
Сизге ким тарбия берди?
#21 30 Апрель 2013 - 17:04
Менин атам менен апам мен 5 жашымда ажырашып кетип, былтыр арадан 17 жыл өткөндөн кийин кайра жарашышты. Биз үй бүлөөдө 2 кызбыз. Ошол 17 жыл аралыгында апам эжем экөөбүзду жалгыз чоңойтту,ушул даражага жеткирди. Чоң атам тирүү бирок анын колунда жүргөн деле жокпуз. Тайне,таятамдар мен кичинемде эле өтүп кетишкен экен. Апам аябай тез кыймылдаган,
тың анан тазалыкты ушунчалык жакшы кармаган адам. Эжем апамды тарткан. Мен бир аз жалкоорокмун.
Апам чай ичип бүтөөрүң менен идиш аякты жуу,кийимдериңди чечкенде жыйнап ордуна кой,үй жыйнаганда ортосун эле жыйнабай чаңдарын да сүрт,үйго гүл өстүр,тамакты даамдуу жасаганга аракет кыл,кирди мындай жуу ж.б.у.с. нерселерди ар дайым кулагыбызга куяр эле. Тигүү цехинде бычмачы болуп иштегендиктен каникул маалында апамдын жанында жардамдашып жүрүп дизайнерлик кесипти тандашыма апамдын салымы чоң.Эжем мектепте жакшы окугандыктан окуу жагынан эжем көзөмөлдөчү.
4 алдың дегичекти урушаар эле.
Апам менен эжеме ар дайым рахматымды айтып келем!

Убакыт даарылайт деген созго ишенбей бараткандаймын.
..
#22 04 Май 2013 - 17:14
Мага ата-энем тарбия берди, берип келе жатышат. Апам коп айтат жумушту кылганын биз учун, уйронгонун озун учун деп.
#23 04 Май 2013 - 18:01
Ушул кезгенге чейинки мен артка таштаган жашоомо талдоо жургузуп корсом...замандаштарымдын турмушунан сабак алып, жакшысын уйронуп, жаманын кайталабоого аракет кылып...кыскасы тарбия алып, жашап келем. Мына ушундай айлана-чойрого коз жугуртуп, башкалардан сабак алууга тарбиялаган,
эн негизги тарбия берген бул - ата-энем.
Максатыма кандай себеп тоскоол болбосун, Жашоомдо жетсем деймин коздогонумо.
Татыктуу турмуш куруп, туткунун болуп,
Баш ийип жашагым келет озуно...
Баш ийип жашагым келет озуно...
#24 06 Май 2013 - 22:09
мени да апам эле тарбиялады,
коп нерселерди айтат эле кичинемден эле мен тушуно тургандай айта берет эле анда тушунбогон болсом эми тушунуп атам,. атам коп эркелетет эле, ошого андай ограничениялар жок эле каалаганым жасачумун, бирок ушу башка бироонун уйуно туногонго тугандарыбыздыкына да жонотушпойт эле, эркелик чонойгон сайын каалаган нерсен да кобойот экен кайра азыр андай кыл мындай кыл деп айтышат, бирок барибир чечим озум тарапта ишенишет ко менимче аша кетпесиме..ощо анан кичинемде бир канча себептерден окуга кеч баргам ошондо чон атам менен кечке телевизор корот элек....анан таенем дайыма эле уруша берет эле оз ойуна коюп коёсунар деп ошого негедир алар менен анча эмесмин....
Билдирүүнү түзөткөн: janylka: 06 Май 2013 - 22:21
Журоктор ыйманга толсун.
#25 09 Май 2013 - 01:26
Апам тарбия берген бир өмүргө жете тургандай
Сени менен бактылуумун)
#26 09 Май 2013 - 07:29
Ата-энем тарбия берип келет.Негизи тарбия омурдун аягына чейин журуучу процесс,биз эч качан тарбия алууну,тарбиялоону токтотуп койбойбуз да.
#27 25 Май 2013 - 02:26
Бизге апам,атам тарбия берген.Атам жумуш деп уй-булоону багам деп,талаа-туздо кобуроок жургондуктон,
кобунчосу апам тарбияны берген.Апамдын бизди остуруп эрезеге жеткиргендеги оор туйшугун,омурумдун аягына чейин актай албасам Керек.Бир эле балдарына эмес мектепте окуучуларгада билим берип келет.Айылда жетимиш жаштагы карылардан баштап, жети жаштагы балдарына чейин баары тааныйт,урматтайт.
Кимдин кызысын дегенде Махабат эжекенин кызымын деп сыймыктануу менен айтам.Атамдын.
Асылбектин кызымын десем кээде тааныбай калышат,Кайсы Асылбек Текебаевби деп.Анткени Асылбек дегендер биздин айылда коп болгондуктан биринчиле Текебаевди (О.Текебаевдин иниси)айтышат.
Эх,ата -эне он балага тарбия берип,тууруна кондурат.А он бала биригип ата-энени бага албайтда..... АТА, АПА силерге. таазим бизди эрезеге жеткиргенинер учун!!! !
Эх,ата -эне он балага тарбия берип,тууруна кондурат.А он бала биригип ата-энени бага албайтда..... АТА, АПА силерге. таазим бизди эрезеге жеткиргенинер учун!!! !
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#29 26 Май 2013 - 16:24
Эс тарткандан бери мени бала бакчага жонотуп салышчуу. Кечке ошол жакта сабак алчуумун. Кечинде уйго топтолгондо ата-энем жумуштан чарчап келген учун анчалык деле конул бурчуу эмес. Апам бир да идиш карматпайт эле, "озум кылам, сен кийин деле жетишесин"
деп журуп кызга таандык сапаттардан кыйла артта калган экенмин. Муну чон энемдин колуна барганда билип отурам. "Москва"
деген жумуш чыккандан кийин, айылда чон энем мага коп нерсени тааныткан. Кара жумушка ошол жерде бышкам. Мурун бышыктап эле ыйлап, назик болсом айылда такыр башкача кыз болуп чыга келгем. Азыр аябай ыраазымын. Кийин мен да Москвага келдим. Москва мени мурдагыдан да откур, эки жуздуу кылып тарбиялап койду. Чын эле, убагы келгенде эки жуздуу да болгом ошого татыктуу адамдар учун.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#30 27 Май 2013 - 00:47
Турмуш тарбиялоодо.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#31 27 Май 2013 - 01:03
мен таятамдан апамдан байкемден тарбия алып чонойдум. Бакем мени мектепке бара электе эле тамга таанытып, шар окуганга уйроткон, туздон туз эле менин биринчи мугалимим байкем болгон десем болот. Ал эми апам эн негизги тарбия беруучу адам.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#32 27 Май 2013 - 10:32
Мени атам тарбиялап чонойтту, апам 5жашымда кайтыш болгон,атам бирок 4класска чейин эркелетти чоноюуп эс тартканы темирдей тартип болду. Бир эле туура эмес соз учун урушуп, таяк жечумун. Атама ыраазымын туура кылган катуу кармап,кийинки жашоомо кыйналган жокмун. Калганын азыркы кезге чейин жолдошум ж.а турмуш тарбиялап келе жатат. Баса мен багып жаткан "АЛТЫНДАЙ АПАМ(таяэжем)"
е о.э эжеме оз баласындай бооруна тартып мага таянаар тоом болгонуна ыраазымын. Энелерге таазим кылалы
Пишите мне Ибраева Дайрагул
#33 27 Май 2013 - 12:14
Meni ata-enem tarbiyalagan. Eeshjaka chygarbai kayaka barbaiyn meni menen jurushot
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#34 02 Июнь 2013 - 02:41
Мен Аллахыма мин мертебе ыраазымын.Себеби ата-энем бизди эч нерседен кем кылбай, чонойтту,окутту,
балакатка жеткенде илим уйротту.Биз алардын тарбиясы менен эл керегине жараган инсандар болуп чонойдук.Аллахым атамдын омурун узун кылсын тилеерим.Апакемдин жаткан жери жайлуу болсун.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#35 02 Июнь 2013 - 08:35
Мени да ата-энем тарбиялады.
Апам уй иштерин жасаганды уйротсо,атам адамдарга мамиле жасоону.кыйынчылыкты жене билууну,токтоолукту,
сабырдуулукту,
адабиятка,тарыхка кызыгуубузду,
озубуз шаарда жашагандыктан,
айыл турмушуна атам тарбиялады.
Тушунбогон суроолорубузду берип калсак атам зерикпей ошол суроону чечмелеп,китептерде,
иши кылса мугалим кандай тушундурсо ошендой тушундурчу.
Азыр деле кээде турмуштан кыйналган кезде атамы эстейм.Атам болгондо деген окунуч дайыма журогумдо.Озум балдарыма татыктуу тарбия бергенге аракет кылдым.Кээде алар туура эмес иш кылышса кайсы жерден адаштым,кайерден туура эмес тарбия бердим деп ойлонуп кыйналам.Эми неберелериме да татыктуу тарбия бергенге аракет кылып жатам.Копчулугунор айтып атпайсынарбы ата-энем иштеп бизди тарбиялаганга убактысы болбоду деп.Бала тарбиялоого дайыма убакыт жетет.Убакыт болбоду деген жон гана шылтоо.Менин ата-энем да иштечу,бирок бизге омурубуздун аягына жеткидей тарбия беришти.Мен да,жолдошум да иштейт.Биз да балдарыбызга жетишээрлик тарбия бере алдык.Азыр деле туура акыл-насаатыбызды айтууга аракеттенип келебиз
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#36 03 Июнь 2013 - 19:24
Ата энем тарбиялаган,
атам катуу киши,азыр жумшарып калды. Ал эми мугалимдердин тарбиясын да айта кетпесем болбос. Анан да кичине кезден эжем да тарбиялады жакшы эле.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#37 08 Июнь 2013 - 02:33
Ата-энем тарбия берди,көбүнчө атам,байкелерим тарбия бергендиктен жалаң ошолор менен жүрүп чоңойгондуктан ошолорго окшоп калганмын.Кийинчээрек апамдын колуна өттүм.Кудайга шүгүр жакшы эле таяк менен тарбия беришкен.Аябай катуу кармачуу,азыр антпей калды негедир.Өмүрлөрү узун,дайым биз менен болушун Кудайдан тилейм.
#38 09 Июнь 2013 - 00:32
Мен атамын ырларынан дагы деле тарбия алып келем...
Жадырап гүл аңкытып турган жазгы
Дарактай тамыр жайып өскөн жакшы,
Жок болуп караан тутаар колдо малы
Өлбөстүк турмуш кечип жүрсөң дагы.
Көөдөнгө толуп улуу максат сыйган,
Адам бол акылга бай ашкан дыйкан.
Элдик бол!Кайраттуу бол! Акылдуу бол!
Ар кандай туюктардан тапкандай жол.(А.Токтосунов)
Жадырап гүл аңкытып турган жазгы
Дарактай тамыр жайып өскөн жакшы,
Жок болуп караан тутаар колдо малы
Өлбөстүк турмуш кечип жүрсөң дагы.
Көөдөнгө толуп улуу максат сыйган,
Адам бол акылга бай ашкан дыйкан.
Элдик бол!Кайраттуу бол! Акылдуу бол!
Ар кандай туюктардан тапкандай жол.(А.Токтосунов)
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#39 09 Июнь 2013 - 01:49
morther (09 Июнь 2013 - 00:32) жазган:
Мен атамын ырларынан дагы деле тарбия алып келем...
Элдик бол!Кайраттуу бол! Акылдуу бол!
Ар кандай туюктардан тапкандай жол.(А.Токтосунов)
Элдик бол!Кайраттуу бол! Акылдуу бол!
Ар кандай туюктардан тапкандай жол.(А.Токтосунов)


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев