ошондой эле Анын мен үчүн дагы чоң пландары бар. Билесиңерби, кээде адамдар мага мындай суроо беришет, “Ислам менен Ыйса Машаякчылыктын эмнеайырмасы бар?”.

Мен аларга мындай жооп берем: Ислам бизге Кудайгасыйынууну, орозо кармоону, Хаджга барууну, беш парзды аткарууну үйрөтөт.Машаякчылык болсо: Кудай адамдар үчүн Ыйса Машаяк аркылуу мурун эле жасап койгонулуу Ырайымы жөнүндө үйрөтөт. Эгерде сиз Ыйсаны өзүңүздүн Теңириңиз жанаКуткаруучуңуз катары кабыл алсаңыз, анда сиз өлүмдөн өтүп, түбөлүк өмүргө ээболдуңуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1356 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   28 Май 2013 - 20:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Debi (28 Май 2013 - 19:58) жазган:

Ыйса дагы мындай деген: Мен адамдардын өмүргө, ашып-ташыган өмүргө ээ болушу үчүн келдим. Мен жакшы Кайтаруучумун. Жакшы кайтаруучу койлору үчүн өз жанын берет.Жкн.10, 10-11


ашып ташыган өмургө дегени Бейиштеги өмурдү кеп кылып жатат, Аллахтын шариатына баш ийип жашагандардын баары Кудай насип этсе ошондой өмүр сүрүшөт, демек баардык пайгамбарлар бул нерсеге чакырып келген, баардык пайгамбарлар жакшы кайтаруучу болгонго аракет кылышкан
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1357 Пользователь офлайн   Debi   28 Май 2013 - 20:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Туура кыласыз, Ала арча. Кызыктар көп болот. Бир таанышым аяшын чакырган экен. Бир эки келгенден кийин акча качан беришет, мен эки жолу келдим го деп сураган тура. Эл арасында билип-билбей айтылган сөздөр акырында ушундай жылмаюуларды жаратып келет.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1358 Пользователь офлайн   Debi   28 Май 2013 - 20:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Мынабу аят аркылуу Кудай мага көпчүлүк тарапта эмес, Кудай тарапта болуш керек экенин көрсөткөн: Көпчүлүктү ээрчип жамандыкка барба, талаш-тартышты көпчүлүккө карап чечпе, чындыктан четтебе. Чыг.23,2
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1359 Пользователь офлайн   mayoral   28 Май 2013 - 20:13

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 938
  • Катталган: 05 Май 13
  • Соңку аракети: 07 Июн 2014 04:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Россия):(

Просмотр сообщения Debi (28 Май 2013 - 19:42) жазган:

Кадимки адам эмес эле. Эң башкысы ал өлүп, кайра тирилген. Өлгөндөрдү тирилткен, ооруларды, тубаса майыптарды айыктырган, сокурлардын көзүн ачкан ж.б. толтура кереметтерди кылган. Ачтарды тоюнткан, кемсингендерге, жерилгендерге кол сунган.

Ал мындай деген: Мага ишенгиле: Мен Атамдын ичиндемин, Атам Менин ичимде. Сөзүмө ишенбесеңер да, кылып жаткан иштеримди көрүп, Мага ишенгиле. Жкн.14,11



Анткени аны Аллах олтуруп, кайра тирилткен,болбосо ким ага жан салмак эле ?
КОЛ ТИЙБЕГЕН КЫЗ КААЛАСАН;

КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1360 Пользователь офлайн   mayoral   28 Май 2013 - 20:19

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 938
  • Катталган: 05 Май 13
  • Соңку аракети: 07 Июн 2014 04:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Россия):(

Менин бир уккан жайым бар эле,кайсы бир дин адамдарды акчага азгырып, оз динине откорушот экен деп. Бул кайсы дин? Билгендер барбы?


КОЛ ТИЙБЕГЕН КЫЗ КААЛАСАН;

КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 66
  • 67
  • 68
  • 69
  • 70
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 25 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 25, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 12 Авг 2025 19:49

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: