Кыргызстандагы кооз жерлер, айыл, район, шаар ж.б. Сүрөттөр же жөн гана баяндоолор
#242 25 Май 2013 - 18:18

'Намёкту' түшүндүңүз да э Лайм бой мырза?

#243 25 Май 2013 - 18:36
#244 25 Май 2013 - 18:36
#245 25 Май 2013 - 19:01
#246 25 Май 2013 - 23:05
#247 26 Май 2013 - 09:03
#248 26 Май 2013 - 09:18
kok-jar (25 Май 2013 - 23:05) жазган:
Рахмат,ыраазычылык жылуу сөздөрүңө...
П. С. Туура жазбаганыңа адамдар башкача ойлоп алышат экен,туурулап койдум...

#250 26 Май 2013 - 14:55
ayildik_kiz (25 Май 2013 - 19:01) жазган:
Сопу-Коргон
Сопу-Коргон - географиялык аталыш. "Сопу" (суфий) жана "коргон" (чыңдалган жай) деген сөздөрдөн турат. 1. Сопу-Коргон чеби Түштүк Кыргызстандын Алай өрөөнүндө Кокон хандыгы тарабынан 19-кылымда курулган. Айрым маалыматтарга караганда, Мадалы хан (Мухаммад Али хан) 1827-жылы ушул чепти курууга байрук берген. Коргонду (чепти) куруу иши анжыяндык Иса датканын көзөмөлү астында жүзөгө ашырылган. 2. Сопу-Коргон айылы Кыргызстандын азыркы Ош облусунун Алай районуна караштуу айыл. Кыргызстандын мурдагы Коргоо министри, Кыргызстан Элдик Кыймылынын мүчөсү, генерал Исмаил Исаковдун ата-теги ушул айылдан болот жана дагы Ахматбек Келдибековдун ( ЖКнын депутаты )да туулуп өскөн жер. Сопу-Коргон атынын келип чыгышы(легенда, элдик айтууларга караганда)- Илгери- илгери аталган айыл ээн талаа болгон экен. Ошол талаада бир карапайым адам жашап, ал жерге бак-дарактарды отургузуп, эгин айдап, айылды өз карамагына алат. Бул карапайым адамдын аты Сопу болот. Кийинчерээк аны жергиликтүү калк аны Сопу Кароолбек деп атап коюшат, себеби ал ошол айылды кооруп, кароол, тактап айтканда күзөтчү болгондуктан ошентип атап коюшат. Сопу Кароолбек боорукер, эмгекчил, адилетүү, ыймандуу, меймандос адам болгон. Кийинчерээк Сопу Кароолбек айылды таш дубал менен тосуп, коргон сыяктуу кылат. Сопу-Коргон негизинен Кытай тарапта болгондуктан Улуу Жибек жолу дал ушул айылдан өткөн. Кербендер өтүп бара жатышып сөзсүз түрдө Сопу Кароолбектин үйүнө кирип ал-акыбалын, ден- соолугун сурап, кымызын ичип кетчү экен. Мына ушул себептер менен айылдын аты Сопу Кароолбек аттуу адамдан Сопу- Коргон деген атты алып жүрөт. Жана дагы эстрада жылдызы Б.Бадиеванын кичи-мекени, Алай :районунун эң кооз жерлеринин бири.
сражайтесь с женщинами.
И победа, и поражение будут
для вас позором.
#251 26 Май 2013 - 15:16
#252 26 Май 2013 - 17:20
#253 26 Май 2013 - 18:51
kokjar92 (26 Май 2013 - 17:20) жазган:
Негизи Сопу-Коргон жонундо маалыматтарды билгеним менен оз козум менен коро элекмин.Суротун издештирип жатам.Форумда Сопу-Коргондуктар болсо суротко тартып илип койушса жакшы болмок...
Билдирүүнү түзөткөн: lime_boy: 26 Май 2013 - 18:52
сражайтесь с женщинами.
И победа, и поражение будут
для вас позором.
#254 26 Май 2013 - 19:05
Ош шаарынын "борбордук базар" аялдамасынын жогорку тарабында Гулчого кетуучу таксилер тизилип эле турушат.Жол акысы 100 - 150 сом.Оштон Алайга чейинки жолдун узундугу 80километрди тузот.Жолдун 58-километринен баштап Алай району башталат...Ал жерден жогорку суротдогу жазууну коро аласынар...Жана анын жанында жокердин автомат асынган эстелиги Алай районуна келген кеткендерди кузотуп турат.
сражайтесь с женщинами.
И победа, и поражение будут
для вас позором.
#255 27 Май 2013 - 15:04
Rinatik94 (25 Май 2013 - 18:36) жазган:
Алай району
Алгач 1928 - жылдын 10 - декабрында Алай-Гулчо району тузулгон. 1936 жылга чейин ал озунун курамында азыркы Озгон жана Кара-Кулжа райондорунун аймагындагы Сары-Булак, Капчыгай, Ылай-Талаа, Ойтал- Алайкуу, Кара-Тай жана Кызыл-Суу айылдык кенештерин кошуп жургон. 1936–жылы бул райондон коз карандысыз болуп Чон-Алай жана Гулчо райондору болунгон, ал эми 1959 жылы бул эки район кайрадан бириктирилип Алай району болуп тузулгон. 1992 – жылы Алай районунан Чон-Алай району озунчо болуп болунуп чыккан.
Административдик- географиялык жайгашкан жери: Алай району бийик тоолуу райондордун бири болуп эсептелет. Ош облусунун туштук- чыгыш жагында жайгашкан. Дениз денгээлинин эн томонку болугу 1560 метрди тузот, ал эми бийик тоо кыркалары 6000 метр. Ош облусунун административдик чек араларында, Алай району тундук – чыгыш жагынан Кара-Кулжа, Озгон, Кара-Суу, батыш жагынан Чон-Алай райондору менен чектешкен, ошондой эле батыш тарабынан Тажик Республикасы менен, чыгыш тарабынан Кытай Эл Республикасы менен чектешкен.
Райондун жолу менен – Орто Азиянын Улуу Жибек жолу байланышкан. Райондун климаты чукул озгормолуу, жаанчыл. Жайы ысык, кыска созулмалуу, кышы салыштырмалуу суук.
Жер кыртышы боз топурактуу: кара тусто жана типтуу. Басымдуу болугу таштак. Иштетилген жерлер туздуктордо шорлуу- шыбактуу, адырларда чектуу шыбактуу, жарым тоолор осумдуктуу.
Жалпы территориясы (аянты): - 758198 га. Узундугу: - 151 км. Туурасы: - 50 км.
Дениз денгээлинен бийиктиги: - 1560 – 5000 метр.
Райондун борборунан областтын борборуна чейинки аралык: - 80 км. Аэропортко чейинки аралык: - 87 км.
Темир жол станциясына чейинки аралык: - 82 км.
Район боюнча маалымат: Алай районунун борбору Гулчо айылы, Ош облусунун байыркы айылдарынын бири болуп саналат, Гулчо айылынан Ош – Эркештам – Сары-Таш автомобилдик трассасы отот. Алай району 14 айыл окмотуно болунот, алар 63 калк жашаган конуштарды бириктирип турат. райондогу айылдар бири биринен алыс жайгашкан. Мисалы: Жаны- Алай, Жаны-Арык, Кызыл-Тал айылдары Кара-Суу районунун аймагында жайгашса, алар менен Сарыташ айыл окмотунун Нура айылынын аралыгы 270 км тузот. 16485 кожолукта 72642 калк, анын ичинде аялдар 34950, эркектер 35308, башкача айтканда 10 улуттун окулдору ынтымакта жашоодо. Калктын 99,3 пайызын кыргыздар жана 0,7 пайызын башка улуттар тузот. Райондун борбору Гулчо айылында 15481 калк жашайт. Райондо 17 аксакалдар соттору, 15 аялдар кенеши, 32 «Кырк-Чоро» топтору жана 9 МЭУ (7 аялдардын жана 2 адамдын укуктарын коргоо) узурлуу иш жургузуудо.
сражайтесь с женщинами.
И победа, и поражение будут
для вас позором.
#256 27 Май 2013 - 15:23
сражайтесь с женщинами.
И победа, и поражение будут
для вас позором.
#257 27 Май 2013 - 15:35
сражайтесь с женщинами.
И победа, и поражение будут
для вас позором.
#258 27 Май 2013 - 15:45
lime_boy (26 Май 2013 - 19:05) жазган:
Ош шаарынын "борбордук базар" аялдамасынын жогорку тарабында Гулчого кетуучу таксилер тизилип эле турушат.Жол акысы 100 - 150 сом.Оштон Алайга чейинки жолдун узундугу 80километрди тузот.Жолдун 58-километринен баштап Алай району башталат...Ал жерден жогорку суротдогу жазууну коро аласынар...Жана анын жанында жокердин автомат асынган эстелиги Алай районуна келген кеткендерди кузотуп турат.
Жолубузду андан ары улантабыз...
Ошентип Чыйырчык ашуусу башталат...Бийиктиги 2389м. Ашууну ээн кооз жайлардын бири деп эсептешет... ал жерге Алайлыктар жайын жайлап нары-бери откон адамдарды кымызга тойгозушат. Айланада аппак болуп тигилген боз уйлор,желеде байланган кулундар кыскасы керемет эле жер...Жолдун сол тарабында "Чыйырчык" лыжа тебуу базасы ачылып иштеп жатат...Кышында келип лыжа тебип,карга тоголонуп жыргап ойноп кетсенер болот...лыжа, сноуборд,ватрушалар бар...Кафе- бистро'дон жылынып тамактанууга шарттары бар.
Ал эми бир аз жургондон сон жолдун он жак тарабында кымызын кармаган аялдын айкели,Алымбек датканын ак-оргосу,Тилеке батырдын эстелиги...ж. б.у.с жайгашкан...
сражайтесь с женщинами.
И победа, и поражение будут
для вас позором.
#259 28 Май 2013 - 15:37
сражайтесь с женщинами.
И победа, и поражение будут
для вас позором.
#260 28 Май 2013 - 15:42
сражайтесь с женщинами.
И победа, и поражение будут
для вас позором.