Суперстан: Атеистминби ..... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Атеистминби ..... жардам керек

#101 Пользователь офлайн   Debi   25 Май 2013 - 21:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Адам (25 Май 2013 - 14:11) жазган:

Ар ким өз чындыгын «далилдери » менен сунуштаватса, кайсы бирин тандаш керек? «Чындыктардын» ортосунда турам.

Кудайдан сура, чындыгыңды акылыма сала көр деп.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   zhiza   26 Май 2013 - 00:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 517
  • Катталган: 18 Июнь 11
  • Соңку аракети: 30 Мар 2018 09:18
  • Жынысы:Аялзаты

Албетте, ар кимдин оз ишеними,оз пикири бар дечи,аны айтканга толук укуктуу.Буга да урматтоо менен мамиле кылуу керек.Бирок, ал адамдарды эч ким кучтоп колунан мечитке суйроп жаткан жери жок,намазга жыгылгыла,же пайгамбарга шек келтирип жатасын деген маселе жок.Мисалы," менин кудайым мени торогон энем"деп бир белгилуу эле журналист жазуучу айым айткан экен.Оз эненди кудай деп тааныган безерлигин учун эч ким таш баранга да алып жибербейт." Ии,силердики туура экен"деп, артынан ээрчиген адамдар деле корунбойт.Тескерисинче, акыркы мезгилдерде мечитке барып,намазга жыгылган адамдардын саны кундон кунго кобойуудо.
Адамга адам кымбат болуш керек....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   Daud   26 Май 2013 - 01:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Адам (22 Май 2013 - 15:59) жазган:

Өзүмдүн жолумду табып кетүү үчүн эмне кылышым керек?


Табыш учун издеш керек. Мисалы конкретно эмне кызыктырат, ошонун жообун издеш керек. Издегенде ошол маселеге тигил же бул дин кантип жооп берген, аларды карап коруш керек. Анан албетте логикалык ой жугуртуулорго басым жасаш керек.

Мисалы сизди конкретно кайсы нерсе кызыктырат? Эмне учун адамдар ар кайсы динди карманышат дегенби же кантип эле Кудай адамдар арасынан бироосун пайгамбар кылып, ал аркылуу жалпы адамдарга бир динди карманууга буйрусун деген сурообу? Айтоор сизди кызыктырган же эч кайсы динди карманбоонузга себеп болгон конкреттуу нерселерди аныктап алып, ошолорго жооп тапканга аракет кылыныз деп гана кенеш айта алам.

Эми сизге суроо: эмне себептен диндерди адамдар тарабынан тузулгон система деп ойлойсуз?

2. Диндерди саясий партия сыяктуу нерсе деп билесизби? Эгер ошондой болсо эмне себептен мындай жыйынтыка келдиниз?

3. Жаратуучунун бар экенин кабылдашынызга эмне себеп? Т.а. Кудай бар экенине кандай далилдериниз бар?

Азырынча ушулар. Бул суроолорго берилген жооптор мен учун сиздин ишениминизди жакшыраак билууго шарт тузмок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   Адам   26 Май 2013 - 12:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 31 Май 2024 03:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

Просмотр сообщения Debi (25 Май 2013 - 17:51) жазган:

Кудайдан сура, чындыгыңды акылыма сала көр деп.


Аракет кылайын :)
Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   Адам   26 Май 2013 - 13:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 31 Май 2024 03:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

Просмотр сообщения Daud (25 Май 2013 - 21:18) жазган:

Мисалы сизди конкретно кайсы нерсе кызыктырат? Эмне учун адамдар ар кайсы динди карманышат дегенби же кантип эле Кудай адамдар арасынан бироосун пайгамбар кылып, ал аркылуу жалпы адамдарга бир динди карманууга буйрусун деген сурообу? Айтоор сизди кызыктырган же эч кайсы динди карманбоонузга себеп болгон конкреттуу нерселерди аныктап алып, ошолорго жооп тапканга аракет кылыныз деп гана кенеш айта алам.

Диндердин маңызы боюнча менин терс оюм жок, баары белгилүү кыймыл-аракеттердин жыйындысы менен адамдардын руханий/рухий(? ) ачтыгын тойгузууга аракет кылышкандай.

Менин белгилүү бир динди карманбаганымын себеби болсо —жалпылап айтканда — диндердин баары бирдей; Баары бир Жогорку Күчтүн бар экенин адамдарга жеткиргиси келип жаткандай көрүнөт. Мындай абалда же алардын баарын карманам, же болбосо эч бирин карманбай, Жаратканды жекече өз акыл дараметимдин жардамы менен таанып билүүнү уланта берем. Же эмне бир динди тутунуу мажбурийаты барбы?

Просмотр сообщенияDaud (25 Май 2013 - 21:18) жазган:

Эми сизге суроо: эмне себептен диндерди адамдар тарабынан тузулгон система деп ойлойсуз?

2(1). Диндерди саясий партия сыяктуу нерсе деп билесизби? Эгер ошондой болсо эмне себептен мындай жыйынтыка келдиниз?

3(2). Жаратуучунун бар экенин кабылдашынызга эмне себеп? Т.а. Кудай бар экенине кандай далилдериниз бар?

Азырынча ушулар. Бул суроолорго берилген жооптор мен учун сиздин ишениминизди жакшыраак билууго шарт тузмок.


1. Динде сайасий партийа катары деле көрбөйм.
2. Кудайдын бар экенине "так этирип" айтып койчу азырынча далилим жок. Кудайдын бар экенин кабыл алуудан башка вариантым да жок. Эгер Кудай жок деп ойлосом, өзүмдү абсурдистанда табам. Ошон үчүн антип ойлобойм. Менин ичимде бирөө Кудай бар деп айтыпатат.
Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   Адам   26 Май 2013 - 14:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 31 Май 2024 03:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

Просмотр сообщения Daud (25 Май 2013 - 21:18) жазган:

...Айтоор сизди кызыктырган же эч кайсы динди карманбоонузга себеп болгон конкреттуу нерселерди аныктап алып, ошолорго жооп тапканга аракет кылыныз деп гана кенеш айта алам. ...

Менин белгилүү бир динди карманбаганымын дагы бир себеби, көпчүлүгүндө ар кандай тыйуулар бар. Мен өз каалаганымды жасап жашагым келет. 4-беттеги талкууда сөз кылдым эле.
Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   adalsvards   26 Май 2013 - 15:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Просмотр сообщения Адам (26 Май 2013 - 14:45) жазган:

Менин белгилүү бир динди карманбаганымын дагы бир себеби, көпчүлүгүндө ар кандай тыйуулар бар.


Мен аларды тоскоолдуктар деп кабыл алам!

Кайсы бир динди тутунуу үчүн ага баш-отуң менен кирүү керек, мындай чала өлүк болгон табиятымдагы иш эмес. Сөз кылдыңбы, аны иш жүзүндө аткар. Колуңдан келбейби, баш тарт. Кээде отуруп-отуруп биздин Баш мыйзамга да ыраазы болуп кетем, бирок анын айынан топтолуп жаткан мүчүлүштүктөрдүн да азабын бир күнү тартабыз. Анткени дин эркиндигинин айынан, талаанын бош калган эсебинен пайдаланып жаткандар өтө көп.

Күнүмдүк жашоомдогу арзыбаган тоскоолдуктарга токтолсом, басымдуу калк өзүн мусулманмын деп тааныгандыктан, билимден баштаганым оң. Өткөндө бир телеберүүдө сыйлуу эле ажылардын бири кыздардын мектепте окушуна да каршы чыгып жатат. Бүгүнкү зарылчылыктарды эске алсам, бул киши таш доордон телепорт аркылуу келгендей сезим жаратат. Аныгында мусулманчылык билимдүүлүккө үгүттөйт эмеспи, бирок кыз-келиндерге келгенде эле табу, жок, дубал пайда болот. Мендеги эң чоң суроо, мына ушундай келип чыккан. Эркек менен аялдын ортосундагы дисбаланс. Билим алуубу, жумушка орношуубу, коомчулукка кеңири аралашуу жагыбы, билбейм, толтура чептер...

Сабырдуу мусулманчылык деген түшүнүк бар. Дал ушул тармак бир аз ыңгайлуу, мисалы, билим алуу жагынан, же кийимдин өтө жабык эместиги боюнча, бирок ал башында гана ошондой туюлат. Барып-барып эле кантип караңгы бөлмөгө туткун болуп калганыңды билбей да каласың.

Өзүмдү динсиз деп атаганым менен, жалпы динде жазылган эрежелерге баш ийем. Мен үчүн эң асылдуусу - зыян келтирбе!
Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   Адам   26 Май 2013 - 15:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 31 Май 2024 03:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

Просмотр сообщения adalsvards (26 Май 2013 - 11:46) жазган:

...

Өзүмдү динсиз деп атаганым менен, жалпы динде жазылган эрежелерге баш ийем. Мен үчүн эң асылдуусу - зыян келтирбе!


Баарынан да ушул асылың жакты Сүрөт
Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   Daud   26 Май 2013 - 18:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Адам (26 Май 2013 - 13:47) жазган:


1. Диндердин маңызы боюнча менин терс оюм жок, баары белгилүү кыймыл-аракеттердин жыйындысы менен адамдардын руханий/рухий(? ) ачтыгын тойгузууга аракет кылышкандай.



2. Менин белгилүү бир динди карманбаганымын себеби болсо —жалпылап айтканда — диндердин баары бирдей; Баары бир Жогорку Күчтүн бар экенин адамдарга жеткиргиси келип жаткандай көрүнөт. Мындай абалда же алардын баарын карманам, же болбосо эч бирин карманбай, Жаратканды жекече өз акыл дараметимдин жардамы менен таанып билүүнү уланта берем.

3. Же эмне бир динди тутунуу мажбурийаты барбы?



1. Ооба, ошондой десе да болот. Бирок алардын айырмалары да бар. Тыю, уруксат беруу, жаза ж.б. нерселердеги айырмалар анчалык чон роль ойнобойт. Бирок ишеним негизиндеги айырмалар маанилуу деп эсептелет. Мисалы байыркы гректер, байыркы египеттиктердин диндери коп кудайлуулук ишенимине негизделген. Ал эми християнстводо троица ишеними негизги ишеним деп эсептелет. Исламда болсо бир кудайлуулук ишеними негизги ишеним деп эсептелет. А сиздин ишениминиз ушулардын кайсынысына жакыныраак? Б.а. Кудай бироо эле деп билесизби же коптогон кудайлар бар деппи же оз вариантыныз барбы?

2. Бирдей дегениниз жалпылай айтылган соз. Бирок чындыгында бирдей эмеско. Алардын баары жаратуучу бар экенин айтышкандыктары менен ошол жаратуучуну ар башкача суроттоп келишет. Кимдир бироо аны адамга окшотсо, башкалар башка нерсеге окшотушат, ал эми башкалар ал эч бир жаратылган нерсеге окшош эмес деп ишенишет. Демек, бардык динди бирдей кармануу мумкун эмес. Себеби адам бир эле убакта карама-каршы эки же андан коп нерсенин туура экенине ишенуу акылга сыйбайт. Б.а. Кудайды адамга окшоткон адам, аны башка нерсеге окшото албайт. Ошондой эле ал эч нерсеге окшош эмес деп ишенген адам, аны адамга окшото албайт. Сиз жаратууну кантип сыпаттайсыз же элестетсиз?

3. Диндердеги ишеним негиздери ар башкача болгондуктан адам бир динди кармоого мажбур болот же башка диндерден айырмаланган озунчо жаны бир нерсеге ишениши керек болот. Муну жаны дин десек да болот. Бирок ал деле озунчо бир дин деп эсептелет. Демек, адам баласы бир гана динди карманууга мажбур болот. Себеби жогоруда айтканымдай ал бир эле убакта бири-биринен айырмаланган нерселердин бардыгы туура деп билиши мумкун эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   Daud   26 Май 2013 - 18:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Адам (26 Май 2013 - 14:45) жазган:

Менин белгилүү бир динди карманбаганымын дагы бир себеби, көпчүлүгүндө ар кандай тыйуулар бар. Мен өз каалаганымды жасап жашагым келет. 4-беттеги талкууда сөз кылдым эле.


Сиз айтып жаткан диндеги тыюлар кайра эле сиз айткан торт принциптин негизинде болуп жаткан жокпу? Мисалы адам олтуруу, сойкулук кылуу, паракордук, суткордук, жалганчылык, уурулук, убакытты пайдасыз нерселер менен алектенип откоруу ж.б.у.с. баары айланып келип эле сиз айткан торт принципке келип такалып жаткандай.

Просмотр сообщенияАдам (22 Май 2013 - 21:37) жазган:

-адамгерчилик,
-туура сүйлөө (алдабоо),
-айлана- чөйрөдөгүлөрдүн коопсуздугуна кандайдыр жол менен болсо да зыян келтирбөө жана эң башкысы
-Жаратканымды эч качан унутпай, кандай гана формада болбосун Ага сыйынуу.
[size=" 3"][color="#2e8b57" ][font="Arial" ]
Ушул төрт негизги принциптин чегинен чыкпай бир адам эмнени кааласа ошону кылууга акылуу деп айтып жатам.


Эгер мумкун болсо ушул торт принципке каршы келген же тиешеси жок диний тыюлардан бир-эки мисал айта аласызбы? Анан ушул торт принциптен чыкпай каалаганын кыла алат дегенге да мисал корсото кетсениз жакшы болмок. Ошол нерсеге динде тыю салынганы менен ал ушул торт принципке каршы келбейт деп кайсы иштерди айта аласыз?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   Daud   26 Май 2013 - 18:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ии анан эмне учун торт принцип? Ашыкча же кем эмес? Ошол тортоондой эле зарыл башка 5-6-принциптер болушу мумкунбу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   Адам   26 Май 2013 - 19:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 31 Май 2024 03:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

Просмотр сообщения Daud (26 Май 2013 - 14:29) жазган:

1. ...Кудай бироо эле деп билесизби же коптогон кудайлар бар деппи же оз вариантыныз барбы?


Кудай бирөө.

Просмотр сообщенияDaud (26 Май 2013 - 14:29) жазган:

2. ... Сиз жаратууну кантип сыпаттайсыз же элестетсиз?


Кудайды мен тышкы күчтөрдөн, асмандан же айлана-чөйрөмдөн эмес, көбүнчөсү ичимден сезем. Жаз кезимде Кудайды парашют сыйактуу элестетет элем, эми ал балалык кез дечи... Азыр белгилүү бир калыпта элестете албайм. Болгону сезем.
Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   Адам   26 Май 2013 - 20:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 31 Май 2024 03:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

Просмотр сообщения Daud (26 Май 2013 - 14:46) жазган:

... Эгер мумкун болсо ушул торт принципке каршы келген же тиешеси жок диний тыюлардан бир-эки мисал айта аласызбы? Анан ушул торт принциптен чыкпай каалаганын кыла алат дегенге да мисал корсото кетсениз жакшы болмок. Ошол нерсеге динде тыю салынганы менен ал ушул торт принципке каршы келбейт деп кайсы иштерди айта аласыз?


Эт жегендик, спирт ичимдиктерин норма менен ичүү... буларга дин тыйуу салат, а менин принциптериме туура келет.
Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   Адам   26 Май 2013 - 20:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 31 Май 2024 03:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

Просмотр сообщения Daud (26 Май 2013 - 14:57) жазган:

Ии анан эмне учун торт принцип? Ашыкча же кем эмес? Ошол тортоондой эле зарыл башка 5-6-принциптер болушу мумкунбу?


Оюма келгени ошол болду. Башка дагы принциптер болушу мүмкүн. Азырынча ишенимим менден талап кылгандарды эстеп жаздым.
Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   Daud   27 Май 2013 - 14:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Адам (26 Май 2013 - 19:59) жазган:

1. Кудай бирөө.

2. Кудайды мен тышкы күчтөрдөн, асмандан же айлана-чөйрөмдөн эмес, көбүнчөсү ичимден сезем. Жаз кезимде Кудайды парашют сыйактуу элестетет элем, эми ал балалык кез дечи... Азыр белгилүү бир калыпта элестете албайм. Болгону сезем.


1. Демек сиз коп кудайлуулук диндерин кабыл албайсыз.

2. Демек, аны эч нерсеге окшотпойсуз.

Азырынча сиз Кудайды мусулмандар сыяктуу сыпаттап жатасыз. Бул эки пункт боюнча дегеним.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   Daud   27 Май 2013 - 15:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Адам (26 Май 2013 - 20:36) жазган:


Эт жегендик, спирт ичимдиктерин норма менен ичүү... буларга дин тыйуу салат, а менин принциптериме туура келет.



Эт жегендик дегенде кээ бир тыю салынган чочко, эшек, карышкыр ж.б. сыяктуу жаныбарлардын эттерин айтып жатсаныз керек? Мен жогоруда айтып откон жаныбарлардын эттерин жесе болот деп билесизби? Анан чочконун этин жегендин оз ден-соолугуна зыян жеткируу деген категорияга кошулуп кететко. Спирт ичимдиктери деле ошол категорияда. Оз ден-соолугунзга зыян жеткируу, сизди курчап турган адамдарга зыян жеткирууго алып барат. А бул болсо сиздин принципке каршы келет. Норма менен ичуу мындай нерсеге алып барбайт дешиниз мумкун. Бирок мен ага кошулбайм. Анын устуно норма дегенди ар ким ар кандай тушунот. Сиз норма деп канча олчомду тушуносуз?

Негизи бул талкуу кыла турган негизги маселе эмес. Дин жонундо талкуу болсо, алгач диндин негизин тузгон ишеним жонундо талкуу кылыш керек болот. Ошого кепти ошол багытка бурсак.

1. Сиз Кудайды адилеттуу деп эсептейсизби?

2. Олумдон кийин да жашоо бар экенине ишенесизби?

3. Кудай бул ааламды, анын ичинде адамдарды кандай максат менен жараткан болушу мумкун деген темада ойлонуп коргонсузбу? Ойлонуп корсонуз, бул темада эмне деп айталасыз? Жон эле жараткан, билбейм, белгилуу бир максат менен жараткан ж.б. эмне деп айта аласыз?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   Daud   27 Май 2013 - 15:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Адам (26 Май 2013 - 20:39) жазган:

Оюма келгени ошол болду. Башка дагы принциптер болушу мүмкүн. Азырынча ишенимим менден талап кылгандарды эстеп жаздым.


Ага кошумча

1. адамдарга мумкун болушунча жардам беруу

2. Башкаларга эле эмес озумо да зыян жеткирбоого аракет кылуу деген принциптерди кошсо болобу же булардын кереги жок деп ойлойсузбу?

Анан адамгерчилик менен туура суйлоону эмне себептен башка-башка карагансыз. Туура суйлоо адамгерчиликтин бир болугу эмеспи? Эгер экоо эки башка нерсе деп эсептесениз, анда адамгерчилик деген сиздин пикиринизде эмне жана ал оз ичине кандай сыпаттарды камтып алат?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   Адам   27 Май 2013 - 21:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 31 Май 2024 03:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

Просмотр сообщения Daud (27 Май 2013 - 10:46) жазган:

1. Демек сиз коп кудайлуулук диндерин кабыл албайсыз.

2. Демек, аны эч нерсеге окшотпойсуз.

Азырынча сиз Кудайды мусулмандар сыяктуу сыпаттап жатасыз. Бул эки пункт боюнча дегеним.


