Урматтуу форумчулар көптөн бери дин бөлүмүнө көз салсам, бул жакта исламды жактагандардан да сырткары башка диндин өкүлдөрү жана дин тутунбаган мен сыяктуу замандаштарыбыз да бар экен. Мына ушундан улам мендеги көз карашты дин тутунгандарга эч бир динди тутунбаган,
Жараткандын жалгыз экенине жана анын бүт ааламды жараткандыгын тааныган пенде катары суроо иретинде узатсам.
Суроо
: Бардык динде айтылат, Жаратуучу зат бирөө деп. Бардык динде зомбулук кылбагыла, уруулук кылбагыла, бирөөнүн эмгегин жебегиле деп жакшы жолго үндөйт. Ал эми бардык динде жогорудагы жаман иштерди жасасаңар күнөө экени белгилүү. Бирок бири-бириңерди каапыр, атеист, жолунан адашкан деп бөлүнөсүңөр,
кемсинтесиңер,
согушасыңар.
Динге бөлүнүүчүлүктүн айынан кан төгүүлөр да болуп жатканы жашыруу эмес. Эмнеге ар кимиңер өз диниңерди, өз жолуңарды туура деп талашасыңар?
Баарыңар бир гана адамгерчилик,
абийир жолун тандап, Жаратканды таанууга болбойбу?
Дин тутунгандарга динсизден суроо Ойлонуп көргүлөчү.
#2 27 May 2013 - 16:32
Ар бир нерсенин кемчилик, артыкчылыктары болгон сыяктуу Ислам дининин дагы озунун артыкчылык кемчиликтери бар!Жакшы тарапка ундоочу тарбия-таалим беруучу жактары менен бирге эле кээ бир терс жактары дагы бар!
Мисалы: Ислам динине кирбегендин баары каапыр, тозоко тушот дегени туура эмес болуп калат го! Анткени дуйнодо Ислам жетпей калган элдер абдан коп.Ошону менен бирге эле кудай жолуна тушуп, куноосуз отом деп омуру откончо храмда кудайга жалынып, табийгатка зыян келтирбейин деп эт жебей, куноого батам деп уйлонбой жургон кечилдер дагы тозоко тушобу!
Менин билишимче ким бейишке, ким тозоко бараарын бир кудайдан башка эч ким айта албаса керек!

#3 27 May 2013 - 16:49
Урматтуу форумчулар көптөн бери дин бөлүмүнө көз салсам, бул жакта исламды жактагандардан да сырткары башка диндин өкүлдөрү жана дин тутунбаган мен сыяктуу замандаштарыбыз да бар экен. Мына ушундан улам мендеги көз карашты дин тутунгандарга эч бир динди тутунбаган,
Жараткандын жалгыз экенине жана анын бүт ааламды жараткандыгын тааныган пенде катары суроо иретинде узатсам.
Суроо : Бардык динде айтылат, Жаратуучу зат бирөө деп. Бардык динде зомбулук кылбагыла, уруулук кылбагыла, бирөөнүн эмгегин жебегиле деп жакшы жолго үндөйт. Ал эми бардык динде жогорудагы жаман иштерди жасасаңар күнөө экени белгилүү. Бирок бири-бириңерди каапыр, атеист, жолунан адашкан деп бөлүнөсүңөр, кемсинтесиңер, согушасыңар. Динге бөлүнүүчүлүктүн айынан кан төгүүлөр да болуп жатканы жашыруу эмес. Эмнеге ар кимиңер өз диниңерди, өз жолуңарды туура деп талашасыңар? Баарыңар бир гана адамгерчилик, абийир жолун тандап, Жаратканды таанууга болбойбу?

Жаратканды кандай жол менен тааныйсыз? Диндин баарына каршы чыгып жалгыз Кудайга сыйынам дейсиз. Жараткандын бар экенин кайдан билип атасыз? Кандай жол менен таанып билип атасыз?
Сиз жооп берсеңиз ошого жараша биз жооп беребиз.
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#4 27 May 2013 - 16:55

1чи, 2чи жана 3 чү суроолоруңузга жооп:
Жаратканды таануу үчүн бир гана Жер шарындагы жашоо циклин көрсөтүү жетиштүү. Караңыз, ар бир нерсенин өз орду менен жаралган. Мындай татаал түзүлүштү бир гана Жараткандын күч-кудурети менен жаралгандыгында шек жок. Мына мен ушул далил аркылуу Жараткандын бар экенин тааныйм.
Гуд бай, форумчулар!
!!
#5 27 May 2013 - 17:04

Курандын кыргызча маанисин окуп көрсөңүз сиз айткан цикл, жер, ааалам, жаратылган нерселердин (адамзаттын дагы) максатын, маанисин, эмне болуп жаралганын, себебин, ал гана эмес өзүңүз берген ким бейишке барат, ким тозокко барат баарына жооп табасыз.
Сиз азыр эч бир динди изилдеп көрө элексиз.
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#6 27 May 2013 - 17:05
жакшы жолду тандап алган форумду кызытуу эле,максаты болду, элдерди кагыштыруу
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#7 27 May 2013 - 17:08
Сендей динсиздерден Кудай бизди оолак кылсын! Мусулман болуп жараткандан кийин парыздарынды аткар да тете-пете деп эле тема ача бербестен. Мусулман менен капырды адал, арам деген нерселер ажыратып турат. Мен коргон эмесмин капырлардын "арам эле бул иш" деп кылбай койгонун. Хизбудтар деле башында "Кудайга сыйынтат, жакшы жаман" деп мээсине кирип алгандан кийин адамдарды арам иштерге ундойт. Мына менин кошунам менимче ушул топко кирип кеткен. Аялын сабайт, балдарын мектепке даже медресеге да окутпайт, телевизор корбойт, жакшылык-жамандыкта катышпайт, айнектерин кара чупуроктор менен тосуп алган. Мындайча айтканда озунчо эле дикий. Ушул кантип адамгерчилекке жатсын айтсан? Же Кудайды ушинтип тануу керек беле?
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#8 27 May 2013 - 17:15
Курандын кыргызча маанисин окуп көрсөңүз сиз айткан цикл, жер, ааалам, жаратылган нерселердин (адамзаттын дагы) максатын, маанисин, эмне болуп жаралганын,
себебин, ал гана эмес өзүңүз берген ким бейишке барат, ким тозокко барат баарына жооп табасыз.
Сиз азыр эч бир динди изилдеп көрө элексиз.
Сиз азыр эч бир динди изилдеп көрө элексиз.
Жер, ааламдын жаралышын андагы жашоонун айлануусун диний китептери жок эле, көзүбүз менен көрүп, адамзаттын максаты кандай экени айтпаса белгилүү болуп турат го. Ал эми бейиш жана тозок ал өзүнчө тема болууга татыктуу.
Бул жерде бардык диндегилердин сыйынганы жалгыз Жараткан болсо, анда эмнеге бөлүнүп, ар кимиси өз жолун туура деп анын айынан бири-бирин кемсинтип, каапыр деп, согушуп кан төгүп жатышат. Бөлүнбөй бир тилек менен адам баласын ынтымактуу жашаса болбойбу? Суроо мына ушул.
Гуд бай, форумчулар!
!!
#9 27 May 2013 - 17:20

бардык диндерде жалгыз гана жаратканга сыйынат дегенди кайдан билесин? Исламдан башка дагы кайсыл динде жалгыз гана кудайга ишенишет?
#10 27 May 2013 - 17:22
тема боюнча жаратканга ишенип коюу гана жетиштуу деп сизге ким айтты?кайсы китептен окудунуз?эгер билсениз ар бир доордо,ар бир дин озуно тиешелуу парздарын аткарып келген,келет!
#11 27 May 2013 - 17:22
Сендей динсиздерден Кудай бизди оолак кылсын! Мусулман болуп жараткандан кийин парыздарынды аткар да тете-пете деп эле тема ача бербестен. Мусулман менен капырды адал, арам деген нерселер ажыратып турат. Мен коргон эмесмин капырлардын "арам эле бул иш" деп кылбай койгонун. Хизбудтар деле башында "Кудайга сыйынтат, жакшы жаман" деп мээсине кирип алгандан кийин адамдарды арам иштерге ундойт. Мына менин кошунам менимче ушул топко кирип кеткен. Аялын сабайт, балдарын мектепке даже медресеге да окутпайт, телевизор корбойт, жакшылык-жамандыкта катышпайт, айнектерин кара чупуроктор менен тосуп алган. Мындайча айтканда озунчо эле дикий. Ушул кантип адамгерчилекке жатсын айтсан? Же Кудайды ушинтип тануу керек беле?
-Сиз айтып жаткан дин качан пайда болгон ошону бир карап кайра суроо узатып көрүңүзчү. Сиз айтып жаткан дин кечээки эле 7-кылымда пайда болуп кыргыз коомчулугуна 9-кылымдын соңунда 10-кылымдын башында келегн дин. Ал эми ага чейинки биздин бабаларыбыз ошондо тете-пете деп, арам менен адалдын айырмасын билбеген адамдар беле?
-Ал эми сиз мисал кылган ошол Хизб утчулар сиздин тутунган диндин бир бөлүгү экенин билсеңиз керек. Мына ошолорду көрүп адам абийирдүүлүктү сактап, башкаларга зулумдук кылбай бириксе, баары бир Жараткан деп анын жалгыз экенин таанып жаткан соң ынтымактуу жашаса болбойбу?
Гуд бай, форумчулар!
!!
#12 27 May 2013 - 17:28
катуу тийсе кечиресиз? жакыныныз каза болсо аны жерге кандай бересиз? тазаланып,даарат м.н журбойсузбу?
каза болгон адамдарга,жакындарынъз учун эч нерсе кылбайсбы (кусан окубайсбы?).
..
#13 27 May 2013 - 17:29
Сендей динсиздерден Кудай бизди оолак кылсын! Мусулман болуп жараткандан кийин парыздарынды аткар да тете-пете деп эле тема ача бербестен. Мусулман менен капырды адал, арам деген нерселер ажыратып турат. Мен коргон эмесмин капырлардын "арам эле бул иш" деп кылбай койгонун. Хизбудтар деле башында "Кудайга сыйынтат, жакшы жаман" деп мээсине кирип алгандан кийин адамдарды арам иштерге ундойт. Мына менин кошунам менимче ушул топко кирип кеткен. Аялын сабайт, балдарын мектепке даже медресеге да окутпайт, телевизор корбойт, жакшылык-жамандыкта катышпайт, айнектерин кара чупуроктор менен тосуп алган. Мындайча айтканда озунчо эле дикий. Ушул кантип адамгерчилекке жатсын айтсан? Же Кудайды ушинтип тануу керек беле?
Ислам дини кемчиликсиз, адамдар кемчиликтүү, бир аалымдын айтканы бар ( жанылбасам имам Шафии болсо керек) "Сен бир мусулманмын деген адамды карап алып Ислам дини ушу дебе, сен Ислам динин окуп үйрөнуп анан, ошол мусулманмын деген адам Ислам негиздерине ылайык жашап жатабы баамда "деген манызда. Жанагы адамдын кылып жатканы түркөйлүк, себеби мусулмандар арасында мыкты окуумуштулар чыккан АлХорезм матиматикага азыр биз колдонуп келген араб цифраларын киргизген, котангенс деген түшүнүктү киргизген, алгоритм деген сөз ушул мусулман окуумуштунун аты менен байланыштуу, Ибн Сина айтылуу, Бируни дүйнөгө таанымал, биздин жергебизден чыккан Махмуд Кашгари менен Жусуп Баласагын, эгер Ислам дини илим билимге каршы болсо ушул адамдар чыгат беле?
Дагы кошумчалай кетейин биздин мусулман бабаларыбыз Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч, Молдо Нияз жана башка көптөгөн бабаларыбыз илимдүү билимдүү болгонун да айта кетейин
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#14 27 May 2013 - 17:41
-Сиз айтып жаткан дин качан пайда болгон ошону бир карап кайра суроо узатып көрүңүзчү. Сиз айтып жаткан дин кечээки эле 7-кылымда пайда болуп кыргыз коомчулугуна 9-кылымдын соңунда 10-кылымдын башында келегн дин. Ал эми ага чейинки биздин бабаларыбыз ошондо тете-пете деп, арам менен адалдын айырмасын билбеген адамдар беле?
-Ал эми сиз мисал кылган ошол Хизб утчулар сиздин тутунган диндин бир бөлүгү экенин билсеңиз керек. Мына ошолорду көрүп адам абийирдүүлүктү сактап, башкаларга зулумдук кылбай бириксе, баары бир Жараткан деп анын жалгыз экенин таанып жаткан соң ынтымактуу жашаса болбойбу?
-Ал эми сиз мисал кылган ошол Хизб утчулар сиздин тутунган диндин бир бөлүгү экенин билсеңиз керек. Мына ошолорду көрүп адам абийирдүүлүктү сактап, башкаларга зулумдук кылбай бириксе, баары бир Жараткан деп анын жалгыз экенин таанып жаткан соң ынтымактуу жашаса болбойбу?
И так эле менин жаратканым жалгыз Кудай! Мен ошого гана баш ийип, ошонун гана парыздарын аткарганга аракет кылам. Жок мен тутуткан диндин бир болугу хизбудчулар дегенге кошулбайм!
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#15 27 May 2013 - 17:47
Ааааай,автор акыркы учурда форумда озунчоле мега жылдызга айланганы калдынызго!
!!((((Тема артынан тема ачып.Албетте ар бир адамдын ой пикирин сыйлаймын,сизда оз дараметинизге жараша озунуздун оюнузду бекемдеп жатас,биз оз дараметибизге жараша ислам жолун жактап жатабыз.Жон гана карапайым соз менен тушунолу жаман улут,жаман диндин окулдору жок,жаман эл бар.Ошол ар бир динди ичинен чыккан мите курттар жаман коргозуп жатышат озголорго...
....
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#16 27 May 2013 - 17:47
бардык диндерде жалгыз гана жаратканга сыйынат дегенди кайдан билесин? Исламдан башка дагы кайсыл динде жалгыз гана кудайга ишенишет?
Монотеи́змди жактагандар авраамдык диндер (иудаизм, христианство, ислам, бахаи) жана индия диндеринен (сикхизм).
Ал эми калган диндер бир эмес, бир нече кудай бар дешет.
Гуд бай, форумчулар!
!!
#17 27 May 2013 - 17:54
#18 27 May 2013 - 17:54
Монотеи́змди жактагандар авраамдык диндер (иудаизм, христианство,
ислам, бахаи) жана индия диндеринен (сикхизм).
Ал эми калган диндер бир эмес, бир нече кудай бар дешет.
Ал эми калган диндер бир эмес, бир нече кудай бар дешет.
христиндыкта жалгыз кудай деген түшүнүк жокко эсе, сикхизм исламды бурмоолонун аркасынан чыккан нерсе, бахаизм дагы ошондой бурмоолонун, Ислам динин, негизинде келип чыккан, ошондо бул Исламдын бир кудайлык тууралуу идеяларын камтып алган десек болот го
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#19 27 May 2013 - 17:57
Суроо
:
1. Бардык динде айтылат, Жаратуучу зат бирөө деп.
2. Бардык динде зомбулук кылбагыла, уруулук кылбагыла, бирөөнүн эмгегин жебегиле деп жакшы жолго үндөйт. Ал эми бардык динде жогорудагы жаман иштерди жасасаңар күнөө экени белгилүү.
3. Бирок бири-бириңерди каапыр, атеист, жолунан адашкан деп бөлүнөсүңөр, кемсинтесиңер, согушасыңар. Динге бөлүнүүчүлүктүн айынан кан төгүүлөр да болуп жатканы жашыруу эмес.
4. Эмнеге ар кимиңер өз диниңерди, өз жолуңарды туура деп талашасыңар? Баарыңар бир гана адамгерчилик, абийир жолун тандап, Жаратканды таанууга болбойбу?

1. Дагы окшобой калды. Бардык диндерде жаратуучу бироо деп айтылбайт. Християндардын троицасы, байыркы грек, египеттиктердин ар бир жаратылыш кубулушунун оз кудайы деп билгендери, Исламга чейинки арабтардын ар кандай будтарга сыйынгандары ж.б. айта берсе бир жаратуучу бар деген диндерден мен Исламды гана билем. Сен кайсы диндерди айтып жатасын билбейм.
2. Бардык диндерди окуп койгондой эле суйлойсун да.
3. Динсиздер болунбойт, согушпайт дегени турасынбы же адамзат пайда болгондон бери болгон согуштардын баары динге байланыштуу дейсинби? Кыргыздар Исламды кабыл алганга чейин согушуп келгенин окуган эмессинби? Алар башка элдер менен эле эмес, оз ара уруу-уруу болуп да согушушкан. Исламда жихад деген нерсе бар деп эле, Исламды жамандагын келе берет. Ар бир мамлекеттин согуш боюнча саясаты бар. Болбосо ар бир мамлекеттин аскер даярдап, оз армиясы бар экенин кантип тушундуросун? Сен согушууну каалабасан да, сени менен согушкусу келгендер табылат. Ошондуктан ар бир мамлекетте согушуу боюнча саясаты бар. Жихад ошол согуш боюнча Исламдын саясаты. Анын оз шарттары, эрежелери бар. Корунгон адам чыгып алып согуш баштай бербейт. Дагы кененирээк айтсам жихад эки турдуу болот.
1. Коргонуу жихады. Бул душмандар бастырып келгенде аларга каршы согушуу. Мындай убакта журогу жок коркоктор эле согушуудан качпаса, акыл эстуу, эр журок адамдардын баары чыгышы айтпаса деле тушунуктуу.
2. Чабуул жихады. Бул олко башчысынын (президенттин) буйругу менен болот. Эшмат менен Ташмат чыгып алып, согуш баштабайт. Кыргызстандын мыйзамы боюнча деле президент согуш ачууга укуктуу болсо керек эле же андай эмеспи? А аскерлер анын буйругун аткарууга милдеттуу.
4. Кудай бироо болгон сон, анын дини да бироо. Демек чындык да бироо. Анан кантип сеники да туура, меники да туура деген болсун? Анан сен мага кудай бироо эле деген диндерди санап берчи.
#20 27 May 2013 - 18:00
Урматтууфорумчулар,
бул жерде сиздер айтып жаткан бир гана ислам дини тууралуу жана исламды жаман деп сурооберилген жок го. Жалпы эле бардык диндерге суроо салынды. Суроону дагы бир ирет жакшылап кунт коюп окуп чыксаңыздар.
Суроо : Бардык динде айтылат, Жаратуучу зат бирөө деп. Бардык динде зомбулук кылбагыла, уруулук кылбагыла, бирөөнүн эмгегин жебегиле деп жакшы жолго үндөйт. Ал эми бардык динде жогорудагы жаман иштерди жасасаңар күнөө экени белгилүү. Бирок бири-бириңерди каапыр, атеист, жолунан адашкан деп бөлүнөсүңөр, кемсинтесиңер, согушасыңар. Динге бөлүнүүчүлүктүн айынан кан төгүүлөр да болуп жатканы жашыруун эмес. Эмнеге ар кимиңер өз диниңерди, өз жолуңарды туура деп талашасыңар? Баарыңар бир гана адамгерчилик, абийир жолун тандап, Жаратканды таанууга болбойбу?
Дин жөнүндө сөз айтылса эле ислам жөнүндө гана сөз болуп жатат деп кабыл алуу туура эмес. Исламдан башка дагы толтура диндер бар. Алардын ичинен эң кейири кулач жайганы ислам, христианство, иудаизм сыяктуулар. Муну эске алуу менен анан жооп калтырсаңыздар. Темада берилген суроо башка жооптор такыр башка болууда.

Супер-Инфо
super.kg
видео