Эмне үчүн мусулман? Азмаз объективдүүраак болуш керекпи дейм да...
Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   Адам   27 Май 2013 - 21:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 31 Май 2024 03:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

Просмотр сообщения Daud (27 Май 2013 - 11:02) жазган:

Эт жегендик дегенде кээ бир тыю салынган чочко, эшек, карышкыр ж.б. сыяктуу жаныбарлардын эттерин айтып жатсаныз керек? Мен жогоруда айтып откон жаныбарлардын эттерин жесе болот деп билесизби? Анан чочконун этин жегендин оз ден-соолугуна зыян жеткируу деген категорияга кошулуп кететко. Спирт ичимдиктери деле ошол категорияда. Оз ден-соолугунзга зыян жеткируу, сизди курчап турган адамдарга зыян жеткирууго алып барат. А бул болсо сиздин принципке каршы келет. Норма менен ичуу мындай нерсеге алып барбайт дешиниз мумкун. Бирок мен ага кошулбайм. Анын устуно норма дегенди ар ким ар кандай тушунот. Сиз норма деп канча олчомду тушуносуз?


Дегеле башында бул сурооңо жооп болчу. Түшүнүшүмчө бул жерде диндер тууралуу сөз болупатат, бир гана ислам дини жөнүндө эмес. Эгер ислам дини тууралуу сөз болгон болсо, анда сурооңду тагыраак жазсаң, экөөбүз бири-бирибизди толук-жетик түшүнүшүп диалогубуз улансын.

Мен диндердин атын атап, сынга алып, паска ургандай болуп калбайын деген максатта аларды атабоону уланта берем...
1. Чочконун эти болобу же башка эт түрлөрүбү, аларды жегендик - бул бир динде тыйуу салынган. Бирок мен муну дин үчүн өзүн-өзүн чектөө деп эсептейм. Менин ишенимимде буга тыйуу жок.

2. Спирттик ичимдиктерди норма менен ичүү. Бул да бир же бир канча динде тыйылган. Мен муну да чектөө деп ойлойм. Менин күнүмдүк тамактануу рационумда чай, алма суусу сыяктуу эле спирттик ичимдиктер деле боло алат. Ушул норма.

Просмотр сообщенияDaud (27 Май 2013 - 11:02) жазган:

Негизи бул талкуу кыла турган негизги маселе эмес. Дин жонундо талкуу болсо, алгач диндин негизин тузгон ишеним жонундо талкуу кылыш керек болот. Ошого кепти ошол багытка бурсак.

1. Сиз Кудайды адилеттуу деп эсептейсизби?

2. Олумдон кийин да жашоо бар экенине ишенесизби?

3. Кудай бул ааламды, анын ичинде адамдарды кандай максат менен жараткан болушу мумкун деген темада ойлонуп коргонсузбу? Ойлонуп корсонуз, бул темада эмне деп айталасыз? Жон эле жараткан, билбейм, белгилуу бир максат менен жараткан ж.б. эмне деп айта аласыз?


1. Кудай адилеттүү деп ойлойм.

2. Жашоо болушу мүмкүн, бирок кандай экени жөнүндө так бирдемке айта албайм.

3. Бул суроого ойумду жыйып алып, кийинчерээк жооп берейин.
Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   Адам   27 Май 2013 - 21:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 31 Май 2024 03:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

Просмотр сообщения Daud (27 Май 2013 - 11:10) жазган:

Ага кошумча

1. адамдарга мумкун болушунча жардам беруу

2. Башкаларга эле эмес озумо да зыян жеткирбоого аракет кылуу деген принциптерди кошсо болобу же булардын кереги жок деп ойлойсузбу?

Анан адамгерчилик менен туура суйлоону эмне себептен башка-башка карагансыз. Туура суйлоо адамгерчиликтин бир болугу эмеспи? Эгер экоо эки башка нерсе деп эсептесениз, анда адамгерчилик деген сиздин пикиринизде эмне жана ал оз ичине кандай сыпаттарды камтып алат?


Жардам берүү, баса, жакшы сыпаттардан, муну эске алам. Адамгерчилик деген түшүнүк чынында өтөле кең, жалпы түшүнүк, туура сүйлөөнү деле ага киргизип койсо болчудай.
Адамгерчилик бойунча ойумду кийинчерээкке жылдыра турайын.

Айлана-чөйрөгө зыйан келтирбөөдөн сөз болупаткандан кийин өзүнө өзү зыйан келтирбөө турган эле кеп да.
Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июн 2025 02:35

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: